Ууруну каракчы тонгон заман

Финансы полициясын кайра түзүүнүн артында кандай коррупция бар?



Кыргызстанда эмне күчтүү? Коррупция күчтүү. Мына ушул коомубузду рак илдетиндей каптаган көрүнүш менен күрөшүүчү бүтүндөй армияга барабар юристтерден, экономисттерден жана укук коргоо органдарынан турган КР Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик финансы полициясы кызматы 15-мартта "жылан чакпай, жылкы теппей эле" Өкмөт башчы Ө.Бабановдун буйругу менен жоюлуп, кайра эле башка курамда конкурстук негизде жаңы, жаш кызматкерлерди кабыл алуу жарыяланган. Раматылык С.Жигитов айтмакчы, "бир кыргызды экинчиси менен алмаштыргандан "сумма" өзгөрбөйт, баары эле жейт, коррупцияга белчесинен батат. Бул сөздүн чындыгына Акаев менен Бакиевдин, андан соң Отунбаеванын бири-биринен айырмасы жок экендигинен эле билсек болот.

Чындыгында коррупцияга каршы күрөшөт деп бийлик ишенип "кой кайтарткан" Финансы полициясы өзү коррупциянын уюгуна айланып кеткендигинен талаш жок. Бирок "ууруну каракчы тоногондой" бул иштин артында деле таза эмес, айлакердик, керек болсо коррупция, жердешчилик жыттанган бир топ "чылыктар" бар экен. Бул тууралуу ушул жумада ошол жоюлуп кеткен Финансы полициясынын мурдагы кызматкерлери Жогорку Кеңештин депутаттарына жазган көлөмдүү (11 бет) катында келтиришкен.
Көрсө, "операциянын" башкы максаты- айрым "неудобный" кызматкерлерден арылып, мурда козголгон иштерди жаап, өздөрүнүн адамдарын майлуу, ишенимдүү кызматка коюу экен (бул тууралуу аталган катта кеңири жазылган). Бысмылда дегенде эле Өкмөт башчы сабатсыздыгынанбы же эч бир мыйзам, Конституцияны көзгө илбегендигиненби, айтор Премьер-министр Өкмөт курамын өзгөртүүгө укугу болбосо деле, бул ыйгарым Жогорку Кеңешке тиешелүү болгондугуна карабай, бир мамлекеттик кызматты жоюп, кайра башкасын түзүү тууралуу буйрукка көздү жумуп кол койгон. (КР Конституциясынын 90-беренеси). Бул жагынан Бабанов "бабасы" Бакиевден да ашып кетиптир.
Ушул мыйзамсыз чечимден улам мамлекет казынасына 50 млн. сомдон же 1 млн. АКШ долларынан ашык суммада зыян келтирилген. Мындан тышкары кызматтан мыйзамсыз кыскарткандыгы үчүн Өкмөт мурдакы кызматкерлерге 80-85 млн. сом компенсация төлөп берүүгө тийиш. Президентибиз менен Премьер-министр өзү дүйнө жүзүн кайырчыдай кыдырып акча сурабай, андан көрө казынадагы каражатты оңду-солду чачканды токтотушпайбы.
Ошол эле учурда КТР сыяктуу өздүк маалымат каражаттары аркылуу айрым жетекчилер бүтүндөй органдын кызматкерлерин бир беткей, "жегич, ичкич" катары жамандап, "маалымат согушун" укмуш жүргүзүштү. Бирок бир да тигил же бул коомдук уюм же "дежур" аналитиктердин тыянагы, бүтүмү жок. Ал эми жаңыдан жарыяланган сынактын талабына ылайык, талапкерлер 35 жашка чейин болуш керек. Бул популистиктен башка эч бир негизи жок жобо бир гана адам укугун кордобостон, бүтүндөй системанын ишин да үзгүлтүккө учуратууда. Себеби мындай татаал: юридикалык, экономикалык билимди бирдей талап кылган, ошол эле учурда инсан катары да калыптануу үчүн 35 жаш эртелик кылат. Ушул деңгээлге жеткенче адамдын жашы 50нү чамалап калат. Бизде эмне, 35тен өткөндөрдүн баары эле жегич, ичкич, желмогуз, бул куракка чейинкилер гана "золотойбу?". Ушул бийликтин тушунда эле "жаш кадрлар" деген шылтоо менен өздөрүнүн жердеши менен туугандарын майлуу орунга отургузган мода пайда болду.
Ал эми жаңыдан түзүлгөн финансы полиция кызматына талапкерлерди тандап алуучу комиссиянын курамы да талапка жооп бербейт. Алардын ишмердүүлүгү тууралуу эч кандай укуктук документ жок. Эч кандай юридикалык билими жок, бул структурада өмүр боюу иштеп көрбөгөн, коммерциялык мекемелердин кызматкерлери мындай жооптуу органга талапкерлерди кантип тандап алат? Финансы полициясын жоюп, кайра түзүүдөгү "иттин өлүгү" дал ушул жерде көмүлүп жаткан жокпу? Себеби кимдин документин кабыл алып, кимди кулатуу укугу дал ушуларга берилген. Кийин да бул жаш кызматкерлерди тактекедей башкарууга ыңгайлуу болору бештен белгилүү деңизчи.
Мурдагы кызматкерлердин арасынан 50сү эч кандай сынак, тестирлөөсүз эле жаңы структурада иштөөгө татыктуу деп Өкмөт аппарат башчысынын орун басары К.Мусаевдин кайсы бир гезитке берген маеги эмнени каңкуулап турат? Ошол "ак каргалар" кимдин адамы жана алардын кынтыксыз өз кесибинин билерманы экендигин кайсы комиссия аныктады? Алгач 1500 талапкер документин тапшырып, алардын "татыктуулары" тандалып бүтүп калды. Али түзүлбөй жатып Финансы полициясынын жетекчилигине Б.Ашировдун, анын орун басарлыгына К.Балбаев менен А.Төрөбаевдин дайындалышы кимдин буйругу менен болду? Бул жерде Ө.Бабановдун көмүскө "отдел кадры" аталган Кайсар Абылкасымовдун салымы чоң экендигин белгилешүүдө. Ал эми төраганын орун басары болуп дайындалган Балбаев Камиль Кимович бир кезде негизги фигуралардын бири катары Абылкасымов Кайсар суракка алынган кылмыш ишин тергептир. А.Төрөбаев ЖК вице-спикери, Ө.Бабановдун партиялашы ("Республика") Бакыт Төрөбаевдин карачечекей бир тууганы. Демек, шамал кайсыл тараптан согуп жаткандыгы түшүнүктүү...

