Айжаркын Эргешова
Адашкан жаз
Азыр дүйнөм бопбош. Атаганат, мындан көрө эч нерсе айтпай койсом эмне. Өмүр бою таза, басынбаган бойдон жүрөгүмдүн түпкүрүндө жашамак.

05.05.97.
Сабактан чыгып келатсам Азат агай адатынча капыстан жолукту. Көздөрүн көзүмөн албай жайдары учурашты.
- Эмне сузсуң? Бирөө таарынттыбы?-деди бура бастырбай.
- Жок, баары жакшы.
- Алиман, бүгүн кечкиге концертке билет алып койгом, барып келеличи.
- Сабак окуюн дегем. Сессия башталып калды.
- Жетишесиң. Сен эми чоң кыз болуп калбадыңбы.
Көз алдыма сиздин суз көздөрүңүз келе түштү.
- Макул,-дедим акырын. Азат агай кадимкидей кубанып кеткенин жашырбай, мурдуман чымчып коюп басып кетти. Мага эми баары бир. Кечке маал жалгыз отурсам Асел шашып келди да:
- Сени Азат агай чакырып жатат,-деди энтигип.
- Азыр чыгам, концертке бармакпыз.
- Азат агай мененби? Жинди болгондон соосуңбу?
- Эмне, Азат агай менен жинди болгон кыздар концерке барат бекен?
- Ал агай да.
- Боло берсин, кайра жакшы, сессияма жардамы тийет.
- Алиман, сага жардамдын кереги жок.
- Эмнеге кереги жок? Мен эмне, башкалардан кем бекем? Мен деле ойноп-күлгүм, студенттик курактын доорун сүргүм келет.
- Студенттик курактын доору агайлар менен жүргөндө эмес.
- Андай акылдуу экенсиң айтчы, эмнеде? Саргайып бирөөнүн сүйүүсүн күтүүдөбү? Сүйгөн адамдын көзүнө түшүү үчүн жанталашып окуудабы? Ал сокур болсо кантесиң? Столу менен кагазынан башканы көрбөй, мансабы сезимден жогору болсо кантесиң? Мен чарчадым, Асел, чарчадым.
Эшикти тарс жаап чыгып кеттим. Жүрөгүмдө ушундай бир кашкөйлүк пайда болду, ыйлагым да келген жок. Чыксам Азат агай четирээкте күтүп туруптур.
- Кандай, сулуу кыз?-деди ал жаркырай күлүп.
- Жакшы, өзүңүз кандай?
- Күлгөн сага жарашат, Алиман, ушинтип күлүп жүрчү.
- Эми дайым күлүп жүрөм,-дедим кашкөйлөнгөн жүрөгүм ооруп турса да жылмайып. Концертте алдыңкы катарда отурдук. Бир оокумда Азат агай акырын колуман кармады эле "дирт" эте колумду сууруп алдым. Агай мени жылмая карады да, көзүмөн шок көздөрүн албай карап кайра кармады. Бул жолу сууруп алган жокмун.
Концерттен чыкканда кеч болуп калган экен. Азат агай мени карап:
- Концерт жактыбы?-деди жайдары күлүп.
- Жакты,-дедим акырын. Чынын айтсам, ыр деле уккан жокмун. Сиз мени бир жерде карап тургандай абал кыйнап туруп алды.
- Үшүдүңбү? - Агай мени акырын бооруна тартты. Эрктен тыш колун кагып жиберип, кайра өзүм коркуп кеттим.
- Агай, үйгө кетелиби?
- Сен кандай ойлойсуң?
Агайдын кандайдыр коркунучтуу сыр каткан көздөрүнөн коркуп шаша сүйлөдүм.
- Менби, мен үйгө кетем, азыр маршрут токтой элек болуш керек.
- Сендей кызды жалгыз жиберип, анан эртең кантем? Мен сени таксиге салып коём.
- Жок, агай, мен өзүм эле кетип калам.
Агай унчукпай ийинимден кучактай чогуу басты. Экөөбүз жай басып жол бойлоп келе бердик. Кашайып бир да маршрут өтпөйт. Мына-мына деп отуруп Араван аялдамасына келип калыптырбыз. Жол боюндагы көз жоосун алган гүлдөрдү эрктен тыш суктана карап алдым.
- Сен ушундай туруп тур, мен азыр. - Азат агай гүлдөр тарапка басып кетти да, тим эле кучак толгон кооз букетти тандады. Солкулдаган аппак каллалар көзүмө бир башкача көрүндү.
- Бул сага, гүлдү жакшы көрөт окшойсуң, ээ?-деди агай көзүмө карап. Кубанганыман не дээримди билбей калдым. Агай кандай жакшы адам.
- Рахмат,-дедим толкундануудан үнүм титиреп. Агай мени күлө карап, мурдуман чымчып койду. Аңгыча маршрут келип калды.
- Мен кеттим, агай, маршрутум келди,-дедим да Азат агайдын сөзүн укпай эле чуркап чыгып кеттим. Ал артыман бирдеме деп кол булгалап кала берди. Гүл менен батсамчы же. Баары эле мени карайт адам көрбөгөнсүп. Гүлүм менен кадимкидей мактанып, баарынан кызыгы адамдар аны Азат агай эмес, Сиз бергендей кабыл алуусун кааладым. Барсам, вахтаны жаап коюптур. Анда бүгүн тоголонгон орус кемпир экен. Бул шүмшүк асынып алсаң да киргизбейт. Балкондон "Асел!" деп кыйкырып жатсам, төртүнчү кабаттан балдар "Асел ойнобойт, кандай кызсың уктабаган" деп кыйкырышат. Мышыкка оюн, чычканга өлүм. Аңгыча Асел башбакты. Ал биринчи кабатка түшүп, мени тааныш кыздардын балконунан тартып алды.
- Ким берди гүлдү?-деди гүлгө суктана карап. Негедир Сизди айткым келип араң кармана:
- Бирөө да,-деп койдум табышмактуу жылмайып.
- Ким болмок эле, Азат агай да.
Аселдин сөзүнө ындыным өчө түштү.Сиз мага гүл тартуулабай калдыңыз го, Агатай. Ыйлагым келди.

