Өмүркуловдун чыныгы жүзү



Учурдагы борбор калаанын кожоюну Иса Өмуркулов откөн жылдын аяктарында 2012-жылдын башында шаарга 70 даана жаңы троллейбустар келет деп балп этип алганын мэр өзү унутса да калаа тургундары унута элек чыгар.

Чындыгында айтты да, койду деген эле сөз. Айтылган троллейбустардын келер же келбеси да күмөн. Негизи эле бул Өмүркулов деген кыраан кожосунун колдоосунда шаар кожоюну болуп калганын, а болбосо, төрт адамдын башы куралган жерде эки сөздун башын курап кишинин жарпын жазар түрү жок экенин эстүү жандар эбак түшүнүшкөн. А баса, "Элге күйөр адамдын киши менен иши бар, элдик болбос адамдын киши качар жүзү бар" демекчи, кезинде эл өкүлү болуп турган мырзанын "Коку-уй , эл-журт башыма каран түн түштү, Бакиевдер үйүмдү жардырып өзүмдү ойрон кылгылары келишти"- деп таламандын так түшүндө тополоң көтөрүп алганы жалпыга маалым. Билсеңиздер ошондогу анын жоругу өзүн элге күйгөн апапакай киши таризде көргөзүп, өткөнкү былыктарын жашырмай амалынын кезектеги бир көрүнүшү болчу.
Арийне, өткөн бир чындыкка токтолсок, бир мезгилдери турак-жайын тургузганга калың каражат берем деп сөз берип, иши бүткөн соң, ак эмгек жумшап, маңдай тер төккөн жумушчу балдардын акыларын бербей, кишини бучкагына албаган бүгүнкү "элдик" Өмүркуловго алар дале күнчө наалаттарын айтышып, "ак ийилет, бирок, сынбайт" дечи эле, бүгүн акты иймек түгүл сындырып деле койгондордун заманы тура" деп каңырыгы түтөгөн бул балдар акыр түбү чындык орноп элдин эмгегин жеп эсирген Өмүркуловдорго окшогондорго да калыстык бар чыгар деген үзүлбөгөн үмүттөрдө турушат.
Айта берсе, арман көп, бул Өмүркуловдун чыныгы жүзүн ачкан далилдердин бири гана. Ал эми үнү жетпей, чыркыраган чындыкты айта албай жүргөн Өмүркуловдон күйгөндөрдүн дагы канчасы бар болду экен?... Айтор, бөрүгө кой кайтарткан заман накта азыр болуп жаткандай көрүнөт.
А.Туран уулу

(Өмүркуловдун
адилетсиздиги тууралуу 4-беттен окуңуздар)




Каар заман

Кадыровдун кадыры 500 миң


эле сомбу?



Адилет министрлигинин алдындагы мамлекеттик соттук экспертиза борборунун директору Абдырахман Кадыров орус тилдүү "DIEZEL" гезитин сотко берип, өзүнүн абийири, кадыр-баркы жана моралдык зыянга учураганы үчүн 500 миң сом айыпка жыгуу боюнча доо менен кайрылды.

"DIEZEL" гезити Р. Жанбалаевдин "Осторожно: "Аферист-Мацаков!" ("DIEZEL", № 02, стр. 7) деген макаласын жарыялаган эле. Кадыров бул макаланын чыгышына өтө капаланып, намыстаган көрүнөт, айтор, соттошууга чамынып жатат. "По директору ГЦСЭ Минюста, тюрьма плачет?" деп ташка тамга баскандай таамай жазган журналист бул сүйлөмдү суроо белгиси менен эмес, жай сүйлөм кылып, чындыгында дал ошондой болуп жаткандай формада жазсам, кантмек экен? - деп кежигесин кашып туру. Көрсө, журналист макалада Кадыровту күндүр-түндүр чындап эле түрмө күтүп жатканын айткысы келген эмес экен. Кыскасы, өзүн профессионал эксперт катары эсептеген Кадыров колуна Даль, Ожегов жана Клюев деген чыгаандардын редакциялоосу астында түзүлгөн сөздүктөрдү алып, макаладагы сүйлөмдөрдүн маанисин терең ачып, талдап чыгып, анан башка кепти айтса, жарашмак.


Ур заман

Мектеп окуучусун сабайм деп



Нарын облусунун Ат-Башы районундагы мектептердин биринде мугалим мектеп бүтүрүүчүсүнө кол көтөргөн.

