Тоо-кен тармагындагы үмүт шооласы...

Соңку жылдары тоо-кен тармагы, инвесторлорду тартуу, республиканын ар кыл аймагындагы кен чыккан жайларды чалгындоо жана иштетүүгө лицензияларды берүү сыяктуу жалпы эле жаратылыш ресурстарына байланыштуу бир катар түшүнбөстүктөр болуп келген. Мунун бир себеби өз мезгилинде Жаратылыш ресурстар министрлигинин ишмердүүлүгү тууралуу маалымат коомчулукка ачык-айкын жетпегендиктен калк арасында чыңалууну жаратса, экинчи жагынан эл кызыкчылыгын эмес, жеке мүдөөсүн көздөп, акыры кубаланып тынышкан экс-президенттердин, алардын балдарынын, айталы, ошол эле Максим Бакиевдин мамлекеттин байлыгына суук колун салып, обу жок кийлигишүүлөрү аталган тармактагы иш-аракеттердин таза экендигинен күмөн жаратпай койгон эмес. Төмөндө өлкөнүн тоо-кен тармагынын күңгөй-тескейлери туурасында окурмандарга учкай кеп салмакчыбыз.

Туура бир жыл мурун жаратылыш ресурстар министрлиги кызматын жетектөөгө келген, өндүрүштө салмактуу орду бар, тажрыйбасы жетиштүү мыкты менеджерлердин бири катары саналган министрликтин жетекчисинин дарегине калпыс пикирлер айтылып, анын командасынын тоо-кен тармагын реформалоо, жаңыча багытта мамлекеттик кызыкчылык үчүн ишке киргизүү, геологиялык кызматкерлер тарабынан буга чейин көмүскө да, көрүнөө да жүргүзүлүп келген коррупциялык схемаларды тазалоо далалатына азыркы тапка чейин ачык эле бут тосулуп келет. Антсе да, министр тоодой тобокелдиктер менен баштаган ишинен тайбай, ишмердүүлүгүнө каршы кылдан кыйкым издеген чабуулдардан тайсалдабай өтүп, өлкөнүн жаратылыш ресурстарын бир гана мамлекет кызыкчылыгы үчүн иштетүү максатында күчүн жумшап жаткандыгы кубандырат. Арийне, министрликтин коомчулуктан жашырып, кооптоно турган эч нерсеси жок. Себеби, бардык иш-аракеттерин тактык жана абийирдүүлүк менен алып барууга ынтызар.
Тоо-кен тармагында узак жылдар бою коррупциялык иштер болуп келгендигин эч ким мойнуна албаса да, Максим Бакиев өңдүүлөрдүн кесепетинен аталган жаатта ыплас жорук-жосундар орун алгандыгы бешиктен бели чыга элек балага деле маалым болгон. Мисалы, бир ууч топтун мүдөөсү үчүн кендерди иштетүүгө лицензиялар көзөмөлсүз берилип, тышкы өлкөлөрдөн Кыргызстандын жер алдындагы баа жеткис байлыгын текейден арзан баалап, жеке пайдасына иштетүүнү көздөгөн шылуундар кирүүгө умтулган. Мекеме аркылуу лицензияларды жайма базардагыдай колдон колго өткөрүп сатышкан. Мындан мамлекетке бир тыйын да киреше түшкөн эмес. Ыплас жолдор менен бул процесске катышкан айрым геолог адистер бул иштерди жогорку креслолордо олтуруп, буйрук беришкен мыкчыгерлерге шылтап, ийин куушуруп тим болушкан. Ушундан улам "өзүбүзгө да, өңгөгө да жок" деген таризде ар кыл аймактардан чыккан алтын, темир жана башка кендерди социалдык олуттуу көйгөйлөргө белчесинен батса да, жергиликтүү жашоочулар өз күчтөрү менен коруп, өз ара кагылышуулар башталган. Андаш, Жетим-Тоо, Иштамберди ж.б. кендеринде болуп өткөн окуялар буга күбө. Бүгүнкү күндө Жаратылыш ресурстар министрлигинин түшүндүрүү иштеринин натыйжасында Жалал-Абад, Талас, Нарын аймактарында эл менен бирге бир топ маселелер чечилип, өз ордуна коюлган.
