Рамазан Дырылдаев, адам укугу боюнча комитеттин жетекчиси:

Судья Тентимишовдун чечимине СДПКчылар таасир этүүдөбү?



Эки революциядан кийин келген баш кесерлер азыркы Кыргызстандын бийлигине дагы баскынчылык кылууда. Өлкөдө өзгөрүү да болгон жок, баары мурдагы калыбынча. Мамлекеттеги окуяларды талдап көрүп, мен ушундай жыйынтыкка келдим. Коомчулуктагы пикирлер да буга күбө. Бийлик маалымдоо каражаттары аркылуу таасир этүүнү каалаганы менен эл жыргалчылык менен өсүп-өнүгүүнүн жышаанын сезген жок.

Мамлекеттик структураларда жооптуу кызматтар дагы эле сатылууда, ал эми коррупция менен күрөшүү жасалма түрдө гана жүрүп жатат. Паракорлордун майда чабактары гана кармалып, ошол эле убакта Танаевке байланыштуу кылмыш иши жабылып, ага катышы бар айрым чечимдерге Ширшов таасир этүүдө. (Ширшов акыркы митингдердин баарын каржылап жатат деген маалымат бар.) Бүтүндөй коррупциялык схемаларды түзүп кеткен мурдагы президент Акаевтин жоопкерчилиги жөнүндө маселе таптакыр козголгон жок. Мамлекетке эбегейсиз залакасын тийгизген Акаевтин ишин иликтөө жана аны өлкөгө кайтарып келүү маселеси эмне үчүн алиге чейин козголо элек?
Мурдагы Акаевдик-Бакиевдик аткаминерлер мыйзамсыздык менен ээнбаштыкка эркинче жол берип, чартаңбай тээп, ар кыл кызматтарды ээлеп олтурушат. Ал эми жогорку бийликтеги Акаев-Бакиев режиминин куйруктары элди Акаевдик-Бакиевдик деп бөлбөөгө чакырып, аларды колдоого алып жатат. Жетиштүү деңгээлдеги убакыт өтсө да, калк эки революциянын акталганын байкаган да жок.
Түндүк Африка менен Египттин эли бийликтин ушуга окшогон аракеттери үчүн күрөшүн токтото албады, ошол эле түндүк Африканын бардык аймагында былтыркы жылы үзгүлтүксүз революциялар жүрдү. Алардын эли өлкө жетекчилигинин ар бир аракетине тыкыр көзөмөл кылып, баам салып турат жана революциянын идеясынан кичине эле кылтыңдай турган болсо, Тахрир аянтына дароо чыгышат. Баардык чөлкөмдөрүндө да ушундай жагдай орун алган.
Биздин өлкөнүн башчылары реформага жамынып, экономикалык чөйрөдөбү же укук коргоо системасындабы, айтор, бардык жылуу-жумшак орундарга өздөрүнүн урук-туугандарын коюуга жанталашып, ич ара кайрашып жатышат. Партиялык-кландык коррупция мурдагыдан да күч алды.
Президент СДПКдан чыккандай түр көрсөткөнү менен, иш жүзүндө партияны башкаруусун улантууда жана аны ар тараптан күчөтүүгө аракеттенип, өз бийлигин колдонуп, коррупцияга жол берип жатат. Премьер-министрдин деле аракети ушундай. Алар өз бийлигинин арты менен бүтүн бийликти басып алууга аракет жасап жатат.
2010-жылдын апрелинде жүздөн ашуун адамдарды өлтүргөнгө күнөөлүүлөр алигиче жоопкерчиликке тартыла элек. Андан бери эки жыл өттү. Сот процесстери келкеге айланса, Акмат Бакиев баш болгон Бакиевтин жана башкалардын туугандары бийликтин жардамы менен жоопкерчиликтен тайып, качып-бозуп кетишүүдө.
Үстүдөгү жылы Кыргызстанда Аксы окуясынын 10 жылдыгы белгиленип, 2005-2010-жылдардагы окуяларга алып келген, бурулуш учур болгондугуна маани берилди. Бирок, дал ушул Аксы окуясына күнөөлүүлөр жаза алдыбы? Жок.
Алар мыйзамсыздыктын салтанатын алиге куруп жатышат. Мыйзам боюнча Аксы трагедиясындагы өлгөн алты адам жана жүздөн ашуун жарадарлар "өлтүрүү үчүн кол салынган" деген берене боюнча ар бир күнөөлүү аткаруучу 20 жана андан ашуун жылга эрктеринен ажыратылууга тийиш болчу. КРнын Кылмыш жана Жаза кодексинде ушинтип жазылган. Кимдир бирөө дал ушундай жазага тартылдыбы? Жок. Бир эле мисал, 19-апрелде Аскердик сотто судья Мирлан Тентимишов Аксы окуяларынын башкы күнөөкөрлөрүнүн бири Кудайбергеновту актап жиберди, т.а. Кудайбергеновко карата жоопкерчиликке тартылган дегенге гана негиздеп соттук куугунтуктоону токтотту.
Иш жүзүндө Кудайбергенов жана башкалар эмдигиче сот жообуна тартылыша элек. Ал олтурган төрт жыл жогоруда айткандай, 6 адамдын өлүмү жана жүздөгөн адамдардын жарадарланышы үчүн берилүүчү жазага салыштырганда болор-болбос гана мөөнөт. Ошого карабастан аны жоопкерчиликтен качыруу үчүн колдон келишинче аракет жасап жатышат. Кудайбергенов 2002-жылы Жалал-Абад облусунун прокурору болуп турганда Бекназаровту мыйзамсыз камакка алууга буйрук берген. Бирок, ал өзүнүн шериктери менен кылган кылмыштары үчүн бир күн дагы абакта олтура элек. Муну эл аралык коомчулук, ар кыл ички комиссиялар, анын ичинде күч менен болсо да өкмөт мойнуна алып жатат. Аксы эли, КРнын жалпы коомчулугу жана дүйнөлүк коомчулук ошол кездеги бийликтин ээнбаштыгына көтөрүлүп чыкпаганда Бекназаровтун дагы, элдин дагы тагдыры тозокко айланмак.

