Бир Кудай...
Ой, Бабанов билет....
же премьер-министрдин тышкы саясаттагы достору да анын не адам экенин мыкты билеби?

Өткөн жуманын акыркы жумушчу күнү КР Жогорку Кеңешинин 5-чакырылышынын 2-сессиясы ишин аяктап, депутаттар эки айлык каникулга тарашты. Алар эми 1-сентябрга чейин шайлоочулар менен жолугушабы же жеке иши менен алектенеби, ал өз эрки. Балким, каникулдун как ортосунда кезексиз сессияга чогулуп калышы да мүмкүн. Себеби депутаттар эс алууга жөн тарабай, "азоого чалма" салып, кыргыз өкмөтүн отставкага кетирүү боюнча кол чогултуп кетишти. Азырынча Бабановдун командасына ишеним көрсөтпөөгө 50дөй эл өкүлү кол койгон. Ага чейин кол коюучулардын саны көбөйөбү же жең ичинен соодалашып, айрымдары адатынча "билбей кол коюп алыптырмын, жаңылып, жазыптырмын" деп артка кетеби, аны бир Бабанов билиши мүмкүн...

Дегеле бүгүнкү күндө өкмөткө анын каратып туруп калп айткан, Бабановду апендинин эшегиндей мактап, шоу жасамайдан башка кыйраткан иши жок тоңкулдактай такылдаган басма сөз кызматынын жетекчиси С.Каназаровдон башкалардын баары эле кетсе экен деп турушат. Анткени өкмөттү ушунчасында коомубуздагы сокур ичегидей кесип ыргытпаса, анда кышында кара башыл адамдар эле эмес, төрт түлүк малыбыз да жутка кабылып, караңгыда Бабановдун "тангосун" бийлеп калышыбыз мүмкүн. Өндүрүш тармагы кыйрап, казынага салык түшпөй, мугалимдер отпускалык маянасын алалбай жүрүшөт. Каржы министри А.Жапаров балдардын буламыкка жетпеген акчасын аяп, 500 млн. сомду бербей битиреп отурат. Ишенген "Кумтөр" өзү улутташтыруу алдында турат.
Бакиевдин учурунда Максим менен Жаныш жегенден калган акча да ГЭС, жол, мектеп курганга, мугалимдер менен дарыгерлердин маянасына кеңири жетчү. Азыркы бийликтин коррупцияны тап душмандай жойдук, ак, таза иштеп жатабыз деген доорунда акчалар кайда кетип жатат? Булардын (бийликтин) эки жүздүүлүгү менен алдамчылыгын, сатып коёрун билген Россия эки жылдан бери бир ири инвестиция чегерген жок. Акыры айласы кеткен Атамбаев менен Бабанов баягы эле түрктөргө "старший брат" (Түркия Республикасы) деп барып жалдырап, 106 млн. доллар жардам алып отурат. Биттин ичегисине кан куйган түрктөр бул акчаны деле бекер бербей, башка жагынан эки эсе кылып чыгарып алышар?
Өчөшкөнсүп, кыш оор болуп, төрт түлүк мал жутка кабылса, жаз жаанчыл келип, дыйкандардын эгинин эки-үч ирет сел каптады, үйлөр жараксыз абалга келди. Бишкектин базарларында бышыкчылык келген менен кымбатчылык күч алууда, помидордун 1 кили 50 сомдон түшө элек. Өкмөт башчы Казакстанга ат тезегин кургатпай каттап, чек араны ачкан менен өндүргөн продукциябыз болбосо, өзүбүздү сатабызбы? Тажиктер жарандарыбызды өлкөбүздүн аймагынан кармап кетип, кылмыш ишин козгосо, Өзбекстан ГЭСтерибизге көз артканы аз келгенсип, "жол салбагыла" деп омуроолоп жатат. Ушул ички, сырткы саясаттагы бүгүнкү кыргыз бийлигинин кадыр-баркы кетип жаткандыгынын бир гана себеби бар. Ал - бийликке татыктуу адам эмес, ызы-чуу, жердешчилик, акчанын күчү менен деңгээли төмөн, шылуун-шумпайлардын келип калгандыгында. Ошондуктан өкмөт башчы баш болгон министрлерге жаш баладан тартып, кемпир-чалга, эчки-улактан тартып, торпок-топозго чейин нааразы (себеби алардын туугандары кышында жутка кабылып кырылып калбадыбы).
Тилекке каршы "укмуштуулар өлкөсүнө" айланган Кыргызстанда эки революциянын жыйынтыгы көрсөткөндөй, парламенттин өзү тарап, өкмөт кала бериши да мүмкүн. Бир чети эл өкүлдөрү каникул алдында "Кумтөр" маселесин козгоп, анда да маселени кабыргасынан коюп, "улутташтыруу" чечимин кабыл албадыбы. Бирок бул маселени терең иликтөө үчүн түзүлгөн өкмөттүк комиссияга кайра эле "карышкыр кой кайтаргансып" бир топ арты таза эмес фигуралар мүчө болуп калды. Андыктан депутаттык комиссиянын башчысы С.Жапаров ал комиссиядан ошол замат баш тартты. Баса, 1993-жылы дал ушул "Кумтөрдүн" тегерегиндеги чырдан улам "легендарлуу" парламент тарап, ал кездеги өкмөт башчы Н.Исанов табышмактуу жагдайда каза болгон...
Бул ирет да тагдырдын ташы тескери айланып, маселе такыр башка нукка бурулуп кетиши да мүмкүн. Анткени бизде акча үчүн баарын саткан чиновниктер менен депутаттар толтура. Өкмөт менен өкмөт башчы Ө.Бабановдун айыл чарбасы боюнча диплому болгон менен бир күн колхоздо иштебегендигин, Акаев, Бакиев доорундагы "таржымалын" көрүп-билип туруп дал ушул депутаттар шайлашпады беле. Болгондо да бири кошомат кылып, экинчиси эмоцияга алдырып, укмуш мактап, 100дөн ашык добуш беришкен. Эми алардын тең жарымы "кетсин" деп кол коюп жүрүшөт. Балким, алар бай Бабанов менен соодалашууну да пландаштырып коюшкандыр?
Бир гана өкмөттү отставкага кетирүү тобунун лидери баягы эле көпчүлүк коалициянын лидерлеринин бири Ө.Текебаев экендиги үмүт жаратууда. Канткен менен бүгүнкү кыргыз саясатын ушул киши жасап, бийликке койгонун коюп, алганын ушул киши алып жатканын биз эле эмес, депутат Ж.Жолдошева өткөндө бир сессия учурунда айтканы бар. Канткен менен Текебаев "сүзгөн" киши соо калбайт эле. Камандай күркүрөгөн бакиевдер не болду, ар кимиси тентип-бозуп беларус токойунда жүрүшөт. Демек, Кудай күч-кубатты Өмүкегө берсин.
Бирок, казак баурдастар "төөнү соёру сойдум, эми тогуз катын эмне кылам?" демекчи, Бабановдун ордуна ким келер экен? Негизги маселе ушул. Айрым маалыматтар боюнча, Атамбаев да өкмөт башчыны кетирүүгө кызыкдар экен. Атакенин (Атамбаев) мындай ат жүрүшүн анын партиясынын (КСДП) парламенттеги фракция депутаттарынын Бабановду байма-бай сындагандыгынан эле билсе болот. Себеби "бала баатырды" азыртан токтотпосо, эртең ажыдаарга айланып, "президент болом",- деп чыгышы мүмкүн. Демек, "душманымдын душманы досум" дегендей, Келдибеков менен Текебаев сыяктуу келишкис саясатчылардын кызыкчылыгы ушул жерде кездешип калышы мүмкүн. Айрым маалыматтарга караганда, Текебаев кайсы бир майлуу кызматка өз адамы коюлбай калгандыгы үчүн эле Бабановдон өч алуу же соодалашуу үчүн да ушундай ыкмага барып жатыптыр. Эмнеси болсо да "өгүз өлөт же араба сынат" дегендей, күзгө чейин же өкмөт кетери же парламент тарай тургандыгы бышып жетилип калды...

