Данияр Эрматов:
"Эмгек сиңирген артист" наамын алсам таң калбагыла...

Жаш ырчылардын катарын толуктап, "Токто жаным" аттуу ыры менен жаштар арасында ысымы таанылган Данияр Эрматов бүгүн "Майдан.kg" гезитинде мейманда.

Балалык кезим...
Ош шаарына караштуу Өзгөн районун Куршаб айылынан болом. Мектепти бүткөнчө айылда өсүп, чоңодум. Кой кайтарып эле жүрчүмүн. Үйдүн эркеси дегендей да. Менин балалык кезим бардык балдардыкынан айырмасы жок, бактылуумун. Ата-энем, бир туугандарым маңдайымда болсо, ошол менин бактым. Дүйнөдө андан өткөн бактылуулук жок дээр элем.

Кыялдарым...
Кичине кезимен бери эле ырдоону кыялданчумун. Акыры иш жүзүнө орундалып олтурат. Жеке номерлерде ырдап жүрдүм. Айылдагы, райондогу кароо-сынактардын биринен да калган жокмун десем болот. Туугандардын үйүнө барып калсак да ырдамайын кетчү эмесмин. Мектепте окуп жүргөн кезимде комуз ийримине катышып, кошумча сабак окугам. Бирок, тилекке каршы, азырынча комуздун коштоосунда ырдай элекмин. Буюрса, келечек алдыда, элдин сүймөчүлүгүнө татыган ырларымды жаратам деген ойдомун.

Шоу-бизнес жолунда...
Мектепти аяктаган соң, борборубуз Бишкек шаарына келип, окуу жайга тапшырып калдым. Окуп эле тим болбостон, кафелерде ырдап, иштедим. Мен ырдабаган кафе деле калган жок окшойт. Ошентип, шоу бизнестин тар жол, тайгак кечүү сыноолоруна кабылып, акыры ырчылыкка баш-отум менен 2011-жылы кириштим десем болот. Ырларымды мүмкүнчүлүгүмдүн жетишинче жаздырып келатам. Жеке ырчымын, продюсерим жок. Кудай буюрса, 2012-жылы продюсер менен иштешейин деген оюм бар. Продюсерлерден сунуштар да түшүүдө, убакыт сааты келгенде иштеше баштайбыз. Келечекте адистигим боюнча бажы кызматкери болуп чыгам. Учурда жаңы жылга карата "Көгүлтүр от" концертине кызуу даярданып аткан кезибиз. Азыркы тапта жети даана ырым бар. "Жетинин бири - кыдыр" дегендей, бири мени ийгиликке жеткирет деп ишенем. Үч клип тарттырдым. Бир ырымдын сөзү, обону Артык Саитовго таандык. Бирөөнүн сөзү Алтынбек Алымовдуку. Калган ырларды өзүм жазып, обондорун чыгаргам.

"Эр тайын тартат" экен...
Ырчылык жагынан тайкелерим тарапты тартып калган окшойм. Тага журтум ырга шыктуу, өнөрлүү адамдар. "Өнөрүң болсо, өргө чап" дегендей, жараткан таала тубаса талант тартуулаган соң ырдап чыгышыма ата-энем деле каршылык көрсөтүшкөн жок. Тескерисинче, колдоо көргөзүүнүн гана үстүндө. Менин азырынча продюсерим да, сынчы адамдарым да бир тууган агаларым. Тагдырбек, Кутманбек деген мен сыйлап-урматтаган, өрнөк туткан агаларым бар.

Хобби же кесип...
Мен башында спортко кызыгаар элем. Спорттун тай боксуна катышчумун. Көптөгөн ийгиликтерге жетишкем. Кафелерде иштеп калып, ырчылыкка басымдуулук жасап кеттим. Азырынча спорт залга барып, машыкканды убактылуу токтотуп койдум. Убакыттын өтүшү менен буюрса, улантам деген оюм бар. Чынын айтсам, ырчылыкты хобби катары көрчүмүн. Ал эми азыркы тапта бүт жан дүйнөмдү ырчылыкка байладым.

Кумир...
Бардык улуу муундагы ырчылардын талантын абдан баалайм. Анткени алар бизге жол көргөзүп, кандайдыр бир таасирлентет десем жаңылышпайм. Менин кумир туткан адамым, ырларын жан дүйнөм менен берилип угуп, талантына таазим кылган улуу инсан - Рыспай Абдыкадыров. Ырларына таасирленип, мен да ошол адамдай төбөм көккө көрүнгөн адам болсом деп самайм.

