"Убактылуулардын" коррупциясы

Банктардан кимдер, канча акча уурдагандыгы ачыкка чыгабы?



2010-жылы 7-апрелде Ак үйдүн алды канга боёлуп, 90го жакын эр азаматтын сөөгү жерге бериле элек жатып ошол учурда Бакиевдин бийлигин бөлчөктөп бөлүп алып, өздөрүн Убактылуу өкмөт деп жарыялаган эрендер бир топ банктарды талап-тоношкон эле (алардын бардык эрежелерди бузган мындай каракчылык аракетин мындан башкача атоого мүмкүн эмес). "Азияуниверсалбанк" "Бакай-Банк" жана башка бакиевдер менен алардын жакындарына тиешелүү деп саналган банктардын кутучаларындагы "варварлар" тарабынан эч кандай комиссия түзүлбөстөн, видеотасмага тартылбастан же соттун чечими чыкпастан туруп эле сейфтердин эшиги лом, ширетүүчү аппарат (сварка) менен сындырылып ачылган. Банк системасындагы эреже боюнча ал сейфтерде бир эле бакиевдердин эмес, Сакиевдин же Жакиевдин деле акчасы болушу мүмкүн. Керек болсо анын ким экендиги же канча суммада акчасы бар экендиги тууралуу ошол бантын жетекчиси да билбейт. Анткени тигил же бул адам акчасын ал жерде ишенимдүү жай катары сактап, жөнөкөй тил менен айтканда ижара акысын төлөп берет.

