"Кара чакмак" максатына жетти:
муфтий кызматын тапшырды...

2012-жылдын 2-июнунда КРнын президентинин аппарат жетекчисинин орун басары Шухрат Сабиров, Дин комиссиянын директору Абдилатиф Жумабаев, анын орун басары Жусуп Балтабаев, КРнын президентинин кеңешчиси, муфтийдин 1-орун басары, Ислам Университетинин ректору Абдышүкүр ажы Нарматов кирген "Кара Чакмак - Чёрный Квадрат" тобу Ислам Университетинде 20-25 момун мусулмандарды топтоп алып, жыйын өткөрүшкөнү маалым. Дин өкүлдөрүнүн ортосундагы жаңжал тууралуу биздин гезитке белгилүү укук коргоочу, адвокат Акин Токталиев кеңири кеп салып берди.

Ал жерде "чү" дегенде эле Чубак ажы Жалиловго "кызматка мыйзамсыз келген",- деген доомат коюлуп, Шухрат Сабиров 5-6 топ карапайым кишилердин башын айлантып, муфтийди тез арада кетирүү максатында демилге топ түзүү чакырыгы менен Жогорку Кенештин депутаттарына жана КРнын Президенти Алмазбек Атамбаевтин атына кат жүзүндө кайрылууга үндөп, курал катары колдоно баштаган. А чынында, алардын максаты диний чөйрөдөгү бийликти колго алып, миллиондогон акча каражаттарын өз кызыкчылыгына алуу үчүн ажылык сапарды колго алуу болчу. Арадан көп убакыт өтпөй, айткандай эле, Ш.Сабиров 2012-жылдын 28-июнунда Кыргыз Улуттук университетинин башкы имаратында КРнын Президентинин улуттук коопсуздук Концепциясына арналган "Ислам дининин КРдагы учурдагы акыбалы: талаптар жана чакыруулар" аттуу темадагы тегерек столду уюштурган.
Мамлекетте диний кырдаал тынч болгондугуна карабастан, чагым жолдору менен абалды курчутууга аракет жасап, республикалык деңгээлде талаптарды жана чакырыктарды уюштуруп Чубак ажы Жалиловду кызматтан кетирүүнүн жолдорун издешти. Ошол эле мезгилде КРнын президентинин аппарат жетекчилери он чакты "дежур" чалдарды уюштуруп, "Кыргызстанда Ислам дини коркунучта, биз киришпесек болбой калды", - деп, ажылык сапарды мамлекеттик коррупцияланган деңгээлде өткөрүүгө аракеттерди жасоо максатында бүтүндөй саясий ыплас ыкмаларды колдонушуп, күч органдарынын жардамы менен муфтияттын ишине аралаша баштады. Айталы, КРнын Экономикалык кылмыштуулукка каршы мамлекетик кызматынын тергөөчүсү М.Жангасынов ишке кирише элек жатып, бийликтин буйрутмасын аткарып, аудит Рузиев Акимжан Якубовичке тергөөчүнүн 2012-жылдын 4-июлдагы токтомунун негизинде, мамлекеттик салык инспекциясынын ишин аткаруу боюнча мыйзамсыз тапшырмасын берди. Анысы аз келгенсип муфтияттын акчасын молдокелер кандай жолго жумшагандыгын текшерүү буйрутмасы менен КРнын УМКК төрагасы Шамил Атаханов өз кызматкерлерин КМДБга жиберди. Ал эми КМДБнын кызыкчылыгын коргогондорго жана муфтияттын ишине кийлигиштирбегенге аракеттенгендерге "ЭКСТРЕМИСТ" деген ярлыкты илүү буйругу кызматкерлерине жүктөлдү.
