Кызыл чеке талашты коёбузбу деги?
Онкология борборундагы жаңжал ырбагандан ырбоодо

Кыргыз коомчулугу Улуттук онкология борборунун (УОБ) мурдагы жетекчиси Накен Касиев менен Саламатыкты сактоо министри Сабырбек Жумабековдун ортосунда өсүп бараткан тирешүүгө тынчсыздануу менен көңүлүн салып, бул ырбап бараткан жаңжал эмне менен акыры бүтөрүн күтүүдө.

Кептин ток этер жерин айтканда, мындай араздашууга эч кандай себеп да жок. Болбогон ызы-чууну "Вечерний Бишкек" гезитинин Нина Ничипорова аттуу журналисти атайылап дүүлүктүрүп козгоп жатпайбы. Себеби ал көп жылдан бери Накен Касиев менен жакшы болуп, кайрадан УОБнун директорлугуна алып келүү аракетин жасоодо. Буга Ничипорованын жума сайын Касиевдин кандай мыкты жетекчи экенин, мыйзамсыз кызматынан бошотулганын коомчулукка жалбарып-даттанып жазып жатканы далил боло алат.
Андан калышпай Коомдук телеканалдын жетекчиси да, урматтуу Кубат Оторбаев, өзүнүн жердеши Касиевге болушуп, боор тартып, ага эң мыкты пиар компания жасап бербедиби. Бул эки журналистти угуп, алардын Касиев туралуу айтканын, жазганын, көрсөткөнүн иликтесең, бул дүйнөөдө андан мыкты жетекчи болбойт деген тыянакка келесиң.
Өткөн президенттик шайлоо кампаниясында бир дагы талапкер мынчалык макталып, даңазаланган жок десек адашпайбыз. Мына ушинтип Касиевдин идеалдуу образы биздин көзүбүчө жаралууда, дегеле мындан таза, ак ниет, дайым чындыкка бекем турган аксакал, ошол ыйык сапаттарынан Акаевден да, Бакиевден да запкы жеп жүргөн улуу жетекчини, көсөмдү элестетсек болот, бул эки журналисттердин УОБнун экс-деректири тууралуу сөзүн териштирип иликтесек.
А бирок Касиев тууралуу баян кылган конкреттүү фактыларга назарыбызды бурсак, таптакыр башка жетекчинин түспөлү жаралат. Өтө эле алыс кетпей, бул кишинин акыркы эле бир-эки жылда жараткан "жумуштарына" көңүлүбүздү буруп көрөлү, мурдагы министр болгон учурундагы, Ош областынын губернаторлук кезиндеги нерселерди козгобой эле.
УОБун бир жарым жыл башкарып Касиев кандай ийгиликтерге жетти? Башынан эле ал бул кызматка Бакиевдин заманында мыйзамсыз жол менен келип, ал жерде иштеп бир топ мыйзамсыздыктарга жолду кеңири ачып берди десек жаңылышпаган болобуз.
Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматы боюнча, Касиев УОБун жетекчиси катары Илимий кенештин тандоосунан өткөн эмес. А бул нерсе - мыйзамдын талабы болот. Буга кошумча Улуттук Онкология борборунуна, анын уставында даана жазылып тургандай, бул мекемеге жетекчи катары онкология жана радиология тармагындагы медицина илимдеринин докторлору гана конкурска катышууга укуктуу. Анын үстүнө бул жерге жетекчи боло турган адам 10 жылдан кем эмес дал ушул чөйрөдө иштеген адис болушу керек. Бул дагы Уставдын талабы.
Касиев ушундай маанилүү-маңыздуу мыйзамдарды одоно бузуп жетекчиликке келди. Үч ай өтпөй УОБнун Уставын түп тамырынан бери эч ким менен кеңешпей өзгөрттү, өзүнүн жетекчилигине тууралап. Жетекчинин бул кызматта иштөө үчүн жашоо чегин 60 жылдан 65ке чейин узартты, адисттик талабына, тажрыйба мөөнөтүн жана башка пунктарды өзгөрттү. Ушинтип өзүнүн бул кызматка дыйындалышын мыйзамдаштыры алды.
Касиевдин ушул кызматтка келип, өзү адист болбосо да, УОБун көп жылдары башкарам деген пландарды түзгөн.
Мына ошондуктан, аны министр кызматтан алып койсо, өзүнүн чексиз нараазычылыгын билдирип жатпайбы, баягы эле кабарчыларга таянып, Сабырбек Жумабековдун чечимин сындап, ал турсун сотко да берип.
Ошол эле убакта Касиевди бул кызматтан кетирип Сабырбек Жумабеков мыйзамдуулукту орнотуп жатпайбы - мурдагы легитимдүү Уставдын редакциясы кайра жандандырып, Илимий кенештин ролун кайра калыбына келтирип. Эми жетекчи болом жеген адам 5 жылга шайланат, бул кызматтка эки мөөнөттөн ашык олтура албайт.