А.Белеков.




Артык кылам деп...

Бабанов үчүн Атамбаев жоопкерчилик тартабы?


"Өкмөттүн жүз күндүк программасы өзүнүн натыйжасыздыгын көрсөттү. Эми Бабановтун өкмөтүнүн начар иши үчүн жоопкерчиликти президент Атамбаев тартышы ыктымал".

Мындай пикирди саясий серепчи М.Казакпаев маалымат агенттиктеринин бирине билдирген. Өкмөттүн натыйжасыз кадамдарынын бири мамлекеттик атка минерлердин санынын кыскарышына байланыштуу. Серепчинин баамында, өкмөт артык кылам деп, тыртык кылып алган шекилдүү. Бийлик чиновниктерди кыскартуунун натыйжасында каражатты үнөмдөп калабыз деп жатып, иштен бошогон 3 миң кызматкерге үч айлык компенсация төлөп берүү менен баары бир чыгашага учурады. Ошондой эле, анын айтымында, мобилдик операторлор үчүн сатыктан түшкөн салыктын 5%га жогорулашы байланыш кызматы үчүн тарифтердин жогорулашына алып келет, ал эми бул элдин кезектеги толкундоосун жаратпай койбойт.


"Компроматта" деп жүрөт...

Уурдаса да, өзүбүздүн короодогулар


Сүрөттөгү бул үй "Ата-Түрк" паркынын кызматкерлеринин айтымында Данияр Үсөновтун аялы Динара Исаевага тийешелүү.

Фейсбукчу Аваз Акматов мындай ак сарайларга супер-салык киргизүү керек деген пикирде. Анын айтымында, мындай ак сарайларды атка минерлер бизнестен түшкөн кирешеси бар экендигин көрсөткөн жасалма насыяларга салышкандыгын айтышат. Бирок, бул жасалма насыяларды салык, социалдык фонд аркылуу териштире келгенде алардын схемаларынын жолун таап алуу оңой эле болот. Дүйнөлүк практикада ууру-чиновниктер менен сөз кыска болууга тийиш. Ал ошондой эле Курманбек Осмонов туулуп-өскөн Кара-Кулжадагы айылдаштары менен депутат тууралуу сүйлөшүп жатып, "колунан келсе уурдасын, акча кылсын, азыр жашоо ушундай, жок дегенде биздикилер уурдасынчы" деп айткандарын эшиткен экен.


Шумдугуң кур...

Зордукчунун үстүнөн чыгып...


ИИМдин ага лейтенанты өткөн аптанын эс алуу күнү үйүнө кайтып баратып, ыйлап жаткан кызды көрүп калган.

"Аламүдүн-1" кичи районунун короолорунун биринде 8 жашар кыз милиционерге анын курбусун бир эркек киши шоколад алып берип, №1 орто мектеп жакка ээрчитип кеткенин айтып ыйлаган. Милиция кызматкери курулуп бүтө элек үйдүөн аймагын кыдырып, 35-40 жаштардагы эркек 6-8 жаштардагы ыйлап жаткан кызды жыныстык катнашка мажбурлап, бет талаштыра уруп жатканын көргөн. Ага лейтенант кылмышкердин каршылык көрсөтүүсүнөн колу сынып, ага карабастан, кармап, Свердлов райондук №9 ГОМго жеткирген. Зордукчунун аты-жөнү такталып, мурда уурулук үчүн соттолгон 36 жаштагы Лебединовка айылынын тургуну болуп чыкты.


