Жаштардын трибунасы
Руслан Бекназаров, Кыргызстандын Япониядагы элчилигинде атташе:
"Өздөрүн аябай акылдуу сезгени менен, ары жагы чирик болуп жатпайбы"
- Руслан мырза, Кыргызстандын саясый айдыңында баш көтөргөн жаштардын катарында жүрүп эле, акыркы бир жыл аралыгында эч кандай мамлекеттик кызматтардан көрө албай келгенбиз. Анан күтүүсүздөн эле жапон элиндеги кыргыз элчилигине атташе болуп кеткениңизди уктук. Бул кадамдын күңгөй-тескейин түшүндүрүп берсеңиз?..
- 2010-жылдын 7-апрелинен кийин саясатка аралашайын деген максатым деле жок болчу. Болгону "БЭК" кыймылынын "Биримдик" жаштар канатынын штаб жетекчиси катары 7-апрель күнүндө чыккан жаштарды уюштуруучулардын бири болчумун. Ошол күнү канча деген балдар каза болушту, канчалагандары жарадар болушту. Андан көп өтпөй түштүк жергебизде кандуу окуялар болуп өттү. Анда да Жалал-Абад облусунун Сузак аймагында элдик кошуундун жаштар канатынын жетекчиси болуп турдум. Ошонун баарын көрүп туруп, кийинки келген бийлик "бул окуядагы айрыкча жаштардын мээнетин түшүнсө, жаштарга жаркын келечек түзүп берсе экен",- деп оз ойлорумду айтып жатып саясатчы болуп кеттим окшойт. Анан Жогорку Кеңешке болгон шайлоодо ошол жаштар "Өзүнчө барабыз, башыбызга туруп бер" деп суранышкандыгынан макул болдум. Шайлоодон кийин деле ар кандай жумуштарга чакыруулар болуп атты. Чогуу жүргөн балдар жумушсуз жүрсө, анын үстүнө "атама да сөз тийбесин",- деп, сунуштардан баш тартып келдим. Анан ойлонуп корсом жаштарга, айрыкча өзүмө эл аралык маселелерде тажрыйбайм жетишсиз экендигин байкадым. Кыргызстанга сырттан да баам салып,карап көрүшүбүз керектигин түшүнгөн соң, санаалаштарым менен кеңешип, ушул кызматка барууну эп көрдүм. Буга чейин Тышкы иштер министри Казакбаевдин башкалар жазып жаткандай кеңешчиси эмес, жардамчысы болуп иштеп жүргөм.
- "Атама сөз тийгизбейин",- деп, мамлекеттик кызматтарга аралашпай жүргөнүңүздү айтып атпайсызбы? Бирок, эл оозунда элек жок экен, дагы деле атасынын аркасы менен элчиликтен барып, орун тапты деген кептер айтылууда. Аларга кандай жооп узатат элениз?
- Эми менин атам эл оозунда жүргөн, Бекназаров деген фамилияны элге тааныткан, саясатта, коомдо өзүнүн орду бар киши. Андыктан мени дайым атам менен байланыштырганга алардын толук негиздери бар. Ошентсе да мен Руслан Бекназаров катары ошол эле бүгуүнкү мамлекет башында турган ким болбосун өзүмө керектүү маселелерди чече алганга кудуретим жетет. Анын үстүнө шайлоодо алдыңкы катарларда келген 10 партиянын бирөөсүнүн тең төрагасымын. Эми жанагындай сөздөр саясаттагы атамдын, мүмкүн менин атаандаштарым аркылуу атайын жазылып жаткандыгын гана айткым келет.
- 7-апрель революциясы болуп өткөндөн кийин, коомчулукта башаламандык түзүлүп, анын негизинде айрым убактылуу өкмөт мүчөлөрүнүн банктардын ячейкаларынан табылган миллиондордун жылан сыйпап кеткендей жок болгондугуна байланышы бар деп жүрүшөт. Ошол эле учурда борбор шаарыбыздагы кайсы бир банктын ячейкасынан Руслан Бекназаров 2 миллионду кымырып кеткен деген да кептер бар. Мындай имиш маалыматтар жаңы чыгып келаткан жаш кадрларды белге чабуубу, же?..
