Караколдун жолдору качан оңдолот?


Ала-Тоонун бермети аталып, дүйнөгө аты даңкталып жүргөн касиеттүү Ысык-Көлдүн борбору Каракол шаарынын жолдорунун абалы зээн кейитет. Маалыматтарга таянсак акыркы жолу өткөн кылымдын 86-жылы акыркы жолу жолдор капиталдык оңдоодон өткөрүлгөн. Андан бери кылым алмашып, 26 жылдын жүзү болсо да облус борбору Каракол шаарында бир да жолу жол оңдолбоптур. Өткөн жылдагы Ысык-Көл көчөсүндөгү бир чакырым жол оңдолгонун эске албаганда калаада дээрлик жол оңдолбой бүгүнкү күнгө дейре жол көйгөйү созулуп келүүдө.
Болуп өткөн эки жолку бийлик алмашуунун түпкү маңызы да дал ушул жол өңдүү эл көйгөйлөрүнүн чечилбей келгени. Албетте, азыркы эл мүдөөсүн аткарабыз деп келген бийлик аракеттерди көргөндөй болуп туюлганы менен чечкиндүү иштердин натыйжасы көрүнө элек деген коомдо пикирлер айтылып келүүдө. Биз бүгүн жол көйгөйүн көтөрүп жаткан Каракол шаарынын "Дорожник" жол оңдоо мекемесинин жол оңдогондон сырткары дагы ички түркүн түстүү көйгөйлөрү көмүскөдө жатканын байкоого болот. Андыктан маселенин ак карасын мекеменин өзүндөгү болуп жаткан ички маселелери аркылуу чагылдырууну туура көрдүк. Алгач мекеме жетекчиси Илимбек Кожобеков бул маселелерге карата оюн билдирген. Төмөндө аталган мекеменин жетекчилиги жана жумушчулар ортосундагы талаш-тартыш маселелерди алардын ойлору менен бермекчибиз.

- Илимбек Нурдинович, Ысык-Көл дубанынын борбору Каракол шаарынын жолдорунун бүгүнкү абалы аянычтуу. Тармактын жетекчиси катары кепти көкөй кескен көйгөйлөрдөн баштасаңыз?
- Облус борбору Каракол шаарынын ички жолдорунун жалпы узундугу 195 чакырым болуп эсептелет. Бул жолдордун 65 чакырымы асфальт төшөлгөн, калган 125 чакырымы шагыл төшөлгөн жолдор. Моюнга алыш керек, Советтер Союзу таркатылгандан бери карай шаарда бир да жолу жолдор капиталдык оңдоодон өткөрүлбөгөн. Өткөн жылы алгач ирет шаардын Ысык-Көл көчөсүндө бир чакырым аралык биздин мекеме аркылуу капиталдык оңдоодон өткөрүлгөн. Сиз суроону туура коюп жатасыз, анткени шаар туризм менен аты чыккан касиеттүү Ысык-Көл облусунун борбору. Андыктан анын жолдору ошончолук дүйнөнү суктандырган атына жараша заты дагы заманбап болушу керек эле. Арийне, башында айтылгандай эгемендүүлүктүн жыйырма жыл ичинде өлкөбүздөгү олку-солку саясий кырдаалдардан жана экономиканын жан кейиштүү абалынан улам бир да жолу жарытылуу жолдорду оңдоо болбой келгендиги өкүнүчтүү. Эми өткөндү жамандап, өткөнкүгө баардык шылтоолорду шыноологонду токтотуп, шаарыбызда заман талаптарына ылайык, келген меймандардын көңүлүн көтөргөн деңгээлде жолдорубузду оңдоо мезгили келди. Анын үстүнө апрель революциясынан кийинки эл мүдөөлөрүн орундоону максат кылган жаңы бийлик бул багытта чечкиндүү кадамдарды жасайт деген үмүттөрүбүз бар. Анткени жергиликтүү бийликтин биз айткан деңгээлде жолдорду оңдоого мүмкүнчүлүгү чектелүү. Ошондуктан мамлекеттик деңгээлде облус борборунун жолдорун оңдоого көңүл бурулуусу учурдун кечиктирилбес маселелери десем жаңылыштык болбос.
- Учурда эмне иштер жасалууда жана быйыл көзгө көрүнгөн кандай иштер аткарылат?
- Азыркы учурда шаардын көчөлөрүн мурунку асфальт жолдордун бузулган жерлерин түзөп, жамоо иштерин баштадык. Иштерибиздин бир аз кеч башталып калганы тендердин жыйынтыгына такалды. Тендерден утуп алганыбыз менен каражаттын бир бөлүгү жакында эле колубузга тийди. Болгон мүмкүнчүлүктөрүбүзгө жараша жолдорду оңдоону уланта бермекчибиз. Мындан сырткары, бул жылга жолдорду оңдоого эки жүз миллион сом каражат сурап, кайрылганбыз. Азырынча бул маселе өкмөт тарабынан кандай чечилээри белгисиз бойдон турат.
Ал эми өткөн жылы Масалиев көчөсүн капиталдык ремонттон өткөрүүнү баштаган элек, бирок аягына чыкпай калган. Демек, ушул көчө толук бойдон бүткөрүлгөнү турат. Ошондой эле бир чакырым эки жүз чарчы аралыктагы Элебаев, бир чакырым аралыктагы Тельман көчөлөрүн капиталдык оңдоодон өткөрүү пландары бар.
- Жумушчулардын маяналары боюнча арыз-дооматтары бар экен. Буга эмне дейсиз?
- Ооба, жумушчуларыбыз айлык акыларыбыз аз дешип, нааразы болуп жаткандыктары чындык. Бирок, биз жетекчилик тарабынан колдогу бар мүмкүнчүлүктөргө жараша жумушчулардын айлык маяналарын көтөргөнгө ар дайым далалаттанып келебиз. Тилекке каршы, жетиштүү каражаттарды чогулта албай жаткандыгыбызга байланыштуу алар талап кылган деңгээлде маяналарын жогорулатууга мүмкүндүк болбой жатат. Мекеменин бир гана айлык берүү менен маселеси түгөнсө кана, андан сырткары толгон токой көйгөйлөрдү чечүүгө мажбурбуз. Ошого карабай бүгүнкү күндө жумушчулардын айлыгын отуз пайызга көбөйткөнгө жетиштик. Башында айткандай максаттарыбыз орундалып, каржы маселелерибиз ойдогудай чечилип калса, жай айында дагы маяналарды көтөрүү планын койгонбуз.
- Дагы айтайын деген кандай ойлоруңуз бар?
- Учурдан пайдаланып, айта кетейин дегеним биз жол оңдоочулар жасаган иштерибиздин жыйынтыгы көрүнбөй калбаса дейбиз. Анткени жолдорду оңдогон менен шаардын сугаруу тутумдары иштен чыккан, жаңы курууну талап кылгандары бар. Быйылкы кышта эле көрүнүп калбадыбы, суугаруу тутумдарынын иштен чыккандыгынан улам шаарды суу каптап, жолдорду бузулууга алып келди. Бир катар көчөлөрдө жолдор суу каптоодон талкаланды. Айтайын дегеним, жолдорубуз сапаттуу жана бекем болушу үчүн биринчи кезекте сугаруу, суу өткөрүү тутумдары талапка жооп бергидей жасалыш керек. Ар бир нерсе майдадан башталат эмеспи. Ошондуктан майда, бирок, маанилүү мындай бирине-бири тутумдаш иштерди туура жүргүзсөк, анда төрт-беш жылдын ичинде калаа биз күткөн сүймөнчүлүккө, көрккө келээри бышык.