03. 07. 97.
Бүгүн сизге жолуктум. Алгач кире албай "кетсемби" деп турсам айдоочуңуз келди да:
- Сен жолуктуңбу?-деди акырын.
- Жок.
- Сыртка чыгып кетти. Бул жактан карап турсаң, келет.
Жүрөгүм титиреп тосуп турсам сиз келдиңиз. Канчалык карманып турсам да апкаарып кеттим.
- Кел, Алиман,-дедиңиз коңур, токтоо үн менен. Көздөрүңүз табышмактуу жылт этти.
- Агай, мен сессиядагы бааларыма ыраазы эмесмин. Кайра тапшырсам дегем, жардам бере аласызбы?
- Макул, карап көрөйүн, сен анан келсең. Менин столума арыз жазып калтырып кой.
- Телефон чалсаңызчы?
- Мен мугалимдерге анте албайм. Азыр минтсем кийин элди кантип башкарам?
Жүрөгүм сууй түштү. Арыз жазып калтырган жокмун. Азыр ыйлап жатам. Пенде экенибизге ыйладым. Эч бир ишенип жөлөк тутар адамым жок, жалгыздык жабыркатып чөгүп баратам. Ким мага ишенимдүү жөлөк, жүрөгүмдүн дабасы боло алат? Мен куру үмүт, чеги, ишеними жок кыялдар менен гана жашап келаткан жокмунбу?





Энеси бар адамдар эч качан картайышпайт
Таенем- алтын казынам

Балалыктын бактылуу учкул ирмемдери ар бирибиздин көз алдыбызда өмүр бою сакталса керек. Андагы биздин издерибиз калган жерлер, уккан жомокторубуз, биз ойногон оюндар, ойго келбеген шоктуктарыбыз, жадесе, ал үчүн алган жазалар, анан биз уккан алгачкы мактоолор, айтор, баары.

