Ош базары: тагдыры талаада калган журтту ким ойлойт?
Айран ичкен кутулуп, жугунду ичкен кор болду...

Ош базарындагы Киев, Бейшеналиева, Кулиев, Токтогул көчөлөрүндө соодагерлик менен алектенип, турмуш-тиричилигин өткөзүп келе жатышкан он миңге чамалуу адам Бишкек шаарынын мэри Иса Өмүркуловтун Ош базарын оңдоп-түздөө аракеттеринен кийин ишсиз калды. Эртеңки күнүнөн үмүтү үзүлүп, кайсы жакка барып иштеп, жан сактаарын билбей калган 200дөн ашуун сатуучулар биздин редакциянын дарегине кайрылуу жолдоп, өз кайгы-муңдары менен бөлүшкөнү келишкен. Көрсө, шаар мэри Иса Өмүркулов бул аткарып жаткан иштерин мыйзамдуу деп эсептегендиги менен көмүскөдө көп иштер бар экен. Эмесе, медалдын бир бетине гана үңүлө бербей базар тегерегинде соода кылышкан сатуучулардын көйгөйүн да ортого салсак.

Алардын айтымында, жогоруда аталган көчөлөрдүн боюнда бул адамдар 1992-жылдан бери жайдын аптабында, кыштын суугунда болор-болбос күнүмдүк акча табуу үчүн соода-сатык кылышат. Булардын көпчүлүгү ички мигранттар. Демек, басымдуу бөлүгүнүн жеке менчик үйлөрү жок болгондуктан, батирлерде жашашат. Анан калса, жалпысы ар кандай "Финка" сыяктуу кредиттик компаниялардан беш-алтыдан топтолуп, насыя алып, ал акчаны жүгүртүп, тапкан кирешесинен насыянын үстөгүн төлөп, күнүмдүк тиричилигине жумшап, айтор, базардын казанында узак жылдар бою кайнап келишет. Өз убагында алар бийлик өкүлдөрүнө, шаар башкармалыгына, райондук акимчиликке, ал гана эмес Жогорку Кеңештин депутаттарына соода орундарын мыйзамдаштырып берүүсүн суранып, бир нече жолу кайрылышкан. Былтыркы жылы Жогорку Кеңештин депутаттарына кайрылуу жолдошкондо, көчө боюнда соода кылгандарды үч жылга чейин калтыруу боюнча токтом чыгарылып, буга Өмүркулов да макулдугун берген. Бирок, быйыл сөзүн кайра алып, шаар мэри Ленин райондук администрация башчысы Алтынай Өмүрбекова жана милиция органдарынын кызматкерлеринин жардамы менен күч колдонуп, карапайым адамдарды ур-соккуга алып, жалган жалаалар менен абакка камап, опузага салып, тартипке келтирип жатат. Жергиликтүү бийликтин бул мекендештерибизге алар башка мамлекеттен келгендей тескери мамиле кылып жатканын эч ким түшүнгүсү келбей тургандай. Албетте, Кыргызстанда өз элине өгөйдөй, өзгө жактан келгендерге башы жерге тийгенче кулдук уруп, мамиле кылуу өнөкөт оорудай канга сиңип баратканы жашыруун деле болбой калбадыбы.
Ош базарында, болжол менен 90дон ашуун майда, орто ички базарлар, соода түйүндөрү, бутиктер орун алып, алардын ар биринин кожоюндары бар. Капчыгы пулга толгон, беш-алты соода орунунун башын бириктирип, ажаткана менен самсы саткан жайды катар жайгаштырып, санитардык эрежелердин сакталбагандыгынан тартып бир нече мыйзам бузууларга жол берип, жүз миңдеген каражаттарды жүгүртүп, ишмердүүлүк жүргүзгөндөрдүн ишине көз жумуп, айласы кеткен мэр жалгыз-жарымдап иштеген, күнүмдүк тапкан кирешеси 300-400 сомдон ашпаган соодагерлерден күчүн чыгарып жаткандыгы абийирге сыйбаган көрүнүш болсо керек. "Айран ичкен кутулуп, жугунду ичкен тутулат" деген ылакап дал ушуга туура келчүдөй. Баса, ошол эле Ош базарынын айланасындагы Токтогул көчөсүндөгү Мар Байжиев кожоюндук кылган жол боюндагы базардын тегерегиндеги мажүрүм тал, чынар теректердин тыптыйпыл кыйылып, соода орундарына айлантканы менен шаардык бийликтин иши да болгон жок.