Бухгалтериялык эсеп-кысаптан түшүнүктөрү жок УМККнын оперативтик кызматкерлери майор Э.Маканбаев, лейтенант А.Юсупов, З.Ашуралиев, А.Сыдыгалиев жана башкалар түз эле "муфтияттын кассасында канча акча бар? Бизге бергиле, биз эсептейбиз" - деп тергөөчүнүн жана ревизордун ролун аткарууга киришишти. Бухгалтерия, касса, кабинеттер мөөр басылып, кол коюлуп, бекитилди.
Ошентип, "Кара Чакмак" программасына КРнын Аппарат жетекчиси Жантөрө Сатыбалдиев, анын орун басары Шухрат Сабиров, Улуттук коопсуздук кеңешинин катчысы Б.Табалдиев, дин комиссиясынын директору Абдулатиф Жумабаев жана 15ке чамалуу "оппозициялык" муфтийге каршы топтор чогулушту. Ал тургай "Кара чакмактын" катарына КРнын Вице-премьер министри Г.Асымбекова менен Жогорку Кеңештин депутаты Ж.Жолдошева толуктап, алар тикеден тике жаңы түзүлгөн "Финансы полициясынын" жетекчиси Бактыбек Ашыровго муфтияттагы бийликти колго алуу максатында каржы маселелерин туура эмес сарптагандыгы боюнча текшерүүлөрдү жүргүзүп, муфтий Чубак ажы Жалиловдун үстүнөн кылмыш ишин козгоо тууралуу көрсөтмө беришти. КРнын депутаттары Каныбек Осмоналиев менен Эгемберди Эрматовтун жылыга уюштурулуучу ажылык сапардын алдында 10-15 мусулмандардын тобунун тирешүүсү мусулманчылыкка жатпастыгын айтып, ынтымакка чакырган калыстык сөздөрү шоона эшкен жок.
Азирети муфтий Чубак ажы Жалилов бийликтин "Кара Чакмак" оюнунун уландысын көрүп, кыргыз элинде Ислам дининин ахыбалы жана талаптары тынч экенин билип, дагы бир "ит таламайга" түшкөнүн билди. Чубак ажы келгенде "Кара чакмактардын" жетекчилери, адатынча "кара пиар" жасап, кыргыз элине ТВдан, жалпыга маалымдоо каражаттарынан "көрдүңөрбү, Ош эли, борборубуз Бишкекте дагы муфтий Чубак ажы Жалиловду эч ким колдобойт, аны кетириш керек" деп үгүттөшмөк. Тынч жаткан Нарын, Ысык-Көл, Талас, Баткен, Жалал-Абад элин КРнын Президентинин Аппарат жетекчиси Жантөрө Сатыбалдиев тийешеси бары-жогуна да карабай, "муфтий мыйзамсыз кызматка келген, мамлекеттик деңгээлде уламалар Кеңешин уюштуруп беребиз", - деп чыкмак.
Чубак ажыны ажылык сапарга жеткизбей туруп сабатына, билимине карабай туруп "мурдагыдай эле ыпылас ыкмалар менен алмаштырып беребиз"-деп "Кара Чакмак" кепилдик алганы муфтиятка тийешеси жок айымды аралаштырып, муфтийдин диний ишине баа бердирткенинен көрүнүп турду. Ошентип, "Кара Чакмак" саясий оюну ишке ашпай, кайрадан тайм-аут алып, 2012-жылы ажылык сапардан түшө турган миллиондогон доллардан куру калуу коркунучунан улам баңги менен ооруган адамдарга окшоп, ар кандай саясий ыкмаларды колдонушуп, башка жол издей башташты.

