кыргыз тилиндеги гезит "Майдан.kg"


Warning: include(../../search.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/maidan_kg/11/0928_1.htm on line 71

Warning: include(../../search.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/maidan_kg/11/0928_1.htm on line 71

Warning: include(): Failed opening '../../search.htm' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/maidan_kg/11/0928_1.htm on line 71
п»ї


Камчыбек Ташиев, президенттикке талапкер:
"Эл мага ишенсе, элимдин ишеничин актоо менин колумдан келет"

Камчыбек аке..., Камчы үкөм.., Камчы балам... Бул адамга улуу-кичүү дебей ушинтип кайрылышат. Жакындан билген бир адамдын "Камчыбек Кыдыршаевич" деп кайрылганын укпадым. Минтип кайрылса да абдан чанда эле бирөө кайрылбаса, бул адам баарына өздөй жакын. Анткени, Камчыбек Кыдыршаевич карапайым адамдардын ар биринин түйшүгүн, кайгысын, бар-жогун, оор-жеңилин жон териси менен сезип башынан өткөргөн адам. Анын балалыгы башкаларчылап алыскы чет өлкөдө же шаардагы түйшүктү билбеген бардар үйлөрдө, жылуу-жумшак шартта өткөн жок. Ташиевдин балалыгы белчесинен ылай кечип, кыштын суугунда күн сайын колу күрмөөгө келбей калганча ошол бутка жабышкан ылайды жууп, жарты нанды, кичинекей чакмак кантты үй-бүлөдөгү он бир бала бөлүп жеп, бирин-бири көтөрүп илмеңдеп машак терип, пахта чапкан алыскы айылда өттү. Ошондуктан, Ташиев элдин уулу. Балким, ошон үчүн бул киши элдин кайгысында баш катып отура албайт чыгаар. Анда, кеп кезеги ошол эл уулунун өзүндө болсун.

- Камчы аке, алыскы айылдын, карапайым бүлөнүн уулу ушинтип эл кызматын аркалайм, президентикке ат салышам деп тилек кылды беле, же балалык арзуулар башкача болчубу?

- Жарыкка келгенден баштап адам баласынын алдында максаттар пайда болот. Мисалы, төрөлгөндө эне сүтүн эмүүгө, анан жөрмөлөөгө, отурууга, басууга, айтор, максаттар улам ошол адамдын акыл көрөңгөсүнө, көргөн чөйрөсүнө, алган тарбиясына жараша жыл агымы менен кошо өзгөрүп, өсүп, калыптанып жүрүп отурат.
Мен алыскы тоолуу айылдагы карапайым, өз мээнети менен жан баккан, жупуну үй-бүлөнүн уулумун. Азыр ошол балалыкка саресеп салып отуруп, менин көп улуу максаттарыма ошол айыл, биздин кичинекей мамлекеттин башчысы атам, мээрман апам, күйүмдүү бир туугандарым себепкер болгон экен деп калам. Эгер биздин айыл жолдон алыс, мектепке барчу жол белден баткак болбосо, менин айылымдагы менин эң кымбат адамдарым атам, апам, бир туугандарым, айылдаштарым дайым муктаждык менен жашабаса, менде "жол салсам, кыйналган айылдаштарыма жардам берсем, апама, эжелериме, ага-инилериме каалаганын алып берсем" деген улуу максат жаралмак эмес. Ал кезде мен үчүн эң чоң аалам менин айылым болчу, ошол айылды, андагы адамдарды гана билчүмүн. Ал кезде менин бир боор айылымдын үстүндөгү тоонун артында кандай аалам жатканына элестете алчу эмесмин. Анан ошол кичинекей наристе максаттар бой жеткен мени менен кошо жетилди.
Мен ар дайым балалыкты эскергенде эле биринчи колум үшүп жаткандай сезим келет. Анткени, биздин айыл мектептен алыс, жолубуз баткак эле дебедимби. Ошол баткак жол менен ылай кечип сабакка барчубуз да, мектепке кирээрде баткактан көрүнбөй калган батинкелерибизди арыктагы сөөк какшаткан муздак сууга жуучубуз. Көгөрүп кеткен колдорубуз экинчи сабак башталганга чейин эпке келбей, укалап отуруп ысытчубуз. Бул көрүнүш бир күн, бир жыл эмес, бир нече жыл күн сайын ар бир кыш, жазда кайталанчу. Ушул азап менин бала көкүрөгүмдө мөөр болуп басылып калды. Ошондон улам, биринчи мүмкүнчүлүгүм болгондо эле жол салууга, көпүрө курууга аракеттендим.

(Уландысы 9-бетте)




Warning: include(../../ggle_v.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/maidan_kg/11/0928_1.htm on line 117

Warning: include(../../ggle_v.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/maidan_kg/11/0928_1.htm on line 117

Warning: include(): Failed opening '../../ggle_v.htm' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/maidan_kg/11/0928_1.htm on line 117


а ­е¦Є.НҐй«