Караколдун жол көйгөйү тууралуу ар кимде ар кандай пикир бар. бирок, анын чындыгы үч себепке байланган. биринчиси - шаар элине сапаттуу жол, экинчиси - жол оңдоочуларга татыктуу маяна, үчүнчүсү - мекемеге жетишээрлик каражат

Т. Айсаров, жол оңдоо
мекемесинин жумушчусу:
Мен 4 жылдан бери бул мекемеде иштеп келе жатам. Кептин башында эле маселе жөнүндө айтканым туура болот. Анткени, эки жылдан бери биздин жетекчибиз мына-мына айлыкты көтөрөбүз деп эле келе жатат, бирок, эч кандай натыйжа боло элек. Мына өзүңүз деле көрүңүзчү, базарга барсаң баалар баштан ашат. Ал эми алган айлыгыбыз болсо чеке жылытпайт. Биз үй-бүлө багышыбыз керек. Маянабыз үй-бүлөбүздү бакканга жетпеген соң, кандай иш жөнүндө айтууга болот. Ал эми жасаган ишибиз боюнча айтсак, ишибизди өз убагында баштаганга жанагы тендер деген бир нерсеси тоскоол болууда. Ишибиз тендерден өтүп, анын жыйынтыгы келгенче жолду оңдоо убактысы өтүп кетүүдө. Андан сырткары келген битум жана башка каражаттарды арзан баада сапатсыз алышууда. Ошондой сапатсыз каражатты колдонуп, оңдогон жолдорубуз көпкө деле жетпейт.

