Керегем сага айтам, ректор сен ук!

Медакадемиянын кайыгы кантип чөгүүдө?



Гезитибиздин өткөн санында "Ректор Зурдиновдун чыныгы жүзүнө кызыгасызбы?" - деген аталышта сын макала жарык көргөндөн кийин, окурмандардан, айрыкча, Медакадемияда билим алып жаткан студенттердин ата-энелеринен көптөгөн ой-пикирлер редакциябызга келип түштү. Биз экинчи тараптын, тагыраагы, Зурдиновдун макалада көрсөтүлгөн фактыларды төгүндөөгө аракет жасаарынан кам санаган эмеспиз. Анын ордуна Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын аппарат жетекчиси Абдыкерим Гапаровдун опурулуп-жапырылып, ойго келбеген кеп-сөздөрдү биздин редакцияга карата багыштаганы таң калыштуу көрүнүш болду. Албетте, аппарат башчынын сөз чабуулу, Медакадемиядагы моралдык-психологиялык климат, коррупциянын карааны тууралуу темага кайрылууга түрткү болду.

Баарынан да, аппарат башчынын өз ректору Ашыралы Зурдиновду колдоп, "силер ыйын кайда айтарын билбей жүргөн бей-бечаралардын проблемасын көтөрбөйсүңөр",- дегени жанды кашайтты. Ошондон улам суроо туулат: качантан бери Зурдинов бечара болуп калган? Экинчи жагынан, "Майдандын" окурмандары биздин ар дайым калыс позицияны тутунуп, карапайым калктын жүрөгүндөгү маселени көтөрүү менен гана алек болуп келе жатканыбызды мыкты билишет. Бир адамдын да болсо тагдырын калчап, өз кызыкчылыгы үчүн куугунтуктап, чындыкты чыркыраткан жетекчи бизге дос эмес. Тилекке каршы, Зурдиновдун да Медакадемия ичиндеги былыктарын эске алганда, анын да адилет жетекчи экенине ишенүү кыйын болуп турат.
Бул жолку аңгемебизди профессор Ашыралы Зурдиновдун И.Ахунбаев атындагы КММАнын ректору болуп дайындалгандан кийин чыккан биринчи чуудан баштоону туура көрдүк. Учурунда бул иш коомчулукта чоң резонанс жараткандыгын белгилеп кетүүбүз керек. Ашыралы акебиз кызматка олтурары менен илимий жана лабораториялык иштер бөлүмүнүн башчысы Гүлзат Үсөнкулованы куугунтукка ала баштаган. Ага кандайдыр деле орундуу себеп болгон эмес. Болгону, анын үстүнөн аноним кат келип түшүптүр. 22 жылдык өмүрүн Медакадемияга арнаган Гүлзат Бактыяровнанын өмүрүндө ошондон кийин чыныгы тозок башталган. Башында Гүлзат айым эчтекени түшүнбөгөнү менен, бара-бара ээлеген орду ректордун өкүл кызы Жылдыз Исаковага керек болуп калганын сезе баштаган. Ар кандай куугунтуктардан кийин, 2010-жылдын февралында Зурдинов Г.Үсөнкулованы чакырып, кызматына татыктуу эмес экенин билдирген. Өз сөзүнө далил катары Зурдинов кызматынан алынып жаткан аялдын КНУнун биология факультетин гана аяктаганын келтирген. Айтор, Г.Үсөнкулованы ректор маянасы аз, эптеген бир кызматка которуп салат да, орду кургай электе өкүл кызын бөлүм башчылыкка дайындайт. Акыйкатсыздыкка күйгөн Гүлзат Бактияровна ошол замат Билим берүү министрлигине кайрылат. Ал жактан түзүлгөн комиссия Үсөнкулованын кызматынан ылдыйлашын туура эмес деп тапкан. Гүлзат Бактияровна кызматына кайра келет. Бирок, ректор өзүнүн өкүл кызын ага орун басар кылып дайындап, тыңчылык иш жүргүзө баштаган. Буга чейин орун басарлык кызмат деги эле болгон эмес. Өкүл кызын алып баруу үчүн Зурдинов кызматтык структурага өзгөртүү киргизген.Ошентип олтуруп, айы-күнү чыгып, 2010-жылдын 28-августунда ректордун буйругу менен Гүлзат Үсөнкулова менен түзүлгөн эмгек келишими узартылбай кала берген. Бул учурда буйрук чыккан адамдын ооруп жатканы да эске алынган эмес. Өз чындыгын издеген Г.Үсөнкулова Октябрь райондук сотуна кайрылып, ал жерден ректорду утуп чыккан. Бирок, Үсөнкуловага эрегишип алган ректор турганда, адилеттүүлүккө орун жок окшойт.