19-апрелдеги соттун чечимине, менин оюмча, жазасыз калууну жактаган бийликтин азыркы күндөгү кырдаалы гана эмес, сотто Кудайбергеновтун адвокаты катары катышкан - сотторду тандоо кеңешинин төрагасы Шамарал Майчиев да таасир этти. Анткени, соттор, анын ичинде бул ишти алып барган судьялар Сотторду тандап алуу кеңешинен көз каранды экендигин жакшы түшүнүп турушат. Анүстүнө, Шамарал Майчиев СДПК партиясынан шайланган. Ошентип, Шамарал Майчиевтин Сотторду тандоо кеңешинин төрагалыгын жетектөөгө канчалык деңгээлде моралдык акысы бар экендиги тууралуу суроо түкшүмөлдү жаратпай койбойт. Анын бул кызматты өткөрүп берүүгө кудурети жетеби, белгисиз. СДПК партиясынан депутат Туманов соттордун ишмердүүлүгүн жөнгө салган Жогорку Кеңештин комитетинин төрагасы, ал эми Зоотбек Кудайбергенов Туманов анабашында туруп, башкы эксперттик кылган комитетте. Ошентип, Майчиев, Туманов, Кудайбергенов үчөө сотторго түздөн түз үстөмдүк кылып, таасир эте алат.
Судья Тентимишовдун чечимдеринин пайда болушу дал ушундайча. Эгерде жогорудагы чиновниктердин анын чечимине таасирин салыштырып көрсөк, албетте, сот мыйзамсыз чечим кабыл алууга аргасыз болгон. Көрсө, президент Атамбаев 2012-жылдын 17-мартында Боспиекте сүйлөп жатып, аксылыктарды алдап койгон көрүнөт. Болбосо, партиялаштарынын чечимине караганда, президент дал ушундайча чечим чыгарыла тургандыгын айткысы келген чыгаар же президент эки жүздүүлүк кылып жатабы? Аксылыктар адилеттикти канчага чейин күтүшөт? Же бийликтегилер өздөрүнүн анча-мынча материалдык кайрымдуулуктары менен аксылыктарды тынчытып коёбуз деп ойлоп жатышабы? Деген менен бул өкмөттүн түздөн-түз милдети эмеспи.
Укук коргоочулар Аксы окуялары боюнча ар убакта кулак кагыш кылып, акыры адилеттикке жетишүүгө тийиш. Дүйнөлүк практикада укук коргоочулар адилеттик үчүн акыр аягына чейин күрөшөт. Ошол эле өз элин атууга буйрук кылган Чилинин мурдагы диктатору Пиночеттин артынан укук коргоочулар анын өмүрүнүн акырына чейин, ал гана эмес өлгөндөн кийин да адилеттик үчүн күрөшүүнү улантып келе жаткандыгын буга мисал келтирсек жетиштүү.






Башкасы бүтүп, журт каймактарына өтүштүбү?

Акаев, Бакиевге кызматын аябаган интеллигенция Атамбаевдин да арыгын чабат



Көп жылдык тыныгуудан кийин (айрымдарын эсеби боюнча жарым кылымга ооп калыптыр) Бишкекте Кыргызстан интеллигенциясынын курултайы болуп өттү. Анын жүрүшүндө журт каймактары өлкөдөгү оор кырдаалга карата өз пикирин айтымыш болгону менен, чындап, бийликтин бүгүнкү жүзүн ашкерелей алышпады. "Элге кебин айтпаса, эрендерден не пайда",- дегендей, азыркы интеллигенциянын да чындыкка тике карай албагандыгы ушундан улам даана сезилүүдө.


