Тү-үй ата, ишенгеним сен белең!
Журт башкаргандар арасында таза адам - дефицит!

Коом, саясий элита тазаланууга муктаж экендигин Кыргызстандын тарыхындагы эки ирет орун алган ыңкылап авторлору баса белгилеп, айтып эле келе жатат... Бирок, бизде көндүм көрүнүшкө айлангандай, ошол акылман ойлорун айткан адамдар өздөрү коомдун булганышына себеп болуп келет. Болбосо, эл ичинде ыңкылаптан байыгандар тууралуу жөө жомоктор кайдан чыкмак эле. "Ууруну каракчы тоноду",- дегендей, Акаев менен Бакиев бийлигин коррупцияга малынганы үчүн кубалап түшкөнүбүз менен, алар уурдагандын баары жаңылардын чөнтөгүнө түшүп калганы катардагы көрүнүш эмес. Каракчылыкты кесип кылып алган саясатчылардан анда эмнени үмүт этип олтурабыз? Анан да, элдик толкундун ташкыны менен чо-оң кызматтарды ээлеп алган аткаминерлердин каракчылыгычы? Коррупциянын тамырын кесмекчи болгон адамдар тескерисинче, бул терс илдеттин күчөшүнө шыкакчы болуп турганын көрүп туруп, кайсы жаркын келечекке, гүлдөп-өскөн Кыргызстанга ишенебиз? Айтор, кайда барбагын, "Мамайдын гөрү"...

Башталат баары Бабанчиктен
"Биримдик" коалициясынын таркашына байланыштуу "соодасы түгөнгөн" өкмөттүн иш-аракетине бир да кыргыз атуулунун ичи чыкпагандыгы анчалык деле сыр эмес. Бул министрлер кабинети элдин ишеним кредитин капкачан түгөтүп алгандыгы дайын болчу. Ошентсе да, коомчулуктун терс мамилесине карабастан, Бабанов ар кандай амал менен өкмөтүн, ириде өзүн сактап келе жаткан. Жада калса кургак, куру убададан турган отчетун "мыкты баа" менен эл өкүлдөрүнүн элегинен өткөзүп алгандыгынын өзү эле не деген шумдук. Ал ортодо Бабанов тууралуу эл ичинде эмне деген гана сөздөр жүргөн жок. "Максим Бакиевдин мураскери" аталганы да бекеринен эмес. Бир күн болбосо, бир күнү Бабановдун доору бүтөөрү турган иш болчу.
Баарынан да, Бабановдун өкмөтүнүн түбүнө коалициянын өзүнүн жеткени кызык болду. Азыр адатынча, бардык жоопкерчиликти бир гана Бабановго жүктөй салуу иши кызуу башталды. Анткен менен, "Биримдик" коалициясын президенттен мандат алган Кыргызстан социалдар-демократтар партиясынын фракциясы түзгөнүн унутпоого тийишпиз. Өкмөт курамынын дал ушундай болушуна да КСДП салым кошкон. Демек, коалициянын "автору" болгон КСДПнын суудан кургак чыккысы келгени менен, жоопкерчилик ушуларга да жүктөлүп, жооп берүүсү керек эле. Коалицияга кирген башка фракциялардын деле, маселен, ошол эле "Ата-Мекендин" да жоопкерчилиги жок эмес. Папке бөлүштүргөндө баары даяр, ал эми жоопкерчилик тартууга келгенде четке чыга берген туура эмес. Ошого карабастан, президент тарабынан жаңы коалицияны түзүү мандатын кайрадан КСДПга берилиши көп суроолорду жаратууда. Президент жоопкерчиликти өзүнө алганынын кабары болууда. КСДПга мурункусунуда да ишенгенде, эмне менен бүткөнүн билебиз. Эми болсо көпчүлүк калк президенттин калыстыктан тайгандыгын айтууда.
"Ата-Мекен", "Ар-Намыс", андан соң социал-демократтар өкмөттү кетирүү демилгесин көтөрүп чыкканда, "Везунчиктин" кабагы түйүлүп, сиркеси суу көтөрбөй, маанайы чөгө түшкөнүн сыналгыдагы өңүнөн көрдүк эле. Мындай соккуну күтпөгөнү билинип турду.
