Мугалим мөмөлүү дарак беле?..

Билими күчтүүлөр миңди жыгат...

"Турмушуң эшек араба, туулдуң калдың балаага" деген ыр саптары бекеринен жаралбаганын турмуш өзү ырастап келет. Демократиянын эпкини жаздын күнкү сыдырым жел сымал маңдайыбыздан сылап келип, кайра ошол эле маңдайыбызга "тээп" салгандай болду. Дегеним, басып өткөн 20 жылдык эгемендүүлүк жолубузда экономикабызды гана кризиске белчесинен батырбастан, маданиятыбызды, адабиятыбызды жана билим берүү тармагын да кризиске батырып алдык. Кризистен чыгуудабыз деп келгенибиз менен, улам жасалган аракет бизди кайрадан сормо сазга моюунубузга чейин тыгылууга гана түрткү берди. Кыргыз элинде дагы бир илгертен келаткан "Билеги күчтүү бирди жыгат, билими күчтүү миңди жыгат" деген накыл сөз бар эмеспи? Заманабыз 180 градуска тетирисине буралып, саясый айдыңда билимдүүлөргө караганда билеги күчтүүлөр арбып кетти. Мунун бардыгы эмнеден улам келип чыккандыгы бөтөн элге гана түшүнүксүз болуп калбаса, өзүбүзгө айдан ачык эле түшүнүктүү. Келечектин мөмөлөрүн даярдап, бышырып жетилтчү мугалимдердин алган айлык акылары бир мүшөк ун менен теңелип, теңелбей отурганынан улам республика боюнча орто мектептерде мугалимдердин жетишпестиги пайда болду. Алыскы айыл-кыштактардагы орто мектептерде пенсия курагына жакындаган мугалимдер менен окуусун эптеп аяктап, жок дегенде мектепте мугалим болуп турайын деген ойго жетеленгендер гана иштеп калды. Жадакалса айрым айылдык мектептерде "Токтогул Сатылганов деген ким болгон?" деген суроого, "Токтогул Сатылганов район болгон" деген жоопту узаткан жаш кадрлар сабак берип калган. Демек, мугалимдик кесиптин кадыр-баркы төмөндөп бараткан эле. Мына ушундай жагдайда өкмөт мугалимдердин айлык акыларын 2-3 эсеге көтөрүп, бул маселеге чекит койдук дегендей өңүттө карашууда. Мунун чын-бышыгы канчалык деңгээлде экендигине саресеп салып көрбөйлүбү?


Мугалимге караганда бала баккыч болуп иштеген ыңгайлуубу?

- Биз башталгыч класстарга сабак берген эки мугалим менен кош айтышкан элек. Экөө бирдей жеткинчектердин сүймөнчүгү эле. Бирөөсү балалуу болгондон кийин, күйөөсүнүн талабы менен жумуштан кеткен. Себеби, анын алган маянасы баласын баккан "нянькага" төлөп бергенге да жетчү эмес. Андыктан өз баласын өзү эле бакканы ыңгайлуу болуп, мектепти таштап кетүүгө аргасыз болгон. Экинчи мугалим кесибин алмаштырууга муктаж болгон. Себеби, ага аудитордук фирма алып жүргөн айлыгынан 4 эсе көп акчаны сунуш кылышкан. Балдары бойго жетип калган бул мугалим, аларды ЖОЖдордо билим алуусуна шарт түзүү максатында сүйүктүү жумушун таштаган эле. Эми ошол мугалим кайрадан өз кесибине кайрылып келүү максатын коюп атканын угуп, сүйүнүп отурабыз. Жакында менин кичүү кызым 1-класска барат. Эгерде айтып өткөн сүйүктүү мугалим кайтып келчү болсо, мен үчүн тагдырдын айтып бүткүс белеги болот эле, - деген оюн 5-класстын окуучусу Аиданын энеси билдирди.
Информатика сабагынын мугалими Бакыт Эргешов дагы 2006-жылы сүйүктүү кесибин таштап кеткен болчу. Быйылкы жылы кайрадан кесибине кайрылып, мектептеги биринчи коңгуроо майрамына күбө болду.
- Эмне себептен мугалимдик кесиптен баш тартып кеткенимдин себебин айтпасам деле түшүнүктүү болсо керек. Ошол учурда менин балам жаңыдан гана 2 жашка чыккан. Келинчегим баланы карап, эч кандай жумушта иштечү эмес. Андыктан үй-бүлөмдү жок дегенде кененирээк тамак-аш менен камсыз кылуу менин милдетим болчу. Тилекке каршы ошол учурдагы менин алган айлык акым менен үй-бүлөмдү камсыз кылуу мүмкүн эмес эле. Окуучулардан пара алуу же кошумча жеке сабактарды өтүү мен үчүн мүмкүн эмес болчу. Биринчиден менин принцибим жол бербей келсе, экинчиден кошумча сабак өтүүгө жумуштан кийин физикалык күч жол берчү эмес. Мугалимдин эмгеги - бул оор, жоопкерчиликтүү жумуш экендиги талашсыз эмеспи? Андыктан кошумча сабак өтүүгө күч калчу эмес. Ошентип үй-бүлөмдү багуу үчүн базарга чыгып, арзан баадагы кытай бут кийимдерин саттым. Бирок, ар дайым мектепке болгон кусалыгым ичимден кыйнап келди. Мектеп - бул өзгөчө бир дүйнө. Балалыгымда мен да мугалимдердин айтып берген кызыктуу окуяларын угуп отурууну жактырчумун. Кээде алар өздөрүнүн турмушунан алынган үзүндүлөрдү мисалга алып, сабакты кызыктуу өтүшчү. Мен дагы эми кайрадан мугалимдик кесибиме кайрылып, окуучуларга, келечек муундарга татыктуу тарбия берүү максатын көздөп отурам, -дейт Б. Эргешов
Көр-тиричиликтин айынан кесибин таштап, акча табуунун башка жолдоруна түшүп кеткендердин көпчүлүгү кайрадан мектепке кайтып келип жатышып да, бир учурда айлык акынын аздыгынан кетишкендерин ачык айтуудан тайсалдашат. Ырасында эле ошондой болгондугун ачык эле моюнга алгандары да бар. Айрымдары ЖОЖдорду аяктагандан кийин эле өз кесибин аркалабастан, алыскы Россия, коңшулаш Казакстан, жана башка мамлекеттерге акча табуу үчүн кетип калышкан. Көпчүлүк мугалимдердин пикиринде мектепти таштап кеткен мугалимдердин маселеси бир гана акчага келип такалбайт экен. Андан башка дагы бир маселе кагаз жүзүндөгү жумуштардын өтө көп санда болушу. Пландар, сабактардын өтүлүшүн иштеп чыгуу, сценарийлер, актылар, отчеттор, мүнөздөмө, анкета өңдүү жана башка кагаз жумуштары мугалимдердин чыгармачылык менен иштешине тоскоолдук жаратат. Ал эми окуучуларга татыктуу билим берүү бул мугалимдин чыгармачылык менен иш алып баруусуна байланыштуу болот. Жогорудагы айтылган кагаз жумуштарынын көптүгүнөн чыгармачылык менен иш алып барууга мугалимдерде моралдык күч калбайт.