Нарын облустук прокуратурасы мектеп окуучусунун сабалгандыгы боюнча чоң энеси доо арыз менен кайрылган мектеп директору Эсенбек Сатыбалдиевтин үстүнөн кылмыш ишин козгогон. Бирок, баланын ата-энеси ал кызматынан бошоп кеткенден кийин доо арызын кайтарып алып, уулун "аттан жыгылган экен" деп ишти жайгарганга аракет кылышкан. Ал эми директор бул боюнча пикир айтуудан баш тарткан. Акыйкатчы Турсунбек Акундун айтымында, директор окуучунун ата-энеси менен сүйлөшүп койгон болушу мүмкүн. Сөз арасында баланын чоң энеси алардын үй-бүлөсү баланын сабалышы тууралуу фактыны жашырып коюуну чечишкендигин билдирген. Ал эми атасы Акылбек Жунусакун уулу ал аттан жыгылганда үйдө жок болгондугун айткан.


Тар заман

Алматы консулдугунда олтурган "айбандар"



Өткөн аптада фейсбукчу Тилек Камбаров Кыргызстандын Алматыдагы консулдугунда кандай эки буттуу "айбандар" олтургандыгына кызыкты.

Каттоого алуу үчүн КРнын башкы консулдугунда олтурган "айбандар"каттоого алуу үчүн 5 000 миңден теңге алышат. А чындыгында, каттоо болгону 1000 теңге турат. Документтеримди алып барсам, ал жакта бир "айбан" олтуруп алып, 5 000 теңге сурайт. Мен ага: "Эмненин негизинде төлөшүм керек?" - деп сурасам, ал "айбан" мага: "мына бул жерде каталарың бар экен, эгерде акча бербесең, анкетаңды таптакыр эле албайм, баары бир бир жумадан кийин келесиң" - деди деп нааразылыгын билдирген. Өзгө жерде жүрүп өз адамдардын чөнтөгүндөгү каражаттарын солоп, жанын кашайткан консулдуктун мындай жоруктарын Тышкы иштер министрлиги көрсө да, көрмөксөн.


Көр заман

Атың чыкпаса...



Ош шаарынын борбордук аянтында 15-апрель күнү Ош облусунун Алай районунун тургуну 1947-жылы туулган Каныбек Сейитбеков деген адам өзүн өзү өрттөп, набыт болгон.
Ооруканага жеткирилгенде денесинин дээрлик 96 пайыз күйүк экендиги аныкталып, ал адам операция үстөлүндө эсине келе албай жатып, каза тапкан. Ички иштер кызматынын маалыматында, өлүмгө бараар алдында ал дептерге кат жазып таштап кеткен экен. Каттын соңунда К.Сейитбеков Алай районунун акимине: "Мени Памир жолуна жакын жайгашкан Гүлчөгө койгула. Мага эч кандай эстелик орнотпогула. Мүмкүнчүлүгүңөр болсо, кемпириме медициналык жардам көрсөткүлө" деп керээз калтырыптыр. Ыйманы саламат болгур, абалкылар "атың чыкпаса, жер өрттө" дечү эле, эмдигилер "атың чыкпаса, өрттөнүп өл" деген көр заманга келдикпи деп кейийт экенсиң.


кор заман
Адам жырткыч

Талас облусунун Манас районунда беш жашар кызды зордуктап кеткен факты катталды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы маалымдаган.

11-апрель күнү болжол менен түнкү саат 23лер чамасында Манас районундагы айылдардын биринде белгисиз адам күч колдонуу менен жергиликтүү жашоочулардын биринин 2007-жылы туулган кызын зордуктаган. Райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери түп көтөрүлө, кылмышкерди издөөгө алган. Эртеси күнү участкалык инспектор кылмышка шектүү 24 жаштагы эч жерде иштебеген Манас районунун тургунун колго түшүргөн. Бул боюнча Кылмыш жана Жаза кодексинин 129 беренесинин 129 бөлүгүнүн 3-пункту боюнча кылмыш иши ачылып, соттук-медициналык, соттук-биологиялык жана соттук-психиатриялык экспертизалар дайындалган.
Ден соолугуна доо кеткен беш жаштагы кыз ооруканага жаткырылып, учурда операцияга даярдалууда. Алдын ала маалыматтар боюнча кошунасынын үйүнө жардам берүү үчүн кеткен аялдын үйдө жоктугунан пайдаланып, үйүнө кирип, зөөкүр уктап жаткан кызды зордуктап, изин жашырган.
Эске салсак, кичинекей кыздарды зордуктоо фактылары буга чейин бир нече жолу Бишкек шаарынан катталган эле.

Даярдаган Айкен Байсары