Мурзапар Үсөн

Дөө китеп


(роман)
"Ой, бул Аракилик соодагер жигит Асмар го" деп эс-учтан тандырган ооруунун кандай андайлыгына түшүнө беришпей бүшүркөгөн адамдар "эми кандай болот? Кербенбашынын башына түшкөн ташпишти тамаша кылгандай болбой тарайлы" деген ыйбада сарай ичи сээлдей түшкөндө эле Асмар ордунан туруп булгары масысынын кончундагы камчысын ала өзүн-өзү камчылап зикир сала ырдап кирди. Мындайды көрбөгөн эл бирин бири эрчип кайра эле сарайга ышкалып батпай кетти. "Бул эмнеси, Асмар соодагер жинди болгонбу? Же бахрейиндерде ушундай зикир салмай өнөр чыкканбы? Жок, андай эмес, баланы ушинтип дабалайт окшойт. Азыр табыптар, бакшылар көбөйүп кетишпедиби, ошондойлордун бири да. Азыр адамдар кимге ишенишин да билбей калышты" деп Асмардын бирөөлөрдү чакыра зикир сала бийлеген ырына таң калып жатышты.

Дөө, шаарлар буйругу,
Айткан сөзүн угуп ал.
Жин, шайтандар уюгун,
Азыр, азыр бузат ал!
Хү-үү! Хү-үү!
Толгоп туруп куйругун,
Чаап салып, жанын ал!
Хү-үү! Хү-үү!
Аалам ээси Манастын,
Буюрганын кабыл ал!
Хү-үү! Хү-үү!
Дөө китепти түшүргөн,
Касида-төрө кабыл ал!
Хү-үү! Хү-үү!
Периштелер жакшысын,
Жөнөтө көр тезирээк.
Тазалай көр денесин,
Аруулукта кезигет!
Хү-үү! Хү-үү!
Алдым, алдым моюнга,
Айтканыңды аткарам.
Жигит дартын ала көр,
Көзгө илбей эсирдим,
Аалам ээси кечиргин?!
Хү-үү! Хү-үү! Асмар Йонду атасы менен кошо сабалап оозунан буркураган көбүк куюла алка-шалка түшө алдан ал, жандан жан жок зикир сала секирип сөрүдөн түшө адамдарды аралай таруудай төгүлгөн ырына кошула өзүн-өзү камчыланып, аң-таң селейе каткан адамдарды кошо сабалап хү-үүлөп киргенде гүүлдөп күжүлдөгөн элде да жандануу пайда болуп, желкесине камчы чабылган адам ошо заматта Асмарга кошула жер тепкилеп зикир салганын да билбей, адамга ышкалган кербенсарай жапырт айтылган хү-үүгө жаңырып дүңгүрөп кетти. Өзүн жогото зикир салгандар бири-бирине колдорун арта моюндашып төгөрөнө Йон жаткан сөрүнү төгөрөнө бийлеп жатышты. "Тообо!" деп жакасын кармана отурган Курай-төрө да элигип тургусу кыстап, улам баласынын жүзүн карап, бүткөн бою чымырап, ойдо түштө жок зикир оюнунун баштоочусу аяш уулу Асмардын көзүн жума салган зикирине кошула тынбай төгүлгөн ырына таң калып отурду. Дене бою магдырап жагымдуу илеп желпип өткөндөй ушунчалык талыкшып кирпик ирмегенге да алы келбей уулунун башына башын жөлөй кантип уйкуга кеткенин билбей деле калды. Зикир оюну канчага уланды өзүн жогото талыкшып чарчагандар жаактары карыша эсинеп боо-боо түшө сөрүлөрдө сулап жатышты. Шаар башчысына кабар жеткенби эл тынчтыгына көз салып турчу жалаңдаган саркер аскерлер дүра союлдарын көтөрө жете келишти. "Бул эмнеси, сулап жаткан элге не болгон?" деген таң калуу шаар башчысынын көзүн алайта эсин оодарып койду. Шашкалактап саркерлерге элди тезинен таратууга буйрук берип жатты. Асмар эсине келип-келбей Йондун абалынан кабар алган боло колунун тамырын кармап отурду. Аяшатасы Курайдын колун кармап "туруң, сиз да уктап кеттиңизби? Йон азыр эсине келет" деп силкилдете ойготту.
