КР президенти Алмазбек Атамбаевге
КР премьер-министри Өмүрбек Бабановго
КР Жогорку Кеңешинин төрагасы Асылбек Жээнбековго

Соттордун кылыгы жанга тийди...


Сот акча берген адамдын сөзүн тактап, "акты - кара, караны - ак" деп, акыйкаттык, адилеттүүлүк деген ураандарды унутуп, негизги милдетин аткарбай, соодагерге айланып, "пулуң болсо кулуңмун" деп, кыргыздын ыйык белгилерин чайкоочулуктун чапанына тагып алып, "заманыма жараша жашап жатам" дегенсип көзү көрбөй, кулагы укпай калган кез.
Артымдан келип арматура менен акырегимди сындыра чаап, эсим ооп жыгылып түшкөндө, сабап кирип, денемди чапкылап, бетимди, башымды тепкилеп кеткен Караев Жолдошбек Шарабидиновичти Өзгөн районунун соту Султанов К.К. актап жиберди. Караевдин апасы баласына кошумча болуп таяк менен сабаса да, мени өлтүртпөй баласын жетелеп кеткен үчүн ага доомат койгон жокмун.
Бул окуянын маңызы. Ошол себептен, мен оор жаракат алган адам катары, милиция, сотко кайрылып, адилеттүүлүкту талап кылып жатам..
Ага чейин, адаттагыдай эле, Өзгөндөн жердештеримди машинама салып, Ийри-суунун борборуна түшүрүп, тууганым Бармакулов Кадырбектин машинасын көрүп, учурашканы барсам, артында мас Караев Ж. отуруптур. Караев Ж. ошол борбодо жашайт. Борбордо арак саткан "камоктор" көп. Тууганыма кол берип көрүшүп, Караевди көргүм, салам бергим да келген жок.
Караев Ж. жезделерине кол көтөрүп, аларды сабап, бейбаштыгы менен айылда белгилүү. Жезделеринин бири менин бир тууган иним Бактыбай. Ошого байланыштуу Караевди мен "адам касиеттерине ээ эмес" деп, аны сыйлабайм, салам бербейм дайыма.
Караевге салам бербей койсом, ызаланып, ар кандай сөздөрдү айтып, мушташам деп чыкты. Жакалашып кеттик. Барманкулов Кадырбек ажыратып койду. Бир нече убакыттан кийин Барманкулов үйүнө жөнөдү. Караев Ж. мас бойдон ошол жерде тегеренип жүрдү.
Мен кетейин деп, машинамды карай басып кетип жатсам, артымдан арматура менен акырегиме уруп, жыга чаап, союл менен апасы сабап, денеме, башыма тепкилеп, Караев Ж. апасы экөө үйлөрүнө жөнөштү, каадаланып, намыстарын коргогон адамдардай болуп.
"Заключение судмед эксперта № 1632" деген документтен аябай сабаганы даана көрүнүп турат. Анын бардыгын милиция, сот окугусу да жок. Бир гана аларга бурмалоого ыңгайлуу "менее тяжкий вред здоровью" деген жазууну гана окуйт, башкасын эске алгысы келбейт. Денеде таза, урулбаган орун жок экенин карагысы да келбейт: "от многократного действия тупого твердого предмета", "кровоподтеки длиной 43 см., шириной 1,5 см на спине слева", "кровоподтеки на передней поверхности грудной клетки размером 24х20 см", "кровоподтеки в области левой ключицы, в области левой локтевой области", "ссадина в области шеи". Андан тышкары акыректин сынган аныктамалары келтирилген.
Милиция, сотко кайрылып, Караев Ж. денеме оор зака кетирген үчүн, өзүм үчүнчү группадагы майып болсом, алты баланын атасы болсом, мыйзам ченеминде ал оор айыпка тартылсын, камака алынсын деген талапты койдум.
Ош областык ооруканасында мага хирургтар операция жасап, сынган акырегимди темир менен байлап, дарылап жаткан кезде, Караев Ж. милиция, сотту сатып ала турган жолго түштү. Көчөдө эркин басып, милиция (тергөөчү Султанов С.) тараптан кармалбай, камакка алынбай, суралбай, жоопко тартылбай жүрдү.
Милиция, сот акчага кызыгып, ишти чоюп, "фальсификация", бурмалоо, "клевета", "лжесвидетельство" деген ыкмаларды пайдаланып жатканы ачык эле көрүнүп турду. Жада калса, милиция ортомчу болуп Караев Ж. менен элдешкиле дегенге чейин барды.
Эжем менин укугумду коргоп, талабымды талашып, милиция, прокуратура, сотко бирге жүгүрүп жүргөндү көрүп, Караев Ж. сотту, милицияны сатып алам деп ачык эле мени кекете баштады. Апасы Карамат менин аялым менен жулмалашканга чейин барды. Инсульт болуп ооруканага түшкөн атасын мени урду деп, бир том жалган кагаздарды милиционер Эрматов топтой баштады. Бул томду Жогорку Сот "ишке кошолубу же жокпу" дегенде Караевдин адвокаты Истанбеков А."ишке тиркелбесин" деп, айласын таппай калгандан кийин сотко жооп берди. Аныктап айтканда, адвокаты Истанбеков А баш болуп, милициясы Эрматов төш болуп, бир том жалган кагаз топтогон, алган акчаларын акташ үчүн.
Өзгөндүн соту да четте калган жок, "фальсификация" жолунан. Апасын коргоо максатында, "апаң экөөң урдуңар беле" деген суроого, милиция, адвокаты машыктырган Караев Ж. коркуп кетип "мен эле ургамын" деп мойнуна алып жиберген. Сот аны укмаксанга салып, Караев Ж. "күнөөсүн мойнуна албайт" деп балтайтып өкүмүнө жазып салган.