Арстан Алай темир жолунун курулушуна каршы


Арстан Алай жетектеген Элдик академиянын мүчөлөрү журналисттер үчүн маалымат жыйынын өткөрүп, Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолун куруу долбоору боюнча эл аралык ТРАСЕКА программасына караманча каршы экендиктерин билдиришти.

"Биздин өлкө үчүн экологиялык зыяндуулугунан башка пайдасы жок. Анткени, биз 15 тоо кен байлыгыбызды иштетүүгө беришибиз керек болот. Кыргызстандан Кытайга ташый турган бизде өндүрүш деле жок болгондуктан, анын кереги жок болчу", - дейт. Анын пикиринде, темир жолду куруу долбоорун ишке ашырууда биринчи кезекте Кыргызстанга келтире турган зыяндуулугун эске алуу зарыл. Ал эми Элдик академиянын мүчөсү Таштан Мамбеталиевдин айтымында, бул демилге 1993-1997-жылдардан бери көтөрүлүп келет. Ал Кытай элинин жана Батыш өлкөлөрүнүн гана кызыкчылыгын көздөйт. Кытай мамлекети өзүнүн саясатын күчөтүп, Борбордук Азия жана КМШ өлкөлөрүнө экономикалык таасирин тийгизе турганы анык. "Майдан.kg" гезити кийинки сандарында бул багытта Арстан Алай менен кызыктуу маек курмакчыбыз.


Эй, жок жаман...

Светофоруңарды алгыла


Бишкектик айрым тургундар Москва жана Логвиненко көчөлөрүнүн кесилишине коюлган үн чыгарып туруучу светофордун доошу өтө эле ачуу экендигине нааразы болушууда.

Бишкектин тургуну Айбек Баратов: "Светофордун добушунун үнү катуудан дагы, өтө ачуу экен. Жанынан өтүп баратканда эч нерсе эмес, анын жанында жашап, күндүр-түндүр ошонун добушун уга берип тажадык. Айрыкча, түн ичинде жымжырттык өкүм сүрүп тургандачы... Терезелер жабык болуп турса деле дабышы угула берет, күн жылыган сайын айнектерди ачууга туура келет, анда эмне болот, билбейм" - дейт.
Шаардык бул жигиттин айтымында, жергиликтүү бийлик токтоосуз чара көрбөсө, сигналдын үнүн басуу үчүн ушул райондо жашагандарды топтоп, "светофорду өз күчү менен демонстрациялоого" чейин барышы мүмкүн. Айтмакчы, шаар мэри март айында мындай светофорлор баш калаанын 13 кесилишинде орнотула тургандыгын журналисттерге билдирген.


Бул жагынан да арттабыз

Кыргызстан бакыттын деңгээли боюнча дүйнөдө 105-орунда


Кыргызстан дүйнө жүзү боюнча адамдардын өзүн бактылуу сезиши боюнча 105-орунду ээледи. Мындай маалымат БУУнун буюртмасы боюнча Американын Колумбия университетинин аналитиктери тарабынан жасалган тыянакта айтылат. Бул иликтөөгү дүйнөнүн 156 мамлекетинен 15 жаштан жогору 1000ден адам катышкан. Алар тиешелүү суроолорго жооп берүү менен өзүнүн турмуш деңгээлин жана канчалык даражада бактылуу экендигин аныкташкан.

Натыйжада жер жүзүндөгү эң бактылуу жана жыргал турмушта жашаган адамдар даниялыктар болуп табылган. Андан кийинки экинчи жана үчүнчү орунга скандинавиялык Швеция жана Канада мамлекеттери кошулган.
Мындан тышкары алдыңкы он орунга Австралия, Венесуэла, Финляндия жана Израиль кошулган. Ошондой эле Жаңы Зеландия, Нидерланды, Ирландия, АКШ алдыңкы 12 катардан орун алган.
Россия болжол менен жоон ортодон орун алган (76-орун). Мурдагы СССР республикаларынын арасынан эң жакшы көрсөткүчкө жакында "Улуу Кайра жаралуу доорунан кийин келген эбегейсиз күч-кубат жана бакыт доорунун башталышы" деген ураан расмий түрдө жарыяланган Түркмөнстан жетишкен.
Казакстан бул тизмеде 59, Беларусь - 62, Өзбекстан - 79, Украина - 91, Тажикстан - 115, Азербайжан - 116, Армения - 122, Грузия - 146 орундарга илинген.
Эң бактысыз мамлекеттер болуп Чад Республикасы, Борбордук-Африка республикасы, Гаити, Буркина-Фасо жана Камбоджа сыяктуу адамдардын турмуш деңгээлинин көрсөткүчү 1ден 3 пунктка чейин гана канааттандырылган өлкөлөр саналган.