Биринчи болуп Бабановго каршы кезектеги компроматты "Ата-Мекен" фракциясынын депутаты Жоомарт Сапарбаев ыргытты. Жаш депутат билдиргендей, 2012-жылдын жаз айларында "Манас" эл аралык аэропортунун аймагында 12 млн долларлык жаңы авианавигациялык мунара куруу боюнча чечим чыккан. Парламент учурунда бул мунаранын курулушуна каршы чыккан. Бирок, депутаттардын пикирин эч ким укпастан, мунараны куруу улантылган. "Ошондо бизге бул иштин колдоочусу чон экенин түшүндүк да, иликтей баштадык. Иликтөө учурунда кызыктуу фактыларга туш болдук. Жазында атайын рейс менен Кыргызстанга Түркиядан кымбат баалуу аргымак алып келишкен. Кымбат балуу тулпарды түркиялык ишкер Хункар Адали сатып алып, Кыргызстанга жиберген. Биздин божомол боюнча, Ө.Бабанов бул кымбат баалуу аргымакты коррупциялык схемалар менен тейлөө көрсөткөндүгү үчүн белекке алган", - деди Ж.Сапарбаев.
Кеп 12-апрелде Түркиядан алынып келинген англиялык таза кандуу Islander One аттуу аргымак тууралуу болуп жатат. Жоомарт Сапарбаев белгилегендей, бул аргымакты түркиялык ишкер Хункар Адали туудуруш үчүн эле Ирландияда 180 миң евро төлөгөн. Бардык төлөмдөр менен ал 250 миң евро турат. Ал эми биржада баасы 1 млн 300 миң долларга чейин.
Бабанов албетте, мындайда "сүттөн ак" периште боло калат эмеспи. Кечээ эле кирешелер жөнүндө декларациясында Кыргызстандагы жакыр адамдардын катарында экенин жеке өзү көрсөткөнүн унутуп калганбы, айтор, "аргымакты 20 миң долларга сатып алгам".- деп ийди. Таза кандуу аргымактарга арзуусу күчтүү белем, анысын атайын учак менен ташып келип, Чүйдөн жем алпарып багып жатыптыр. Текебаев жөн калчу беле, "бул жакта адамдар маршруткага тыйын таппай жатса, премьер-министр тулпарды учак менен ташыйт",- деп какшык ыргытты.

"Текебаев и компани": каракчыларбы?
"Ата-Мекен" партиясынын жөн жатпай, аргымактарга болгон сүйүүсүн казып чыкканына Бабанов катуу таарынды. Дал ошондуктан, "Республика" фракциясынын жыйынын чакырып, Текебаев баш болгон "Ата-Мекен" фракциясын ачыктан-ачык "каракчылар" атады. Бабановдун таянганы адам уурдоо, шылуундук ж.б. бир катар оор кылмыштарды жасагандыгы үчүн камакта жаткан адамдар болууда. Алардын бири Абдулла Юсуповду Бабанчик жеке менчик НТС телеканалы аркылуу тележылдызга айлантып ийди, маегин эки күн катары менен кечки эфирин аянбастан, толук берип. Ошол жаңы тележылдыздын версиясы боюнча, "ата-мекенчилер" Ө.Текебаев, Р.Төлөгөнов. Т.Мадылбеков жана Болот Шер 7-апрель ыңкылабынан пайдаланып, бакиевдерге таандык мүлктөрдү тоношкон. Алтын, курал-жарак, акчалар табылып, анын баарын "ата-мекенчилер" ташып кетишкен. Ош окуясынын чыгышына себепкер болгон Бакиевдин ата үйүн өрттөөгө да текебаевчилер катышыптыр. Айтор, Юсуповдун аңгемесин баш-аяк угуп олтурсаң, төбө чачың тик турат.
"Республика" партиясы президент Алмазбек Атамбаевге кайрылуу жөнөтүп, "Ата-Мекен" фракциясынын мүчөлөрүнүн 2010-жылдагы мародёрлукка тиешеси бар экендиги тууралуу камакта отурган адамдын билдирүүсү укук коргоо органдары тарабынан текшерилиши, коомчулук бул окуянын чындыгын билиши керектигин белгилеген. "Бул күнөөлөр жөнөкөй гана жаранга карата айтылган жок, ал мыйзам чыгаруучу бийликтин бутагы - парламенттин мүчөлөрүнө карата айтылды. Камакта отурган адамдын билдирүүсү укук коргоо органдары тарабынан дыкат текшерилип, юридикалык баа берилиши керек. Жогорудагы маалымат берген камакта отурган адамдар ушул убакка чейин "Ата-Мекен" партиясынын мүчөлөрүнө керек адамдардан болуп келишкен, кийин бир нече убакыт өткөндөн кийин камакка алынышкан",- дешет "республикачылар".