Акчаны алган себептеп, соттун максаты Караевди акташ керек деген ыкма менен карасак, соттун өкүмүн окусак, ошого дал келет:
1. Мас Караевди соо кылып, залака тарткан Шадыканов Нарматты мас кылат.
2. Караев Ж. жезделерин уруп, адам касиетке ээ эмес десем, Караев Ж. кудасын урмак беле деп сот өкүмүнө жазат, актоо максатында. Караевди "бир топ эле кичүү" менден деп, дагы бир кыргыздын ыйык касиетине ээ кылып, улууларды сыйлайт дегенсип, жезделерин, кудаларын урбайт деп, аксиома катары далилдеп жатат.
3. Караевдин бейбаштыгын "эл билсе да, сельсовет билбейт" десек, "жашаган (сельсоветтен) жеринен жакшы мүнөздөмөлөрүн эске алат да, сот анын күнөсү далилденбестигинен актоо жатат деп сот эсептейт" деп өкүмүнө жазып салат.
4. "Лжесвидетели", жалган күбөлөр пайдаланылат: Чолпонбаева А., Айтбаева Бермет, Абдираимова Уулбу. Булар Караевдин апасынын сиңдилери, келиндери.
5. Соттун өкүмү соттун отурумунда айтылбайт, бир нече убактан кийин гана араң сурап атып билип алдык. Бул убакта соода жүрүп жатты деп эсептесек болот, Караев Ж. менен судья Султанов К.К. ортосунда, адвокаты Истанбеков А менен судья Султанов К.К. ортосунда.
Өзгөн районунун соту Султанов К.К., өз кызыкчылыгына, акча алыш үчүн, кызматын пайдаланып, бир жактуу өкүм чыгарган үчүн жоопко тартылсын, жумуштан сот катары бошотулсун, экинчи жолу эч качан сот болбостугуп талап кылам.
Адилеттүүлүк, акыйкаттык деген барбы? Же соттун акыйкаттыгы жөнөкөй эле ураанбы? Соттордун жеке кызыкчылыгын коргоо максатында, алар эч кимге баш ийбей, бийликтин бир бутагы катары "өзүм билем өтүгүмдү төргө илем" деген максатта жашаган адамдар үчүн майлуу токочбу?
Ош областтык жазык иштери жана административтик укук бузуулар, андан соң Жогорку Сот тарабынан Караев Жолдошбек Шарабидиновичтин күнөөсү далилденген. Жазасы жеңилдетилип калган. Ага себеп болуп бир нече том башаламандык, жалган кагаздар толтурулган деп эсептесек туура эле болот. Милиция, сот тарабынан "фальсификация" деген ыкма кеңири колдонулган.
"Бетимди, башымды тепкиледи" деп дайыма какшап келатсам, аны укмаксанга салып, көк-ала болгон бетимди, башымды көрбөгөндөй болуп, судмедэксперт Мамадыев Б.М. "в момент травмы сознание не терял" деп шашылыш түрүндө менин сөзүм кылып аныктама катары жазып жатат, ишти жеңилдетүү максатында. Айтып кете турган нерсе, Өзгөн районунун ооруканасына кайрылганда, кебетемди көрүп, милицияга "урган Караев Ж. жөнүндө сөзсүз түрүндө кабар беребиз, ал жазасын алыш керек" деп адам касиеттерин көрсөтүштү эле. Койгон диагнозунда "сотрясение головного мозга" деген кошумча аныктама бар. Өзгөн районунун ооруканасында бир күн жаттым, Ош областтык ооруканасына эртеси агам апарып жаткырды.
Судмедэксперт Мамадыев Б.М., 25 жылдан ашык иштеп, куулуктун туу чокусуна жетип, "за медицинской помощью обратился в ОООКБ" деп жазып, Өзгөн райондук оорукананын атын жазгысы келбейт. Өзгөндүн райондук ооруканасы "история болезни" деген документине "сотрясение головного мозга" деген диагнозго аныктамаларын камтыйт, бетимдин, көзүмдүн, башымдын кебетеси жазылган.
"Выводы, пункт 1-де." туура негиздер келтирилип, бирок баа берилген эмес, канчалык ден соолука зыян келтирилгени.
Үстүндө келтирилген дооматтарды эске алып, жаңы ачылган жагдай боюнча Караев Жолдошбек Шарабидиновичтин кылмыш ишин кайрадан карап, адилеттүүлүктү ордуна келтирүүнү талап кылам. Милдетиңерди туугандар аткаргыла, жеке кызыкчылыгыңарды эле эңсебей.
Прокуратура биздин укугубузду коргойт, мыйзам ченемдүүлүктү коргойт деп жүрсөк, өзү укуксуз экен, азыркы реформаторлордун закону боюнча. Алардын милдетин биз аткарабыз деп "неправительственые организации" деген топ, биздин арыздарыбызды топтоп, полкага коюп, бирок ишти ордунан жылдыра албаса да, элди ишендирип отурат, "сотту алмаштырабыз" дегенсип. Көз боёмочулук жалпы бийликтин саясатына айлангансып отурат.
Сотко ашыкча укуктар берилгени, прокуратуранын алсыздыгы, тең салмактык жокко чыгарылганы, сот жоопко тартылбаганы, адилеттүүлүк орнобой турганын, ар кандай бийлик мекемелерге кайрылып жүрүп чечим чыгардык.
Сотто адилеттүүлүк орнотулбаса, "самосуд" деген ыкма альтернатива катары кеңири пайдаланылып, сот таратылсын!