Жаратылыш ресурстар министрлиги соңку он жылдын ичинде биринчи жолу мамлекеттеги тоо кендери чыккан жерлердин 30 пайызына текшерүү жүргүздү. Мамлекеттик машина иштей тургандыгын жон териси менен сезген чалгынчы-инвестолор түрдүү жолдор менен өз пайдаларын коргоп калууга ашыкты. Узап бараткан жылдын жыйынтыгы менен дагы бир нече лицензиялардын күнү бүтүшү кажет. Бир эмес, эки кенди иштетүүгө лицензия алып, эки тоонун чөбүн эңсеген эликтей көптү самаган компаниялар да четтен табылыптыр. Министрликтин маалыматына таянсак, мыйзамга ылайык, акыркы беш жыл ичинде ички жана тышкы инвесторлорго 998 лицензия берилген. Ошондой эле 2011-жылдын он айынын аралыгында 260 лицензия жокко чыгарылган. Мунун ичинен 50 лицензиядан ашыгы майда алтын кендерин иштетүүгө берилген. Бирок, бул уруксат кагаздары кайтарылып алынган, себеби, ар бир инвестор жылдык өнүктүрүү программасын өзү иштеп чыгат, министрлик болсо аны бекитет. Эгерде инвестор ишти аткарууну сунуш кылып, бирок, жүзөгө ашырбаса, ага уруксат берилген кагаз жокко чыгарылууга тийиш. Бүгүнкү күндө дээрлик он бир жылдан бери ишке кире элек кендер бар. Эгерде инвесторлордун бардыгы мыйзамдык макулдашууларды аткарып, аныкталган 47 кен ишин баштаса, он беш жылдын ичинде завод, фабрикалар курулуп, миңдеген жумуш орундары түзүлүп, өлкөбүз гүлдөп-өнүгүп кетмек. Ички жана тышкы миграция маселеси жөнгө салынмак. Учурда тилекке каршы, "Кыргызалтын" ААКны эске албаганда, бир гана "Кумтөр" иштеп жатат.
Айтмакчы, босогодогу жылдын башынан тарта лицензиялар жаңы эрежелер менен сынактын негизинде бериле баштайт. "Сынак жөнүндөгү" жободо инвестор акыйкат иштеши үчүн атайын шарттар көрсөтүлгөн. Өз кезегинде Кыргыз Республикасынын "Жер астындагы кендер жөнүндөгү", "Продукцияны бөлүштүрүү жөнүндөгү макулдашуулар жөнүндө" мыйзамдарына жана рынок мамилелеринин шарттарына ылайык экономикалык жөнгө салууга багытталган тийешелүү мыйзам актыларына мамлекеттин пайдасына ылайык өзгөртүүлөрдү киргизүү зарыл. Ал эми тоо-кен тармагын өнүктүрүү багытында иштелип чыккан үч жылдык стратегиялык программа болсо, кендерди иштетүүгө берүүнүн даярдыгына жараша жүзөгө ашырылат. Жакындан бери Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районундагы Иштамберди алтын кени (алтындын запасы - 20,4 т.) ишке кирди. Жаздын алды менен алтын алуучу фабриканын ишмердүүлүүгү башталат. Кендин капиталдык чыгымы - 78,2 млн доллар. Чоң-Алай районундагы Кара-Казык кенинде фабриканын курулуш иштери соңуна чыгып калды. Жакынкы 2-3 айдын ичинде ишке толугу менен кириши күтүлүүдө. Бул жердеги алтындын запасы - 0,35 тонна. Алтын кенинин запасы 24 тоннаны, жездин запасы - 4 тоннаны түзгөн Ала-Бука районундагы Бозымчак кенинин курулуш иштери да учурда кызуу жүрүп жатат. Курулуш башталгандан бери капиталдык чыгымы - 120 миллион АКШ долларын түздү. Келерки жылы толугу менен ишке киргизилет. Ал эми март айында Талды-Булак -Левобережный кенин иштетүү боюнча фабриканын курулушу башталып, 2014-жылга чейин бүткөрүп, ишке киргизүү планда бар. Ошондой эле учурда Үңкүр-Таш жана Кара-Дөбө алтын кендеринде масштабдуу геологиялык чалгындоо иштери жүргүзүлүүдө. Алты айлык чыгымы 100 миллион сомдон ашкан алтын кенинин запасы - 47,1 тонна. Үмүттүн шооласын жандырып, кыргыз мамлекетинин бейпил келечегине салым кошо турган долбоорлор муну менен эле чектелип калбайт. 2013-жылы Баткен областында алюминийдин ири кени жашырылган завод курулушу абзел. Мунай жана газ, мунайды кайра иштетүү заводдорунун курулушу башталат. 