Чубак ажы кетсин!

Тегерек столдо Жыпарбек ажы баштаган "Кара Чакмак" бийликке тез арада дин иштерине киришип, ажылык сапар баштала электе Курултайды өткөрүп берүүнү жана муфтий Чубак ажыны алмаштырууну карап чыгуу талабын койду. Ал эми Маматкадыр Суранов: "мени Чубак ажы, ушак сүйлөдү" деп сотко берди" - деген таарынычын айтты. Ленин райондук соту Чубак ажынын ишмердүүлүгүнө жана аброюна шек келтиргендиги үчүн муфтийдин пайдасына анын пенсиясынын эсебиненен айып пул төлөтүп коюптур. Көрсө, ал ошол себептен КМДБ реформасын колдобойт экен. "Чубак ажы кызматтан кетиши керек, мени ыза кылып койду" - деди ал өз сөзүндө.
Экс-муфтий Руслан ажы Жуманов дагы нааразычылыгын: "Мен экс-муфтий болуп үч ай турганда, 6200 долларды үч айга гана алганмын, тиричилигиме колдонуп коюп, эки жылдан бери төлөп бере албай жатам, ошого карабастан мени сотко берип койду, муфтиятка менден акчаны өндүрүш үчүн",- деп билдирди. Ал эми дагы бир "оппозиционер" молдоке: "Мурда 20 жыл ичинде муфтийлер "акчаны жок кылды" деп эч кимди сотко берген эмес, КМБДга аудитор-ревизорлорду киргизип, "2009-жылдан берки акча каражатын мыйзамсыз алып пайдалангансыңар текшертип, баарын милицияга жана сотко берип, 8,5 миллион сомду таап, муфтияттын кассасына төккүлө, ордуна койгула. Кудайдын алдына барсаңар да, бул жалган дүйнөдө тазаланып баргыла" деп жатат. Ошондуктан, мен анын реформасын колдобойм, тез арада кетүүсүн талап кылуудамын",- деди көпчүлүктүн арасынан чыга калып.
Ал эми Шухрат Сабиров болсо Чубак ажынын реформасын колдобой тургандыгын, ал мамлекеттик дин комиссиясынын кызматкерлерин четке кагып, ажылык сапарды уюштурууга аралаштырбай жаткандыгы жана ажылыктан түшкөн акча каражаттарды дин комиссиянын алдына барып отчет бербей, гезиттерге гана маалымат бергендиги менен түшүндүрдү.
Диндеги саясий оюнду уюштурган "Кара Чакмактын" анабашында турган Жантөрө Сатыбалдиев Кыргыз Улуттук университетинде муфтийди ит талагансып талатуу үчүн даярдаган шоу-спектакли оюндагысындай өтпөй калды. Ал даярдаган кишилери саясий оюнду анын өзүндөй өздөштүрө алышпаптыр.

Кызыл байрак…

Кыргызстан Мусулмандарынын Диний Башкармасынын кеңешчиси Нигматулло ажы өтө кубанычта келди, себеби, депутат Өмүрбек Текебаевдин демилгеси менен муфтий Чубак ажы менен КРнын Аппарат жетекчиси Жантөрө Сатыбалдиевтин ортосуна түшүп, дин маселесин талкуулашып, жакшы жыйынтыкка келишиптир. Мындан ары Ж.Сатыбалдиев кийлигишпей тургандыгын жана колдон келген өкмөттүк жардам берерин айтыптыр. Ал: "Кудай буйруса, Аллахтын каалоосу менен, колго кызыл байракты алдык" деп сүйүндү.
Эми "Кара Чакмактын" чагымынынан коркпой, азирети муфтий Чубак ажыны Ош шаарына жума намазга алып барууга шарт түзүлдү, себеби, 10-июнда Ош шаарында жаңы ачылган мечитке өз убагында бара албай калган эле. Анда муфтий эл эки тарап болуп, кагылышып кетпесин деп чочулаган. Эми "Кара Чакмак" Чубак ажы жүргүзө баштаган реформаны түшүнгөнүнө, мындан ары бийлик чагымчылдардын кебине кирбей турганына ишенген эле. Ырас, аттуу-баштуу, диний илими барлар Куран, Хадисти эске албай, шайтандын азгыруусу менен жума намазга киргизбей күч колдонуп, Азирети муфтий Чубак ажы Жалиловду кубалап чыгып, дүйнө жүзүндөгү мусулман коомчулугуна шерменде болдук. "Кара Чакмак" уюштурган саясий оюн менен опурталдуу бийлик берген "Кызыл Байрак" тебелендиде калды. Мен өз учурунда "КМДБ кеңешчиси Нигматулло ажыдан сактануу керектигин айтканымда, анын да Кудайдан корко турган мусулман экендигин айтып, тим болушкан. Көрсө, "Кара Чакмак" эмес, аалым молдокелер да Кудайдын каарынан коркпой калган турбайбы, амирине баш ийбей, акыр заман келе жатабы деп ойлоп кетесиң.

