Премьер болчу кимиң бар?
Кыргызстанды кризистен ким
сууруп чыгат?

Жаңы коалицияны түзүү маселеси бир гана себептен чечилбей турат: фракциялар кимди премьер-министрликке жылдырууну билишпей, убара тартышууда.

Учурда, ар кайсы булактардан алынган маалыматтарга караганда, өкмөт башчысы кызматына төрт үлкөндүн: Ж.Сатыбалдиев, А.Муралиев, Ж.Оторбаева жана К.Ташиевдин талапкерлиги каралууда. Эң кызыгы - бул тизмеге 44 жаштагы Камчыбек Ташиевдин кошулуп калганы болууда. Себеп дегенде, калган талапкерлердин жаштары кыйлага барып калыптыр, пенсияга чыга беришсе да болчудай: Жантөрө Сатыбалдиев 56да, Амангелди Муралиев 65те, Жоомарт Оторбаев 57де.
Коомчулук, алардын арасында апрель ыңкылабынын баатырлары жаш курагы жагынан Камчыбек Ташиевдин премьерликке келишин туура көрүшүүдө. Себеби, Ташиев жаш болсо да калайык калктын реалдуу колдоосуна ээ, президенттик жарышка катышып, 300 миңден ашуун адамдын добушун топтой алды. Шайлоо таза өткөндө андан да арбын колдоо тапмак. Андан тышкары, эл бир гана Ташиевге апрель жана июнь окуяларын адилет териштирип, чекит кое аларына ишенет. Анын уюштуруучулук, башкаруучулук сапаттары да жогору - чиновниктерди байыткандан башканы билбеген МЧСти коррупциядан арылтып, мыкты министрлик кылып койгону эле не деген чоң эрдик. Ташиевди журт мекенчил адам катары да билет. Ош, Жалал-Абадда кыргын башталганда бийликтен бирөө да басып бара албай, ушул Камчыке барып кырылышты токтоткон. Так что, Ташиевдин иш десе ишке тойбой турган чагы.
Бирок, бийликке жакын күчтөр Сатыбалдиев же Муралиевди сүрөөнгө алышууда. Себеп дегенде, Атамбаевге азыр "подручный" премьер-министр керек, айтканынан чыкпаган. Кыргызстандын экономикасын көтөрө ала турган, эл ичинде кадыр-баркы жогору адамды жакын жолотушпайт го.

Жазгүл Кадыралиева