2014-жылы Караколдо калай жана вольфрам кендери ишке берилет. Ошентип, дээрлик он жылдын тегерегинде 43кө чамалуу тоо-кен өндүрүш объектилери өз жемишин берип, 25 миңден ашуун жумушчу орундары түзүлөт. Бюджеттин казынасына 12 миллиард сомго чейин киреше түшөт. Жаратылыш ресурстар министри З.Эсенамановдун айтымында, "2009-жылы тоо-кендери өндүрүшүнүн киреше бөлүгү 3,5 миллиард сомду түзсө, 2010-жылы бул көрсөткүч 5,3 миллиардды түзгөн. Ал эми быйылкы 2011-жылды убада кылынган 6,2 миллиарддын ордуна 8 миллиард сом менен аяктап жатат". Бул биздин баамыбызда жакшы жышаана. 2009-жылы тармактын ички дүң жыйымы 41, 2010-жылы - 69 миллиард сомду түзсө, быйылкы жылы 97 миллиард болду. Кумтөр кенин алсак, 2009-жылы бүтүн тоо-кен өндүрүш тармагынан 86% орунду ээлесе, 2010-жылы анын үлүшү 82%га, 2011-жылга карата 74%га бааланган. Үч жылдык өнүктүрүү программасынын эсебинде Кумтөр баштагы деңгээлинде калат, ал эми өсүш башка чөйрөлөрдө - кирпич, цемент, мунайды кайра иштетүү заводдорун куруу, көмүр кендерин иштетүү жаатында жүрөт. Тилекке каршы, бүгүнкү күндө башка тармактардын үлүшү - 27%ды гана түзүп турат. Бирок, бул убактылуу гана көрүнүш. Бара-бара өсүш Кумтөрдүн деңгээлинде 55-60%га чейин жеткирилет. 2014-жылы тармактын ички дүң жыйымынын көлөмү 160 милилард сомго жетүүгө тийиш.
Айтмакчы, инвесторлор менен жергиликтүү элдин ортосундагы мамилелер тууралуу сөз кылбай коюу мүмкүн эмес. Албетте, жергиликтүү эл кызыкчылыктарын мыйзамдын алкагында, мамлекеттеги тартипти бузбай коргоого акылуу. Жер астындагы кендер боюнча бардык долбоорлор экологиялык, өндүрүштүк коопсуздук сыяктуу бир катар экспертизалардан өткөрүлгөндөн кийин гана тигил же бул иштерди жүргүзүүгө уруксат берилет. Жерди бөлүп берүү түздөн түз жергиликтүү бийлик органдары аркылуу жүзөгө ашырылып, жерди рекультивациялоого (калыбына келтирүү) жана натыйжалуу колдонууга көзөмөл кылат. Ал эми айлана-чөйрөнүн акыбалы менен жаратылыш ресурстарынын колдонулушуна жаратылыш министрлиги көз салышы абзел. Мамлекет бүгүнкү күндө жер алдындагы кендерди иштетүүдөн салык түрүндө гана киреше алат. Жергиликтүү бюджеттин казынасына компаниялардан киреше түшпөгөндүгү ар убакта жергиликтүү коомчулуктун нааразылыгын туудуруп келген. КРнын мыйзамында бул тууралуу дээрлик сөз козголгон эмес. Казакстанда, мындай үлүш - 5,5%ды, Орусияда - 7 %ды түзөт экен. Жакында депутаттар парламенттик отурумда кирешенин 2%ын бөлүүнү кубаттады. Дүйнөлүк практикада кабыл алынган бул төлөм боюнча маселе жеткилең карап чыгууну талап кылат. Анткени, кандай долбоор болбосун тигил же бул кендин дараметине жараша жекеме-жеке аныкталган мамлекеттин үлүшү болуусу милдет.
Тоо-кен тармагында башталган реформалар - учур талабы. Бул министрликтин кыялы же курулай убадалары эмес экендигин турмуш көрсөтөрү бышык. Арийне, адеп жогоруда кеп кылгандай жаратылыш ресурстар жаатындагы иштердин баары шуруга тизгендей эмес экендиги анык. "Кой аксагы менен миң" деп кыргызда бекер айтылбаган. Жалпы мүдөөдөн көрө өз капчыгын ойлоп, ар кыл оюндарга баргандар четтен табылат. Анүстүнө тоо тектерин иштетүүгө ар тараптуу макулдашуулар, экспертизаларды жүргүзүү процедураларын карап чыгуу зарылдыгы бар. Кен чыккан жерлерди колдонуу, мүлккө менчик кылуу маселелерин жөнгө салуу, экологиялык өңүттөн пайда болгон кырдаалдар, эң эле жөнөкөй заманбап технологиялардын базасындагы геологиялык карталардын базасынын жоктугу өңдүү кеңири иликтеп-жиликтеп талдоону талап кылган курч көйгөйлөр арбын. Мунун баарысын көрө билип, ырааттуу, кылдат чечимдерди чыгарып, жөнгө салуу, өндүрүштүн көзүн билип, ийине жеткире алган, саясат жыттанган интригалардан алыс адамдын гана колунан келет.

Г.Турдалиева