Бийликке 21-апрелге чейин мөөнөт берилди. Болбосо...


2010-жылдын 10-апрелиндеги Жалал-Абад шаарындагы Тынчтык жана Биримдик митингинин катышуучуларынын Кыргызстандын калкына
кайрылуусу

Урматтуу
Кыргызстандыктар!

2012-жылы 1-мартта Ошто жана 31-мартта Баткенде өткөн Тынчтык жана Биримдик митингинин он миңдеген катышуучулары Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтоосуз отставкасын талап кылышкан эле. Мамлекетти оор саясый-экономикалык жана социалдык кырдаалдан чыгарууга жөндөмдүү "Эл ишениминдеги профессионалдуу Өкмөт" түзүү талабы коюлуп, аны аткарууга конкреттүү мөөнөт берилген болчу.

Ошондой эле эки митингдин катышуучулары өлкөнү кризиске алып келген Конституцияны өзгөртүү боюнча Улуттук Жыйын чакырууну, 2010-жылкы каргашалуу апрель-июнь окуяларына күнөөкөрлөрдү жана Бишкектеги банк уячаларынан акча тоногондорду укуктук жазага тартууну талап кылышкан эле.

Бирок, тилекке каршы, мамлекеттик бийлик 100 миңдеген калктын мыйзамдуу талабын эки ирет тең уккан жок. Турмуш көргөзгөндөй, "кулагы укпаган, көзү көрбөгөн" бүгүнкү бийлик элдин талабын аткарууга жөндөмсүз болуп чыкты.

Биз, Жалал-Абад шаарындагы митингдин катышуучулары, Ош жана Баткендеги жыйындын талаптарын толугу менен колдойбуз.

Эмне себептен биз конституциялык реформа жүргүзүүнү талап кылып жатабыз? Анткени 2010-жылы кабыл алынган Конституция өлкөнү терең кризиске тушуктурду. Мурдагы үй-бүлөлүк башкаруунун ордуна бир ууч саясый топтун кызыкчылыгын көздөгөн партиялык-кландык башкаруу системасы орноду. Өлкөдө партиялык жуурканга жамынган авторитардык режим кайрадан калыптана баштады.

Парламенттик башкаруу мамлекетибиздин тышкы саясатын талкалап салды. Анткени Конституцияда тышкы саясатты кайсы бийлик бутагы жүргүзөрү так көрсөтүлгөн эмес. Ошондон улам Кыргызстан дүйнө коомчулук алдында өлкө жетекчиси кетирген кемчиликтерден улам ыңгайсыз абалда калууда. Россия, Казахстан жана Өзбекстан сыяктуу стратегиялык өнөктөштөргө обу жок кыр көрсөтүү, дипломатиялык этикага туура келбеген ашкере "менменсинүү" жана өлкө кызыкчылыгына карама-каршы келген билдирүүлөрдү жарыялоо мамлекетибиздин абыроюн төмөн түшүрүүдө. Тышкы саясатта приоритеттүү багыт алиге чейин так аныктала элек.

Баш мыйзамдагы кемчиликтерден улам учурда бийлик бутактары ортосунда өлкө кызыкчылыгын алдыга койгон жалпы көз караш жок. Жогорку Кеңеш саясий интригалардын, партиялар ортосундагы бийлик бөлүштүрүүнүн чордонуна айланды. Сот бийлиги толугу менен талкаланып, элдин ага болгон ишенимин өчүрдү.

Өкмөттүн 100 күндүк иш тажрыйбасы көрсөткөндөй, анын өлкөнү өнүктүрүү боюнча экономикалык программасы жок болуп чыкты. Өкмөт мамлекеттик бийлик органдарын реформалоонун ордуна жумушчу орундарды кыскартуу менен гана чектелди. Кадрларды тандоодо алардын профессионалдык сапаты эмес, туугандык, партиялык-кландык жана жердешдик жакындыгы чечүүчү факторго айланды. Калк Өкмөттөн электр энергиясынын өз наркында жана кредиттин 7 пайыздан берилишин талап кылууда.

Аткаруу бийлигинин жигерсиз саясатынан улам калктын жону болуп көрбөгөндөй жукарып, элетти жакырчылык менен жут каптады. Республика боюнча 10 миңдеген жандык, миңдеген кара мал кырылды. Кышкы чилдеден электр жарыгысыз чыккан эл эми төрт түлүк малынан айрылып, колдогу акыркы байлыгынан ажырап отурат. Калкты сызга отургузган мындай жутка табияттын катаал шарты эмес, Өкмөт түздөн түз күнөөлүү.