Айрым интелигенция өкүлдөрү чындыкты айтууга аракет жасады. Маселен,Бишкек финансы-экономикалык академиясынын ректору, профессор Абдырахман Мавлянов элдин бийликке ишенбей калганын, а бийликтеги төбөлдөр элдин көйгөйүн чечүүгө күч үрөбөй жатканын айтып өттү. Бирок, курултайдын негизги докладчысы бийликке сын айтымыш болуп, кайрале оппозициянын дарегине таш ыргытты: "Акыркы убакта биздин саясатчылар өз айылдарына барып, туугандарын чыгарып, жол тосуп жүрүшөт".
Академик Алмаз Алдашев болсо мурдагы президенттердин тушунда интеллигенция өкүлдөрү бийликтин куралы болгонуна кейиди: "Бийлик интеллигенцияны пайдаланды. Кантип? Ачык эле айтыш керек, интеллигенция бийликтин малайы болду. Классикалык үлгүсү - "дүжүр чалдар" пайда болду. Алардын көбү ким? Интеллигенциянын өкүлдөрү".
Бирок, академиктин оозун драматург-жазуучу Мар Байжиев жап кылды. Ал калыс пикирин айткан айткан адамдар бар экенин кошумчалап, айрым маселелер боюнча өз көз караштарын айтышса, "бул чал эмне дөөрүп жатат", - деп, уккан киши болбогондугуна кейиди.
Чынын айтканда, интеллигенциянын өз миссиясын аткара албай жатканына, алар сүйлөсө "аа, дүжүр чал",- деп эл сөөмөй кезегенине биринчи иретте өздөрү күнөөлүү. Себеп дегенде, интеллигенцияда кошоматчылык менен коркоктук оорусу пайда болуп, ал айыккыс илдетке айланган. Эң өкүнүчтүүсү, болуп өткөн курултайда бул илдетен арылуунун жолун издешкен деле жок. Адатынча, ашканада олтуруп кобурашкандай чогулушту да, ойго келгенди бөжүрөп, кете беришти. А курултайдын максаты анда эмнеде болгон? Балким, интеллигенция Атамбаев бийлигине таарынычын айткысы келгендир, "бизге көңүл бурулбай жатат",- таризинде? Эгерде булардын ойлонгону дал ушунда болсо, курултай максатына жетти. Кайсы эле бийлик инттелигенцияны өз кожоюндугуна алгысы келбесин?
Өкүнткөнү, журт каймактарынын бирөөсү да акыркы жылдарда сезилип жаткан кыйынчылыктар тууралуу ооз ачпады. Өз элине күйбөгөн бир эле бийликпи десек, инттелигенция чалымыштарың деле кыргыздын тагдырына кайдыгер окшойт.
Ушу таптагы кыргыз интеллигенциясынын чыныгы жүзүнө коомдук ишмер Жыпар Жекшеев "Азаттыкка" берген маегинде даана баа бериптир:
"- Азыркы интеллигенция элдин, коомдун жүзү, акылы, каймагы боло албайт. Биз интеллигенция деп кимди айтып жатабыз? Мына эгемендик алганыбызга 21 жыл болуп калды. Кыргызстанда коомдук-саясий жашоо өтө активдүү болуп, чоң өзгөрүүлөргө дуушар болуп жатты. Кыргыздын башынан ушунчалык курч кырдаалдар өттү.
90-жылдары Масалиевдерди кетиребиз деп 148 киши ачкачылыкка чыгып, биринчи жолу каршылык көрсөтүп чоң күрөш болгон. Ош окуясы болду. Андан кийин эки революция болуп кетти. Ушундай кыйын кырдаалдарда бирөө да чыгып, баш көтөрүп калыс сөзүн айтканга жараган жок. Мен мисалы интеллигент деп Түгөлбай Сыдыкбековду айтат элем, Чыңгыз Айтматовду айтат элем, Салижан Жигитовду айтат элем. Азыр деле бар, бирок саналуу гана кишилер.
Интеллигент деп Ростроповичти айтса болот. Ельциндин убагында Ак үйдү атып атканда, кандай кырдаал болсо да чет мамлекеттен жетип келип, улуу музыкант болгонуна карабастан биринчи катарда туруп, окко төшүн тосуп бергендерди интеллигенция деп айтам.
Интеллигенттердин көпчүлүгү бийликке жан тарткандар. Аябай акылман, өзүнүн кесибин жакшы билген аксакалдар, орто муундар көп. Анан эң орчундуу маселеге келгенде эмнегедир бирөө да көрүнбөйт.
Мисалы мен 7-апрелде баштан-аягына чейин жүрүп, интеллигенциянын бир өкүлүн таппай койдум. Ак үйгө кирип сүйлөшөөрдө, "айланайындар, аттуу-баштуу киши барбы?", - деп издесем, бирөөнү да жолуктурган жокмун. Анан дайым тынчып калгандан кийин биздин сөзүбүздү угуш керек, биз акылыбызды айтышыбыз керек деп чыга келишет".
Баары айтпаса да түшүнүктүү. Эми интеллигенциянын жаңы муунун күткөндөн башка аргабыз жок.

Ж.Асанов