кыргыз тилиндеги гезит "Майдан kg"


Warning: include(../../search.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/maidan_kg/12/0905_1.htm on line 71

Warning: include(../../search.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/maidan_kg/12/0905_1.htm on line 71

Warning: include(): Failed opening '../../search.htm' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/maidan_kg/12/0905_1.htm on line 71
п»ї

Коркмазов
Кадыржан Батыров болгусу келип
жатабы?

Парламентте күн тийген жердин күкүгү болуп, Атамбаев бийлигинин кареги менен тең айланып, "ляппай" атып кызмат көрсөтүп келе жаткан саясий сойкулардын анабашында карачай улутундагы Хаджимурат Коркмазовдун турганы белгилүү.

Өзү "Ата-Журт" партиясынын тизмеси аркылуу Жогорку Кеңештен жылуу орун алган. Бирок, Акаев менен Бакиевдин бийлигине кошоматчылык кылып жүргөндүктөн, чоң тажрыйбасы бар адам катары, парламенттен жылуу-жумшак орун алып олтурары менен Хадж акең бийлик менен жең ичинен келишимге барып, "Ата-Журтту" ичтен иритүү ишин активдүү жүргүзүп келет. Оо биринчи коалиция түзүлүп, Атамбаев жетектеген өкмөт ишин эптеп кете албай жатканын көргөндө "Ата-Журт" фракциясы башкаруу тобунан чыкмакчы болгондо да ушу Коркмазов өзүнө окшогондорду көндүрүп, "биз чыкпайбыз",- деп сактап калганы бар. Кийинки коалиция түзүлөрдө болсо "Реформа үчүн" тобун түзө салып, Бабановго кошоматчылык көрсөтүп жүрүп келди. Ишенген Бабанову "кулаганда" КСДПнын этегин кармап, саясий сойкулардын башын бириктирген тобу менен жаңы "Ырыс алды ынтымак" коалициясы менен стратегиялык келишим түзүп алды (айтмакчы, анын бул тобунда да ажырым башталып, Бахадыр Сулейманов менен Элмира Иманалиева чыгып кеткенин кабарлап, Кормазовду туура эмес маалымат берип, өзүнүн колдоочуларын көп кылып көрсөткүсү келгендиги үчүн айыптап чыгышты). Анысы аз келгенсип, Хадж бир да ирет фракция жыйынына келип койбоптур. "Ата-Журттан" келгенин унутканы ушундан эле көрүнүп турат. Анысы аз келгенсип, ачык эле "бул партияда келесоо кыргыздар бар экен, оңой эле алдап койгом",- деп мактанып жүргөндүгү имиш катары айтылууда. Кызуусунда айтан шекилдүү.


Уландысы 8-бетте







Warning: include(../../ggle_v.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/maidan_kg/12/0905_1.htm on line 114

Warning: include(../../ggle_v.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/maidan_kg/12/0905_1.htm on line 114

Warning: include(): Failed opening '../../ggle_v.htm' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/maidan_kg/12/0905_1.htm on line 114


а ­е¦Є.НҐй«