Сөзүбүз куру болбос үчүн соодагерлердин пикирлерине да орун берсек. Мээрим Керимбаева бул жерде 18 жылдан бери эмгектенет. Анын айтымында, 4-июль түнү бир жарым метрлик товарлар салынуучу темир соода орундарындагы темирлерди ширетүүчү аспаптары менен келишкен милиция кызматкерлери кароолчулардын каршылыгына карабай, базардын текшерүүчүлөрү менен бирге кескилеп ташып кетишкен. "Эгерде бизге алып кетүүгө мүмкүнчүлүк берсе, өзүбүз деле чыгарып кетет элек,"- дейт жаны ачыган аял. Аларды Алтынай Өмүрбекова да өзү карап турган экен. Ал эми акимдин орун басары Эшаков Канат, ШИИБнын начальнигинин орун басары Мехман Алиевтер милицияларга шыкак болуп, соодагерлерди тепкилеп, урууга чейин барышкандыгын айтууда. Ал гана эмес сегиз айлык боюнда бар келин Феруза Сапарбай кызынын боюнан козголуп, алдынан суу кетип, ооруканага түшкөн. Ал эми 1996-жылдан бери ушул жерде соода кылган Бүбүажар Капарова 5-июль түнү соода кылган столун камерага киргизип койгон жерден, Ош базарынын директору Орозбек Алыбаевтин контролеру келип, карактап кеткенин айтты. Ал: "Бизге адамдар барбаган "Дордой-Моторс" базарына барып олтургула деп жатышат. Ал жакта үстү жабылган орундарды кой, ачык турган, кум аралашкан талаага өзүбүздүн зонтиктерибизди, столдорубузду көтөрүп, тачкаларыбызды сүйрөп келип алып, соода кылып олтурушубузду талап кылып жатышат. Ага деле макул элек, бирок, ал жакта биздин товарларыбыз өтпөй жатпайбы,"- дейт күйүп-бышып.
Дагы бир маектешибиз Гүлүм аттуу келин арзан баадагы жайкы футболкаларды көтөрүп сатып, тирилик кылып келаткан. Ошол эле Ош базардын айланасындагы батирлердин биринде жашайт. Күйөөсү кырсыктан каза тапканы, кайын журтунун үйүнөн чыгып, өз алдынча тиричилик кылуу үчүн шаарга баса берген. Эки тестиер баласын керээлден кечке үйгө камап коюп, базар кыдырып жүрөт. Тынч кезде милициялардын колуна түшсө, анча-мынча сураган акчасын берип, кармалбаска аракет кылчу. Анын үстүнө баары күндө жүз көрүшүп турушкандыктан, тааныш да болуп калышкан. Базарды тазалоо иштери башталганы милиция кызматкерлери кара таандай каптап кирди. Эми алар учурдан пайдаланып, "бөрк ал десе, баш алып", өздөрүнүн тили менен айтканда "шабашка" жасап кетип жатышат. Жарыбаган кирешеси күнүмдүк жашоодон ашпаган, колундагы товары өзүн араңдан зорго актаган келин ошолордун колуна түшүп калыптыр. "50 сом бер,"- дешет алар. "Бере албайм, соода болгон жок,"- деп жооп берет. Бири-бирине телефон чалып, үчөө-төртөө чогула түшөт да, колундагыларын жулуп алып, элдин көзүнчө сабап киришет. Келиндин талма оорусу кармап, "Тез жардам" кызматын чакырып, ооруканага алып кетүүгө мажбур болот. Ушинтип алардын соодагерлерди ар кандай шылтоо менен кармап, кайра 300 сомдон чогултуп алып, кое берип жатышкандыгы тууралуу соода кылгандар бир добуштан айтып олтурушту. Ал эми милициялардын анабашы Мехман Алиев 40ка чамалуу аялды карматып, эки автобуска зордоп жүктөтүп, ит көрбөгөн кордукту көргөзгөн. Көрсө, алардын айтымында, базарчыларды Ош базарынан айдап, бир бөлүгүн 36 гектар аянты бар "Дыйкан" базарына олтургузууга мажбурлап жатканынын себеби, Иса Өмүркулов менен катар экс-президент Роза Отунбаеванын да ал базарда үлүшү бар имиш. Албетте, Өмүркулов менен Отунбаеванын бечара соодагерлердин төлөнбөй калган кредити, жумушсуздугу, бара турган жери, сурап ала турган жетекчиси калбаганы менен башы ооруйбу.