P.S. Сотто адилеттүүлүк болсо мындай арыздар жазылбай, Өзгөндөн эле чечилип, Ошко, Бишкеке убара болуп келбейт элек. Же мындай "схеманын" Сотко пайдасы көппү?

Урматоо менен
Шадыканов Нармат
Батыралиевич,
Өзгөн району, Ийри-суу айылы, уч. Жийде
тел. 0779-99-28-23




Нааразылык

Таластыктар Өмүрбек Бабановго кул болуп бере албайт...



Талас шаарында элдик революциянын "Акыйкат" кыймылы өткөргөн тынчтык митингинде элдин нааразылыктары айтылып, резолюция кабыл алынды.

Митингдин катышуучулары 2010-жылдын 7-апрелинен кийин убактылуу өкмөт жана азыркы бийлик башындагылар тарабынан көп убадалар берилгендиги, алардын канчасы аткарылып, канчасы көмүскөдө калгандыгы тууралуу кеңири сөз кылды. Алардын пикиринде, элди канга боёп, канча адамдын өлүмүнө себепкер болгон Бакиевдин үй-бүлөсү жана анын командасындагылар ушул күнгө чейин жоопко тартыла элек. "Азыркы өкмөт мурдагы бийлик убагындагыдай эле кен байлыктарды Кыргызстандын пайдасына эмес, бөлөк-бөтөн адамдарга берүүдө. Экономиканын өнүгүшүнө шарттарды түзүүнүн ордуна курулай убадалар менен тойгузуп, мамлекеттин стратегиялык объектилерин сатыкка коюп жатат. Реформанын шылтоосу менен жумушсуздардын санын көбөйтүп, алардын жарандык укуктарын тебеледи. Өлкөнүн бир топ аймактарында дыйкандардын дан азыктары, анын ичинде картөшкөлөрү өзүнүн чыгашасын актабай, чирип калды. Өкмөттүн стратегиялык программасы алсыз жана натыйжасыз экендигин көрсөттү.
Азыркы өкмөт башында турган премьер-министр Ө.Бабанов өз ишинде мурдагы бийликтин каталарын кайталап, өзүнүн "Республика" партиясынын монополиясын жүргүзүп жаткандыгы баарына эле дайын. Кыргызстандын жети дубанында акимдердин көпчүлүгү ушул партиядан шайланды. Республикадагы кадр маселесин мурдагы Үсөн акедей болуп, Бабановтун казак досу Кайсар чечет экен. Таластагы кадр маселесин иниси Көпжашар Бабанов чечип жатат. Бул көзгө көрүнбөгөн административдик ресурстун колдонулушу деп эсептейбиз" - дешет таластыктар.
"Талас эли мурунку "акжолчулардан" түзүлгөн азыркы "Республика" партиясына жана азыркы премьер-министр Ө.Бабановко кул болуп бере албайт" деген эл бир нече талаптарды бийликтин алдына койду. Булардын ичинде "Мурдагы тоталитардык бийликтин башчылары Кыргызстанга чакырылып, жоопко тартылсын. Түштүк коогалаңын уюштурган өзбек улутундагы сепаратист лидерлер кармалып, жоопко тартылсын. Өкмөт тарабынан насыя берүү системасы элдин кызыкчылыгына багытталып, кайра каралып чыксын. Бир партиянын кызкчылыгын көздөп, бийликти менчиктеп жана мономполисттик саясат жүргүзгөн өкмөт башчысы Ө.Бабанов министрлер кабинети менен өз ыктыяры менен кызматтан баш тартсын" деген чакырыктар бар.

Таластыктар жакынкы күндөрдө мындай маанайдагы митингин кайрадан улантмакчы.