Президенттикке талапкер Камчыбек Ташиев №3:
"Өлкөдө тартип болсо, экономика да өнүгөт, элдердин маданияттуулугу да жогорулайт"
Кылмыш күч алган мамлекетке инвестор келбейт
Шайлоо алдындагы өзүнүн программасын тааныштырып, президентикке талапкер К.Ташиев Сокулук жана Москва райондорунун шайлоочулары менен жолугушту. Кезигүүдө бул райондо өндүрүштү өнүктүрүүгө толук шарттар бар экендигин сокулуктуктар айтышып, бирок бир топ жылдардан бери беш-алты гана жеке өндүрүш ишканаларынын иштеп жатканын аз деп сындашты. Мамлекет жетекчилери тыштан келген инвестицияларды ар кайда жумшашып, мамлекеттик деңгээлде ишкана ачууга кызыгышпаганын айтышты. Өз жообунда талапкер криминалдык көрүнүштөр күч алган өлкөгө, тартипсиздик өкүм сүргөн мамлекетке инвесторлордун келбей тургандыгын айтып, эгер президент болуп калса, өлкөгө келген жана келүүгө ниети бар инвесторлордун экономикалык иштерине шарт түзүп, алардын коопсуздугуна кам көрө тургандыгын белгиледи. Айтымында, бул багытта инвесторлордун мыйзамдуу иштөөсүнө жана аларга жергиликтүү бийликтин көз артпашына атайын мыйзамдар иштелип чыгат да, президент катары кепилдик берет. Жолугушууга келишкен шайлоочулар сөз аягында шайлоо алдындагы айткан кептеринин өтөсүнөн чыккан эл башчы бол деген тилектерин айтышып, баталарын беришти.


Жердешчиликке жол берилбейт
Мамлекет башчысы кызматына ат салышып жаткан талапкер К.Ташиевдин Кара-Балта шаарынын жана Панфилов районунун тургундары менен болгон жолугушууларына шайлоочулар арбын келишти. Суроого чыккан жарандар жергиликтүү бийликтин эл менен иши болбой калгандыгын, карапайым адамга акимдин эшиги эч эле ачылбай калганын айтышты. Шаардыктардын айтымдарында жердешчиликтин айынан биринин айыбын бири жапкан иштер жайылып кеткен. Бул маселе боюнча К.Ташиев өз программасында жазганын жана жергиликтүү бийлик башчыларын, дегеле мамлекеттик кызматтарда иштегендерди ээлеген ордуларына карабастан, которуштуруу тажрыйбасын киргизээрин айтты. Президенттик кызматка келип калса атайын мыйзамдар иштелип чыгып, аймактардагы жетекчилер белгиленген мөөнөткө жараша которулуштуруп турат. "Ошондо бийлик тарабынан жердешчиликке баруу, тууганчылык иштерди жасоо деген көрүнүштөр жоюлат", - деди, талапкер.


Гүлсара Нышанова,
Панфилов районунун
тургуну:
"Ташиевге ишенем!"
- Ташиевдин "Кыргызстандын элине жыргал турмушту алып келем, жетиштүү жашоого элди алып барам" дегенин, мен анын жаштыгы, курчтугу, тайманбастыгы менен байланыштырып турам. Эл-журт аман болсо, тынчтык болсо деп тилейбиз да. Ар дайым эле азыркыдай "лозунгдарды" көтөрүшүп, башаламандык болуп жатпайбы. Күчтүү президент келсе ушундай көрүнүштөрдөн арылат элек жана муну Ташиевдей гана катуу мүнөз адамдар ишке ашыра алат деген үмүт менен Камчыбекти колдогону турамын. Ташиев президент болуп калса, мен ошого кубанам. Элдин мүдөөсүн аткарган президент болсо деп тилейм.

Катча Каримова,
Кайыңды айылынын тургуну:
"Биз да татыктуу жашоого жеткенге акылуубуз"
- Камчыбек Ташиев элди бөлбөйт, эл үчүн жанын аябаган жигит деп билемин. Бул талапкерди колдогонумдун себеби, өткөн жылы Ошто көкүрөгүн окко тосуп, элди сактап калгандыгы мага абдан жаккан. Эми Атамбаев, Мадумаров дегендер да бар, бирок алардын ичинен мен Ташиевди тандап отурам. Президент болуп калса, биздин артыбыздан келе жаткан келечек муунга жаркын келечек куруп берсе болгону. Шайлоочулардын алдында жакшы кептерди айтып жатат. Ошол сөздөрдү ишке ашырса, бизге сонун жашоонун келиши ажеп эмес. Ачыгын айтсам, мен саясат менен алпурушкандардын кайым-айтышууларынан тажап кеттим. Биз да татыктуу жашоого жеткенге акылуубуз. Биз да дүйнөгө уят болбой, маданияттуу өмүр сүрүүгө милдеттүүбүз. Ошондуктан мамлекет башчысын тандап жатканда эртеңкибизди ойлоп, акыл калчаш керектигин шайлоочуларга айткым келет. Ылайым, Камчыбек өтүп кетсин.