Жүрөгүмдүн ээси...
Жүрөктө балалык сүйүү жашап келет. Мектепте окуп жүргөн кезимде бир кызды аябай жактырган элем. Мен ал кызга ишеничим чоң эле. Андан башка эч бир кызды сүйө албачудай сезчүмүн. Бирок, ал кез жөн гана жакшы көрүү же балалык сүйүү болгон чыгар. Бүгүнкү күндө чыныгы сүйүүгө кезиге элекмин. Жөн гана жактыруу... Кыздар менен дос катары көп эле сүйлөшүп келем, бирок, жүрөк бош, сүйүүнүн орду алиге ээн. Кыздарга жөн гана убада берип, алдагым келбейт. Себеби, бир сүйсөм катуу ишенип сүйөм. Чыгармачылыгыма каршы болуп таштатып коёбу, кызганабы деген да ой кетет. Балким, чындап жакшы көрүп калсам, кыз үчүн кандай курмандык болсо да барам десем жаңылышпайм. Кыялымдагы татынакай сулуу бир күнү кез келер. Акыры убактысы келгенде мен да үй-бүлө курам го. Кыскасы, мага аябай жөнөкөй кыздар жагат. Түшүнүктүү, бой көтөргөн кыздарды чынында жактырбайм. Биринчи иретте келбетине эмес, мүнөзүнө карап баалайм.
...Бир көрүп сүйүүгө бир чети ишенем, бир чети ким билет? Балким...

Сын-пикир...
Азырынча жашмын. Жаш чырпыктай. Балким, көптөр тааныбайт. Катуу сын-пикир деле уга элекмин. Анда-санда үй-бүлө тараптан айтышат, сынды туура эле кабыл алам. Албетте, жаштык менен кээде ачуум келип, сындагандарды көтөрө албай кетчүмүн. Убакыттын өтүшү менен адам ийилчек болушу керектигин түшүнүп калдым.

Досторум...
Менин эң жакын досум - клипмейкер Эрнис, Сагыныч деген жигит. Достор менен сыр бөлүшүү милдет. Сахналаш досторум деле көп. Нурэль Казакбаев, Ильгиз, Аваз, Нурлан Насиптер - баарыбыз жакын мамиледебиз. Сагыныч экөөбүз кафелерде чогуу ырдап калганбыз.

Мүнөзүм...
Мактаныч эмес, абдан токтоомун. Шайыр жүргөндү жактырам. Бул жарыкчылыкта күлүп жүргөнгө не жетсин. Бирөө ачууланып мамиле кылса да күлүп атып кутулганга аракет кылам. Шайырмын, күлкүчүмүн, жөнөкөймүн. Негизинен мага жөнөкөй адамдар жагат, ачуум деле тез келбейт. Анан чынымды айтайынбы? Аябай жалкоомун. Мен үчүн жалкоолук менен күрөшүш кыйын, себеби, мен кафеде иштеп жүргөндө түнү менен иштеп, күндүз уктачубуз. Күнүбүз менен түнүбүз алмашып калган. Күнүгө бир кафеге же болбосо бир студияга барып ырдайм. Үйгө кеч барып, кеч жатып аябай кеч турам. Анан уйкучумун. Бай болобу, кедей болобу, бардык адамдарга бирдей мамиле кылам. Жөнөкөй адам болобу, депутатпы, милиция кызматкериби, мен үчүн бирдей. Себеби, баарыбыз тең Жараткандын алдында тегизбиз. Ал эми чектен ашкан күйөрмандар, айрыкча, кыздар болсо, күлүп кутулуп кетем.

Машинам...
Хонда-одиссей үлгүсүндөгү автоунаа тээп жүрөм. Машинаны мээлейдей эле алмаштырам, бул төртүнчү жолкусу. Айдап жүргөнүмө төрт ай болуп калды. Мен эс тарткандан бери эле атамдын машинасы бар болчу, аны алтынчы классымдан тартып кошо талашып, айдачумун. Айдоо күбөлүгүн окубай эле алгам. Машинаны өз күчүм менен ала элекмин. Байкелерим алып берет. Эркемин да. Ушул машина жакты десем, дароо эле сатып беришет.

Максатым...
Албетте, эл көзүнө таанылган ырчы болуу. "Генерал болууну эңсебеген солдат солдат эмес" дешет го, кудайым буйруса, келечекте Кыргыз Республикасына эмгек сиңирген артист болуп калсам таң калбагыла.

Бул жылда эсимде калганы...
Өтүп бараткан жыл аябай ийгиликтүү, жемиштүү жылдардан болду. "Токто, жаным" деген ырым хитке айланды. КТР каналынын рейтинги боюнча алдыңкы он эки ырдын ичине кирди. Үчүнчү орунга чыкты. Сын-пикирлер да айтылды, бирок, ырды жактыргандардын саны көп. Ошонусу менен эсте калды. Көп концерттерге катыштым.

Эфирде...
Ырдап жатканда ыңгайсыз учурлар бирин-серин болгон. Эфирге биринчи чыкканда катуу толкундангам. Ошондо угармандар мага тескерисинче, кубат берген. Кызыктуу суроолорду беришкен, сын-пикирлер дээрлик айтылган эмес. Жаңылыштык болбой эле койсунчу.

Бул ырлар башыңан өткөнбү?
"Токто, жаным" деген ырым Эрнис деген дос баламдын башынан өткөн окуя. Албетте, анчалык кыйналып, азап тарткан эмес дечи, бирок, сөзсүз көркөмдөлдү да. Калган ырларымды сүйүү башыма келбесе деле, башка бирөөлөрдүн турмушунан алып жазгам. Бирөө сырын айтып берсе, ушуну ыр кылып жазыш керек экен деген ой кетет же болбосо, ушундай клип тарттырыш керек экен деп ойлоп коем. Анан илхам келип калат.

Маектешкен
Насыйкат Бекмуратова