Биз Үсөнкулованын жагдайын мисал катары алдык. Минтип ак жеринен караланып, көчөдө калганы канча. Эми ректор Зурдиновдун кош стандартын караңыз. Медакадемияга бүт өмүрүн арнаган мыкты адисти кууп чыкты. Мейли дейли, ректордун кылганы туура болсун. Бирок, эмнеге ал ушу күнгө чейин 5-курстун студенткасына интимдик байланыш сунуштап, айыбы ачыкка чыккан доцент У.Амираевди кармап олтурат? 2010-жылдын июнунда ректорго 5-курстун студенткасы экинчи жолу арыз жазып, Амираев эгер аны менен интимдик байланыш түзбөсө, зачет койбой тургандыгын билдиргенин баяндаган. Студентка өз арызында көрсөткөн доценттин дагы башка сунуштарын айтпай ак коелу (аны баяндаганда гезитибиздин багыты өзгөрүп кетет). Бул арыздын негизинде Медакадемияда комиссия түзүлүп, 2010-жылдын 15-июнундагы жыйынында доцент Амираевдин КММАнын этикалык кодексине караманча-каршы келген жүрүм-турумунан улам, аны менен түзүлгөн эмгек келишимин жокко чыгаруу чечимин кабыл алган. Комиссия мүчөлөрү Амираевдин 1980-жылы дал ушундай кылыгы үчүн кызматынан четтетилгенин да айтып чыгышкан. А бирок, комиссиянын чечими ректор Зурдиновдун бир түкүрүгүнө да арзыган жок. Доцент Амираев мурда кандай иштеп келген болсо, азыр да ошол калыбынан жазбай, эмгектенип келе жатат. Себеби, Амираевдин ректор менен шилекей алышкан дос, анын айтканынан чыкпаган ишенимдүү адамы экенин бүт Медакадемия билет. Амираевдин кылы кыйшайбай олтурганына башка буга кандай мыкты далил керек? Мына ушундай адамды коргологон ректордун өзү анда кандай жетекчи? Медакадемиянын аппарат жетекчиси бизге опурулгандын ордуна, өз башчысына акыйкат болууга кеңеш бербейби. Айта берсе арман көп, а Медакадемияга байланышкан бардык армандын баары так ушул ректор Зурдиновго барып такалып жатпайбы.
Ушу таптагы Медакадемиядагы жагдайды баарынан да саламаттыкты сактоо тармагын ийне-жибине чейин билген адис Елена Чернышева баяндап берди: "Балык башынан сасыйт деген кеп эзелтен айтылып келе жатат. Мисал катары Медакадемия менен Кыргы-Орус Славян университетин салыштыралы. Эки окуу жай тең медицина кызматкерлерин даярдайт. Бирок, Славян университетинде бул адистик боюнча келип окуган чет элдик студенттер көп. Себеп дегенде, Медакадемияда окутуунун сапаты начар, өйдө-ылдый коррупцияга тушугасың. Бул илдеттен арылмайын, эзелки Медакадемияны көрүү кыйын. Ал жакта дилинен мыкты дарыгер болгусу келген таланттуу студенттер көп. А алардын андай адис болуп чыгуусуна көмөктү окутуучу көрсөтөт. Маалымат каражаттарында байма-бай жазылып жатпайбы, азыр бул окуу жайдан 70тей жалаң наамы жогору адистер кетип калган. Бул кыйроо. Медакадемияда окутуунун сапаты эч качан азыркыдай ылдый деңгээлге түшкөн эмес. Ал аз келгенсип, коррупция бар экени дайыма айтылып келе жатат. Аны студент ачык айта албайт, себеби, айтты дегиче айдалат. Окутуучу, жетекчилик студенттердин муну ачык айта албастыгынан пайдаланат. Экзамен, зачетту акчага тапшырган студент ошондо окуйбу? Баары бир ансыз бүтпөсүн билет, демек, сабакка болгон кызыгуу жоголууда. Мына ушундай шартта даярдалган адиске эртең ден-соолугубузду кантип ишенебиз? Мен андайларга өмүрү кайрылбайм, себеби, алар өлтүргүчтөр".
Өткөн сандагы макалада студент сабактан калса, 57 сом айып пул төлөй турганын сөз кылганбыз. Жума башында "Коррупцияга бөгөт" көрсөтүүсүнө ректор Зурдинов катышып, анын эсебинен айлык акылардын көтөрүлүп жаткандыгын, 8-март сыяктуу майрамдарды өткөзүп келишкенин айтып чыкты. Бул сөздү уккан Медакадемиянын персоналы чындап кыжырланууда. Себеби, аларды мыйзамсыз 11 саат (проректордун буйругу менен) иштеткени аз келгенсип, 57 сомдун эсебинен алардын айлыгын көтөрүп жатканын айтышканы - акыркы чек болду. "Кайдагы кошумча айлык",- дегени көп айтор. Бирок, бири да ачык айта алышпайт. Айтышса, албетте, ректор менен "лично" сүйлөшүүгө туура келет. Билбейбиз, мындай диктатура Бакиевдин тушунда да болбосо керек.
