Светиң өчпөйбү, бурадар?
Аскарбек Шадиев,
Энергетика жана өнөр жай министри:
"Электр энергиясынын туруктуу берилиши үчүн колдон келген аракетти жасап жатабыз"

Энергетика жана өнөр жай министри Аскарбек Шадиев 18-июль күнү "Бишкек шаарындагы локалдык тармактарды чыңдоо" долбоорун жүзөгө ашыруу боюнча аткарылып жаткан иштер менен журналисттерди тааныштырды. Бул долбоорду ишке ашырууга германиялык жана түркиялык инвесторлор тартылган. Учурда "Түндүкэлектро" ишканасы Бишкек шаарындагы жер алдындагы кабелдерди алмаштыруу боюнча иштерди жасап жатат. Кабелдерди алмаштыруу иштери ноябрь айына чейин бүткөрүлүүгө тийиш. Министр мындан тышкары, Арча-Бешик жаңы конушундагы 16 миң киловаттык подстанциясынын курулушу жана трансформаторду орнотуу иштери менен таанышты.


- Былтыркы жылы кышкысын биз трансформаторлор электр энергиясын көтөрө албай калган учурларда күйүп кетпеси үчүн абоненттердин бир бөлүгүнүн жарыгын кечки убактарда бир, эки саатка өчүрүүгө аргасыз болчубуз. Эми кудай буюрса, мурдагыдай күч келбейт, шаардын бул аймагында электр энергиясы туруктуу болушу күтүлөт. Эң чоң көйгөй электр энергиясына төлөмдөргө байланыштуу болуп жатат. Жергиликтүү эл текшерүүчүлөр менен жең ичинен сүйлөшүп алышып, ар кандай схемаларды жүргүзүп жатышат. Келечекте биз жаңы эсептөө механизмдерин киргизип, адамдык факторду алып салганда, бардык маселелерди чече алабыз.
- Демек, быйылкы жылы жарык өчпөйт деп кепилдик бере аласызбы?
- Энергетика тармагында иштеген биздин кесиптештерибиздин кимисинен болсун сурап көрсөңүз, Кыргызстандын эгемендүүлүк жылдары энергетикалык секторго дээрлик көңүл бурулган эмес. Мисалы, жер алдындагы миңдеген километр кабель линиялары эскилиги жеткен. Соңку жыйырма жыл аралыгында биз бир дагы кабель линиясын алмаштырган эмеспиз, тек гана жарым-жартылай оңдоп-түзөө иштерин жүргүзүп турганбыз. Кабель толугу менен жаңы обьектилерди курууда коюлган. 1 километрдик кабелде 25 жолудан кырсыктар катталган учурлар бар. Ал эми Бишкек шаарында 1 миң 800 километр жер алдындагы кабелдер бар. Булардын 110 километри 50 жыл мурда киргизилген. Булардын мөөнөтү жыйырма жылдан кийин гана бүтүшү керек болчу. Андыктан, учурда кабелдерди алмаштыруу зарылдыгы өтө чоң. Бүгүнкү күндө жарык өчүрүлбөйт деп эч ким кепилдик бере албайт. Анткени, система бузулуп араң турат. Бизди кубандырганы - былтыркы жылы Кыргызстандын энергетика тармагына көп каражат жумшадык. Быйылкы жылы ал каражатты эки эсеге көбөйттүк. Бишкек жана Ош шаарына эле жылдык программа боюнча жалпысы 1 миллиард 700 миллион сом жумшалмакчы. Ал эми электр энергиясын өчүрбөгөнгө биз колубуздан келген бардык аракеттерди жасайбыз.
- Бул каражаттар тийешелүү деңгээлде иштетилип жатабы?
- Биздин Байкоочу кеңеш бардык маселелер менен тааныш боло алат. Башкы директорлор менен гана эмес, Байкоочу кеңештин мүчөлөрү менен дагы тез-тез жыйындарды өткөрүп турабыз. Коомчулукка биз жасап жаткан иштер ачык болсун үчүн жалпыга маалымдоо каражаттары менен иштешебиз. Албетте, көйгөйлөр да жетиштүү.
- Быйылкы жылы Улуттук электр тармактар компаниясы аткаруучу иштер тууралуу эмне айта аласыз?
- Үстүбүздөгү жылы аткарылуучу иштер өтө көп. Шаарда 22 подстанция бар. Булардын бешөөсү алмаштырылат. Дагы экөө Ислам банкы аркылуу келерки жылы коюлат. Мындан тышкары, Улуттук электр тармактар компаниясы 110 километр линияны Баткенден Лейлекке тапшырды. Подстанцияларды реконструкция жасады. Эки чынжырлуу 110 киловаттык 41 километрлик Алай-Кадамжай линиясы үстүбүздөгү жылы ишке киргизилиет. Кечээ күнү эле Түркиядан келген 100 миллион доллардык кредиттен Бишкек шаардык мэриясына 5 миллион долларлык каражат бөлүндү. Кудай буюрса, долбоорубуз даяр, жакынкы күндөрү Ак-Өргө калктуу конушунда 110 киловаттык подстанция курулат. Жаңы курулуштардын бардыгынын жарык маселеси чечилет.
- Жеке бөлүштүрүүчү компаниялардын иштерин териштирүү боюнча кеп козголууда. Ушул тууралуу айта кетсеңиз.
- Жеке бөлүштүрүүчү компанияга карата текшерүү иштери жүргүзүлүп жатат. Төрт компания жабдуулар үчүн инвестиция алып келишкен эмес, болгону ири таратуучу компаниялар менен мамлекеттик үлүшкө олтуруп же ижарага алып электр берүү жана трансформатордук подстанцияларды колдонуп келишкен. Булардын бирөөнө карата кылмыш иши козголду, үчөөнүн лицензиялары чакырылып алынды.
21 жеке таратуучу компаниянын 13ү гана жеке каражаттары менен ЛЭПтерди жана подстанцияларды курушкан. Дагы төртөө энергетикалык инфраструктуранын курулушуна салым кошкон. Милдеттүү түрдө энергосистеманын курулушуна өз каражаттарын бөлө турган болсо, Кыргызстанда жеке таратуучу компаниялардын иш алып бара алат. Буга мисал катары Казакстанды жана Грузияны келтирсек болот.
- Электр энергиясына бааларды жогорулатуу саясаты жакында каралышы мүмкүнбү?
- 2011-жылдын январь айында өкмөт тарабынан бизге баа саясатын карап чыгуу сунушталган. Бүгүнкү күндө бизде эки-үч вариант бар. Бизде Кыргызстанда шериктеш мамлекеттердин арасында электр энергиясына тарифтер эң арзан экендигин айта кетишибиз керек. Электр энергиясы өзүбүздүкү, өзүбүз өндүрөбүз, аны түшүнөбүз. Бирок, ошол эле мезгилде жыл сайын инфляция болуп жатат. Ремонт иштерин жүргүзүү зарыл. Андыктан, жакынкы күндөрдө бул боюнча сунуштарыбызды жетекчилерге беребиз.