А.Белеков




Нааразы болбогон кимиң бар?
Күзүндө кырдаал курчуп, эл бийликти кууп кетиреби?

Учурда отпускелик айлык маянасын ала албаган мугалимдер менен дарыгерлердин нааразычылыгы кескин түрдө өсүп, алар өз элин ойлобогон өкмөткө каршы ар кандай нааразычылык акцияларына чыгууга даяр экендигин билдиришүүдө. Жай ортолоп калганы менен ансыз деле жарытылуу акча албаган кадырлуу мугалимдер менен дарыгерлердин эс алуу бул жакта турсун, тишинин кирин соруп олтурганы чынында кечиримсиз көрүнүш.

Өткөн сандарыбызда депутат Равшан Жээнбеков өкмөттүн экономикалык саясатын айыптап, Кыргызстан дефолттун кырында турганын макаласында билдирген болчу. Эл өкүлү койгон диагноз бүгүн толук далилденип жатат. Анткени, куру убада менен курсак тойгузган өкмөт башкасын кой, бюджетти араң кармап олтурат. Же анысы ойлогондой толсочу. Кайра тескерисинче, бүгүн бюджетте эң зарыл болгон социалдык төлөмдөргө жарты тыйын табылбай жатканы кызык көрүнүш болууда.
Буга карабастан, өкмөт башчысынын тележылдызга айланып, өзүн мактап чыга бергени олдоксон көрүнүшкө айланды. Кадыр-барктуу саясатчылар, депутаттар "өзүңөрдү рекламалаганды токтосоңор, асманда калкып уча бербей, жерге да түшсөңөр болот эле",- деп канча какшап чыгышты, бирок, буту жерге тийбей калганы качан булардын! Айтор, өкмөт келгенинен бери минтип элдин кулагына кесме иле бергендиктен, нааразы болбогон жан кыргызда калган жок. Бул жагынан алып караганда, өкмөттүн, эң башкысы Өмүрбек Токтогулович Бабановдун жайында болбосо да, күзүндө ээрден учуп түшүшү эртеңки күндүн чындыгына айланды. Ошол эле учурда жергебиздин жаш патриоттору "биз Бабанов кызматтан түшсө качырбайбыз, кармап калып, жоопкерчиликке тарттырабыз",- деп турушкан кербези. Келечегинен көптү үмүттөндүргөн жаш ишмердин жеткен чеги ушул бойдон калып, карьерасына дал ушундай кайгылуу чекит коюларын ойлогондо адамчасынан, кабыргаң кайышат. Жаңы кезинде Бабанов кандай эле! Азыр кандай? Айтор, элди унутуп, эсиңди жоготсоң, бара турган жериң да бир эле жер тура...
Сапар Тилекматов