Иттин өлүгү кайда?

Демократия дайыма жаш баладай, анын жалаягын такай тазалап жүрүш керек



Бул кылмышкерге айланган башкаруучу байлардын саясаты тарыхтын таштандысында кара тамгалар менен жазылып калаары чындык эмеспи. Себеби, өзүбүздүн нукура маданиятыбыздын багытына жараша бийликке жана парламентке дагы маданиятыбызга жараша адамдар келип жатпайбы.

Бийликтегилердин да, ага умтулган башка саясатчылардын да түпкү максаты, эптеп чоңураак олжого ээ болуп калуу болуп жатпайбы. Шайлоолор менен бийлик тепкичине көтөрүлүү үчүн, акча гана аябай жөлөк болоору айдан ачык иш. Дал ушул себептердин артынан парламенттин ичинде акча жасоо максатында гана интригалар болуп жатканына күбө болуп келүүдөбүз. Бирөө коомчулукка белгилүү болуу үчүн, бир бийлик бутагында отурган лөктүн кылмыштуу бетин ачууга аракетин баштайт да, бирок тилекке каршы аягына жетпейт. Себеби ал кылмышкердин да, ар тарапта колдоочулары көптүгүнөн "бармак басты, көз кысты" болуп иш жабылып калат.
Мисалы, Жогорку Кеңештин депутаты Искак Пирматовдун үстүнөн прокуратура кылмыш ишин козгогон эле, бирок парламенттеги депутаттар соттук териштирүү иштеринин милдетин алып, коллегасын "күнөөсү жок" деп сактап калышпадыбы. Буга кошумча кылып энергетика министри А.Шадиевди дагы аман алып калышты, эгерде прокуратура менен сотторго өйдө жактан бут тосуулар болбогондо, өздөрү паракордун торунда чырмалбаганда, бул адамдар эчак эле темир тордун артынан орун алмак. Бир кезде 250 миллион долларды экс-транспорт жана коммуникация министри Н.Сулайманов Максим Бакиевге которуп берген деп А.Бекназаров айтып, үстүнөн кылмыш иши козголдугу туралуу маек берди эле, кандайдыр бир себептер менен бул кылмыш иши да жабылып калды. Учурда Н.Сулайманов парламентте депутат болуп элге акыл үйрөтүп отурат. Мындай мисалдарды айта берсек түгөнбөйт, анын үстүнө кептин барысы бийлик башындагылардын өздөрү экономикалык кылмышка барып жатканында болуп, "балык башынан сасыйт" деген накыл кепке дал келип жатпайбы. Баарысынан эң коркунучтуусу, шайлоодо карапайым калк эчтеке кыла албай калды көрүнөт, себеби, байлар ыргыткан сөөккө баарысы жанталашып чуркап, жада калса ал сөөк үчүн бирин-бири кекиртектен кармап мууздап салууга да даяр. Бийликтин коомдук көзөмөл киргизели дегени жакшы, бирок ошо коомчулук тараптан өкмөттү көзөмөл кылууга Кыргызстанда активисттердин саны жетеби? Же болбосо ошол эле коомдук көзөмөлдүн сөзүнө өкмөт башын ийчү беле.
Жүзгө жакын чет өлкөлөрдөн грант алып, иш алпарган активистер бар, аларда дагы тууганчылык деген маселе жатат. Булар деле өз тууган-туушкандарын жумушка алуу менен өз кызыкчылыктарын аткарышат. Ошондой эле министрликтердин тапшырмасын аткарып жүргөн коомдук бирикмелер дагы жок эмес, алар деле паракорчулук жолу аркылуу кызмат орундарын таап берүү менен алек. Ал эми жаңы ачылган коомдук бирикмелерге грант алуу өзүнчө эле тозок, грантты дагы эски карышкыр лидерлер көзөмөл кылып, жаңы чыккан лидерлерге грант бердире койбойт, булар өзүнчө эле уюшкан чоң мафия, кекиртектеринен миллиондор гана өтөт. Мисалы 2003- жылы Рыскелди Момбеков экөөбүз, Рамазан Дырылдаевдин миллиондогон долларды жеп алганынын бетин ачып, чет өлкөлүк донорго тастыктап бергенбиз, бирок тилекке каршы алардын кызыкчылыгы тетири чыкты, себеби чет элдик донорлор колдоо көрсөтүп, иштеп берип жаткан адамы колдоп, өз коргоосуна алуу экен. Көрсө "бекер акча капканда" дегендей, Р.Дырылдаев ЦРУнун тымызын заказын аткарып турган экен да.
Жакында "Кызыл Ай" коомунда чыр-чатактар болуп өттү, ал жерде деле миллиондорду жеп жаткандарынын чети билинип калып. "Кызыл ай коому" мурун Саламаттыкты сактоо министрлигине караган заңгыраган Эркиндик бульварына караган имаратты менчикке чыгарып алганы да таң калыштуу. Мына каякта жатат иттин өлүгү. Заңгыраган имаратты жөн эле коомдук бирикмеге карматып койгондун артында коррупциянын жыты жыттанган жокпу? Муну териштирген прокуратура кайда, Саламаттыкты сактоо министрлиги кайда, мүлкүн алдырып койгон? Ушундай коррупцияга малынган "Кызыл ай коомун" колдогон чет өлкө өзүнүн былык ишин чукумак беле, кайра эле иштетип жатат.