Набат Жолдошева,
Жалал-Абад облусунун тургуну:
"Түштүк коогалаңында Камчыбек элчиге айланган"
- Камчыбектин канында, жанында өз элинен аянбастык касиетинин бар экендигин эмнеден байкаганымды айтсам, ал түштүк коогалаңында Санпа деген пахта заводдун жанында өзбек сепаратисттеринин колунан атылып, кордукка туш болгон кыргыздарды куткарып, калганын сактап калууда чоң иш жасаган. Анын мындай ишин мен Жалал-Абадда жашаганымдан өз көзүм менен көргөм. Ошондо өзүнүн өмүрүн тобокелге салып, сепаратисттер менен кыргыздардын ортосунда элчиге айланып калды. Элчиге өлүм да жок, жаза да жок дегендей, ошондогу оор мүнөттөрдө өзбек сепаратисттерин тынчтыкка келүүгө мажбурлап, согушту токтоткон. Болбосо алар Камчыбекти да атып, жайлап салышмак. Өз тагдырын, балдарын ойлобой, калкым, элип деп ошол жерге барды да. Ошондуктан, Ташиев президент болуп калса, ал өзүнүн көкжалдыгынан кайтпайт. Сөзүнө кылганы төп келип, тилегеним ар дайым элдин жанында болсо, элинин алдында көч баштап жүрсө. Элдин ишеничин актап, шайлоочулардын ишеничин актаса. Ал эми татыксыз талапкерлер акча беришсе, ала бергиле да , чөнтөккө сала бергиле, болгону добуш бергени келгенде татыктуу талапкер деп Ташиевди шайлагыла демекчимин.

Сыпаткан Адылова,
Панфилов районунун тургуну:
"Ташиев өз сөзүндө турат"
- Мамлекетибиз менен элибизди көтөрүү боюнча Камчыбек Ташиев кандай максаттарды коюп жатса, ойлогон ойлорунун баарын Кудай колдоп, ишке ашып кетсе экен деп тилейм. Айткандары мага жакты. Эми президент болуп шайланып калса да айткандарын аткарган наамыстуу президент, намыстуу жигит болот деп ойлоп жатам. Эркек менен аялдын айрымасы эмнеде экендигин түшүнүп алсак эле, алган багытыбыз ошондой болгону жатат. Айтайын деп жатканым, аялдар айтканынан кайтып кете беришет. Бул табигый эле көрүнүш. Ал эми эркектер сөзүнө турушу керек. Алардын ичинен да убадасынан кайткандар толтура. Ошол эркектерди салыштырып отуруп, мен Ташиевди колдоону туура көрдүм. Эгер Камчыбек утуп чыкса, бул мүнөзү менен катуу, керек болгон учурда каардуу ажо болот деп ойлойм. Бизге азыр эркекче гана иштеген башчылар керек болуп калды. Эркекке окшогон, бирок аял эмес адамдарды көрүп жатабыз. Андайлардын колунан мамлекеттин ишин жөндөп кетет деп үмүттөнө да албайсың. Ал эми Ташиевдин Кыргызстаныбызды көтөрүп кетерине ишеничимди билдирем.

Нурсултан Бейшебаев,
Сокулук районунун
тургуну:
"Ташиев накта кыргыз, накта мекенчил киши"
- Сокулук районунун жаштары Ташиевди колдойт. Мен да алардын катарында бүгүн Ташиевди колдойм деп турам. Тилекке каршы биздин райондо элди, шайлоочуларды бөлгөн, аларды адаштырып, чечим кабыл алууга терс таасир берген көрүнүштөр күчөп кетти. Ачыгын айтсам, ушул эле биздин Сокулукта аны шайлаба, муну шайла, себеби ал түштүктөн, бул түндүктөн деп, жаштардын башын айланткан, келечек муундун ойлонуусун бузган, эки канат бир кыргыздарды бөлгөн байкелерибиз, эжелерибиз да жүрүшөт. Ак менен караны ажыраткан жаштар андайларга баш бербей, туура эмес саясат жасап жатышкан агаларыбызды тартипке чакырып жатышат. Акыйкат кепти уккусу келбегендерге катуу айтып, элди бөлүп -жарбагыла деген талапты коюп жатышат, мекенчил жаштар. Туура да, эгер алар өз талапкерин шайлагысы келсе, Кудай жалгасын, шайлай беришсин, эч ким тоскоол болбойт.

Исматилла Садыков,
Грозный айыл өкмөтүнүн тургуну:
"Ташиев жокчулук менен токчулукту билген адам"
- Ташиевдин өз оозунан укканыма караганда, ал көп бир туугандын арасында, кыйынчылык көрүп чоңоюптур. Жаман менен жакшылыкты, токчулук менен досчулуктун кадырына жете турган адам экен. Ошондуктан, кыйын турмушту көргөн адам ар дайым элдин кыйналганын, азабы менен арманын билип турат. Жөн эле билип койбостон, карапайын адамдардын азабын жан сөөгү менен сезет деп ойлойм. Байдын баласы президент болсо, же бийликке келсе, ток баланын ач бала менен иши жок дегендей эле да. Өзү ток болсо, ачкачылыкты, жокчулукту билбесе, андайлардын эл менен иши болобу. Демек, бизге ушундай элге жакын болгон адам мамлекекеттин башына келиш керек. Ал эле эмес, керек болсо президент гана мамлекетти башкарыш керек. А бизде азыр парламенттик деп алышып, мамлекетти кимдин башкараарын, саясаттын жолун кимдин ачаарын билбей калдык. Ташиевдей эле катуу мүнөздөгү адам президент болуп калса, өлкөбүз оңолот эле.

Намыс Баатыров