Бирок кызматынан ажыраган Касиев министрдин чечимине макул болбой, аны менен соттошууга барууга даяр экенин билдирди, ага Ничипорова кол кабыш кылып, эптеп ушул ызы-чууну ырбатууга кеңири жол ачып жатат.
Ушул талаш-тартыштын негизинде Касивдин көптөгөн башка былыктары да ачыла баштады. Олуттуу финансалык махинацияларга аксакалдын аралашканы аныктала баштады. Мисалы, Эсептөө палатасынын иликтөөлөрүнө таянсак, Касиев ондогон миллион сом өлчөмүндөгү бюджеттик акча-каражаттарын максатсыз жана сарамжалдуу эмес пайдаланган экен.
Бул тууралуу көп жолу Минфин аны эскерткен болчу, бирок ал андай эскертүүлөргө кулак салбай, өз жолунан кайтпады. Эң жаманы, Касиев Онкология борборунда ар түрдүү ремонт иштерин баштап, бул максатка министерстводон бюджеттик акчаларды жумшап, ал иштерди да аягына чыгарбай, үстуртөн эле УОБдүн корпустарын жылмалап, терезе-эшиктерин оңдоп, ал эми ички инфраструктуралар, канализация жана инженердик коммуникациялар мурдагы эле чириген абалында калтырылган.
Мындан тышкары ошол курулуш иштерине "Бишкеккурулуш", "Родник", "Сантехма" компанияларды чакырып, аларды иштетип, 15 миллионов сомго УОБду карызга отургузду.
Бул да аз келгенсип, финансалык текшерүүлөр аныктагандай, 7 миллион сомду Касиев ОсОО "Асхад" комапаниясына которуп берген экен. Ал компанияда анын жакын туугандары Рыспек Монолдоров жана Адилет Касиев жооптуу кызматтарды ээлешет.
Албетте Касиев абдан тажрыбалуу жана айлакер эски кадрлардан болот.
Маселен, өткөндөгү шайлоодо ал өзүнүн үч талапкердин ишенимдүү адамы экенин жар салып жүрдү. Алмаз Атамбаевдин да, Акылбек Жапаровдун да, Камчыбек Ташиевдин да. Бишкекте мен Атамбаевдин адамымын деп, Нарынга барганда Жапаровду колдогону билинип, ал эми "Ата-Журт" партиялаштардын арасында өзүн Ташиевди колдоп жүргөнүн айткан. Дегеле канча жүзү бар бул адамдын, Ничипорова улам эле газетага жазып аткандай абдан тажрыйбалуу өндүрүшчүдө? Эсеп палатасынын жана Финполициянын текшерүүлөрүнүн негизинде бул тайжрыйбалуу адиске кылмыш иши козголуп жатканын этибарга албай.
Баса, окурмандарга эскерип кетели: бул адам Акаевдин да, Бакиевдин да замандарында дал ушундай эки жүздүү айлакер саясаттаты жүргүзгөн. Мисалы апрель окуяларынын алдында ал өзүн Бакиевге жанын берүүгө даяр болгон жан-жөкөрүндөй көрсөтсө, ага Ат-Башы районунда, өзүнүн кичи мекенинде, шайлоочулардын колун топтоп берип, Бакиев кызматтан кетери менен, андан запкы жеп жүргөм деген позицияга өтүп, жаңы бийликтин колдоочусу катары өзүн позициялады. Дал ошондой, Акаевдин 15 жылга созулган заманында да, анын эң бир ишенимдүү адамы болуп, Бакиев кызматка келери менен, анын тарапташына заматта айланып, алдына тепеңдеп чуркап чыгып, "өмүр бою Акаевдин режими менен күрөшүп жүргөм",- деп көкүрөгүн чапты.
Мына эми Касиев министр Жумабеков менен соттошуп, ушул жерде да өзүнүн жогорку деңгээлдеги саясый эпчилдигин көрсөтүп, министрди ал "Ата-Журт" партиясында турганын эскертип, ошол эле убакта өзүн СДПКнын лидеринин адамы экенин билдирип, эптеп эки партияны ортосунда тирешүүнү күчөтүүгө, өзүнүн жеке маселесин чечип алуу үчүн аракеттенгени даана болуп жатпайбы.
Баса, убагында ошол эле Алмаз Атамбаев ачык айткан: "Биз коомчулукту тазалаш үчүн, дайыма жогорку кызматка илешип жүргөн айлакер, эпчил, карьерист аксакалдарыбыздан кутулушубуз керек",- деп. Жогорку Кенеш да ушул жагдайда абдан жакшы мыйзамды жакын арада кабыл кылды: "өкмөттүк кызматта 65 жашка чыгаары менен ар-бир кызматчы же жетекчи эс алууга чыгышы керек" деп, мындан ары ашыкча мөөнөт иштөөгө чекит коюлуп. Демек, аксакал болсоң, жаштарга жолду ачып беришиң керек дегени да...

