"Фейсбуктан"...
Кудайды Асылчалык эстебейт болушубуз керек...

Эс алууга (отпуск) расмий чыкканыма карабай, бүгүн да жумушка келип, эфирге чыкчу темаларды тактап, анан адатымча "Фейсбук" баракчама бир үңүлүп коюуну чечтим. Аз өтпөй мага, "Кандайсыз?" деген маалымат келди, карасам Аська Кожомкулова деген кыздан. Демейде мага кат жазгандар телевидениеде иштөөгө кызыккандар же менин чыгармачылыгымдын тегерегинде талкуу кылууну каалагандар болуп чыга келишет. Аська аттуу бейттаныш кызды да ошондойлордун бири го деп ойлогом.

Татынакай, ажарлуу, ыйманы ысык Аськанын "Кандайсыз?" деген суроосуна "жаман эмес Асыл..." деп жооп узаттым (анын баракчасы менен таанышып чыксам аты Асыл экен, сүрөттөрүндө да татынакай түшүптүр, "гитара кармап түшкөнүнө караганда жакшы ырдайт го..." деп да ойлоп койдум). Аңгыча Асылдан дагы маалымат келди: "Менин тагдырым жаман, байке..."
Ойлоно түштүм. "Ой эмне анчалык?.." деген суроомо күтпөгөндөй жооп алдым. Жети жылдан бери Асылдын буттары баспайт, автокырсыкка учурагандан бери үйүнөн эч кайда чыга албайт. Буттары сыздап оорутканда чыдабай оңтоорун, Кудайга үнү жеткиче "буттарымды оорутпай, бастырчы?.." деп жалбараарын жазыптыр мага. Быйыл дарыгерлер анын буттарын карап көрүп, "10-майда кел, операция жасайбыз,"- дешкени менен, операциядан кийинки керек болчу дары-дармектерди сатып алууга Асылдын акчасы жок көрүнөт. "Акча керек болуп жатты эле",- деп мага айтуудан тартынганын мен эң сонун түшүнүп турдум. Чиркин курак.. Бу кыздын ажайып сүрөттөрүн көрүп, аны 1-топтогу майып экенин деле аңдабайт экен киши... Өзүмчө ойлоп койдум, Кудай балким такай мени эстеп турсун деп Асылга ушул сыноону бергендир, анткени, Асыл Кудайды күндө оозунан түшүрбөйт, күндө Кудайга жалынат, Кудайды эстейт... Алты саны аман, колу буту соо биздей адамдар Кудайды Асылчалык эстебейт болушубуз керек, көр тирликке кирип кетип...
Эми мындай, туугандар, мен сураштырсам, Асылдын операциядан кийинки муктаждыктарына, дары-дармектерине баш аягы 10-15 миң сомдой керек болот экен. Андай акчалар ким бирөөлөргө кеп деле эмес дечи, бирок, Асылга каражат өтө керек болуп жатканын ал ичинде түшүнүп, бирок аны кайдан табаарын билбей атканын мен түшүндүм. Айылдагы ата-энеси болгон-эткен малын сатып, акчанын баары дары-дармекке кетип айласы куруп турган чактары...
Сооптун маанисин, жакшылык кылуунун мазмунун түшүнгөн жакшы адамдарга мына ушул аманатты жеткирип койсоңор, кандай сооп иш кылган болоор элеңер... Чынында Асыл мени менен кайдан акча тапса боло турганын сураш үчүн эмес, тек гана баарлашып, жан дүйнөсүндөгү буктарды чыгара сүйлөшүп алууну каалаганын түшүнгөнүм менен ага жардам берүү демилгесин өзүм эле көтөрө коюп, мынтип жарыялап ийгенимди Асыл айып этпестир... Анан, ылайым жакшы адамдар себеп болуп, бутуң айыгып, өзүң кыялданып жүргөн кыялдарга карай кадам таштап гана тим болбой, ак куу болуп учуп калгың бардыр, буюрса...

Асылдын телефону: 0550-17-60-18.

Эрнис Кыязов, тележурналист