"Ох, бизди кандай балакет чырмады, Асмар? Йонго не болду өзү?" деп уктап калганына таң кала уулу Йонго карады. Азда барып терең үшкүрүнө бала да көзүн ача башын көтөрдү, "ушунчалык катуу уктап кеткенимди. Асмар аке, сиз да уктадыңызбы? Мынча эл көп?" деп төгөрөгүн таң калуу менен карап мындайлыктын чоожайына түшүнбөй деле калды. Атасы төө сатып алам деп базарга кетип, Асмар акеси чайдан кийин кызык аңгеме куруп анан дүкөнүнө кетпеди беле. Бул сөрүлөрдө сулап жаткан адамдарды саркерлер тургузуп сарайдан айдап чыгып жатышат, не болгон өзү? Тообо, түшүмдө нелерди гана көрбөдүм. Алыскы бут жетпеген Тебетке да барып келдим окшойт" деп өңү түшүнө ишеналбай бүшүркөгөн Йон ордунан тура сөрүдөн түшүп илкий басып кербен сарайдан чыгып баратты. "Элди мына ушу Асмар соодагер ушундай абалга алып келди. Кандай гана маскарачылык, өмүрү бут көтөрбөгөн адамдар өзүн жогото бийлеп кетишпедиби. Бул бахрейинди шаарыбыздан кетирбесеңиз болбойт кадырлуу төрөм!" деп шаар башчысына бирөөнүн жобурап айткан сөзү кулагына шак эте түштү. Шундай эле карай салса шаар башчысы эки саркерин эрчите атасы Курай менен Асмар акеси отурган сөрүгө карай жулуна "кана ошо эл бузар бахрейин, качыра көрбөгүлө?!" деп шашкалактай баратканын көрүп калды. "Асмар акем бирдеке кылганбы? Неге аны шаардан кетириш керек? Же соодагерлер бирин-бири көралбай ушактап куйтулук кылып жатышабы? Атам ага жол бербейт. Асмар акем кетпейт" деп шаар башчысынын артынан жөнөдү. Барар барганча саркерлерине карматып бетме-бет суроо салып туруп калды.
- Кана, Асмар бей, элди дүрбөлөңгө түшүргөнүңүздү кандай түшүнсө болот? - деп такырчылап сурап калды. Зикирден шалбырай түшкөн Асмар сүйлөгөнгө да алы келбей көңүлүнө эч нээрсе деле сыкпай турду.
- Кана, айтың, эл баарын кылган ушу деп жатышат. Адамдарды дүрбөлөңгө сала зикир салдырган кандай өнөр бул?
- Менде эч кандай өнөр деле жок. Болгону Курай аяшатамдын уулу Йон эс үчүн билбей калгандан бир нээрсе эпкиндегенби деп зикир сала ырдасам эл өзү кошулду. Мен аларды ушундай кыласыңар деп зордогонум жок, өз каалору менен бийлешти - деп, жабалактай карап турушкан адамдарды - Кана айткылачы, мен силерди ушинтесиңер дедимби? - деп кыдырата суроо сала карады. Бир чыйылдаган соодагер ортого чыга калып, - Жалганыңды кой, камчы менен ар кимисин жонуна чапкылап, бийле, ырда дегениң ошо да. Бул бахрейин жанын жейт. Тынч соодасын жүргүзгөн шаарды буга окшогон эл бузарлар ажине бийин бийлетип отурса жакшылыка алып барбайт, төрөм. Жакшысы Иерусалемди таштап кетсин бул бахрейин - деп шаар башчынын колтугуна суу бүркө ышкак берди. Тургандар да "камчылаганы чын", "бир кысылаты болбосо жөндөн жөн эле зикир сала бийлей береби", "жакшысы буга окшогон эл бузарларды шаардан айдаш керек" деп туш туштан жардана караган эл жаалап жиберишти. Бул көз ирмем окуянын бар жогуна кайыл боло Асмар аяшуулунун өнөрүнө тан бере турган Курай -төрө көптө барып айтаар сөзү көкүрөктө буулуп туруп анан кепке аралашты...