Коомдук лидерлердин да өз кызыкчылыгы бар, алар деле баласын же туугандарын жумуш орундарына орноштурууга умтулат. Экинчи революциядан кийин канчасы жүгүрүп жүрүп, жумушка орноштуруу менен алек болуп акчалуу болду. Ишенген кожолоруң кылмыштуу иштерге барып жаткандан кийин, бул жактагы эл кайда барат? Ошондуктан коомдук көзөмөлсүз эле бийлик башындагылар мыйзамдуу иштөөлөрү керек. Калп эле "коомдук көзөмөл бар",- деп эптеп элди алаксытып туруп, уурдоого өз трамплинин түзүп койгонуна таң каласың. Эгемендүү мамлекет болгондон кийин мыйзамды сыйлоо керек, мыйзам үстөмдүгү менен иш аткарылууга тийиш, мыйзамдын кулу болуубуз абзел. Эгерде бийлик башындагылар мыйзамды коргой албай, коомдук лидерлер менен биргеликте көзөмөл кылалы деп жатышса, анда бийлик өзүнүн жөндөмсүздүгүн көргөзүп жатканы деп бааласак болот.
Энергетика тармагына көзөмөл жүргүзүп жаткан коомчулукту, ушул эле А.Шадиев кууп чыгып, анан радиоактивтүү көмүрдү алып келбеди беле. Кан какшап гезит беттерине жазсак дагы, Башкы прокуратура эч көзөмөлгө алган эмес. Демек "кемигинде дагы, керкисинде дагы" бар дегендей, мамлекет башчылары жеке чөнтөгүнө келгенде, бири-бирин эзели сатпайт. Анан дагы ушу бети жок бийликти колдоп чыккан адамдарга күйөсүң. Деги биз мыйзамдуу мамлекет кура алабызбы? Шумдугун кургурдуку, эми, Аида Салянованы жарандык коом коргой баштады, кайсы мамлекетте башкы прокурорду жарандар коргочу эле?! Мына ушул баш айланткан иштердин баардыгын кышмыштуу коом десек жанылышпайпыз. КР Башкы прокурорунун жарандык коомдон жардам сурап, кызматын сактап калгысы келгени өзүнчө ШОК болуш керек. "Боло берет турмушта, особенно кыргызда" деген шыкак кеп бекеринен айтылып калбаган чыгар. 100 күндүк милдеттеме алган өкмөт башчысы иш алдыга жылат деди эле, жыйырма жыл мурда кандай болсо, бүгүн деле жашоо-турмуштун онолуп, же бир реформа болгонун көргөн жокпуз. Каржы полициясын болсо жойдук демиш болушуп, атын эле өзгөртүү менен кайра эле кызмат орундарды соодалап жатышат. Ал эми жумуш орундарынын наркы баасы өйдө көтөрүлүп, башчылар акча жасоонун аракетинде жүрүшөт. Мыйзамдуу мамлекетти орнотууга бир дагы бийлик башындагылардын иш аракетин көрбөдүк, экономикабыз болсо өйдөлөбөстөн, артка кетип, күндөн-күнгө чөгүп баратат.
Ал эми сот системасын реформалоону эки жылдан бери аяктай албай жатабыз. Коомдук телевидение кылабыз деп, КТРды көзөмөлдөө кеңешин шайлашты, бул шайлоодо жалаң гана өз кызыкчылыгын ойлогон карт бөрүлөр өтүп, чынчылдар аркада кала берди. Же ИИМ, же прокуратура реформа болгон жок, эски чапанды жыртык бойдон кийип алгандарына сүйүнүп жатышат. Биз коррупция менен күрөш жүргүзүп жатабыз деген маектерди байма-бай беришет экен дегеле, акыры бары бир жыртык бүтөлбөй, эч натыйжа чыкпай жатпайбы, аттиң.
Эми темир жолду кытайлыктарга салдырабыз деп жанталашып жатышат, анализдеп көрсөңөр, пара берген жагынан кытайлыктар биринчи орунга чыгат го. Эгерде кытай пара бербесе, Кыргызстанда коррупция эчак эле токтомок. Кытай мамлекети азыр, ушул тапта Кыргыздын экономикасынын 40% ээлейт. Кен байлыктарыбызды болсо акырындык менен алып келе жатышат, согушсуз экспанция деген ушу, бул алсыз бийлик элди кырылган кара кытайга кул кылып берээри да бышык.
Таласта атайын элди кубалашканы, түштүктөн чыккан саясатчылар Бишкеке митинг жасаса ушундай эле кубалап салабыз дегени эмеспи. Анткени, бийликтин колунда элдик кошуун, чоң топ бар, алардын лидерлерине анда санда тамак уюштуруп берип турушат, жыйын кылып анча мынча сый урматын көргөзүп колдон чыгарбайт, элге карама каршы айбат көргөзгөнгө ынгайлуу, бирок бул деле убактылуу десек жанылышпайбыз. Убакыт-сааты келсе эл деген сел болуп кетсе, элдик кошуун эчтеке кыла албайт.
Оппозицияга эч бир тийешеси жок, жаңы чыгып келеткан "Кыргызстан жаңы күчтөрү" кыймылын, келечекте патриот боло турган, жаңы саясатчылардын абройун тебелеп, шагын сындырганы, бийликтин жаңылганы болуш керек. "Темирди канча суутса, темир ошончо курчуйт" эмеспи.
Монгол президенти: "демократия такай жаш баладай, анын жалаягын такай тазалап жүрүш керек, ал басканда бат эле жүгүрүп кетет, бийлик токтото албайт". Ачуу чындык, бул курч көз караш дал биздин мамлекетибизге, өлкө башчыларыбызга карата айтылган ачык сын эмеспи.

Качкын БУЛАТОВ,
укук коргоочу





maidan_kg

2-май, 2012-жыл






??.??