кыргыз тилиндеги гезит "Майдан.kg"


Warning: include(../../search.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/maidan_kg/11/1109_1.htm on line 71

Warning: include(../../search.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/maidan_kg/11/1109_1.htm on line 71

Warning: include(): Failed opening '../../search.htm' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/maidan_kg/11/1109_1.htm on line 71
п»ї


Президенттике талапкер Камчыбек Ташиевдин Кыргызстандын элине
кайрылуусу
Урматтуу мекендештер!
Мен, Камчыбек Ташиев, өзүмө байланышкан ар кандай өңүттөгү ушактардын таркатылып жаткандыгына байланыштуу, атайын кайрылуу жасоону туура көрдүм.
Өзүңүздөргө белгилүү болгондой, бийлик башындагылар элдин эртеңкисин ойлобой, өз кызыкчылыгын көздөп, президенттик шайлоону ыплас жолдор менен өз пайдасына оодаруунун аракетин кылып жатышат. Борбордук шайлоо комиссиясынан тартып, губернатор, аким, айыл өкмөтүнө чейин бийликтин талапкерине мыйзам бузуу жолу менен кызмат көрсөтүшүп, "иштен же окуудан айдайбыз, эртеңки турмушуңду ойлогун, элге батпай калып жүрбөгүн",- шылтоосуна таянып, мугалимдерди, дарыгерлерди, студенттерди, карапайым элди, өзгөчө ардагерлерди жарга такап,
коркутуп-үркүтүп жатышкандыган бардыгыбыз күбө болуудабыз. Мунун баары, дагы бир жолу айтам - президенттик шайлоонун жыйынтыгын күн мурунтан чечүүнүн камында жасалып жаткандыгын белгилеп кетким келет. Шайлоо бюллетендерин өздөрү каалагандай, атайын белгиленген тартипти бузуп туруп, жер-жерлерге жөнөтүп ийишкендиги мунун дагы бир таасын далили.
Мени президенттикке талапкер болуп катталгандан бери ар кандай жолдор менен жаманатты кылуунун, каралоонун аракетин көрүп келишти. Менин үгүт материалдарымды тытып да көрүштү, "наркобарон" деп жазышты, "улутчул" деп да чыгышты. Акыры айласы кеткенде "Атамбаевге сатылды",- деп жазылган баракчаларды чыгарып, таркатышты. Бирок, мен өз элиме ишенем, Сиздер эч кандай ушактарга алданбайсыздар. Кыргызстандын эли менин эч качан сатылбастыгымды мыкты билет. Мен эч кимге кошулбаймын да, анткени президенттик кызматка соодалашканы бараткан жокмун. Мен элимдин турмушун жакшыртуу үчүн бул кызматка ат салышып жатам.

Урматтуу мекендештер!
Бүгүн бийлик иш жүзүндө кимдердин колунда экени белгилүү. Булар бир жарым жылдан бери эл үчүн бир иш жасаган жок. Анысы аз келгенсип, апрель айындагы, июнь айындагы кандуу окуялардын күнөөлүүлөрүн жазалашкан жок. Өкмөттүн Кыргызстанды экономикалык өнүктүрүү программасы дагы деле Жогорку Кеңешке бериле элек. Бул бийликтин программасы тургай, эл үчүн эмне иш кылуу керек деген планы да жок.
Ошол эле маалда миңдеген жаштарыбыз өз өмүрүн тобокелге салып бөтөн элде, бөтөн жерде эптеп жумуш таап, "ата-энемди, бала-чакамды багам",- деп кыйналып жүрүшөт. Канча деген балдарыбыз сыртта суукта иштеп жүрүп, оорукчан болуп келип жатышат. Жумуш жоктугунан, жашоо шартынын начарлыгынан канча жаш үй-бүлөлөр ажырашып кетүүдө. Айылдарда кадырман карыларыбыз менен жаш балдарыбыз эле калды. Өкмөттөн эч кандай жардам жок. Акыркы эки жылда күйүүчү май, дан уруктары, жер семиркичтер, жада калса азык заттын баалары өсүп, элибиз кыйналып жашоодо. Бийликтегилер болсо алдым-жуттум менен өз байлыгын көбөйткөндөн башка эч нерсени ойлобой калды. Канчалаган жердештерибиздин айылында суу жок, свет жок, көчөлөр баткактап, күн жааган сайын кыйналып келишет.
Миңдеген улан-кыздарыбыздын жумушу жок. Эптеп эле күн көрүп калышты. Ушундай бийликтин элге кереги барбы? Элин карабаган бийликтин кимге кереги бар? Элдин оор маселелерин чечкендин ордуна бийлик ээлери алты айдан бери шайлоодо өз адамын өткөзүүнүн аракетин көрүп, карапайым элди карабай койду.
Мен бул жөнүндө терең ойлондум. Он беш жыл ичинде өз элиме 82 миллион сомдон ашык жардам бериптирмин. Бирок Кыргызстандын элине өмүр бою жардам кылсам да, мындай бийликтин тушунда элим кыйнала берет. Ошондуктан мен президент болуп, мамлекетте тартип орнотуп, бийликти элге иштетүүнү чечтим.

