Чукумай
Текебаев Бөдөш Мамырованын сезимин козгойм деп, "мыш" болду

Парламенттик кезексиз жыйында депутаттар жыйынды алып барууга кимди коюу керектигин чече албаган тартыш учурунда Келдибековдун ордунда алып баруучулук ишти уланткан Б.Мамыровага эсеби боюнча депутаттык тажрыйбасы мол болгон Текебаев катуу тийшип алды.

Текебаев: "Бөдөш Мамырова менен Келдибековдун кантип өбүшүп учурашканын баары көрдү, жеке мамилелери кандай экени көрүнүп турат. Биринчи жолу көрүп турам төрага менен ушинтип өбүшкөнүнүн, булар жашыруун сүйлөшүп алышты" деп, Бөдөш айымды чымчымыш болду эле, эжекебиз да ташыңа - таш дегенсип, Текебаевге "өбүштүң, тиги, бу деп атасыз, ошол сөзүңүздү кайра алыңыз. Сиз аялдарды критикалаганда илик-жилигине чейин жетесиз, мен аны билем, бирок мени критикалабай эле коюңуз", - деди Мамырова.
Экөөнүн каяшаларын угуп отуруп, ким менен кимдин өбүшкөнүн башкалар айтышса да, Текебаевдин жеке тарыхына таянуу менен анын сезим маселесинен айтпай да, көтөрбөй эле койгону өзү үчүн эле жакшы болот дедик.




Башынан чирип...
Жогорку Кеңештеги коркунучтуу жүздөр

Төрага Акматбек мырзанын ишин иликтеген комиссияны жетектеген депутат Каныбек Иманалиев аталган иш боюнча журналисттерге маалымат берип жатып, парламенттин жооптуу кызматтарында уюшкан кылмыш топтордун мүчөлөрүнүн отурушканын Ички иштер министрлиги берген маалыматка таянып жар салды.

Анын айтымында, Жогорку Кеңештин Москвадагы атайын өкүлү Кубанычбек Нурматов дал ошондой уюшкан кылмыш тобунун мүчөсү экен. Маалым болгондой буга чейин ага бир нече жолу кылмыш иштери козголуптур. Кылмыш чөйрөсүндө Нурматовдун "Куба" деген "кличкасы" бар экенин да уктук.
Мындан сырткары депутат Иманалиев Жогорку Кеңештин Иш башкармалыгынын жетекчисинин орун басары Талайбек Рысалиевдин да уюшкан кылмыш тобунун мүчөсү экендигин билдирди. Анын пикиринде Рысалиев Камчы Көлбаевдин тобунда туруп, кылмыш чөйрөсүндө "Мови" аты менен белгилүү. Аты аталган адамдардын парламенттик жооптуу кызматтарга дайындалышына Келдибеков канчалык тиешеси бар экендигин угаарыбыз алдыда. Ал эми Иманалиев жетектеген комиссиянын билдирүүсүндө А.Келдибеков боюнча "Ата-Мекен" фракциясы көтөргөн 13 маселенин 11и тастыкталыптыр. Демек, Акматбек мырзанын мындан кийинки саясый алкактагы ишмердигинде алдын тосо турган килейген кемчилдик болуп кала берет.




Караңгылык...
Туңгуюкка такаган Конституция

Шашылыш кабыл алынган аракеттеги Конституциябыздын кемчилдиктеринин чачтан көп экендиги айтылып келсе, парламенттик коалиция түзүү маселесинде мыйзамдык карама-каршылыктардын бири катары парламенттик оппозиция туурасындагы көйгөй оркоюп чыкты.