Ошол эле көрсөтүүдө ректор студенттер жатакана акысын арзандатуу талабы менен кайрылганын жокко чыгарды. Студенттердин кайрылуусу биздин колубузда турат. 500дөй студент ректорго жатакана акысы кымбат болуп жаткандыгын, ансыз деле тамак-ашка баа асмандап турганда, арзандатуу жагын караштырууну суранып кайрылыптыр. Ректордун бул кайрылуудан кабары деле болсо керек, чынында. Же ага буга окшогон студенттердин арыз-муңун жеткизишпей, орто жолдон "тындым" кылышабы? Учурда студенттер 1 жатакана орду үчүн айына 950 сом төлөйт. Бир комнатадан окуу жайдын бюджетине 3800 сом түшөт экен ошондо. Салыштырмалуу караганда, Курулуш-архитектура университетинде 1 жатак орун 400 эле сом. Эки окуу жайдын жатаканасы жакын жерде жайгашкан. Анда кантип эле Медакадемияда башка баа да, КГУСТАда башка? Же Медакадемиянын жатаканасындагы полдор алтындан жалатылганбы? Студент контрактысын, кошумча акыларды төлөгөнү аз келгенсип, жатаканага да ушундай жогору баада төлөп бериши керекпи? Баарын студенттердин чөнтөгү менен чечкен ректордун саясатында деги кайсы адилеттүүлүк жатат? Муну укпаса, ректорго дагы бир маселени кулак кагыш кылабыз: студенттер ага суук залдарда лекция угуп, жазып, ден-соолуктары начарлап жатканын айтып кайрылышкан. Же муну да Зурдинов билбей калдыбы? Эмнеге ректор жылуу кабинетте олтурушу керек да, студенттер суук залдарда сабак өтүүсү тийиш?
Ректордун мыйзамсыз бул кызматта олтурганын өткөндө сөз кылганбыз. Эске салсак, өз жарлыгында И.Чудинов КММАнын ректорун "мамлекеттик жогорку окуу жайларынын жетекчилерин дайындоо жана кызматтан бошотуу жобосуна" ылайык дайындап жатканын баяндаган. Ректор Зурдиновго карата жарлык 2009-жылдын 12-мартында чыккан. А бирок, премьер-министр жарлыгында белгилеп өткөн жобо күчүнө болгону 2009-жылдын 13-мартында кирген. Аталган жобону бекиткен өкмөттүн токтомунда так жана даана "Токтом расмий түрдө жарыяланган күнүнөн тартып күчүнө кирет",- деп жазылып турат. Токтом расмий түрдө "Эркин тоо" гезитине 2009-жылдын 13-мартында жарыяланган. Демек, дайындоо мыйзамсыз болгон. Бул маселе боюнча акыйкат издеген адамдар Жогорку Кеңештин Адам укуктары, конституциялык мыйзамдуулук жана мамлекеттик түзүлүш комитетине кайрылып, мыйзамдын бузулган-бузулбагандыгын тастыктап берүүнү өтүнүшкөн. Депутат Эркинбек Алымбеков жетектеген комитет болсо Конституциялык палатанын түзүлө электигин эске алганда, өзү эксперттин ролунда болушу керек болчу. Бирок, комитет "карышкырга кой кайтартып", бул маселени тактоону өкмөткө тапшырган. Өз ишин билбеген эл өкүлдөрүнө чындап кыжырың кайнайт.

Өткөн санда да макалада келтирилген жүйөөлөрдү иликтеп чыгуу зарылдыгын белгилеп, Башкы прокуратурадан иликтөө күтөөрүбүздү жазганбыз. Бул макала да расмий Башпрокуратурага кайрылуу болсун. Дагы баса белгилеп кетебиз, Медакадемия биздин эртеңки саламаттыкты сактообуздун жүзү. Эгерде Иса Ахунбаевтин атын алып жургөн, биз сыймыктанган Медакадемиянын жүзү Зурдиновдун жүзүндөй болсо, барар күнүбүз, жетер чегибиз ушубу? Же акыр-аягы акыйкаттык орноп, анын жетекчилигине татыктуу адам келеби? Айтор, үмүт эч качан үзүлбөйт... Ректор Зурдиновдун кетер күнүнөн да демек, үмүт үзүлбөйт...

Асылбек Назаралиев