Назаркул Жоошбаев




Сүйүнчү
Тамекинин баасы көтөрүлдү

Кыргызстанда быйыл тамекинин килограммы былтыркы жылга салыштырмалуу 20 пайызга жогорулап, 65 сомду түздү.

"Сунел табак" компаниясынын директору Жей Элкиндин билдиришинче, Кыргызстанда эгилген тамекинин сапаты жакшы, экинчиден экспорттоло турган өлкөлөрдүн саны өсүп жатыптыр. Маалым болгондой, буга чейин кыргыз тамекиси Индонезия, Германия, Россия, Украина жана башка Европа мамлекеттерине экспорттолсо, эми АКШ жана Кытайдын рыногуна чыгууну пландалыптыр. Айтымында, кыргыз тамекиси дүйнөлүк рынокто башка жактарда өндүрүлгөн продукция менен атаандаша алат.


Ийгиликтин эрте-кечи жок беле?
80 жаштагы студент айым

Пайгамбар курагынан да эбак өтүп калган Людмила Титова учурда борбор шаарыбыздагы И. Арабаев атындагы улуттук университетти бүтүрүү алдында турат.

Жаш курагында финансы техникумун аяктап, бирок турмуш-шартка байланыштуу жогорку окуу жайдан билим алуу бактысына ээ боло алган эмес. Ошол жаш кездеги аруу тилегин эми минтип 80 жашка жетип калганда ишке ашырганы турат. Жакын арада дипломдук ишин аяктап, колуна диплом тийсе, жакшы жумушка орношом деген тилеги бар. Мына эмесе, жаш кадрлар менен биргеликте теңтайлашып, билим алууга ынтызаар болгон Людмила чоң энебизге таазим. Балким бул анын алгачкы гана ийгилигидир. Калган ийгиликтери дагы алдыда жатса керек. Андыктан 30тун кырын ашпай, чоң ата, чоң эненин сөзүн сүйлөп калган жаштар бул студент айымдан үлгү алса болчудай...

Поэзия!
Кыргыздын жаш акындарынын антологиясы жарыкка чыкты

Эгемендүүлүктү алган 20 жылдан берки учкул убакыт ичинде бир да жолу акындардын антологиясы жарык көргөн эмес экен. Мына ушундай жымжырттык болуп келген жылдардын чынжырын үзө быйылкы жылы 20 жаштан 45 жашка чейинки жаш акындардын ырларынын топтомунан куралган антология жарыкка чыкты.

Китептин бет ачар аземи 13-декабрда борбор шаарыбызда болуп өттү. Ага катышкан маданият министри Нурлан Шакиев мындай жыйнактар эми жылына эки ирээт чыгып тура тургандыгын белгиледи. Ошондой эле келе жаткан 2012-жылда жаштар министрлиги тарабынан жаш прозаиктердин антологиясы жарык көрмөкчү.


Тор артында
Камактарда кыйноолор күчөдү

Мамлекет жетекчилигинин чакыруусу менен Кыргызстанга келген Бириккен Улуттар Уюмунун кыйноолор боюнча баяндамачысы Хуан Мендес бир жума ичинде эле өлкөдөгү 15 абакты кыдырып, айрым абактарды жабыш керек деген сунушун айтты.
Эми, түрмөлөрдө кармоо шарттары өтө эле начар болгонун бийлигибиз деле билет, акча жетпесе не кылсын. Айтымында Кыргызстанда кыйноолор кеңири тараган көрүнүш экен. Көбүнчө милиция кызматкерлери кылмышка шектүүлөрдү кармаган алгачкы сааттарда жана суракка алган учурда кыйнашат.

Д. Байаман