Башы жок чабандестердей...

Багытын унуткан бийлик партиялары



Мейли уюм, кыймыл же партия болсун, адеп сөзсүз түрдө өзүнүн жобосун иштеп чыгат. Андан аркы аракетинде дал ушул алкакты негиз кылып алууга тийиш. Чындыкта уюмдар уставында эмне жөнүндө жазылгандыгы тууралуу унутуп калгандай сезилет. Бийликтин партиялары жоболорунда көрсөтүлгөн коомдук багыттары боюнча иш алып барып жатабы? Албетте, бул суроого көңүл бурбаса да болот. Бирок, учур көңүл бурууну талап кылып жаткандай. Төмөндө ушул тууралуу азыноолак сөз кылсак.

Президент А.Атамбаевге кош канат бүтүргөн Кыргызстан социал-демократиялык партиясы учурда мүмкүнчүлүгүнүн жетишинче өлкөнүн кош тизгинин өз колуна кармап, Кыргызстанды кайдадыр жетегине алып жаткансыйт. Калкты түйшөлткөн жери кайда барабыз? КСДПчылар партиясынын аты айтып тургандай, коомдук багыты социал-демократияны куруу. Мурдагы СССРдин курамына кирген мамлекеттерде "социал" деген сөз кадимки бейпилчиликти, арзанчылыкты элестеткен өзүнчө доор болуп биздин элесибизде түбөлүккө калды. "Социал" деген сөз жашоо-шарттын деңгээлин аныктоочу термин катары колдонулса да, биз аны теңчилик жашоо-шартынын мыкты үлгүсү деп айтып жүрөбүз. КСДП партиясынын иш-аракеттери Уставында жазылган багыттарга коошпой жатканы коомго белгилүү эле болуп турат. Либерал экономиканы (ээн-эркин баш аламан өнүгүү, мамлекеттин көзөмөлү жок, күчтүүсү алсызын талкалаган) мындайча айтканда, капиталисттик ири монополисттерди жаратуучу коомду өнүктүрүп жатканын көрүп турабыз. Коом ошол үчүн баш аламан. Адамдар да башкача болуп бара жатат. Демек, капитализмдин, ушул коомдун келечеги жок десек туура болгудай. Капитализм ааламдашуу учурундагы капкан экенин түшүнгөн саясатчылар күндөн күнгө элдин жашоосун оорлотуп, мамлекеттин коопсуздугуна болгон коркунучу чоңоюп жатат. Парламенттеги фракциялар мамлекеттин башкы мүлктөрүн эч кандай эске албай, мисалы, жерди биз канткенде туура пайдалана алабыз, ири мамлекеттик мекеме, завод-фабрикалар, айыл чарбасы жөнүндө ойлонбой, өздөрүнүн бактысын өздөрү чектеп, мурдагы президенттердей кимди кайсыл жерге жумушка орноштуруп, бийликти бекемдесем деген жасалмалуулукту жаратып жатат.
"Республика" саясий партиясы - коомдогу аткаруу иштерин өздөрүнүн күч аракетине жараша жазып алышкан. Эч кандай социалдык жана коммунисттик деп айтпай, туура эле саясий партия деп айткандыгында кеп жатат. Демек, кандай гана партия болбосун максаты элдин жашоо-шартын оңдоо деп саналат. Виктор Гюго айткандай, "ар дайым коомдо чолок ойлорго кооз уйкаштар балдак катары кызмат кылышат",- деген сыяктуу. Партиянын уставына дагы бир көңүл бурсак, өлкөнүн маданиятына жана тилине кам көрүү жөнүндө да айтылат. Келген жаңы өкмөттүн жана президенттин улуттук кыргыз тили жөнүндө эч кандай аракеттер болбой жатканын коом көрүп турат. Жакында Бишкектеги бир гимназиядагы окуучулардан "Кайсыл сабак силерге кызыксыз?",- деп сурамжылоо жүргүзгөндө "кыргыз тили бизге эмне кереги бар, ал сабакты алып салгыла" деген окуучулардын сунушу эң көп түшкөн. Бул улут үчүн эң эле уят нерсе. Келечек тилден танып жатса, аларга ким кам көрүшү керек? Эмне үчүн "Республика" өз уставында жазылган орчундуу болуп турган улуттун башкы көйгөйүн колдобой жатат? Бул сыяктуу көйгөйлөр көп, аларды чын ниеттери менен оңдоону ойлобосо, анда алар өздөрүнүн жанынын жыргалчылыгы үчүн жашаган киши болуп, кыргыз тарыхында төмөн баа берилген саясатчыларынын катарында болуп кааларынан шек жок. Дагы убакыт бар, кантсе да адамды сүйлөгөн сөзүнөн, кыймыл-аракетинен кыргыздар бат эле билип коёт эмеспи. "Кишинин маңдайынан карап сөз узат",- деп айтат. "Республика" партиясы социал-демократ дагы эмес, элдин саясий гана абалын курутуучу партия болуп калабы?
"Ата-Мекен" социалисттик партиясы аты айтып тургандай, социалисттик коомго жетелөөчү партиялардын алдыңкы сабында турат. Бул партиянын кылган иш-аракеттерине карап биз социалисттик жашоону элестете алабызбы? Же, Социалисттик "Ата-мекен" партия деген жазуу социалисттерди жөн гана куру сөз менен азгыруучу лозунгбу? Кооздук үчүн жазылып калганбы? Бул ойлор эмне үчүн айтылып жүрөт? Себеби, "Ата-Мекен" партиясы социалисттик жашоо үчүн балким, колунан келгенин жасап жаткандыр. Эмне үчүн бул партиянын ишеничтүү кишилери эсептелген Равшан Жээнбеков сыяктуулар коомдо жаштарды чогултуп, "биз либерал экономиканы түзөбүз",- деп жар чакырып жүрүшөт. Өзүнүн тарыхында туруктуулугу менен эл оозунда алынып жүргөн партия үчүн бул чоң уят. Анткени, партиянын ичиндеги биримдик менен идеянын тактыгы жок болуп ишенимсиздикти жаратат. Же уставды өзгөртүп, КСДП, "Ата-Мекен" партиялары социалисттик жашоонун наамын булгабай, партиялардын уставына өзгөртүү киргизип, либерал экономика же капиталисттик деп өзгөртүп алса иштери мындан да жүрүшүп кетет беле.