Баяз тирүү болгондо…

Экс-муфтий Руслан ажы Жумановдун университеттин тегерек столунда олтурганын көрүп, мага айткан сөзү эсиме түштү. Ал: "Мен кечээ эле ден-соолугун сурап, Мураталы ажы Жумановдун үйүнө барып келдим, ал төшөктө катуу ооруп жаткан экен, мага көз жашын төгүп: "Алланын жазасын алып, менден ката кетип калды окшойт, Алладан кечирим сурап жатам" - деген эле. Ошол кезде Руслан ажы: "мен Мураталы ажыга окшоп, бийлик менен иштебейм, силерге таянып, өз алдынча Ислам жолунда гана иштейм" деген.
"Руслан ажыке иним, сен 2010-жылдын башында КМДБнын убактылуу аткаруучу муфтийи болуп келгенде, биздин командага: "мен реформага барам, реформатор деген атка коном, Ислам дини үчүн иштейм" деп убада берип, убадаңа турбай койдуң го, муфтийдин убактылуу орун басары болуп, бизди чилдей тараттың го" - дедим ага. Анда Руслан ажы: "Мен жаш баладай алданып калдым бийликке, ошол кезде мага "адвокат Акин байкеңди жана башкаларды муфтиятка жакын жакындатпа, муфтият юристи жок эле келген, реформа жөнүндө сөз ачпа, эгер иштегиң келсе дешкен. Ал эми Бакыт Нурдинов болсо кежир, айтканын бербейт, баары менен соттошот, Эмил Каптагаевдин ээсин оодарып жатат, сени реформага барабыз деп сүйрөйт, сен бери дегенде беш жыл муфтий болуп иштешиң керек, андан кийин деле, реформа жасаганга үлгүрөсүң. Мен аларга ишенсем, мени сатып, колу-бутумду кесип, топ кылып, сыртка тээп салышпадыбы" - деп, күйүтүн айтып, үшкүрүп жиберди.
Мен кайра: "Руслан ажы, сен дагы башыңан өткөргөн иштен сабак албай, Азирети муфтий Чубак ажыга Акин Токталиевтен, Бакыт Нурдиновдон, Базарбай Темишевден, Асандан, Нигматулло жана башкалардан кутул" деп, мамлекеттик коррупцияланган "Кара Чакмак" менен Чубак ажыны дагы сага окшотуп колу, бутун, кестиртип салып, топ катары сыртка тээп салалы деп ойлоп турасыңарбы" - дедим.
Бир аз ойлоно түшүп, Руслан ажы: "Чубак ажы бизди сот аркылуу акчаны төлөткөндү токтотпойбу, ага айтып койчу, бизге душман болбосун" - деди. Андан кийин, кетип баратып, "маркум Баязды "Черный Квадрат" атып кетпегенде, мен ушул күнгө чейин муфтий болуп отурмакмын, мени эч ким ала алмак эмес" деп өкүнүчүн айтканда Жаратуучуга ишенбей, Аллахтын пендесине ишенгенине ичим туз куйгандай ачышып кетти.
Руслан ажы Жуманов Чүй областынын казысы, экс-муфтийи болуп Ислам дининин туу чокусунда иштеп жүрүп, карапайым мусулман элге үлгү көрсөтпөй, реформага барбаганынын себеби ушунда экен да!

Милиция жашырууда...