- Менин элчиликке кеткенимди (дипломатиялык кызматтагы алгачкы кызмат) ушунча сөз кылгандар, жогорудагы имиштер чын болсо жөн коюшмак беле? Бул өңдүү имиштер "БЭКти" саясий партия катары каттап, шайлоого барабыз деп сүйлөшүп жаткан учурда күч алган болчу. Ошол учурда атам дагы күч органдарында куратор эмес беле? Ошол миллиондору барлар алапайын таппай атамын беделине доо кетирүү үчүн атайын заказ менен жаздыртып турушкан. Кээ бирлери болсо бир ушакчыдан ушак угуп, аны чындай кылып жазып жатпадыбы. Себеби, бул тема ошол учурда актуалдуу болуп, газетаны кызыктуу кылып, эптеп сатуу керек эле да. Баардык нерсени Кудай көрүп турат. Анын алдына барганда жооп берүү бар. Ошол эле учурла жалган ушак үчүн да... Атандашууда да жигиттин тили менен айтканда "Эркекчилик" болуш керек да...
- Учурда Кыргызстанда жаңы коалициянын курамы жана өкмөт башчылык менен ЖК төрагалыгы катуу талашка түшүп турат. Акыркы учурларда төрага Келдибековго катуу чабуул жасалгандай түр берет. Төрагалык кызматты аңдыгандар ар бир фракцияда бар. Алардын катарында "Ата-Мекен" лидери Текебаев да турат. Жыйырма жылдан берки тарыхы бар партияны жетектеп келген Текебаевдин кадыр-баркы акыркы жылдары төмөндөп кеткендей... Андан улам бул кишинин саясый карьерасына чекит коюла элекпи деген суроо туулат?
- Акыркы 20 жылдан бери саясатта жүргөн агаларыбыздын күнү батып барат. Муну кадимки жашоонун реалдуулугу катары кабылдашыбыз керек. Карапайым эл да буларга ишенбей, жаңы адамдарды издей баштагансыйт. Жогорку Кеңеште болуп жаткан көрүнүш мыйзам ченемдүү эле көрүнүш. Ушундай болушу керек болчу. Жеке үй-бүлөдө деле үйдүн атасы, анан апасы бар го. Ошол эле сыңары Кыргыз Республикасынын атасы ким, апасы ким жана балдары ким экендиктери аныкталып жатат. Текебаев боюнча айта турган болсом, менимче "Ата-Мекен" партиясынын шайлоо убагындагы туура эмес кадамдары партияны алсыратып салды көрүнөт. Ушунча жыл тажрыйбасы менен бүгүнкү реалдуулукту көралбагандай сезилди. Бир эле Текебаев эмес, бардык 20 жылдан берки саясатчылардын ордуна жаңы элитанын келиши бүгүнкү күндүн талабы болуп турат. Бирок булар кандай болгон күндө да таасирдүү саясатчылар катары кала беришет. Ошол эле "Ата-Мекендин" арасында жаңы өсүп келе жаткан жана учурда жетилип турган мыкты саясатчылар бар. Лидерлер "Мен лидермин, мен-мен!" дей бербей ошолорду алдыга чыгарса жакшы болмок. Бирок жаштар арасында да калпыс ойлорду айткандар жок эмес. Жаш саясатчылар менен коп баарлашып жүрөм. Көптөрү кайсыл бир өлкөнү мисалга алышып, ошондой болушубуз керек дешип, алардын системасын Кыргызстанга алып келишибиз керек дешет. Жакшылап баам салып карасак, көпчүлүгүнүн иштеген иши жок туруп, кымбат баалуу унаа айдашып, жетиштүү жашоодо жашашат. Таң калбаска чара жок. Анан бир ой келет, ошол жаштар айтып жаткан, дүйнөнү башкаруубуз керек деген тилектери бар өлкөлөр аларды каржылап жатабы деген. Менин айтаарым өзүбүздүн өлкөнүн мүмкүнчүлүктөрүн туура баамдап, элдин менталитетине, басып өткөн тарыхына карап келечегибизди түзгөнүбүз оң болот. Тышкы саясатка да көңүл бурушубуз керек. Бирок, тең ата катары, көз карандысыз өлкө катары мамиледе болушубуз керек деп эсептейм.
- Менимче дал ушундай оюн "атамекенчи" депутат Р. Жээнбеков айткандай болду эле?..
- Бирөөнү кол менен сайып айткым келбейт. Андайлар чекеден чыгып жатпайбы? Өздөрүн аябай акылдуу, "международник" сезишет. Бирок ары жагы чирик да. Андайлар жадакалса отунга да жарабайт...