"Ата-Мекендин" жообу бул: "Өкмөт башчы өзүнө таандык болгон телеканал аркылуу коомчулукту дүрбөлөңгө салып, эки күн катар НТС телеканалы өз эфиринде №1 СИЗОдо камактагы Абдулла Юсупов менен болгон маекти көрсөтүүдө. Премьер-министрдин көрсөтмөсү менен НТС телеканалынын мындай редакциялык саясаты "адам уурдоо, адамды өзүн-өзү өлтүрүүгө жеткирген" деп айыпталып жана талап-тоноочулукту ачык түрдө моюнга алып аткан камактагы адамды баатыр кылып, такталбаган, текшерилбеген маалымат менен элди адаштырып, 7-апрель революциясынын максатын жокко чыгарууда. Баарынан көңүлдү эзгени - өлкөнүн жаңы баатырын күн сайын көрсөтүп жаткан телеэфирдин криминалдашуусуна чоңдор гана эмес, Кыргызстандын жаш балдары да күбө болушууда. Бул мыйзамсүйөр жарандар менен темир тор артындагы дүйнөнүн ортосундагы чекти жоюп кетет. Криминалды эфирге чыгарып, бүт өлкөнү түрмө аудиториясына айландырууга болбойт. Коррупцияга малынгандыгы боюнча айыптоолордон өзүн коргоого далбас урган премьер-министр Өмүрбек Бабанов бакиевдик режимдин ыкмаларын колдонууда. Кырдаалды курчутуп, криминалдык дүйнөнү тартууда".
НТС телеканалында Айсулуу Дүйшөнкулованын да маегин көрсөтүшкөн. Бул айым эркекче кийинип алып, 7-апрелден кийинки талап-тоноолорго катышканын билдирген. Өзү муну кеч билип калыптыр. Бирок, Айсулуунун айтымында, Бакиевдердин түшкө кирбеген байлыктарын "Ата-Мекен" лидерлери белгисиз жакка ташып кетишкен. Анткен менен, Айсулуу деген айым өз учурунда дал ушул нуктагы маалыматтарды "Азия Ньюс" гезитине берип, бул дооматтар сотто каралганда, далилденбей калган. "Ата-Мекенчилердин" айтымында, Өмүрбек Текебаев да, Болот Шер да 6-апрель күнү кечинде камакка алынып, эртеси, 7-апрелде Бакиев бийлигин кулаткан эл УКМКнын имаратынан аларды бошотуп алганча камакта болгон.
Эки тараптын тең өз чындыгы бардай. Бирок, калыстык үчүн айта кете турган болсок, эки фракциянын тең коомчулуктагы аброюна көлөкө түшүп, уят эле болушту. Кыргызда "шамал болбосо, чөптүн башы кыймылдабайт",- деген жакшы сөз бар. Ошол сыңары, Бабановго да, Текебаевге да тагылып жаткан дооматтарда толук болбосо да, чындыктын учкуну бар. Бир жагына да жан тарткыбыз келбейт. Болгону, бул маалыматтар кыргыз бийлигинин анабашында олтурган адамдардын булганып бүткөнүнөн кабар берерин белгилеп кетүүбүз керек. Ушундай саясатчыларга ишенген элдин эле убалы.

Саясий "харакири"
Бабанов менен "Ата-Мекендин" тирешүүсү коалиция таркагандан кийин токтоп калгандай болгон. Жаңы парламенттик биримдикти түзүү тууралуу сүйлөшүулөр жүрө баштаганда "Республика" да, "Ата-Мекен" да чогуу бир кайыкта болууга кызыкдарлыгын билдирген. Коомчулук, шардана болгон фактылардын сөз бойдон калып кетерин ойлоп, тынчсыздана баштаганда, "сахнага" саясаттан оолактап кеткен Болот Шер чыкты. Чет жерде дарыланып жаткан жеринен атайын учуп келген депутат Бабановго кайрылуу жасап, коомчулукту дүрбөлөңгө салган кадам таштады: ал басма сөз жыйынында эки окту алып чыгып, бирин Бабановго жөнөтүп, экинчисин өзүнө сактап калды. Шер мындай деди: "Жигитти намыс өлтүрөт" - дейт кыргызда. Таластык эркектин ар-намысы, абийири кандай болорун мен сага түшүндүрөйүн. Абийир менен абийирсиздиктин арасы - бир гана ок. Сен мага башка арга калтырбадың. Сага бир ок жөнөтөм, экинчисин өзүм үчүн алып калам. Премьер-министр болуп туруп, сен түрмөдөгү үч мародер-кылмышкердин билдирүүсүн иликтөө үчүн ведомстволор аралык комиссия түздүң. Анда мындай макулдашалы. Эгер "сенин" бул комиссияң менин мародерлукка кенедей эле катыштыгым бар экенин далилдей алса, анда уятты жууп салуу үчүн мендеги окту өзүмө кадайм. Эгер "сенин" комиссияң мародерлукка катыштыгым жок экенин, муну сен мени жаманатты кылуу ниетинде гана жасаганыңды аныктаса, анда экинчи ок сеники. Өзүңө када! Жок дегенде, балдарың Кыргызстанда жашап, Талас тарап аларга ачык болсун".