А.Жолдошалиев, жол оңдоо ишинин устаты:
Эң башкысы сапаттуу жолду оңдоо үчүн ошончолук көп каражат керек. Мынакей бүгүн шаарга 4000000 сом каражат берип жатышат, бул алынган каражатка эч канча деле жумуш бүтүрүүгө мүмкүн эмес. Азыркы реалдуу баа менен алганда бир чакырым жолго 15000000 сомго чейин каражат керектелет. Ушундай каражат болсо жолду заман талабына ылайык оңдосо болот. анысы аз келгенсип тендер жарыялаганы өтө туура эмес, ачыктап айтканда тендер бул коррупцияга жол ачат дегендикке жатат. Анын үстүнө тендерден өткөнүбүздө жыйырма тогуз сом элүү тыйын деп бааланган. Бүгүн болсо баалар отуз беш сомду чапчыды. Ортодогу айырманы бизге ким берет да, аны кайсыл каражаттан толуктайбыз. Ошондуктан жок эле дегенде тендер сыяктуу ашыкча түйшүктөрдү алып эле каражатты түздөн-түз өзүбүзгө берсе, ошончолук сапаттуу жолдор оңдолмок жана жумушчуларыбызга татыктуу маяналар төлөп берилмек. Ошентсе да биз жумушубузду жасап жатабыз. Бирок, элдердин бизди жол оңдобой жатат дегенине кошула албайм. Жогорудагыдай тоскоолдуктардан улам биздин жасаган ишибиздин жыйынтыгы көрүнбөй калып жатат. Негизинен мүмкүнчүлүк болсо, жыртык-тешиктерди жамап олтургандан көрө толук бойдон капиталдык оңдоодон өткөргөн оң болмок.

Т.Жапаров, прораб:
Бул мекемеде иштегениме 17 жылдын жүзү болду. Өткөн жылдан тарта алгачкы ирет капиталдык оңдоолор башталды. Бирок, каражаттын тартыштыгынан улам узун аралыкта капиталдык оңдоолорду жүргүзгөнгө мүмкүнчүлүк болбой жатат. Негизинен жолдорду жамап-бүтөө жумуштары менен чектелүүдөбүз. Ошол жамаган жолдорубуздун узак убакытка жетпей тез эле бузулуп кетип жатканы бизди өкүндүрөт. Анткени алынган жол оңдоо үчүн каражаттардын сапаты төмөн болууда. Мунун себеби, өзүбүздө жол оңдоо каражаттары өндүрүлбөйт. Ал сырттан сатылып келингендиктен кымбатка түшүүдө. Алынган каражаттарды кабыл алууда комиссия менен алуу болбогондуктан арзан, сапатсыз битумдар алынып жатат. Буга албетте, өзүбүз күнөөлүбүз. Анткени жана жогоруда жумушчулар баса белгилегендей тендер сыяктуу бизди жипсиз байлап койгон тоскоолдуктар бар. Ошондуктан бул иштерди жоопкерчиликти өзүбүз алып жаткан соң, түздөн-түз өзүбүз чечип, эч кандай тендерсиз эле каражатты алып, комиссиянын негизинде товарды тастыктамасы боюнча алсак, анда ишибиз пайдалуу жана натыйжалуу болмок.

Улан Калчаев, жумушчу:
Бизге эң биринчи айлык акыбызды көтөрүп берсе жакшы болмок. Азыркы күндө алган айлыгыбыз бүгүнкү күндүн жашоо талабына жооп бербейт. Базарда баалар асмандап кеткен. Биз эми жыргаганыбыздан иштеп жаткан жерибиз жок, үй-бүлө багалы деп жатпайлыбы. Ошол үчүн жумушчулардын негизги койгон талабы, биринчи кезекте айлыктарды көтөрүү болуп жатат. Сезон учурунда алган айлыгыбыз беш миң сомго жетпейт. Мындай учурларда эки миңге чейин айлык алабыз.

М. Асаналиев, жол оңдоо боюнча устат:
Негизинен шаар тургундары айтып жаткан көйгөйлөр туура. Өткөн жылкы кыш оор болгондуктан жолдор абдан жараксыз абалга келди. Шаардын көп көчөлөрүндө машина айдамак түгүл жөө жүргөнгө кыйын болуп калды. Эл дагы ошондон улам арызданып жатышпайбы. Бирок, бул маселелерди ойдогудай чечүү үчүн биздин колдон келбейт. Ал эми алыбыз жетишинче жасап жатканыбызды өзүңүздөр дагы көрүп жатасыздар, эптемейдин иши да. Жамап-жумап коюудабыз. Бул ишибиз эртең бир жаан жаап, унаалар өткөндөн кийин көрүнбөй, мурдагы абалына келип калат. Ойдогудай болуш үчүн толук бойдон капиталдык оңдоодон өткөрүү керек. Дагы бир маселе тендер боюнча болууда. Өткөн жылкы мисалды айтайын, калаадагы Карл Маркс көчөсүн капиталдык оңдоодон өткөрүү боюнча тендерден биз белгисиз себептер менен өтпөй калды. Бишкектен башка фирма утуп алып, жыйынтыгында биз акчасыз калдык. Ал эми тендерди уткан фирма болсо жыргатып деле жумуштарды бүткөргөн жок, аягына чыкпай токтоп калды. Менин жеке пикиримде тендери жок эле каражатты биздин мекемеге берип, жолду өзүбүз оңдосок, салыктардын баары шаарыбызга калып, ал эми аткарылган иш дагы натыйжалуу, сапаттуу болмок.

Даярдаган А.Нарбаев.
Бишкек-Каракол-Бишкек