- Эл - журт, төрөм Бекли, мен деле кербен тартып барбаган жерим, көрбөгөн элим калбады көрүнөт. Өнөрлүүнү өгөйлөгөн эл аслиде жарыбайт деп бир акылман айтты эле. Менин уулум акыл үштөн кете эси оогондо Асмар аяш уулумдун өнөрү бар экен колдон келген кереметин көрсөтүп, силер болсо ушу уулубуз жакшы болсун деп колдодуңар эле сопсоо туруп кетти. Мунун кодулагыдай эмнеси жаман. Чын эле Асмарды кетсин десеңер мени да кошуп буларга окшогондорго шаарыбызда орун жок деп кубалагыла. Билсеңер өнөрлүүгө ыклас кылалы. Баарына эле мындай касиеттүү кысылатты бербейт. Анан көптү көрө көп эл менен сизиң-бизиң кыла катташканымдан улам силерге айтарым эч качан келген мейманды сен бахрейин, сен перс, мен иудей деп бөлүнбөгүлө. Аалам башкаруучсунун Манас окуусунда да ушуну айтат дейт, чынбы Асмар, сен Тебеттен илим алгансын.
- Чын, Манас окууда Адам ата, Обо эненин балдарысыңар, бөлүнбөгүлө дейт - деп, мукактана күнөөлүү адамдай башын көтөрбөдү.
- Мына, жаш болсоң да көптү көргөн пакиза таза адамдыгыңды үйрөнгөн өнөр-илимиң менен көрсөтө алдың. Ырахмат, уулум, башты көтөр! Кана, шаар төрөсү Бекли, не дейсиз? Элдин айтканын кыла бул жигитти камашыңыз керекпи? Же?.. - деп жардана турган элди карады. Курай төрөнүн сөзүнө муюй түшкөн эл мукактана туруп калган шаар башчысынан мурда озунуп "андай кылбайлы. Келген мейманды кодулап кубалаган аслиде иудейлерде болгон эмес. Биз түшүндүк, кербен башы туура айтат. Ооруп калган адамга жардам көрсөтсө жаманбы. Кубалабайбыз, соодасын жүргүзө берсин" деп баягы кызык абалда өзүн жогото "хүүлөп" бийлеген эл жөнжайынан зикир салбагандыктарына эми түшүнүп жетишти көрүнөт Асмардын ырдаган өнөрүнө ыраазы боло кайра жардана жактап жатышты. Шаар башчысы өкүм буйругун аткарууга шымалана турду эле кербенбашынын сөзүнө муюй түшкөн эл Курай төрөгө ооп кантер айласын таппай айткан сөзү эле "экинчи дагы ушундай акылга сыйбаган өнөр көрсөтчү болсо аяп отурбаймын, ким болбосун өз жазасын алат" деп кучактап турган дарбызы колдон түшө бармактарын ушалап саркерлерине "колун бошоткула, кеттик" деп каалгый баса эч нээрсени көрбөгөндөй, билбегендей сарай аралап чыгып кетти.
Асмар ошо түнү уктай албай китептин басырыгында кыйналып жатты. Кыялатта жөөлүп, таш манастырларды жаңырта ырдап, зикир салышкан манахтар менен аралашып, касида-төрө камчысын үйүрө "сен айтканды кылбай жатасын. Аалам башкаруучусу Манастын окуусуна ыкласыңды койбосоң "Дөө китеп" сени соо койбойт. Элди дүрбөткөн болбойт. Сени колдоп турчу периштелер таштап кетет. Аяр, пакиза, таза бол. Кана, мунаранын башына көтөрүл. Адамдарды Манас окууга табынтууга чакыр. Бүгүн адамдарды өзүңө ишендире жакшылыка үндөй алдың. Сенин алган өнөр илимиңе эл ишенип калды. Кана, көтөрүл мунарага, аалам башкаруучусу Манас угуп тургандай төгөрөкө кыраатын келтире жар сал!" деп буюруп жатты.