Ал эми Бишкек-Ош стратегиялык канжолдогу кар көчкүнүн өз убагында тазаланбай, узак мөөнөт жабылышына Өкмөт айыптуу. Анын шалакы мамилесинен улам кар көчкүдөн тогуз адамдын набыт болду. Жазгы талаа иштери начар уюштурулуп, күйүүчү майдын кымбаттыгы дыйкандардын кендирин кесүүдө.
Өкмөт коррупция менен чырмалышып калды. Айталы, "Бишкек арак заводу" КСДП фракциясынын жетекчиси Ч.Турсунбековдун жакын тууганына сатылып, бул боюнча кылмыш иши козголду. Ал эми депутаттык комиссия уулуу Кулан көмүрүнүн сатып келиниши боюнча энергетика тармагындагы ири чиновниктердин күнөөсү бар экенин аныктады. Демек, бул кылмышка Премьер-министр Ө.Бабановдун түздөн-түз тийешеси бар. Кезегинде ал "Мегаком" уюлдук компаниясынан 50 миллион доллар талап кылганын моюнга алган. Бирок, чуулгандуу бул иштин аягы жабылуу бойдон калды. Ө.Бабанов бул иш боюнча мыйзам алдында жооп бериши зарыл.
Биз баткендиктердин күйүүчү майды Тажикстанга контрабандалык жол менен ташып жаткандарды жазалоо боюнча талабын колдойбуз. Бул кырдаалга Ө.Бабанов толук күнөөлүү.
Ал Кыргызстандагы эң бай чиновник экени белгилүү. Байлыгын кезегинде Айдар Акаев жана Максим Бакиев менен бирге иштешип тапканын эл билет. Бирок жакында жеке кирешеси тууралуу декларацияга өз мүлкүн толук көргөзгөн эмес. Калкка калп айткан Өкмөт башчы бийликте калууга моралдык укугу жок! Ө.Бабанов жакында бийликтен кеткен Германия жана Венгрия президенттеринен үлгү алышын талап кылабыз!

Бирок, эл арасында "каражолтой" деген атка конгон Өкмөт кемчилигин моюнга алып, отставкага кетүүнүн ордуна басма сөздө жана теледе өзүн-өзү рекламалоо менен алек. Ош жана Баткендиктер сыяктуу эле биз дагы Премьер-министр Ө.Бабановдун токтоосуз отставкасын талап кылабыз!

Урматтуу
Кыргызстандыктар!

Биз, митингдин катышуучулары, "Адилет Келечек" кыймылынын Кыргызстанды саясий- экономикалык жана социалдык кризистен чыгаруу планын толук колдойбуз. "Адилет Келечек" кыймылы элдин жана мамлекеттин келечек тагдыры үчүн жоопкерчиликти өз мойнуна алууга даяр экенин билдиребиз!

Биз Ош жана Баткендеги митингдин талаптарын аткаруу зарылдыгын бийликке дагы бир ирет эскертебиз! Ал талаптар булар эле:


1. Реформа жасоого жөндөмсүз, өлкөнүн экономикасын өнүктүрө албаган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтоосуз отставкага кетсин! Бул талапты аткарууга 21-апрелге чейин убакыт беребиз.

2. Кыргыз Республикасынын Президентинен жана Жогорку Кеңештен "Эл ишениминдеги профессионалдуу Өкмөт" түзүүнү талап кылабыз.

3. Башмыйзамды өзгөртүү боюнча Конституциялык Жыйын чакырылсын деп Кыргыз Республикасынын Президентинен жана Жогорку Кеңештен талап кылабыз.

4. 2010-жылкы апрель-июнь окуяларына күнөөкөрлөр мыйзам алдында жазалансын.

5. 2010-жылы апрелде Бишкектеги банк уячаларынан акча тоногондор жоопко тартылсын.

6. Мыйзамдын сакталышына жетише албаган Кыргыз Республикасынын Башкы прокурору Аида Салянованын токтоосуз отставкасын талап кылабыз.

Эгерде бул ирет да бийлик элдин талабын укпаса, анда биз жакынкы мезгилде бүткүл республика аймагында каршылык акцияларын баштап, эми Президенттин отставкасын талап кылууга мажбур болобуз!

Бакубат, бирдиктүү жана күч-кубаттуу Кыргызстанды куруу биздин асыл максатыбыз.
Биздин багыт - Адилет Келечек!