Шайды оодарган шайлоо

Сокулук качанга чейин солкулдайт?



Сокулук районунда үч айдан бери аким шайланбай, шайлоо өнөктүгү саясий шоуга айланды.

Аким болуу үчүн учурда беш талапкер чамданып жатат. Булардын арасында мугалимдик жана врачтык кесип менен алектенгендер бар. Аларды шайлоого жашыруун добуш берүүчү райондук кеңештин депутаттарына учурда саламаттыкты сактоо министрлиги менен билим берүү министрлиги кысым көрсөтүп жатса, ал эми үчүнчү жактан СДПКнын координатору Тайырбек Сарпашов мурда "Республика" партиясында жүрүп, кийин анын башын аттап, СДПКнын койнуна кирген Күчүковту шайлагыла деп сыпайы суранычын билдирген.

Көйгөй

Жаңы конуштардын эли жай албайт



53 миңден ашуун адам жашаган Бишкектин айланасындагы 11 жаңы конуштун, мунун ичинде "Калыс-Ордо", "Ак-Бата", "Ак-Жар", "Теңдик", "Мурас-Ордо", "Келечек", "Алтын-Казык" айылдарынын тургундары бийликке кайрылуу жолдоду.

Үстүдөгү жылдын 13-апрелинде бул аймактардын эли Борбордук таштанды төгүүчү жайды жабуу талабы менен митингге чыккан. Алар ошондой эле Шаар башкармалыгынын жеке менчик турак жайларды куруу департаментинин 2012-жылдын 3-мартындагы жеке турак үйлөрү курулган жер тилкелерин менчикке өткөрүү боюнча долбоорун жараксыз кылуу талабын коюшкан. Бирок, Биринчи май районунун акими А.Алиевтин буйругу менен милиция кызматкерлери элге чабуул кылып, көтөргөн плакаттарын айрып, эки аялга кол көтөрүп, жыйынды токтоткон.
"Ал эми 23-апрель күнү эл кайрадан Өкмөттүн алдына чыгып, тынчтык митингинен тарап баратканда Уюштуруу Комитетинин төрагасы Кыдырма Абакировтун машинасын милиция кызматкерлери токтотуп, "машинаны уурдай качкан" деген жалган жалаа менен камакка алып койгон. Андан соң ага "жер сатып акча алды" деген айып тагышкан. Мунун бардыгын шаардын мэри И.Өмүркулов менен Бишкек ДЖИСтин начальниги С.Болотбеков уюштуруп жатат" деген сөздөр бар" - деп жазылган 100дөн ашуун адамдын колу коюлган кайрылууда.

Ишине жараша...

Компьютерде иштесең...



Компьютер жана ксерокөчүрмө техникасы менен иштөө өтө зыяндуу жана оор эмгек шарттарга кирмекчи.

Мындай токтомдун долбоорун "Өзгөчө шарттарда колдонуулуучу эмгек маяна жөнүндөгү" токтомго кошумча катары Жаштар, калкты иш менен камсыздоо жана Эмгек министрлиги токуган. Алар тийешелүү нормаларга жана нормативдерге ылайык келбеген иш орундарын аттестациялоо жүргүзүп көргөн соң ушундай чечимге келишкен.

Жер-көр-упция

Башкы архитектуранын жасалма схемалары



"Бишкектин мэри кытай өндүрүшүнөн чыккан жасалма швейцариялык кол саат тагынат экен" деп шаардыктар бекер эле таң калышыптыр. Көрсө, бүтүндөй Бишкекти курулуштардын жасалма схемалары каптап кетиптир.
Бишкектин Ленин районундагы жеке курулган имараттардын алмашып кеткен схемаларын текшерүүнү жыйынтыктап жатып, өткөн аптада Жогорку Кеңештин жумушчу тобу отчёт кылды. Айталы, Абдрахманов көчөсүнүн түштүк-батышындагы (Кытай, АКШ элчиликтеринин ж.б., өлкөдөгү эң кымбат жер тилкеси ушул жерде) курулуштардын схемасы жасалма экен. Депутат Роман Шиндин айтымында, УКМК сураган маалыматка Бишкекбашкыархитектура 2011-жылдын 9-августунда бир схеманы жөнөтсө, ушул эле жылдын декабрында буга кошумча 16 жер тилкеси киргизилген жаңы схемасы пайда болгон. Эң кызыгы, аты-жөнү жана кол тамгасынын ордунда "А.Капаров" менен "О.Абдыкадыров" деп жазылып, схеманын датасы 2005-жыл деп белгиленип турса, буга 2010-жылдын үлгүсүндөгү мөөр басылган. Ушунун негизинде А.Капаров Бишкекбашкыархитектуранын начальнигинин орун басары кызматынан алынган. Эми укук коргоо органдары аталган мекемеде эбактан бери иштебей калган адамдын колу коюлган схемалардын жасалма же түп нуска экендигин аныктай алаар бекен? Айтымда, бул схемалардын үстүндө мафия шугулданган. Ушундай эле схемалар баш калаанын башка райондорунда, мисалы, "Арча-Бешик" жаңы конушунда да орун алган.