Айрым маалыматтар боюнча, ошол учурда банктардан кап-кап долларлар уурдалган жана тез арада чет мамлекеттерге чыгарылып кеткен. Эми бул "банк-операцияларын" кимдер жүргүзгөндүгүн баарыбыз билебиз. Алардын айрымдарынын телефон аркылуу сүйлөшүп, акча бөлүшкөндүгү интернет-сайттарга чыгып кетип, кээ бирлери Лондон жана башка ири мегаполистерде балдарынын, ойношторунун атынан кымбат виллаларды сатып алышпадыбы. Бирок эмнегедир кийин тонолгон банктардын видеотасмалары да жоголуп кеткен. Ушул эле факт банктарды карактагандардын изин жашырууга аракеттенгендигин далилдеп турбайбы.
Күзүндө парламент шайланып, биринчи орунду "Ата-журт" партиясы утуп кетип, бийликчил партиялардын шайы оой түшкөндө бул маселе көтөрүлгөн. Тилекке каршы Убактылуу өкмөттүн ("бактылуу өкмөт") жетекчилери ошол учурда болгону банктардан 21 миллион доллар уурдалып, түштүктөгү июнь окуясына жана башка керектөөлөргө жумшалгандыгын айтып кутулушкан болчу. Ушул жумада парламенттин А.Келдибеков жетектеген бюджет жана каржы комитети бул маселени кайра көтөрүп, башкы прокуратуранын маалыматын укту.
Натыйжада парламент комитети Башкы прокуратуранын 7-апрелден кийин төрт банктын уячаларынан алынган акча боюнча ишти иликтөөсүнө канааттанган жок. Ошондуктан ишти иликтөөгө кошумча мөөнөт берди жана парламенттин атайын жумушчу тобу менен биргеликте кызматташуу тууралуу чечимин кабыл алды.
Башкы прокурордун биринчи орун басары Нурлан Жээналиев аталган комитеттин мүчөлөрүнө мурда эле айтылып жүргөн маалыматтардын алкагында айланчыктап, эч кандай жаңы жагдайды ачыкка чыгара алган жок..
Буга чейин банктардан алынган каражаттын суммасы 21 миллион доллар эмес, 100 миллиондун айланасында деген маалымат тараган болчу. Н.Жээналиев мындай дооматтарга далилдер жоктугун айтып кутулгусу келди. Анткен менен аталган комитеттин төрагасы Акматбек Келдибеков жагдайлар кылдат иликтенбегенин айтып, бул жагдай эртеби-кечпи ачыкка чыга тургандыгын эскертип, мындай деди: "Бекеринен эл арасында биздин 1-2 жаран Лондондо бирден чоң үй алыптыр деген сөз тараган жок да. Анын баардыгынын бети ачылат. Анан мага 100 миллиондон ашуун доллар боюнча сурак берип койуңуз депсиңер. Болот ал дагы. Чыгат жакында мына ошонун бардыгы. Ким канча акча алганы ошол жерден чыгат. Анан жанагы майда-барат акчаны июнь айында коопсуздукка деген шылтоо менен ортодо бөлүштүрүп койгону жөн эле чекеси болуп калат".
Башкы прокуратураны ошол эле Убактылуу Өкмөттүн ишенген адамы, президенттик аппараттын мурдагы башчысы Эмилбек Каптагаевдин кудасы Аида Салянова жетектеп турганда деги банк кутучаларындагы "операциялар", июнь окуясынын күнөөкөрлөрү ачыкка чыгат деп ишенүүгө болобу? Бул карышкырга кой кайтарткандык. Э.Каптагаев бекеринен бул кызматка көздөй кишисин (талапка жооп бербесе да) койдурууга жанталашкандыгынын да өзүнчө сыры бар. Ошондуктан мындай жагдайды түшүнгөн депутаттар банк кутучуларынан алынган каражаттын тагдырын атайын жумушчу топ түзүп иликтөөгө алган. Тилекке каршы ар кандай бут тосуулар жана сатылып кетүүлөрдөн улам ал топ дагы буга чейин айтылган фактылардан башка жаңы жагдайларды таап чыга алган эмес. Алар бул жагдайды тиешелүү далилдерди тастыктоочу документтерди алуунун кыйынчылыгы менен байланыштырышууда.
Бул жумушчу топтун жетекчиси Надира Нарматова ички иштер, коопсуздук жана коргоо түзүмдөрүнө берилген каражаттын негиздүүлүгү боюнча ынандырарлык жооптор болбогонун мындайча билдирди: "Ички иштер министрлиги, Улуттук коопсуздук комитети жана Коргоо министрлиги кандай негизде мына ошол акча каражаттарын алганы белгисиз. Биринчиден, алардын ошол учурда бекитилип берилген бюджеттик каражаттары бар болчу. Экинчиден, алар мына ошол июнь окуялары бүтүп, тынчтык өкүм сүрүп калган учурда деле алып жатышпайбы. Анан ошончо акчаны алып алышып кайда иштеттиңер деп берген сурообузга ынандыраарлык жооп алалган жокпуз. Башкы прокуратура мына ошол каражаттын сарпталышы боюнча өзүнчө иликтөө кылыш керек болчу".
Депутаттар Башкы прокуратура бул иште бир катар шектүү жагдайлар болгондугуна карабастан кандайдыр бир илинчектерди таба албагандыгын каттуу сынга алышты. Айрыкча аталган банктардагы видео байкагычтардын эстутумунун уурдалып кетиши жана ага жооптуу кызматкерлердин жоопкерчиликке тартылбашы күмөн саноолорду жаратты.
Бирок Надира Нарматова банк кутучуларын ачууга катышкан тергөөчүлөр буга байланыштуу бардык сырды билерин айтып, прокуратура органдары өздөрү маалыматты жашырып-жаап жаткандыгын мындайча билдирди: "Силердин тергөөчүлөр мына ошол каражатты банк кутучаларынан алууга катышкан. Демек, мына ошолор иштин төркүнүн жакшы билишет. Силерде бул боюнча көп маалымат бар. Бирок, анын баардыгын ачпай жатасыңар. Силер мына ошону аягына чыгарабыз деп тергеп жаткандан кийин тактап туруп, тергөө жүргүзсөңөр белгилүү болот болчу".
Баса, банк кутучаларынан алынган акча боюнча Бишкек шаарынын ошол кездеги прокурору Абылов, тергөөчүлөр Хегай менен Намазалиевге кылмыш иши козголуп, бирок жакында сот аларды аракеттеринде кылмыштын курамы жок деген негиз менен актаган чечим кабыл алган.
Жогорку Кеңештин тиешелүү комитети бул маселени кароону кийинкиге калтырды. Мындан тышкары иликтөөнү күчөтүү үчүн көз каранды эмес эксперттерди тартуу сунушу колдоого алынды. Ал эми Башкы прокуратурага иликтөө иши канааттандырарлык эмес деп табылып, иликтөөнү кайрадан улантуу тапшырмасы берилди.
Демек, жакын арада банктарды кимдер, канча акчаны тоногондугу ачыкка чыга турган күн да алыс эмес. Күтө туралы...