Беш фракция тең алгач коалицияга кирүүнү каалагандыгын билдирип, парламентте оппозициянын болбой калышы боюнча маселе жаралды. Бул суроого депутаттар менен бирге, мыйзам ишин чемичкедей чагам деп келген башмыйзамдын автору Текебаев өзү да жооп бере алган жок. Айла кетсе, фракциялардын бирин оппозицияга чык деп суранышат экен. Акыр аягында баары бир фракциялардын бири парламенттик оппозицияга чыгат деңизчи, бирок мыйзамдуулукту бузбоо үчүн Жогорку Кеңештин сурануулар менен өтүнүүлөргө көз каранды болуп калганы жакшы иш эмес.





Спектакль...
Өмүркуловдун өлүмүш өнөрү

Бишкектин мэри Өмүркуловдун уулу Азаматтын автокырсыкка кабылышындай кандуу окуяны эч кимге каалабайсың. Кудай башка салбасын, кырсыктан өзү сактасын. Бирок, жол кырсыгы белгилүү жана таасирлүү адамдардын катышуусу менен болуп калгандан кийин, коомчулуктун көзү салынып калат. Кырсык болгон соң ар бир жаран жазасын мойнуна алыш керек.

Бир эмес үч адам өлүп жаткандан кийин, Азаматтын абалы андан бетер оор болуш керек эле. Тилекке каршы, атасы барда Азамат азап чекпей турган болуп калды. Бул иш боюнча балдарын жоготкон ата-энелер менен айыпталуучу тарап кандай чечишип алышса, бири-бирине доо койбой келишип калышса, албетте алардын өз эрктери. Акчанын бийлиги жүргөн заманда жашап жатканыбыздан соң, эки тараптын келишимдерине карата кеп козгоо кыйын.
Азамат Өмүркуловдун соттук-тергөө иштери боюнча айтылып жаткан сөздөрдүн өтө эле ар түрдүү болуп, өзүнчө эле үч көшөгөлүү спектаклге айланып кетти. Биринчи көшөгөсүндө Азаматтын автокырсыкка кабылышы, анын кесепетинен үч адамдын мүрт кетиши, тергөө иштеринин башталышы, Азаматтын абалы начар делинип анын ооруканага жаткырылышы болду. Көшөгөнүн экинчисинде жабырлануучулардын Азаматка каршы доолорунан кайткандары, эч кандай материалдык жана моралдык даттануулары, борбор калаанын башчысынын уулуна карата кылмыш ишинин токтотулушу болду. Арыз менен кайрылган тараптар талаптарынан кайтышкандан кийин Токмоктун шаардык соту кылмыш ишин токтоткон. Айыпталуучунун атасы Иса мырза уулу экөөнүн жоопкерчиликтен качышпагандыктарын айтып, соттук кароо мыйзамдын негизинде токтотулгандыгын кайыткан. Спектаклдин үчүнчү көшөгөсүндө Азамат Өмүркулов уйкудан ойгонуп, акылына эми гана келгенсип, жасаган кылмышы үчүн "жазага тарткыла, соттоп, камагыла" деп чыкты. Мынчалык экен, атасынын артына бекинбей жигиттик кадамын башында эле таштаса болмок же атасы адаштырганбы?




Тобо-о!
Бийлик оппозиционерди качан коргочу эле

Мамлекеттин эсебинен оппозициялык фракциялардын лидерлерин сакчылар менен бийлик камсыз кылыш керек деген демилгенин парламенттен көтөрүлгөнүн угуп, оозубуз ачылды.

Тообо, кантип ошондой болчу эле. Мындай демилге парламентте колдоого алынып, мыйзамдаштырылган күндө да оппозициядагы фракция лидерлери корголуп калбасы бештен белгилүү да. Сакчылар коргогондой түр көрсөтүп, бирок, ошол эле учурда сакчылар бийлик тарабынан табышталган "агенттин" кызматын аткарып калышы да ыктымал. Ошондуктан мамлекеттин мындай кам көрүүсүнө оппозиция муктаж эмес. Тескерисинче, ишке тоскоолдук жаралат. Бийлик каршылаштарына бир тыйындык да кереги жок мындай демилгелерди депутаттар көтөрбөй эле коюшса.