Текебаев болсо Бабановдун көтөрүлүш жасоого даярданып жатканын айтты. Бакиевдерге акча жөнөтүп турарын кошумчалап, "Шер ок жөнөттү, мага граната жөнөтүш эле калды",- деди. Ушунун өзүнөн эле тараптардын тирешүүсү өтө тереңдеп кеткени көрүнүп турат.
Жапон өлкөсүндө уятына чыдабаган самурайлар өз жанын өздөрү кыйып келген. Эки жылдай мурда коррупцияга малынганы билинип калган министрдин ушундай жол менен өмүрдөн кош айтышканы белгилүү. Анткен менен, самурайлардын маданияты, аздектеп келген салты бул. А бизде Болот Шер саясий жан кыюуну кадимки көрүнүштөй сунуштоодо. Бабановду кримчөйрө менен коюн-колтук алышып кеткенин айтуудан тартынбаган "Ата-Мекен" иш жүзүндө криминалдык ыкманы колдонууга чакырууда. Бул биздин саясатчылардын деңгээли кандай экенинен кабар берет. "Криминалдык разборкада" олтурган жокпуз, ошондуктан, саясий күрөш да белгилүү сызыктан чыкпашы шарт. Чектен чыктыбы, жакшылык менен бүтпөйт. Минтип өлүм менен, ок менен ойноо түбү жакшылыкка алып барбайт. Шердин бул кылыгын Текебаев "ал өзү оргиналдуу адам",- деп мүнөздөдү. Оригиналдуу адамдын тапканы ушул болсо, жөнөкөйү эмнени ойлоп чыгат?

Төңкөрүштү ким баштайт?
Бабановдун партиясы парламентти, атүгүл президентти кетирүү керектигин билдиргени бар. Аны Бабанов айтпаса да, ага жакын депутаттар уламдан-улам билдирүүдө. Моюнга алып коюу парз - Бабановдун ушуга окшогон нерселерди уюштуруу жөндөмдүүлүгү күчтүү. Колунан келет! Бирок, буга президент не дейт? "Республика" эмнеге дароо эле президентти алкымдан алып чыкты? Бул кандайдыр бир деңгээлде Бабановдун Атамбаевге көрсөткөн үлкөн кызматынын далили. Атамбаев июнь башындагы Коргоо кеңешинин жыйынында "мени Бабановдон пара алган адам катары ушак чыгып кетиптир. Мен эч качан андан пара алган эмесмин! Менин өзүмдүн деле тыйыным жетиштүү",- дегени эсте. Анткен менен, Атамбаевдин президенттик шайлоодо жеңишке жетишине Бабанов чоң салым кошкон. Акча каражаты менен да колдоп турган. Шайлоодо Бабанов башканы колдогондо, жыйынтык башкача болмок. Бул жагдайды Бабанов мыкты билет, дал ошондуктан, тартынбастан, эсептешиш керектигин эскертүүдө. Бирок, президенттин деле абалы суктанарлык эмес. Бабанов канчалык күчтүү уюштуруучу болбосун, өз ишин эптей алган жок. Анын арты менен элдин бийликке болгон ишеними кескин төмөндөп кетти. Айрыкча, Бабановдун бир катар күмөндүү коррупциялык схемаларга катыштыгы бардыгы жөнүндөгү сөздөр Атамбаевдин шаштысын алууда. Президент жакшыле иштөөгө аракет жасоодо. Бирок, Бабановдо болчу да укуктун баары. Атамбаев ошондо жөн гана тойго келген генерал болуп калып жатпайбы. Ага карабастан, элдин нааразычылыгы Атамбаевге да келип тийүүдө. Каалайбызбы-жокпу, бардык кайгы-кесепетке Атамбаев президент катары күнөөлүү болуп чыгып жатпайбы. Элдин акыл-эсинде президент баарына жооп берген адам катары сакталып калган. Бабанов жаман иштесе, ал эмес, президент жаман иштеген болуп чыгууда. Ошондуктан да, Атамбаевдин бир тууганындай болуп калган Бабановдон кутулуудан башка аргасы калган жок.
Бирок, арабаны кайсы жакка тартпа, бул тирешүү жаңы коалициянын түзүлүшү менен эле бүтүп калчудай эмес. Бабанов өз сөзүндө туруп, жок дегенде парламентти алып жыгылары турган иш. Буга "элди алып чыгып, революция жасайбыз",- деген Бекназаров, Тургуналиевдерди да кошо кетүү абзел.
Баарынан өкүнүчтүүсү, ушунун баары саясаттагы сасык оюндар. Бири да элди ойлогон жок. Жеке максатына жетүү үчүн эле бири-бирин оодаруу аракетин көрүшүүдө. "Шордуу кыргыз! Кайран элим!,"- деп Дооронбек Садырбаев бекеринен үшкүрүнүп өтпөптүр жалган дүйнөдөн...

Асанбек Бекмуратов