Калыстыктан тайганда

Бир күндө эки башка чечим чыгарышкан



Жогорку Соттун судъялары Р.Э. Эсенгулова, С.М. Крицкая жана Б.Т. Жаманкуловалар 2011-жылдын 27-май күнү эле бир иш боюнча соттук териштирүү жасап, эки башка чечим чыгарып салышкан.

Ысык-Көл облусунун Тоң районунун борбору болгон Бөкөнбаев айылында орун алган "Кырчын" аталышындагы дүкөн бир топтон бери талашта жүрүп, ар кайсы инстанциядагы соттордон өтүп, акыркы чекитти Жогорку Сот коймок. Акыркы чечимди калыстык менен чече турган Жогорку Сот калыстыгынан танган. Себеби, "Тоң" кооперативинин төрагасы К. Алишеров С. А. Мойноковадан 10 566 сом өндүрүп берүүнү жана аны жогоруда аталган дүкөндөн мажбурлоо жолу менен чыгарууну сураган. Анткени, түзүлгөн келишимге ылайык, дүкөндү ижарага алып жаткан Мойноковага имараттын ички жана тышкы инвентарларын, жабдууларын, складды, анын жабдууларынан бери берген. 1,2 квадратына 360 сом, 3,4 квадрат метрине 400 сомдон айдын 25- күнүнөн калтырбай берүү каралган. Эгерде, өз мөөнөтүндө төлөй албаса 1 пайыз туум кошулуп турмак. Келишим 2010-жылга чейин түзүлгөн. Келишимдин талаптары аткарылбагандыктан сотко кайрылууга К.Алишеров мажбур болгон. Бирок, мындай болгондугуна карабастан С.А.Мойнокова сотко утурлама доо арыз менен кайрылып, 2004-жылы түзүлгөн дүкөндүн ижара иштери боюнча түзүлгөн келишимин жокко чыгарууну жана "Кырчын" дүкөнүнүн чыныгы ээсин таап берүүнү сураныптыр.
Ошентип, Жогорку Сот бир күн ичиндеги чыгарган бир токтомунда Мойнокованын ижара келишимин сураганы канааттандырылбай калса, экинчисинде Мойнокованын да Алишеровдун да суранычтары жарым-жартылай канааттандырылып калган.


Жеп-түгөткүр

Миллиондорду жымырган Бекбоев



Өкмөттүн социалдык жана гуманитардык өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысынын орун басары Аскар Бекбоев мурунку кызматынан миллиондорду жымырган.

Мындай билдирүүнү И.Арабаев атындагы КМУнун жамааты жана жарандык демилгелер координациялык кеңеши тараткан.
Билим жана илим министрлиги тарабынан 2008-2010-жылдагы каржы иштерин текшерүү маалында миллиондогон акча каражаты мыйзамсыз пайдалангандыгы тастыкталган.
Ал кайрылууда 2005-жылдан 2010-жылга чейин аталган окуу жайдын ректору болуп турган кезде ЖОЖду үй-бүлөлүк бизнеске айлантканы жазылат. Ошондой эле кадр маселесин жалаң жердешчилик, тааныштык багыт менен чечкенкендиги, студенттерден түшкөн каражатты жеке өз кызыкчылыгына жумшап, эмгек жамааттын маянасын жасалма жол менен төмөндөтүп, ал тургай 3-4 айлап эмгек акылары берилбей кечиктирилген. Ал эми ректордун кылгандарын ачыкка чыгарууну көздөгөн кызматкерлерди куугунтукка алып, айрымдарын ээлеп турган кызматтарынан алганга чейин барган. Мындайга чыдай албай, аталган университеттин эмгек жамааты 2010-жылдын 15-апрелинде А. Бекбоевди ээлеген кызматынан кууп чыгууга аргасыз болгондугу айтылат.
Билим берүү жана илим министрлигинин текшерүүсүндө, 2007 -2008 жылы офистик эмеректерге кете турган акчадан 636 миң 276 сомду ортодон өөнөгөндүгү такталган.
Университеттин окуу-инспекциялык бөлүмүнүн башчысы Э.Н. Султаналиева 2007-2009-жылга кызматкерлердин эки жакка практикалык иштерге чыгууда да катачылыктарды кетирген. Анда негизсиз, эч кандай документсиз 469 миң 305 сомду короткондугу тастыкталган.
2010-жылы профессор-мугалимдер курамынын айлыгы 4241 сом берилип келинсе, план боюнча бөлүмүнүн башчысы А. Жаманкулова 22 миң 581 сом, башкы бухгалтер 25 миң 957 сом айлык алып турушкан. Мына ошентип, мыйзамсыз ар кандай булактардан көп суммадагы акчаларды алып турганы аныкталган.

www булактарынан




maidan_kg

2-май, 2012-жыл






??.??