Апталык астротөлгө


КОЙ (21.03-20.04)
Бул аптада ишиңизде жоопкерчилик жана тактык талап кылынат. Абройлуу бийлик адамы менен чырдашып калбоо үчүн сүйлөөр сөзгө этият болуу керек. Апта аягында убактыңызды өзүңүзгө же кайрымдуулук иштерге жумшаганыңыз жакшы.

БУКАЧАР (21.04-20.05)
Жуманын башталышында достуктун аягы сүйүүгө айлануусу мүмкүн. Үй-бүлөлүүлөр балдарын циркке же сейил багына алып барып, алардын эсинде каларлык күн тартуулоосу ыктымал. Жума аягында алыстан жагымдуу кабар угуп, жакшы эс аласыз.

ЭГИЗДЕР (21.05-21.06)
Бул аптада мончого же бассейнге барууну пландаган болсоңуз, аны ишке ашырыңыз. Бул жакшы энергия берип, чыйралтат. Ал эми ишемби жана жекшемби күндөрү жаракатка кабылуу коркунучу чоң болгондуктан, спорттук мелдештерге катышпаганыңыз оң.

БӨЙӨН (22.06-22.07)
Саякатка же кечелерге чакыруулар болушу мүмкүн. Ойлонбой макул боло бериңиз, аягы жаман болбойт. Жума аягында сүйүктүүңүз менен келечекти пландоо сизге ырахат алып келет.

АРСТАН (23.07-23.08)
Жылдыздар сизге бул жума энергияңызды көп коротпоого кеңеш беришет. Болбосо карьераңыздагы жана башка иштердеги максатыңызды орундатууга күч калбай калат. Жакын туугандар менен араздашып кеткендер үчүн мамилени калыптандырууга ыңгайлуу учур.

БИЙКЕЧ (24.08-23.09)
Саякаттоого, диний маалыматтар жана улуттардын салттары менен таанышууга эң сонун учур. Жуманын ортосунда эс алуучу жайларга баш багып, бир топ акча коротууңуз мүмкүн. Чоң иш кылууда жакындарыңыз менен кеңешүүнү унутпаңыз.

ТАРАЗА (24.09-23.10)
Көптөн бери чечилбей келген маселелер чечилет. Аптанын башында жагымдуу кабар угасыз. Тездик менен чечим чыгаруудан сак болуп, бир аз убакыт күткөнүңүз абзел. Жума же жекшемби күнү кымбат баалуу эмерек же тиричиликке керек болгон буюм алууңуз ыктымал.

ЧАЯН (24.10-22.11)
Кесиптештериңиз менен мамилени жумушта гана эмес, жеке мамилелер жаатында да бекемдей аласыз. Апта ортосунда эмоцияга алдырчу окуялар чыгат. Буга айланадагы кошуналарыңыздын таасири чоң болот. Неси болсо да өзүңүздү колго алганыңыз оң.

ЖААЧЫ (23.11-21.12)
Жуманын башталыш күндөрү ден соолугуңузга кам көрүңүз. Көнүгүүлөрдү жасап, массаж жасатууга да болот. Белек же башка буюм сатып алуу үчүн сүйүктүүңүз менен акча жаатында талашпаганыңыз оң. Үй жумуштарына көңүл буруп, оңдоп-түзөөгө убакыт бөлүңүз.

ТЕКЕЧЕР (22.12-20.01)
Жуманын ортосунда сизге тиешеси болбогон ишке баш оорутпаганыңыз оң. Айрыкча бул туугандар ортосундагы мамилеге байланыштуу. Жакындарыңызды сюрприздер менен кубантам десеңиз, баары ойдогудай болоруна ишенип, ишке өтүңүз.

СУУ КУЯР (21.01-19.02)
Аптада үй-бүлөнүн камын ойлоо биринчи орунга чыгат. Дачада же бакчада иштөө сизге жакшы маанай тартуулайт. Каржылык тартыштыкты чечүү үчүн досторго кайрылууңуз мүмкүн.

БАЛЫК (20.02-20.03)
Апта башында сизди жолугушуулар күтөт. Жуманын жарымында туугандарыңыз жакындарыңыз ортосундагы каржы маселелерин чечип алууңуз керек. Бул учурда эмоцияга алдырбоону жылдыздар сунушташат.