"Казакстанда, Россияда ансыз да тентип кеткен элдин санын көбөйтүп, өзүбүздүн бийликтен кордук көрүп жатсак, биз да башпаана сурап, алардын элчиликтеринин алдына митинг, пикеттерге чыкпаска аргабыз калбады. Болбосо, бизге байлардын базарларынын кереги жок. Муниципалдык, мамлекеттик базар салып берсин же завод, фабрикаларды куруп, жумуш орундары менен камсыз кылышсын. Эртеңки күнү балдарыбыз көчөгө чыгып, алда кандай жолдорго түшүп кетет деп коркобуз,"- дейт мүкүрөгөн көчө соодагерлери. Алар арыз-муңун айтып, парламенттин алдына барганда да, милиция тооктой тапыратып, автобуска жүктөдү. Ал эмес көчөдө жөн жай эле кетип бараткандарды да иле кетти. Алардын бири айылдан борбордогу балдарыныкына келаткан 65 жаштагы Аксаамай апанын колдору айрылып, мейманчылап баратып көргөнү ушу кордук болуп олтурат. Үч жарым айлык кош бойлуу келинди бөйрөккө урганда, баласы ичинен өлүп, али күнчө ооруканада. Динара Сапарбаева аттуу келинди болсо милиция кызматкерлери эски парламент жайгашкан Фрунзе көчөсүнөн Киев көчөсүнө чейин кууп барып, ал күйүгүп, эси ооп жатып калганда ошол жаткан абалында Киев көчөсүнөн Чүй проспектине чейин кайра сүйрө келишти. "Тез жардамды" чакыргыла деп күбөлөрдүн айтканына карабай, ооздорунан ак ит кирип, кара ит чыгып, ыпылас сөздөр менен тилдеп, акыры митингчилерди салып жаткан автобус ордунан козголуп кеткенин көрүшүп, таштап баса беришти. Ал эми Динара болсо ордунан козголо албай, эки сааттан ашык кыйналып жаткан экен. Баарынан да анын кейигени көчөдө ары-бери өтүп жаткан адамдардын кайдыгерлиги эле.
Эмчектеги эгиз балдары үйүндө калган күнөөсү жок Элиза аттуу келинди болсо, эмчектеги сүтү акканынан бошотуусун суранып, жалынып-жалбарганына карабай, эртеси күнү түшкө маал гана бошотушкан. Ал эми булардын жазган арызын карачу сот, бийликтин сөзүн гана сүйлөй турганын айтпаса деле түшүнүктүү.
"Зарыл ишиң болбосо, Зардалыда эмне бар?" дегендей, көчөдө соода кылгандар жыргап кеткенинен ушул жерде олтурушпаса керек. Көр тирилик кылууга кеткен бир жарым метр соода оруну үчүн көрбөгөн азапты көрүп, пайгамбар курагына таяса да, урунду-беринди болуп, айласыздыктан базарды сагалап, үй-бүлөлөрүн багып жатышпайбы. Эмесе, өкмөттүк атка минерлер аларды ормон опузага салбай мыйзамдуу, цивилизациялуу жолдор менен орун которууга, тийешелүү иш менен камсыз кылууга жардам кылбайт беле. Болбосо, ушуга чейин алардын "бул орундарды мыйзамдаштырып бергиле, соода кылууга ылайык шарт түзүп бергиле" деп кан-какшап келишкенин эмнеге кулак сыртынан кетиришкен? 1992-жылдан 2007-жылга чейин Ош базарынын көчөлөрүндө соода кылгандар базардын администрациясына акча төлөп келишкен. 2007-жылдын май айында ошол кездеги шаардын мэри Данияр Үсөнов дагы аларды кубалаганга аракет жасаган. Ал эми 2010-жылдын апрель айында алар расмий кат жазып, шаар башкармалыгына "салык төлөмдөрүн тиешелүү деңгээлде төлөп туралы, атайын эсеп ачалы, иштөө шартыбызды жакшырталы,"- деген өтүнүч менен кайрылышкан. Алардын укугун коргой турган профсоюз уюмун түзүүгө да далалат жасашкан. Ал эми июнь окуясы башталып кеткенде сатуучулар 40 миң сом өлчөмүндө акча чогултуп, Ошко жардам катары расмий түрдө жиберишкен. Бирок, алардын кандай аракети болсун бааланбай, ар убакта жогорку жактагылар тарабынан бут тосулуп, четке сүрүлүп келишет. Ошентип, элдин шорунан акча жасаган бийликтегилер убалды да унутуп калгандай. Биз окуянын чоо-жайын дагы кененирээк иликтөөгө алып, баам салып турмакчыбыз.

А.Байсары