Бул партиялар өз максаттарын так аткарбаса, Кыргызстанга ал партиялар чындыкты, улуттук-идеологиялык башкарууну, тилдин абалын, мамлекетин келечегин түзүп бере алабы? Сын эч кимге жакпайт, бирок, сынды көтөрүп, аны жүрөк менен кабыл алып, өз катачылыгын сезүү, коомдук пикирлерге көңүл коюу - бул адамдагы эң бийик сапат болсо керек. Күчүнө ишенип, "Эмне мен жөнүндө жаман маалымат таратасың?",- деп куугунтука алган Бакиевди да көрбөдүкпү.

Айбек СЕЙИТБЕКОВ




Атамбаев, Бабанов, Жээнбековдор итке минген кедейлерби?



Мамлекеттик кадр кызматынын жыл сайын мартка чейин элдин эсебинен жашаган "жакшылардын" байлыгын жамы журтка жарыялаган жөрөлгөсү бар эмеспи. Анда чиновниктер жыл боюу "таман акы, маңдай тери" менен тапкан кирешесин өз эрки менен жазууга тийиш. Карапайым калктын көзүн күйгүзүп, ичин ачыштырган мындай эрежени ким, кандай максатта ойлоп тапкандыгын жарытылуу түшүндүрүп берген эч ким жок. Сыягы, алар мамлекеттик майлуу, жайлуу кызматтарда иштеп жүрүп топтогон байлыгын "адалдап" алууну көздөшсө керек. Кептин баары ошол декларациянын туура толтурулушунда болуп жатпайбы.