Балалыгын унутпаган адамдын ниети таза, сезим-туюму тунук, башкалар үчүн ар дайым жакшылык үрөнүн себүүгө даяр. Секелек же боз улан кездердеги бүтүн ааламда жүрүп жаткан миң түркүн процесстерден бейкапар, жарыкчылыкта бир гана биздин түйшүгүбүз бардай сезилип, таалим берип, кам көрүп, канатына коргологон улууларыбызды - ата-энебизди же чоң ата-чоң эне, таята-таенебизди дүйнөдөгү бийик, асыл, бардык-бардык нерселерди билген акылман падышалардай туйганыбыз. Бизди өстүрүп, өрнөк болгон, турмушка жарык жол көрсөтүп, муштумдай жүрөгүбүзгө мээнеткечтиктин, адамгерчиликтин, жөнөкөйлүктүн үрөнүн сээп, деги эле ичер суу, көрөр күнүбүз бүткөнчөктү бүтүндөй улуу турмуш сапарында коштоп жүрүүчү адамдык сапаттарды көкүрөк-көйүбүзгө уюткан адамдар чоң тамгалар менен жадыбызда жатталып, аларды сыйлап-урматтоого, өмүр бою алаканыбызга салып аздектөөгө милдеттүүбүз. Алардын бири - мени багып-өстүргөн Тажикан таенем.
Жыл сайын жаз баш бакканда таятам менен таенеме кошулуп жайлоонун төрүнө көчөр элек. Күн сууктап, кеч күз болгончо табигаттын керемет кучагында боз үйдө жашачубуз. Таенемдин жомокторун угуудан чарчабайт элем. Айрыкча, "Курманбек" эпосун жакшы айтчу. Эстесем, бир жомогун экинчи кайталап айтчу эмес.
Жерге алгачкы шооласын төгүп, тоолордун артынан кызарып чыга келген Күн менен жарышып таенем таң азандан туруп уй саачу. Уйдун сүтүнүн чаканын түбүнө куюлуп түшкөн дабышынан улам ойгонот элем. Алиге чейин ошол кезде алтымыш жаштагы курагында таенем отуз уйду эки маал кантип сааганга үлгүрчү экен деген ой кетет.
Боз үй дайыма жылуу болуп, саамал кымыз жыттанып турар эле. Күн сайын боз үйдүн капшытындагы ышталган сабаны кезек менен бышып, кымыз жасачубуз. Андан ары төрдө таятам көтөрүп жүрмө радиону тыңшап жатаар эле. Баса, радионун колго жасалган булгаары асынгычы бар болчу, ат менен мал караганы чыкканда таятам ээрдин кашына илип алып укчу. Күндө эртең менен менин жумушум - сүт тарткан машинаны айлантып, каймак алуу. Ал эми андан чыккан майы алынган сүттөн айран уютуп, сүзмө жасап, аны кайра курут кылчубуз. Кийинчерээк (мен мектепте окуп калгандан кийин) жайкысын биз менен бирге байкем менен жеңем кошулуп келе баштады. Баарыбыз чогуу жапайы алма, алча терчүбүз. Дагы майда жапайы алмалар бар эле. Аны чоң казанга салып кайнатып, варенье бышырчубуз. Вареньени азыркылардай литрлик айнек шишелерге эмес, 40 литрлик алюминий бидондорго куйчу элек. Үйдүн жанынан чоң дайра акчу, ага карабастан акем экөөбүз күндө алыс жактагы булактан суу алып келчүбүз. Агезде 4-5 жаштардамын. Эки бидонго булактын суусун толтуруп, эшектин эки жагына асып, өзүм да олтуруп, кыдыңдап келе берчүмүн.
Медициналык институттун студенттери - эжекемдер жайкы эс алууга келишип, мени жуундурганга эле аракет кыла беришчү. Алар мени кирдеп кеткендей ойлошчу, бирок, менин көмүрдөй каралыгым күнгө күйүп кеткенимден эле. Күндүз кечке үндүктөрдү бакчумун. Ал эми күн байланган маалда Аширбек акем экөөбүз кайсы бир кезде орус чал жашаган үйдүн там аркасындагы жапайыга айланган сабизге келген коёндорго аңчылыкка чыкчубуз. Түн киргенде биздин жылкычы кошунабыз - таятамдын агасы жайыттан келмейинче уктабай күтүп олтурчумун. Биз кечки тамакты чогуу иччүбүз, ал мага жакшы тамактанып, күнүнө бир литрден кем эмес кымыз иче турган болсом, "Шайтан" деп атап койгон айгырды белекке берүүнү убада кылган. Мен бул айгырды мингенди жакшы көрүп, анын айтканын аткарып, тамакты көп жеп, кымыз ичет элем. Таенем каймакка көк пияз кошуп, сонун оромо жасап берчү.
Таенем бүгүнкү күндө 84 жашта. Эки чөнтөк телефон, саркеч сумка көтөрүп, уулдун урматын, кыздын кызматын көрүп, небере-чөбөрөлөргө акыл-насаатын айтып, ар бирибиздин сыйлуу төрүбүздө.
Таятам экөө 8 уул-кызды тарбиялап-чоңойтту. Алардын төртөө - врач, экөө инженер, бири мугалимдик кесиптин ээлери. Ал эми небере-чөбөрөлөрүн чогулта келсе, бир айылдан кемибейт. Алардын баары мыкты адамдар. Азыркы жаштардын "Бир эле балалуу болсо, жетишет. Бардык нерселердин баарын берүү үчүн" дегендери тилекке каршы, өкүнүчтүү. Ал эми биздин улуу муундагы ата-энелерибиз ушундай болушкан.

Мен уулума эмнегедир дал ушундай түйшүксүз, таттуу балалыкты тартуулай албаганыма өкүнөм.

Султан Каназаров

(Даярдаган Г.Турдалиева)