Басма сөзгө чабуул

"Майдан.kg" - Атамбаев&Бабанов бийлигинин куугунтугуна тушугуп...



Жалал-Абадда бирден-бир оппозициялык гезит саналган "Майдан.kg" гезитинин бийлик тарабынан куугунтукка учурашына байланыштуу коргоо комитети түзүлдү. Окурмандар комитет төрагалыгына белгилүү тарыхчы-окумуштуу Гыламидин Абдырахмановду шайлашты.

Басма сөзгө болгон кысымдын арты эмне менен бүтөөрүн Кыргызстандын эгемен тарыхынан жакшы эле билип калганбыз. Учурунда "МСН" гезити Айдар Акаевдин Кыргызстанды кантип курутуп жатканын сандан-санга жазып, куугунтукталганда, өздөрүн патриот ойлогон коомдук ишмер, укук коргоочулардын бири да эркин гезитти коргогон эмес. Бул "МСНга" чейин алар "Вечерний Бишкектин" түбүнө жетишкен, аны Сан Санычтан тартып алышып, Осмонакун Ибраимов айткан "Кыргызстандын бүт күйөө баласы" Адил Тойгонбаевге тартуулашкан. Бакиев андан алыс кеткен жок, "Форум", "Алибини" дүңүнөн өрттөп, басмаканадан бастыртпай... Бул эки жетекчи тең качып кетти. Анткени, элдин нааразычылыгынын уюткусу дал ушул сөз эркиндигин муунткандыкта жаткан.
Азыркылар алыс кетмек беле. Атамбаев да, Бабанов да ошол эскилердин кадры. Элге чындыкты жеткизген кайсы гезит экенин билишет. Дал ошондуктан, "Майдан.kg" гезитине ар кандай коркутуп-үркүтүүлөр, "...дү кыс, болбосо" деген эскертүүлөрүнө, дүң сатып алып, өрттөп-тыткандарына жооп бере албай, алсыз болуп турабыз. Бизге кемчилигин түз айтканыбыз үчүн ыраазы болобу десек, тескерисинче болуп жатат. Бирок, бийлик акең карт тарыхтын кайталанышын ойлоп да койбоду. Сөздү баалаган кыргызда, сөздү бөлүп-жарып, муунткандын тагдыры жакшы болбойт.
Учурда сөз эркиндигин коргоо багытында бир да кыйын, бир да эксперт сөз айтып чыккан жок. А бирок, ошолор бул багытта грант алып, жыргап жүрүшөт. Бирок, биз, "Майдан.kg" гезитинин эмгек жамааты, элге ишенебиз. Артыбызда эл турганда, эч качан адилетсиз бийликке тизе бүгүп, кызмат кылбайбыз.

"Майдан.kg" эмгек жамааты







maidan_kg

2-май, 2012-жыл






??.??