Бирок, башкасын айтпай эле коёлу, мамлекетибиздеги үч үлкөн "эл багарлардын" (А.Атамбаев, Ө.Бабанов. А.Жээнбеков) быйылкы декларациясы элдин ишенбөөсүн гана эмес, кыжырын да келтирүүдө. Ушундан эле алардын канчалык деңгээлде чынчыл, таза, адилет иштеп, ыймандуу экендигин билсек болот. Себеби, алардын декларацияларына көз жүгүртсөк, мамлекет жетекчилеринин материалдык абалы өлкөбүздөгү жакыр турмушта жашаган жарандардын катарында экендигине күбө болобуз.
Көрсө, кыргыздардын эң байы, миллиардер деп жүргөн Өкмөт башчы Өмүрбек Бабанов ири базарлар менен кампа, алтын сатуучу дүкөндөрдү мындай кой, үйү да жок жарды экен. Анткени, ал декларациясында жеке менчик автомашинасы эмес, менчик үйү да жок экендигин көрсөткөн. Болгону бир жыл ичинде өкмөт башчысы маянасынын эсебинен үй-бүлөлүк бюджеттине 879 миң сом киреше киргизиптир. Ошол эле учурда анын жакын адамдары иштеп тапкан кирешенин көлөмү бир миллион эки жүз миң сомдун айланасында.
Мындай таң каларлык жагдай боюнча Өкмөттүн маалымат саясаты бөлүмүнүн башчысы Султан Каназаровго "Азаттык" радиосунун журналисттери кайрылышкан, ал адатынча такылдап минтип жооп узатыптыр:
- Эмнеге чындыкка дал келбейт экен? Үйү жок болсо жок да. Анткени, декларация тиешелүү мамлекеттик кызматкер тарабынан мыйзам чегинде толтурулат. Ага ылайык тиешелүү маалыматтар текшерилиши мүмкүн. Көрсөтүлгөн маалыматтын туура же туура эместиги боюнча ар бир мамлекеттик кызматкер мыйзам алдында жооп берет.
Ошол эле учурда аталган маалымат булагы Ө.Бабановго тиешелүү деп эл арасында айтылып жүргөн төмөндөгүдөй байлыктарын эсептеп берген:
"АКБ - Кыргызстан" банкы, РИО автобазары, НТС телеканалы, мунайзат базасы. Бирок алардын юридикалык ээси болуп башка адам катталган болушу мүмкүн деген күмөн саноолор да бар.
Баарынан кызыгы, жыл сайын Бабановдун жакырчылыктын сазына батып (карапайым эл сыяктуу) байлыгынын азайып бараткандыгы. Себеби анын толтурган декларациясында былтыркыдан быйыл бир топ мүлкү аз көрсөтүлгөн.
Мисалы, 2011-жылы Бабановдун эки бөлмөлүү үйү жана бир автомашинасы көрсөтүлсө, быйылкысында бир дагы мүлкүн жазган эмес (балким, байлыгы өтө көп болуп, кайсы бирин жазууга убактысы болгон эместир?...). Ал эми Сиз Бабановдун бай эмес, жарды экендигине ишенесизби?
Ал эми президент Алмазбек Атамбаев БӨТкө караганда (бир аз ыймандуу эмеспи) чындыкка жакын цифраларды көрсөткөн менен бул да аягында убактысы болбой, Акаев учурунда менчиктештирип алган ири заводдорун "унутуп" калгандай. Ошентип ажобуз болгону 1 миллион 213 миң сом маяна иштеп таап, ошол эле учурда жакын туугандары 89 миң доллардан ашуун киреше табышыптыр. Мындан тышкары 100 миң долларлык турак үйүн көрсөтүп, жалпы баасы беш миллион доллардан ашуун жер участогу менен имараты башка бирөөнүн башкаруусунда экендиги белгилеген. Ошондой эле ал өзүнө караштуу эки миң долларлык жана төрт миң доллардын айланасындагы эки менчик автоуунасы бар экендигин да көрсөткөн. Эми бул бирден эски "Жигулиси жана "Аудиси" гана бар дегендик. Ал эми "Автомаш" баш болгон төрт-беш завод кайда? Же алар эбак эле башка бирөөлөргө сатылып же катталып калганбы?
Жогорку Кеңештин төрагасы Асилбек Жээнбековдун абалы деле "боор ооруй" тургандай экен. Көрсө, ал өткөн бир жылда негизги жумуш ордунан 616 миң, башка киреше булагынан 2 миллион 200 миң сом каражат тапкан. Ошондой эле ал декларацияда баасы элүү миң сомго барабар менчик үйү бар экендигин көрсөткөн. Мындан сырткары төрага наркы он миллион сомдон ашкан жер тилкеси менен кыймылсыз мүлкү жана жер тилкеси жакын адамдарынын башкаруусуна өткөрүлгөндүгүн белгилеген. Сыягы, азыр Оштун губернатору болуп турган, Бакиевдин учурунда айыл чарба министри болгон бир тууган агасы Сооронбай Жээнбековдун учурунда жерди иштеткенди гана билип, үй салууну "унутуп" калган окшойт. Себеби 50 миң сомдук үй деп азыр "времянкалар" гана эсептелет. Ал да "Дордой" тараптагы болушу мүмкүн.
Кыскасы, биз байлыгына көз артып, суктанып жүргөн үч мамлекет башчыларыбыз керек болсо үйү жок "бомж", эски машинасы бар жарды жана "времянкада" жашаган кедей болуп чыкты. Айрым билермандардын айтуусунда булар эки ирет Акаев, Бакиевдин байлыгы тонолгондугунан сабак алып, негизги мүлкүн чет мамлекеттерге каттатып койгон. Ал тургай ал жакта күндө күмүш, айда алтын тууп турган завод, фабрикалары да бар болушу мүмкүн. Ошондуктан кыргыз элинин шору арылбайт экен. Анткени булар качан өздөрү көр байлыкка тоюп, анан элди ойлошот?

А. Белеков