Кумар

Кумарканалар көмүскөгө чыгышабы?

Кыргызстанды буга чейин казино жана кумар оюна азгырылгандардын бейиш жайы катары атап келишкен. Республикада кумарканаларды, оюн автоматтарын ачууга Аскар Акаевтин башкаруу режиминде эле уруксат берилген. Бул ишмердүүлүк эгемендик жылдары алакандай Кыргызстандын аймагында болуп-көрбөгөндөй гүлдөп өнүгүп, кожоюндарына укмуштуу кирешелерге марыткан. Анткени менен митингдер жана талаш-тартыштар менен коштолгон оюн жайларынын ишмердүүлүгүн жабуу демилгеси көтөрүлүп, колдоо тапты. Парламент 2012-жылдын 1-январынан тарта кумарканаларды жабуу боюнча мыйзам долбоорун кабыл алып, мамлекет башчысынын кароосуна жөнөттү. Мыйзам ишке ашырылабы же кумарканалар көмүскө ишмердүүлүккө өтөбү, эмдиги кеп ушунда.

Кумар оюндарына азгырылгандардын саны күндөн күнгө өсүп бараткандыгына каршы бийликтин чара көрбөгөндүгүнө нааразылангандар менен кумарканаларда кызмат кылып, жумуш орундары менен камсыз болушкан адамдардын каршылык акциялары болуп өткөндүгү маалым. Бир тарап: "казинонун кесепетинен үй-бүлөлөр бузулуп жатат" десе, экинчи жээктегилер 15 миңдеген жарандар ишсиз кала тургандыктарын айтып чыгышты. "Дизель" форумунда кумарканалардын жабылышы боюнча талкууга катышкан Айназдын пикиринде: "Кумарканаларда иштегендердин 90 пайызы үй-бүлөлүү эмес жаш адамдар. Алардын көбү ошол эле жакта иштеп тапкан каражаттарын кайра эле ошол жерде уттурушат. Алар үй-бүлөлөрүн багып жатышат деп айткандан алысмын. Мен кумарканада иштегендердин экөөсүн билем. Алардын бирөө классташым, өзү иштегенден бөлөк оюн жайга мени ойногонго чакырып, көрсөтүүнү чечти. Бирок, 2-5 мүнөттө эле 200 долларды уттуруп койду". Көпчүлүктүн айтымында, кумар оюндары үй-бүлөлөрдүн бузулушуна жана жакырланышына алып келет. Кумар оюнуна берилүүнү психологдор ооруга чалдыгуу катары белгилешет. Оюнга берилген адам үй-бүлөсүн унутуп, тапкан кирешесинин баарын оюн жайларына сарптайт. Шаарыбыздын тургуну Нурзат күйөөсүнүн оюн автоматтарына берилгендигинен улам жакшы киреше тапкан кызматынан айрылып, учурда ишсиз калгандыгын айтат. "Ал гана эмес карызга белчесинен батып, минип жүргөн автоунаасынан да айрылган. Эми үйдөгү оокат-тайымдарды четинен сата баштады" деп кейийт.