Кайрылып келген каркыралардын арасында пенсионерлер да бар...

Өз кесибине кайтып келгендердин арасында пенсионерлер да бар. Такталбаган маалымат боюнча бүгүнкү күндө орто мектептерде миңдин тегерегиндеги пенсия курагындагы мугалимдер сабак беришет. Алардын арасынан да пенсия курагына жетпей эле жумушун таштап, эми кайрадан кайрылып келгендери бар. Ошондой мугалимдердин бири математик А. Благая 5 жыл мурун жумушун таштап, бардар турмушта жашаган үй-бүлөнүн кичинекей балдарын тарбиялоо менен алек болгон.
- Ким учурунда педогогика деген ооруну "жугузуп" алган болсо, аны менен өмүрүнүн аягына чейин ооруйт. Мурда педогог-тарбиячы болуп иштеген менин бир таанышым бүгүнкү күндө базарда соода кылат. Ал мурда балдар бакчасынан бир айда алган айлыгын базардан бир эле күндө таап коерун айтат. Ошентсе да, жумасына бир жолу балдар бакчасына келип, бекер сабак өтүп турат. Ал өзүнүн тарбиячылык кесибин Жараткандан берилген ыйык кесип катары сыйлайт. Ошондой эле өтө аз айлык акы болбогондо эч качан базарга чыкпай тургандыгын дайыма билдирип жүрөт, - дейт А. Благая.
Кандай мөмөлүү
болобуз?..

Ырас, мугалимдердин айлыгы көбөйдү. 5-10 жылдап өз кесибин аркалабай калгандар кайрадан мектеп босогосун аттап, окуучуларды катуу сагынгандыктарын билдиришүүдө. Бирок, ушул жерден да олуттуу суроо жаралат. Бир учурда жумушун таштап, соода-сатык менен, же болбосо алыскы мамлекеттерди пааналап оокат кылып кеткендер кайрадан кайрылып келип, биздин окуучуларга кандай тарбия бериштери мүмкүн? "Процесс бир жерде токтоп турбайт. Алдыга кетпеген процесс, аркага кете баштайт" деген сөз бар эмеспи? Анын сыңары өз кесиптеринен бир нече жылдап алыстап калган мугалимдер билген, үйрөнгөн нерселерин унутуп калышпады бекен? Же болбосо, ЖОЖду бүтө калып эле соода-сатыкка өткөндөр айлык акысы көбөйүптүр деп эле мектепке мугалим болобуз дешсе, жумушка ала бериш керекпи? Эч кандай тажрыйбасы жок, университеттен үйрөнгөнүн соода-сатык менен аралаштырып, "ичип-жеп" койгондор, өздөрү эч нерсе билбей туруп, окуучуларга эмнени үйрөтүшү мүмкүн? "Мугалим мөмөлүү дарак" деп айтып келебиз. Ошону менен катар эле "Алма сабагынан алыс түшпөйт" деп да айтабыз. Анын сыңары тажрыйбасыз мугалимдерден сабак алган окуучулар да алыска чуркай албай калышы мүмкүн. Казанда эмне болсо, чөмүчкө да ошол чыгат эмеспи? Демек, ошол кайтып келүүнү көздөгөн мугалимдерди да кайрадан сынактан өткөрүү зарылчылыгы турган жокпу? Кайсы жакта акча көп болсо, ошол жакка агылган агымдан саны бар, сапаты жок кадрлар чыгып калчу эле.

Д. Керимбаев