Урматтуу кадырман калкым!
Мен жашмын, колумда бар. Болгон тилегим өз элиме кызмат кылуу. Мен башкаларга окшоп, "эптеп бийликти алсам, анан байысам",- деп эч качан ойлобойм. Мен элимдин жакшы жашоосун каалайм. Кыргызстан жер жүзүндөгү эң кооз жана эң таза жер. Бирок, бийликке ыплас адамдар келип, алардын кесепетинен кан төгүлдү. Буга да канааттанбастан, минтип, абсолюттуу бийликке умтулушууда. Мен Сиздерден суранаарым, эч качан мындай бийликке алданбагыла, ишенбегиле, шайлоого келгенде оз добушуңуздарды татыктуу талапкерге бергиле.

Ардактуу агайын-туугандарым!
Кудай колдоп, Сиздердин жардамыңыздар менен президент болуп шайланып калсам, мен өзүмдүн "Кыргызстанды өнүктүрүүнүн 7 кадамы" программамды ишке ашырып, элим үчүн кызмат кылам. Башкаларга окшоп кооз сүйлөп, же болбосо Убактылуу өкмөттө олтургандарга окшоп, элге керек болгонумда качпаймын. Сиздер мени колдосоңуздар биз шайлоодон жеңип чыгабыз. Өткөн парламенттик шайлоодо да, бийлик канчалык күч колдонгон күндө да, Сиздердин колдооңуздар менен биздин "Ата-Журт" партиясы биринчи орунду ээледи.Бул жолу да Сиздердин колдооңуздар менен, мен буйруса биринчи орунга чыгамын. Себеби мен Сиздерге терең ишенип, бир гана Сиздер үчүн президент болуп иштегени баратам. Бийлик күч колдонобу, колдонбойбу, мени жамандайбы же каралайбы, бир гана Сиздердин колдооңуздар менен мен президент болуп, элим үчүн кызмат кыламын. Бизде акыл-эстүү, таза жаштарыбыз көп. Ошолорду мамлекетти башкарууга үйрөтүп, келечекте Кыргызстанда паракорчулук, коррупция, кылмыштуулук деген нерселердин баарын ооздуктаймын. Эгер пара алган, коррупцияга малынган болсо, министр болобу, губернатор болобу, алардын баары жоопко тартылат.
Келиңиздер анда, Кыргызстандын келечегин бийлик, акчага алданбастан, өзүбүз аныктайлы!






  Провокация!

Ташиев Атамбаев менен эч жерде жолуккан эмес...
Президенттикке талапкер Камчыбек Ташиевдин штабы белгисиз адамдар тарабынан көп нускадагы провокациялык маанайдагы баракчаларын таркатылып жатканын билдирет. Ал баракчада Президенттикке талапкер Камчыбек Ташиев коомдук телеканал аркылуу болуп өткөн телетаймаштан соң түз эле резиденцияга барып Алмазбек Атамбаевге жолугуп, биригүүгө макул болгондугу тууралуу айтылат. Бул маалыматтын карандай калп экендиги тууралуу К. Ташиевдин официалдуу өкүлү жана анын пресс-катчысы Нургазы Анаркулов төмөнкүчө кайрылуу жасашат:

- Баракчаларда "Ташиев Алмазбек Атамбаевге сатылып кетти" деп айтылыптыр. Бул биздин талапкерге карата жасалган кезектеги кара пиар.
Анаркулов официалдуу түрдө К. Ташиев А. Атамбаев менен эч жерде, эч кандай кырдаалда жолуккан эместигин баса белгилейт.
- Биз азыр дагы А. Атамбаев акыйкат күрөш жүргүзбөй келүүдө деп эсептейбиз. А. Атамбаевдин жеңиши алдын-ала даярдалып жаткандыгы тууралуу да айта алабыз. Ал эми мындай имиштер жана баракчалар биздин алдын-ала боолгоолорубуз боюнча кандай кырдаал болсо да, маарага биринчи болуп келүүчү талапкер К. Ташиевдин кадыр-баркын түшүрүү үчүн атайын таркатылып жаткандыгын белгилеп кетебиз.








Warning: include(../../ggle_v.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/maidan_kg/11/1109_1.htm on line 139

Warning: include(../../ggle_v.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/maidan_kg/11/1109_1.htm on line 139

Warning: include(): Failed opening '../../ggle_v.htm' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/maidan_kg/11/1109_1.htm on line 139


а ­е¦Є.НҐй«