Депутаттардын салык органдарына жана финансы полициясына оюн бизнесинин обьектилери жөнүндө маалыматтарды сурап, өтүнүч каттарды жөнөтүшкөн. Айтымда, Кыргызстандагы казинолордун жарымысы "M-Set Group" холдингинин кожоюну Улан Мамазаировго таандык. Калгандары башка депутаттарга жана чиновниктерге тийешелүү. Өлкөдө ашып кетсе жыйырмадан ашыгыраак оюн жайлары бар. Анын 14ү Бишкекте болсо, Ошто бир нече ири кумарканалар менен 535 оюн автоматтары жайгашкан. Мамфинкөзөмөлдүн расмий сайтындагы маалыматка караганда, айрым оюн жайлары: "Дружба", "Мэри Клуб", "Таш-Рабат", "Монте Карло", "Алтын Казына" - Мамазаировдордун ойнотуучу жайларына кирет. Айрым кумарканалар анын эжеси Инаят Мамзаировага расмий катталган. Мамазаировдордун үй-бүлөсүнө расмий эмес түрдө Баткен, Жалал-Абад жана Ош облустарындагы оюн жайлары тийешеси бар болушу ыктымал. Айрым маалыматтар боюнча региондордогу Мамазаированын башка адамдарга жазылган обьектилеринин арасында "Гранд", "Тянь-Шань", "Шангрила-Урмон" казинолору бар. Оюн жайларынын кызматкерлери маал-маалы менен карта колодасындагыдай бир обьектиден экинчисине жумушка өтүп турат. Атургай квалификацияны жогорулатуу, анын ичинде коопсуздук кызматынын кызматкерлеринин курстары чогуу өткөрүлөт.
"Кумарканалар элдин жакырлануусуна гана эмес, криминалдык чөйрөнүн өклдөрүн да тарта тургандыгы жөнүндө пикирлер коомчулукта арбын. Анын үстүнө жалпыбыздын үйүбүздө криминал сөзсүз түрдө уюшкан кылмыштуулуктун негизги көрүнүшү катары баңгизаты менен айкалышат.

Баткен облусунда дал Тажикстан менен чектешкен Хистеварз (мурдагы Кистакуз) аймагында 6 казино активдүү түрдө ишке киришкен. Арийне, алар өз кожоюндарынын кызыкчылыгы үчүн иш алып барышаары турган иш. Кумарканалардын ишинин натыйжасы кумар оюнуна азгырылгандардын утулуусунан түшкөн он миңдеген жашыл акчалар гана эмес, криминалдык топтордун да активдешүүсүнө алып келет. Жөн гана кумар оюндары өткөрүлбөстөн, наркозаттарын киргизүү, үзгүлтүксүз жаңжал, мушташуулар менен коштолот. Кумарканаларда өлүм фактыларынын катталышы да сейрек көрүнүш эмес. Ошентсе да, Орусиялык жалпыга маалымдоо каражаттарынын маалыматында бул кумарканаларды кыргыздардыкы эмес, худжанддык деп аташат. Москва шаарында август айында түндүк Тажикстан - Хистеварз жамаатында кумарканалар түйүнүн уюштургандардын тобу кармалган. Кыргызстандын баш калаасында да кумарканалардын пайдасынан зыяны көп. "Ар-Намыс" фракциясынын депутаты Бактыбек Жетигеновдун айтымында, акыркы убакта өлкөдө, айрыкча, Бишкекте оюн автоматтарынын "точкалары" жана оюн залдары кескин көбөйгөн. "Оюн залдарынан жана оюн автоматтарынын ишмердүүлүгүнөн түшкөн каражат анчалык көп эмес. Эң башкы көйгөй алардын масштабынын кеңейип, автоматтарга жеңил кирүү мүмкүнчүлүгү түзүлгөндүгүндө. Бул өз кезегинде кумар оюна азгырылгандардын, баарынан мурда инсандык сапаттары али бекемделе элек жаштардын адептик жана психикалык абалына тескери таасир этүү үчүн шарттарды түзүп берүүсүнө негиз болуп берет. Жаштар, анын ичинде өспүрүмдөр ушундай оюн автоматтарынын жана оюн залдарынын кызматынан пайдаланышат". Учурда оюн автоматтары баш калаанын бардык көчөлөрүндө орун алган. Ал эмес пенсия курагындагылар да кумар оюндарын ойношот. "Республика" партиясы казинолорду жабууну колдоого алганы менен партиянын лидери Ө.Бабанов эмнегедир өкмөттүн атынан аларды калтырууну сунуш кылды. Расмий маалымат боюнча, жыл сайын оюн ишмердүүлүгүнөн 400 миллионго жакын каражат мамказынага түшөт.

