Эшегине жараша…

Бабановтун насыясына келгенби?



Жалал-Абаддын Ноокен районунда тракторлор ордун эшектерге бошотуп берип жаткандыгы тууралуу журналист Санжар Эралиев интернет коомчулугуна кабарлады.

Фейсбукчу Тынчтык Бек бул сүрөттү көрүп, "дүйнө тарыхында "алгачкы коомдук түзүлүш - феодалдык түзүлүш-капиталисттик түзүлүш" болсо, бизде "алгачкы коомдук түзүлүш - феодалдык түзүлүш - социалисттик түзүлүш, анан кайра - феодалдык түзүлүш" болуп атабы" деген ойго кетти. Ал эми Абдумомун Мамараимов: "бийликтеги профессионалдар кочкорлорго алмашса, талаадагы тракторлор эшектерге алмашат экен" деп такмазага салса, Жалил Сапаров "Кыргызстанды азыр "эшектер" башкарып жатат" деген пикирде. Ошондой эле Shermuhammad Abdug'ofurov деген логиндин ээси сүрөттөгү такыйды "Бабанов убада кылган 7 пайыздык жеңилдетилген насыянын эсебинен сатып алышса керек" деп жоромолдойт.




Арманы аттын башындай…

"Таш-Рабат" соода үйүндөгү "беспредел"



Таш-Рабат соода үйүнүн ижарачылары да өткөн аптада өз көйгөйлөрү менен бөлүшүп, маалымат жыйынын өткөрүштү. "Адвокат" бюросунун өкүлү Ирина Синельникованын айтымында, алар ижара келишимин түзгөндөн кийин кайрадан жүйөсүз жерден ижара акысын көбөйтүп, аны да алдын ала бир нече ай мурун төлөөгө мажбурлашкан.

Алардын айрымдары документке кол коюудан баш тартып, адвокатка кайрыла тургандыгын билдиришкенде, коопсуздук кызматкерлери иш орундарына киргизбей, бутиктер жана кафелер жабылган. Ижарачылардын бири Алена Стародубцева "Биз депозитке, жабдууларга, оңдоп-түзөөгө көп каражат жумшаганбыз" - деп нааразылыгын билдирген. Жаңы келишимге баш ийбегендердин соода жайлары менен кафелерин администрация өз ыктыяры менен ачып, жабдууларды өздөрүнө энчилеп алышкан. Алардын пикиринде, "Аида компани" компаниясынын башында турган Инаят Эркиновна "Монте-Карло", "Мэри", "Алтын Казына" сыяктуу бир нече ири оюн ойнотуучу жайлардын кожойкеси. Анын артында кадыр-барктуу адамдар турушу мүмкүн. Ал эми катардагы сатуучулардын көйгөйүн уга турган бийлик жоктой.




Өкүмдар эмей эле өкүмзар

Жолдошбаев менен аким Өмүрбекованын ариясы



"Мурдагы депутат, "Беш-Сары" соода түйүнүнүн башчысы, көмүр сатуу менен байып, зөөкүрлүгү менен атагы чыккан Камчыбек Жолдошбаевдин жоруктары башынан ашып кетти" деп нааразы болгондордун кебин уккан жан жок.

Ош базардын соодагерлеринин айтымында, акчасы болсо, айла жок экен. "Беш-Сары" соода түйүнүнүн тегерегиндеги карапайым сатуучуларга өкүм-зордук менен мамиле кылып, базардагылардын баарына кожоюн болуп алган. Анын мыйзамсыз иштерине жооп кайтаргысы келген келинди "бөйрөгүңдү түшүрө тээп салам" деп опурулгандыгына күбө болгондор да бар. Анын өзүмбилемдик саясатына каршы болгон жүздөгөн сатуучулардын "Акүй" алдында адилеттикти талап кылган митингине бийлик өкүлдөрүнүн бири да адатынча көңүл бурган жок. Маалыматтарга караганда, базар тегерегиндеги анын мыйзамсыз иштерине Ленин районунун акими А.Өмүрбекова кол кабыш кылып жатыптыр. Көрсө, базар тегерегине экөө биригип өздүк бизнес ачышат экен. Бир кезде акча менен мансап үчүн адамдык абийирине түкүрүп, өз жердештерин "мага добуш берем десеңер тузга сийип карганып бергиле" деген Жолдошбаев эми аким Өмүрбекованын абийирине да көлөкө түшүрүп, жаманатты кылбаса болгону.