Маектешкен
Дыйканбек Керимбаев




Иштин башы ишемби беле?..
"Кет-кет" депутаттык "долбоорунан" кыскача репортаж
Келдибековду кетирип тынышты
12-декабрь күнү депутаттар экиге бөлүнүп алып, эми экс-төрага болуп калган Келдибеков темасында акыя айтышып, прокурор менен адвокаттын ролун ойношту. "Ата-Мекен" фракциясы тарабынан коюлган дооматтардын дээрлик көпчүлүгүн атайын түзүлгөн депутаттык комиссия аныктап чыкканы менен, ар бир дооматка так жана ачык жообун узатып турган Келдибеков булардын бардыгы суу кечпей турган дооматтар экендигин белгиледи.
Дооматтардын эң негизгиси болуп эсептелген криминалдык чөйрөдө аты белгилүү Камчы Көлбаев менен Акматбек Келдибековдун бир нече жолку жолугушуусу тууралуу кайра-кайра кайталагандары менен негиздүү фактыларды алып чыга алышпады. Депутат Дамира Ниязалиева болсо төраганын отчеттук ишин мөөнөтүнөн мурда эле талап кылып кыйкырып алгандыгын кечирээк аңдап калды көрүнөт. Ал эми "KG" номурларынын туш келди таркатылышы чындыгында эле катачылык болгондугун Келдибеков моюнга алып, ал үчүн тийиштүү адамдарга чаралар көрүлгөнүн билдирди.

Ордуңузду бошотуп койбойсузбу?..
Төраганы кызматтан кетирүүгө катуу даярдык көрүлгөнү Жогорку Кеңештин 12-декабрдагы кезексиз отурумунда ачыкка чыкты. Туш-туштан жаалаган депутаттар айрым учурларда фактылардан таптакыр эле алыстап, "ордуңузду бошотуп койбойсузбу?" деп ачык эле айтып жибергендери да болду.
Маселен, "КСДП" депутаты Данияр Тербишалиев "Сиздин бүгүнкү кадамыңыз бүтүндөй Кыргызстанга үлгү болот. Кызматыңызды бошотуп бериңиз" маанисин кыйытты. Эске сала кетсек, Данияр мырза ушуну менен экинчи ирээт төрагага чабуул жасап чыкты. Өзүнүн айтуусу боюнча шаардагы кафелердин бирин ижарага алып иштетип жүрүп саясатка ойдо жок жерден келген Данияр мырза эмне эле мынча катуу күүлөнүп атканын ким билсин. "Өтө кызыл бат оңот",- болбосо эле болду.

Мындай кадамдар Акаев жана Бакиев замандарында дагы болуп турган
Кыштын кычыраган күнүнө карабай Келдибековдун таламын талашып митингге чыккан элди аядыбы, же катуу даярдык менен башталган саясый оюндун аягы далай чатактын башын чыгарарын эске алдыбы, айтор Келдибеков бул күнү төрагалык кызматтан баш тарткандыгы тууралуу арызын жазып, жарыя кылды. Кетээринин астында алып баруучудан сөз сурап, бул өңдүү саясый оюндар Акаев жана Бакиев замандарында дагы болуп тургандыгын, мындай кадамдарга чекит коюлбаса өлкөбүздө болуп өткөн окуялар кайра да кайталанып кетиши мүмкүн экендигин баса белгиледи.

Атамбаевдин №1 -душмандары кимдер?
"Ата-журтчу" депутат Жылдыз Жолдошева президент Алмазбек Атамбаевдин №1 -душмандары өзү түптөгөн КСДП партиясындагы беш депутат экендигин билдирди. Атамбаев президенттик жумушун татыктуу иш менен баштабай, көңүлгө туура келбеген жетекчилерди ызы-чуу менен кызматынан ажыратуудан баштаганына КСДП партиясындагы болгону 5 депутат чоң салым кошуп жаткандыгын маалымдады.
Бул маалыматка аталган партиянын депутаты Дамира Ниязалиева катуу теригип, "Ж.Жолдошева айткан сөзүн кайра алсын" деди эле, анысы "артык кылам деп тыртык кылып алуу" болуп калды. Кайрадан сөз алган Ж.Жолдошева сөзүн кайра албай тургандыгын, ага кошумча бир учурда Дамира айымдын Келдибековдун аялы менен катуу уруша кетип, анын ызасын азыркыдай ыкма менен чыгарып жаткандыгын олчойтуп ортого таштап койду. Ошондой эле ошол №1- душмандардын анабашында Дамира айымдын турарын маалымдады.
Айтылган сөз - атылган ок. Эми бул сөздөрдү кайра аркага алууга мүмкүн эмес. Бул сөздөр үчүн дагы эми кыл чайнашкан кармашуулар болушу мүмкүн.

Д. Байаман