А.Белеков




Сат, саткандан тажабаган бийлик!

"Айылбанк" жеке менчикке өтөбү?



Эл аралык финансы институттары бизге качан эле жакшы кеңеш берчү эле? Акаевдин да, Бакиевдин да түбүнө ушулардын акылдуу кеңештери жеткен. Ал аз келгенсип, Кыргызстанды биротоло курутуп, талкалоого багытталган арам кеңештери үчүн бул уюмдардын эксперттери миллиондогон гонорарларды алганын унута элекпиз!

Мына ошол эл аралык финансы институттардын бири - Дүйнөлүк банк менен азыркы өкмөт Кыргызстандын каржы тармагын өнүктүрүү багытында долбоор сунуштап жатат. Парламенттин бюджет жана каржы комитетинде бул долбоор талкууланып жатканда, океан ары жагынан келген кеңешчилер "Айыл банктты" сатууну сунуштап жатканы ачыкка чыкты. Дыйкандарга арзандатылган кредит берип жаткан "Айылбанкты" сатууга өкмөт да каршы чыкпаптыр. Банкты сатыкка даярдоо багытында Дүйнөлүк банк 2 миллион доллар бөлүүгө даярдыгын билдиргени да белгилүү болду.
Буга комитет төрагасы Ахматбек Келдибеков катуу ачууланды. "Аны сатуунун эмне кереги бар? Биздин мойнубузда 2 млрд. доллардан ашуун тышкы карыз илинип турат. 20 жылда ушуларды угуп келдик, эмне өзгөрдү? Булар бизге бөлүп жаткан акчаны өздөрүнүн эле консультанттары 40 миң доллардан айлык жаздырып атып, жеп кетет. 50-100 млн. долларлык кредиттерди алганбыз. Андан бизге пайда болдубу?",- деди ал.
Негизинен, сөз болуп жаткан каржы тармагын өнүктүрүү долбооруна Дүйнөлүк банк 7,15 миллион доллар кредит, 5,85 млн. доллар грант бөлүүгө даяр. Бирок, өздөрү бөлгөн акчаны өздөрү, анан да ага жашыл жарык берген биздин бийлик акең жеп жаткан соң, кыргызга мындан эмне пайда? Мына ушуга таянган парламент комитети долбоорго каршы чыгып, өткөзгөн жок. Көрсө, элди ойлогон депутаттар да бар тура.





Түбү көрүнбөгөн уурулук

"MegaСom" - жеп-ичкичтердин уюгу



Мамлекеттик улуттук коопсуздук кызматынын Коорупцияга каршы кызматы "MegaСom" компаниясынан дагы бир ири финансылык уурулук фактысын таап чыкты. Маалыматка ылайык, 2011-жылы "Альфа-Телеком" компаниясынын ("Мегаком" бренди) башкы директорунун милдетин аткаруучу Алмазбек Абеков Кытайдын ZTE компаниясы менен 31 миллион долларга жабдууларды сатып алуу боюнча келишим түзгөн. Жыйынтыгында, Абеков 6 миллион долларды оффшордук аймактагы эсебине чыгарып кеткен. Анүчүн Абеков Виргин аралдарында катталган оффшордук фирмаларын колдонгон.

Бул факты боюнча МУККнын Коррупцияга каршы кызматы кылмыш ишин козгоп, тергөө амалдарын жүргүзүүдө. Андан тышкары, МУКК абакта жаткан "Мегакомдун" экс-башкы директору Азамат Мурзалиевге Кытайдын Huavei фирмасы менен түзгөн афералык келишим боюнча да доо такты. Айтор, чукуган сайын мобилдик оператордун ичиндеги былыктар улам көбөйүүдө. Бирок, маселе туулат: эмнеге учурунда Мурзалиевди "аппагым" деп, калкалап-жактап келген премьер-министр Бабановго эч ким доо артпайт? Жок дегенде Бабанов бу баланы эмнеге "Мегакомго" алып келип, калкалаганы тууралуу айтып бериши керек да. Же бизде дагы эле аткаруучулар "садагага чабылган сары улак" болуп кала беришеби?