Мамайдын көрү…

Таластыктар неге таарынат?



Таластын Бакай-Ата айыл округунда да өзүмбилемдик өкүм сүрүп жаткандыгын жергиликтүү тургундар айтышууда. Айыл өкмөттүн башкы бухгалтери Чоюбекова Нурия Узенбековна апрель революциясынан бери бир эле учурда башкы бухгалтер, эсептик бухгалтер жана кассир болуп иштеп, финансы бийлигин жеке менчигиндей башкарып алган.

Бакай-Атанын тургундарынын айтымында, анын финансылык катачылыктарын санап олтурса четинен чыгат. Мисалы, мугалимдердин маяналарын өз убагында бербейт. 2011-жылдын 19-декабрында казыналык аркылуу алган акчаны 30-31-декабрда гана берген. Анын ай сайын "мугалимдердин маянасы" боюнча лимиттен тышкары көрсөткөн олчойгон каражатын райондук финансы бөлүмү көрсө да көрмөксөн. Чоюбекованын бул иштерине айылдык кеңештин депутаты жана катчысы болуп иштеген күйөөсү Алмаз Жакеев менен айыл өкмөт башчысы Турдубаев Карабек Арынович жардам берип жатыптыр. Көзүн май баскан айыл өкмөт башчысынын да кылыктары жетиштүү. Бир эле мисал, ал кызматтык абалынан пайдаланып 2 "Волга" автоунаасын, 1 ГАЗ-52 автоунаасын, ар бири 25 миң доллар турган 18 цистернаны сатып жиберген. Ал эми буларды сатуудан түшкөн каражат айыл өкмөттүн эсебине кириштелген эмес. Бакай-Ата районунун прокурору Исраилов Нурмат дагы анын мыйзамсыз иштерине көз жумуп олтурат. Көрсө, Бакай-Ата айылынын тургундарынын айтымында, булардын мыйзамга жатпаган жоруктарын мурдагы Жогорку Кеңештин депутаты, азыркы Эсеп Палатасынын аудитору Жусуп Иманалиев калкалайт экен.


Табигат да ыйлап…

19-20 сантиметрлик мөндүрлөр жаады



Баткен областынын Лейлек районуна караштуу Андарак айылында 22-апрель күнү саат 16:00 чамасында нөшөрлөп жааган жаандан улам катуу сел жүрдү. Селдин айылда жашаган элдин чарбачылыгына залакасы тийди.

Айылдын тургундарынын айтымында, сел эгилип жаткан эгин жуулуп, 1 автоунааны, 2 көпүрөнү алып кеткен. Тоолордо мөндүр кошо жаап калыңдыгы 19-20смге жеткен. Нөшөрлөп жааган жамгырдан улам, көчкү жүрүп, селдин күчөшүнө алып келген. Натыйжада, коңшу айылдарга кетчү жолду сел жууп кетип, байланыш маселеси келип чыкты.


Табигат да ыйлап…

19-20 сантиметрлик мөндүрлөр жаады



Баткен областынын Лейлек районуна караштуу Андарак айылында 22-апрель күнү саат 16:00 чамасында нөшөрлөп жааган жаандан улам катуу сел жүрдү. Селдин айылда жашаган элдин чарбачылыгына залакасы тийди.

Айылдын тургундарынын айтымында, сел эгилип жаткан эгин жуулуп, 1 автоунааны, 2 көпүрөнү алып кеткен. Тоолордо мөндүр кошо жаап калыңдыгы 19-20смге жеткен. Нөшөрлөп жааган жамгырдан улам, көчкү жүрүп, селдин күчөшүнө алып келген. Натыйжада, коңшу айылдарга кетчү жолду сел жууп кетип, байланыш маселеси келип чыкты.