Ордунан туруп өзү жаткан жалпак тамга кандай көтөрүлгөнүн да билбейт. Ай сүттөй көлкүп жарык. Көккө колун созо коңгуроодой үнүн кыраатка келтире ырдап кирди:
"Оо, аалам башкаруучусу,
Сиздин буйругуңузга баш ийебиз.
Окууңузга ыклас коё табынабыз.
Пенделериңе көз болуп турчу өзүңүз.
Жаман жолго түшкөндү тескеп турчу да өзүңүз.
Кесирлик кылганды кечирчү да өзүңүз.
Оо, эл, келгиле Манас окууга!
Аруу тазарып кетесин,
Пакизалык жар болот.
Шайтандын жолу тосулат
Периштелер жар болот
Эй, эл-журт, бириң калбай баарын кел!
Манас окуну угуп кал!" деп үнүнүн барынча абанга сала созолонтту. Кербенсарайдын жанаша жатаак канааларында жатышкан соодагерлер чочуп тура калышып "бул эмнеси, дагы кандайын көрмөкпүз?" деген таң калууда дамбал, көйнөкчөн көлөчтөрүн шырыптатып Асмардын каанасынын жанында топтолуп калышты. Уйку соодо не жасап жатканын өзү да билбейт. "Асмар бейдин ыры түндө да эл жатканда ырдалат турбайбы. Э шумдугуң кургур, ушундай да болчу беле" десе, дагы бири "бирөө жарым ооруп калганбы? Дагы камчыланып зикир салабызбы? Өлбөдүкпү бүгүн кечке зикир салып бел, буттар болбой калыптыр" десе, дагы бири "жүргүлө жатабыз, бул Асмарың адам эмес эле азыткы окшойт" деп, айрымдары кетип, калганы таң кала карап турушту дагы кантет деген таризде. Минтип басып жүргөнүн бирөөлөр айтпаса уйку соодо жасаганын кайдан билсин. Атасы ушундайлыгынан жаныңа бирөө жарымды ала жүр, ала жат деп эскертчү. Бүгүн минтип Тебеттин таш мунараларына чыккандай шаты менен жыгылбай-этпей эле там үстүндө обон созо элди Манас окууга чакырып жатпайбы.
Эртеси Асмардын бул жооругу кербенбашы Курай-төрөгө дагы жетти. "Жигит элигип калган көрүнөт. Тебеттин "Дөө китебинин" басырыгын мойунга алалбай жатса ушундай болот да. Досум байкуш оорукчан Асмарын төрт жыл Тебетке каттап жүрүп муңзары аалам башкаруучусуна жеттиби мээнети колуна тийди бечаранын. Кече күнкү эсучун жоготкон Йонду кайырып калууда бар өнөрүн көрсөтпөдүбү, тан бердим. Манас окуунун кудрет күчү ушунда тура. Асмар Йонго Тебет жөнүндө айтып берип баланы "Дөө китептин" жиндери эликтирип салганбы дейим? Кой, Асмарды чакырып Йонго андай касиеттүү сырларды көп айтпа дейин. Бүткүл дити ошо Тебетке бурулуп туруп алса шорум куурабасын" деп, Йонду Асмар акесин чакырып келүүгө буюрду.
Түндөгү жоорукту эртеси соодагерлер чайга отурушканда "неге там үстүнө чыгып көпкө обон созо ырдадың?" дешсе эчтекеден кабары жок Асмар чын дилинен таң калып жүрбөйбү. Түшүндө Тебеттеги таш мунарага энтелеп чыгып элди Манас окууга чакырып ырдаганын билет. Демек ошо түштөгүнү өңүмдө кайталаган турбайымбы деп сурагандарга кантип эле деген боло ичтен тынып кала берди.