Маектешкен
Гүлзада Турдалиева





Бакиев доорунун уланып жатканы көрүнүп турбайбы

Береги сүрөттү караңыз. Учурунда Кыргызстандын тагдырын ушул адамдар калчап турган. Азыр да алардын көпчүлүгү жетекчилик кызматтарда.
Экинчи катарды караганда көзгө дароо эле Алмазбек Атамбаев илинет. Азыркы өлкө башчысы Бакиевдин тушунда Экономикалык өнүгүү министри, андан соң премьер-министрлик кызматты аркалаган. Баарынан да өкмөт башчылык кызматка кантип олтурганы кызык. Эсиңизде болсо, Бакиевдин алгачкы жылдарында оппозиция катуу талаптар менен, чоң митингдерди уюштурган. Атамбаев ошондон пайдаланып, оппозициядагы досторун сатып, премьер-министрлик кызматка олтурган. Бирок, премьер катары жарытарлык иш жасай албай, Бакиевдин колунан "Даңк" медалын алып, отставкага кеткен.
И.Исаков менен Н.Сулайманов учурда Жогорку Кеңештин депутаттары. Исмаил аке Бакиевдин эң ишенимдүү кишиси болгондугуна карабастан, азыр Атамбаевдин партиясынын арыгын чабууда. Бийлик дегенде адамдар эмнеге гана барбайт ээ? Жашоодогу принциптери да өзгөрүп кетет турбайбы.
Бакиевдин дагы бир жакшы көргөн адамы - Акылбек Жапаров болчу. Азыр ал Бакиев доорундагы эски кызматын кайтарып, Каржы министри. Бул адам Бакиевдин тушунда экономикада чоң өсүштөр болгонун тынбай айтчу. Адилеттүүлүк үчүн айта кетсек - азыр Жапаров өкмөттү мактаган жок. Өзү деле жакшы көргөн "шефи" Курманбек Бакиев алда канча эффективдүү иштегенин ойлоп жүрсө керек.
Айтор, сүрөттө баары тааныш жүздөр. Саясий элитада деле ошол адамдар айланып-тегеренип жүрүп олтуру. Мындан турмушубуз жакшы болуп кетсе бир жөн. Ошондуктан, элитаны жаңыртуу, жашартуу талабы бекеринен чыккан кеп эмес да. Эскилер эскирче шыпыргандан жашоо токтоп калып жаткандай...