Кыргыз гезиттери


п»ї
  Ой-келди

Иса Өмүркулов митинг менен курултайды чаташтырып...
Апрель окуясы боюнча сотто суралып жатып Бишкек мэри Иса мырза ой келди сүйлөп, сотту эле эмес жабырлануучулардын да кызыгуусун жаратты. Шаар башчы алгач оппозициянын лидерлери өлкөнүн бардык аймактарында митингдерди уюштурууну каалаган деп келип, анан өзү байкабай калдыбы, аягында 7-апрель күнү митингге даярданганбыз дей салды. Уккан кулактарына ишенишпей жабырлануучулар кайра тактап сурашканда, Өмүркуловдон кайра эле ошол жооп берилди. Көрсө, биздин арабызда бир тилден эки ача пикир чыгарган адамдар да бар экен да.

  Балээге калган бадалбай

Орозбаевди оодарып түшүшөбү?
Кыйла жылдардан бери соттон башы чыкпаган депутат Мамат Орозбаевди эл өкүлдүгүнөн ажыратууга кызыккан адамдар пайда болдубу, айтор депутаттык мандатка араңдан-зорго жеткен бу кишинин эски иштерин кайрадан чукугандар чыгышты. Борбордук шайлоо комиссиясынын билдирүүсүндө, аларга М.Орозбаевдин "Алдамчылык" жана "Кызматтык абалдан пайдалануу" беренелери боюнча кайдандыр бир жактан кат келип түшүптүр. Өткөн 2010-жылдын ноябрында депутаттын соттолгон адам катарында сурак бергендигин Оштун облустук соту да тастыктаган имиш. Укканыбызга караганда Орозбаевдин иши дагы деле каралып, Жогорку сотко келиптир. Анын чечими чыккыча БШКнын өкүлдөрү комиссия түзүү менен гана чектелишиптир.


  Өздөн чыккан жат жаман

Бала депутат Даниярдыкы өттү
Саясатка аралашуу кары-жашка карабайт болуп, бу бала депутат Тербишалиев апрель окуясынан кийин элдик кошуундардын фонунда көзгө көрүнө баштаган. Биз саясатка аралашпайбыз, коопсуздукту гана камсыздайбыз деген кошуунчулардын алгачкы демилгелери өөрчүп, Данияр социал-демократтардын партиялык тизмесине кирүүгө мүмкүндүк алган. Аталган партияга бир чети мындай баланын керекги тийчүдөй болгон. КСДПга пайдасы тийип да жатат, болгону тескери жагынан. Айтайын дегенибиз, келечек күндөрү социал-демократтар менен тыгыз байланышкан президент Отунбаеванын Жогорку сот үчүн тандаган талапкерлерин карабоо маселесин айтып чыкпадыбы, бу бала депутат парламентте. Жаштык кылып атасың дешсе, мен чоңойдум деп балалыгын мойнуна алгысы келбеген Данияр, мо минтип эле өзүнүн тажрыйбалык деңгээлинин канчалык экендигин көрсөтүп алып жатат. "Шебинин" эжесине, партиялаш жетекчиликтин чечимине каршы чыгуусу менен бала депутат КСДПнын ичинде бир багыттын жоктугун билдирип жатат. Муну бир чети партиянын да кемчилдиги катары караса болот. Саясый уюмда турган жаштарды жаңылыштык кылбоого үйрөтпөсө, алар кайсы лидерге таазим этишпесин, ушундай "косяктар" кете берет.


  Ойлодуң бекен...

Беков катуу иштеп жатабы?
Бу министр акыркы учурларда аткарылышы мүмкүн болгон, бирок келип-кетип жаткан бул өкмөттөр жасай албай турган чоң иштер туурасында ар нерсенин башынан сүйлөп калчу болду. Төрөкул мырза бул жолу өлкөбүзгө төрт миңден ашуун айыл чарба машинелерин сатып келебиз деп жар салды. Айтымында, долбоор Өкмөт тараптан жактырылып, 59,5 миллион долларды чапчыйт имиш. Бюджеттен айлык алгандарга маяналарды бу Өкмөт карыздап берип жатканда, машинелерди кайдагы акчага сатып алышарын түшүнбөй турабыз. Мейли алышсын дейли, бирок аны кандай шартта бөлүштүрүшөт, иштеши кандай болот, муну да билбей турабыз. Кытайдан алынып келинген Бакиевдин тракторлорунун бат бузулуп, тетиктеринин кымбат баада табылаарын көрүп жүрөбүз. Таба албагандары токтоп турушат. Бул жагын министр ойлонду бекен.