2012-жылы 27-апрелде Бишкек шаарынын ИИБнин начальниги Капар Батыркановго 2009-жылы июнь айында Бишкек шаарына Борбордук мечит курдуруу үчүн кыргыз эли 13 миллион сом КМДБга жыйып беришкенин чоң үмүт менен айтып, кайрылганбыз. Ошонун ичинен 8,5 млн. сомдун кайда кеткендигинин даректерин айтып берип жатсак да, аларды кармабай, мамлекеттик деңгээлдеги "Кара Чакмактын" алдоо жолдору менен ири суммалардагы акчаны алып кеткендердин изин жашырып жатышат. Мамлекеттик деңгээлде иш жүргүзгөн "Кара Чакмактын" Азирети муфтий Чубак ажы Жалиловтун өмүрүнө бир нече жолу зыян келтирүү аракеттери жасалгандыгы жөнүндө кайрылсак да, КРнын Башкы прокурору Аида Салянова, КРнын УМККнын башчысы Шамил Атаханов, КРнын ИИМ жетекчиси Замирбек Рысалиев жана жергиликтүү прокурор, милицияларга чейин ушул күнгө чейин бир дагы жыйынтык чыгарышкан жок. Кыргыз Республикасынын мусулмандар президентине күч органдары кайдыгерлик мамиле жасап жатса, анда карапайым момун мусулмандын шору да.

Реформа коркунучта...

Муфтияттын реформасынын максаты - исламдык улуу ажылык ибадатка байланыштуу мамлекеттик коррупциялык схемаларды жоюу, түшкөн каражаттарды муфтиятка мыйзам чегинде кармап калуу жана ажылык сапарды уюштурууну мамлекеттик бийликке тарттырып жибербей, өз алдынча иш алып барууну көздөйт. Реформанын эң эле биринчи чоң жетишкендиги мамлекеттик бийликти аралаштырбай муфтияттын ар тармактагы адистери 2011-жылда ызы-чуусу жок, бири бирин сотко бербей эле эң жакшы деңгээлде ажылык сапарды уюштурушкан. Ага мурдагы УМККнын төрагасы Кеңешбек Дүйшөбаев жардам берген. Соңку убакта муфийди "Кара чакмак" кысымга алууда, аны КРнын президенти Алмазбек Атамбаев кабыл алуудан баш тартты. Ошондуктан, Чубак ажы КМДБда башталган олуттуу реформаларга карабастан кызмат ордунан кетүүгө мажбур болду. Албетте, Чубак ажы мусулман коомчулугуна коррупцияланган бийлик менен эмнеге күрөшө албай калгандыгын, бийликке акыйкаттыкты айтса же ага каршы сөз сүйлөсө, бир эле заматта "ЭКСТРЕМИСТ" атка кондура тургандыгын ачык эле айтуусу зарыл. Көрсө, мамлекеттик деңгээлде кайсы жерде акчанын жыты чыкса бийлик күч колдонууга барат экен, андыктан, ал муфтийлик кызматты уят-сыйыт дегенди билбеген бийлик жетекчилерине, ал эми Ажылык-Умра борборун Жантөрө Сатыбалдиев менен Шамиль Атахановко өткөрүп берди. А чынында, азыркы көрүнүш даана мамлекеттик ЭКСТРЕМИЗМ болуп эсептелет, башкача айтканда, бийлик мусулман диний конституциялык укуктарын бузуп, дин иштерине кийлигишип жатышат. Чубак ажы кызматын өткөрүп бергенден кийин эми муфтиятта реформа жүрөбү же мурдагы былгыган акыбалына кайра түшөбү, көрө жатарбыз.
Ошентип, Чубак ажы Жалиловту муфтийлик кызматтан эмнеге кетиришти? Биринчиден, бийлик менен муфтияттын коррупцияга чырмалышкан чынжырын үзгөн. Экинчиден, муфтияттын ичиндеги коррупциялык схемалар жолу менен уурдалган акчаларды кайтаруу үчүн сотко, прокуратурага, укук коргоо органдарына кылмыш иштерин козгоо максатында өткөрүп бергени үчүн, үчүнчүдөн, "кара чакмак" бийликке ажылык сапардын эсебинен 150 миң доллар акча жана алар сураган миң квотаны бөлүштүрүп бербегендиги үчүн. Бирок, Чубак ажы мындай мыйзамсыз жолго баргандан көрө камалып олтурууну артыгыраак деп эсептеген жана Алладан корккондуктан бул ишке барбай, элдин эки тарапка бөлүнүп, уруш чыгып кетишин алдын алып ооруганына байланыштуу деген себеп менен иштен кетүүгө мажбур болду.

Акин Токталиев,
укук коргоочу, адовокат