Айтмакчы, Кыргызстандагы кумарканаларынын айланасында чуулгандуу окуялар арбын. Айрым бейрасмий маалыматтарда кыргыз наркотрафиги аркылуу Орусия, Казакстанга маңзатын ташууда кумарканалардын тийешелүү орду бар экендигин баса белгилешет. Акыркы учурларда жогорку кызматтагы чиновниктер, ал тургай Алмазбек Атамбаевтин буга катышы бар экендиги тууралуу көп айтылууда. Экс-омбудсмен Турсунбай Бакир уулунун пикиринде да, оюн жайларына чиновниктердин таасири бар.
Жогорку Кеңештин кеңешчиси Арстан Бектемировдун айтымында, көмүскө оюн жайларынын кожоюндары 15 жылга чейин эркинен ажыратылуу жазасына тартылышы керек. Республикада учурда көмүскө кумарканалар менен күрөшүү үчүн атайын веб-сайт ачылуусу күтүлүүдө. Өлкөдө объективдүү себептер менен мыйзамдар иштебей калган жагдайлар көп. Буга жең ичинен коррупциянын тамыр жайышы башкы себеп. Кумар оюндары менен күрөшүү аягына чыгабы, бир гана убакыт көрсөтөт.

Маалымат үчүн:
Казахстан
Казахстанда 2007-жылдын 1-апрелинен тарта "Оюн бизнеси жөнүндөгү" мыйзам ишке кирген. Мыйзамга ылайык, Капчагай жана Щучинск шаарларынан башка бардык шаарларда кумарканалар менен оюн автоматтары жабылган. 2008-жылы Казакстанда биринчи легалдуу иштеген казино ачылган

Орусия
2009-жылдын 1-июлунан тарта Орусида, мунун ичинде ири шаарлары - Москва менен Санкт-Петербургда казинолордун бир бөлүгү легалдуу эмес абалга өткөн. Айрым чөлкөмдөрдө көмүскө иштеген бир катар жаңы казинолордун ачылышы байкалган.


Пикир
Оюн жайларын жабууга көз карашыңыз кандай?
Жогорку Кеңештин депутаты Гульнара Жамгырчиева:

- Бардык казинолорду жабуу керек. Алар жарыбаган эле салыктарды төлөшөт. А бирок, канчалаган үй-бүлөлөр жабыркоодо.

Мамлекеттик финансы көзөмөлүнүн башчысы Ю.Тойчубеков:

- Мейли казино үчүн 500 миң доллардан, оюн залы үчүн 50 миң доллардан төлөшсүн да, иштей беришсин.

Жогорку Кеңештин депутаты Ирина Карамушкина:

- Оюн ишмердүүлүгүн өлкөдө токтотуу үчүн саясий эрк керек.

Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешов:

- Баарынан мурда Кыргызстанга оюн жабдууларын алып келүүгө тыюу салуу зарыл. Үч ай аралыгында оюн жабдууларын башка өлкөлөргө чыгарып кетүүгө убакыт бериш керек. Эгерде андай болбосо, мамлекеттин карамагына алуу керек. Мамфинкөзөмөл ар бир оюн автоматын номурлап чыгуусу керек. Болбосо, алар баары бир көмүскө ишмердүүлүккө өтүшөт. Милиция калкалай берет. Кумарканалардын кожоюндарына катаал шарттарды коюу зарыл.

"Сезим" кризистик борборунун жетекчиси Бүбүсара Рыскулова:

- Кыргызстандагы кумарканалардын кожоюндары имараттарын башка бизнеске өткөрүп алышы мүмкүн. Ал эми оюн жайларынын кожоюндары өлкөнүн бюджети эми 500 миллион сомдон ажыроо коркунучунда экендигине ынандыргысы келишет, ал эми бизнес көмүскөгө кетет. Биз кумарканаларды көмүскө иштөөгө жана Кыргызстандын атуулдарынын тагдырын талкалоого жол бербейбиз.


Г.Турдалиева