Атактуулардын бейбаштары



Сиз балаңыздын жүрүш-турушунун жаман экендигине нааразысызбы? Ага анча деле кейибеңиз, дүйнөдө андан да терсаяк тентектер бар. Төмөндөгү атактуу адамдардын балдарынын тизмесин карап олтуруп, "ушул менин балам болуп калбаганына кудайга шүгүр" дешиңиз ажеп эмес. Советтер союзунун тушунда "балдар - биздин байлыгыбыз!" деген ураан бар болчу. Бирок, бул айрым саясий ишмерлердин башына тийген таяктай туюлчу. "Чоң" болуп иштеген ата-энелер балдары үчүн көп уятка калышкан. Биздин өлкөнүн мурдагы башчыларын бул жолу эске салбай эле коёлу.


10-орунда: Сталиндин уулу Василий. Каарман учкуч болгон, бирок, аягы жаман бүткөн. Айлап жумушка келбей, мамлекеттик каражаттарды (20 млн рублга жакын) соодалап, түгөткөн. Ичкиликке жакын болуп, кол алдындагы аялдарды бузган. 1955-жылы Василий Сталин 8 жылга түрмөгө кесилген.

9-орунда: Сталиндин кызы - Светлана Аллилуева. 1967-жылы кайрылгыс болуп кеткен. Индияга расмий эмес күйөөсү - индиялык коммунисттин тажиясына кетип, АКШ элчилигинен саясий качкын макамын сураган.

8-орунда: Брежневтин кызы Галина. Бриллианттарды, "Мерседес" автоунааларын, антиквариатты, кымбат тамак-ашты жана кымбат ичкиликти сүйгөн. Галина атайын ооруканада 1998-жылы көз жумган.

7-орунда: Жан-Кристоф Миттеран, Франциянын мурдагы президенти Франсуа Миттерандын уулу курал-жарак сатууга катыштыгы болгон. Мындан тышкары, салыктан 632 миң евро жашырып койгон.

6-орунда: Марк Тэтчер, "темир леди" Маргарэт Тэтчердин уулу. Экваториалдык Гвинеядагы төңкөрүштү уюштурууга катыштыгы бар. Анын акчасына төңкөрүшчүлөр аскердик вертолет сатып алышып, президенттин сарайын басып алууга аракет кылышкан. Ойлогон ойлору ишке ашып калса, Гвинеядагы мунайдын иштетилишинен пайда көрүүнү болжошкон.

5-орунда: Эң белгилүү "тентек" кыз - Монако принцессасы Стефания. Ал үйүнөн Парижге 17 жашында качып кеткен да, дароо эле кызуу сүйүү жашоосуна баш оту менен киришкен. Акыркы сүйүүсү швейцариялык дрессировщик менен цирктин кожоюнуна арналган. Уулунун аялы менен ажырашуусуна мажбур кылган Стефанияны циркачтын энеси "ажаан" деп атаган.

4-орунда: Женни менен Барбара Буш жашы жете элек кезинен эле спирт ичимдиктерине жакын болушуп, чуулгандуу окуяларга кабылып, дүйнөгө таанылышкан.

3-орунда: Алясканын экс-губернатору Сара Пэйлиндин кызы Бристоль Пейлин 16 жашында төрөп, баласынын атасы менен ажырашып тынган.

2-орунда: Ливиянын мурдагы президенти Муаммар Каддафинин уулу Ганнибал. 2004-жылы Сардинияда эс алып жатып, мас Ганнибал айдап бараткан яхтанын рулун башкара албай калган да, алдыда сүзүп келаткандар менен сүзүшкөн. Ушундан бир нече күндөн кийин эле Римде полицейскийге кол салган. Кийинчерээк Парижде мас абалында Porsche 911 автоунаасы менен баратып, Елисей Талааларында кырсыкка учураган.

1-орунда: Австралияда Уинстон Черчиллдин чөбөрөсү үч жылга эркинен ажыратылган. Ал өзүнүн квартирасында экстази таблеткаларын чыгарган. Полиция анын үйүнөн баасы 8 миллион доллар турган 50 килодон ашуун баңгизатын тапкан.

Айкен БАЙСАРЫ