  Таарынсаң Таласка бар

Укук коргоочу Үмөталиеваны унутушуп...
Апрель окуясы боюнча сотто чыркыраган чындыкты айтып, жабыркагандарга каршы сөз сүйлөөрүн билдирип келди эле, чакырылган күнү ойт берип, сотко баруудан баш тартты. Токтайым айымдын капалыгы эмнеде дебейсиңерби, анысынын жайын сурасак, апрелдеги анын мекенчилдик кадамдарын, аракеттерин, кызматын өкмөт баалабай коюптур. Айтымында, апрель окуясына тиешеси жок адамдарга да медаль жана ордендерди ыйгарып, ага эч нерсе тийбей калыптыр. Көргөн адамдардын белгилөөлөрүндө, Үмөталиева ошол күнү ак туу менен Ак үйгө кирип, жарандарды атпагыла деп жүргөн экен. Кандай болгон күндө да, бу айым таарынчу өкмөттү тапкан экен.


  Жең ичинен

Минфиндин үй чатагы
Каржы министрлигинин кызматкерлери үчүн Бишкекте курулуп жаткан көп кабаттуу үйдүн квартиралары аталган министрликтин жетекчилиги тарабынан жең ичинен чечилип жатканын өз кызматкерлери билдиришти.
Курулуп жаткан үйдүн 20 гана квартирасы катардагы кызматкерлерге тийиптир, калганын министр баш болуп орун басарлары бөлүштүрүп алышкан эмиш. Үй ала тургандардын тизмесинин жтекчилик тарабынан ачыкка чыгарылбай жатканынан, кызматкерлер арманды президентке угузуу үчүн кат менен кайрылышты. Министр менен орун басарларынын бул маселе боюнча унчукпай жаткандарында бир мандем бар, болбосо татынакай эле ачык айтып, ким үй алууга татыктуу, кимиси жарабайт, маселени ортого салса болот беле. Даттангандар буга чейин мамлекеттик кадр кызматына да кайрылышып, акыйкаттык издешкен эле. Алар дагы талкан сугунуп алышкансып, жооп айтууга жарашпады.


  Не дейт?

Акыл баш тыңчыдан
Улуттук коопсуздук комитетинин башчысы Кеңешбек мырза өзүнүн мыйзамда көрсөтүлгөн иштеринен сырткары саясатка кызуу аралашмай болду. Кол алдындагыларды шайлоодо иштеп бересиңер деп келсе, эми бийлиги жакпаса эл өзү алмаштырып алсын деп отурат. Э кокуй, бу кишиге эки жолку төңкөрүштөгү, анан июнь окуяларындагы жоготуулар аздык кылып жатканбы. Ооба, бийлик жакпаса эл аткаминерлерди ордуна кандай жол менен кантип коёрун көрдүк, бирок жоготууларына кантип чыдайбыз. Эл алмаштырбай эле, бийлиги эли үчүн ак иштеп берсе болбойбу. Сөзсүз эле алмаштыруу, жоготуу керекпи. Жогору жактагылардын сүйлөгөндөрү ушул болсо, калгандарына жол болсун.


  Куру-бекер

Убадага бай Өкмөт
Жерге муктаж оштуктарга турак-жай үчүн жер тилкелерин бөлүп берүү боюнча Атамбаевдин өкмөтү алты ай мурда убада берген эле, ошондогу айткандары ошол бойдон эле калды. Бал тилге алдангандар айла кеткенде шайлоонун алдында өз маселелерин чечтирип алуу үчүн Ош шаарында нааразычылык айтып чыгышты. Жерге муктаждардын тизмесин жергиликтүү комиссиянын эчак эле тактап бүткөндүгүнө карабастан, жогору жактан алиге чейин жооп боло элек. Нааразычылык менен чыккандардын айтымдарында, алар Атамбаевдин өкмөтүнө ишенбей калышты. Эми жер тилкелери берилмейинче алардын ачуу кыйкырыктары Ош шаарында жаңыра берет дешет. Нааразычылыкка чыгышкандардын дагы бир тобунун пикиринде, министрлер кабинетинин башчысы Алмазбек мырза упай топтоп калуу максаты менен жер тилкелерин шайлоо алдында берип коюушу ыктымал. Эмне дейбиз, жерди бөлүп берсе ала бергиле, а дообушуңарды ишенгендерге сала бергиле. Жер мамлекеттики, Атамбаев бербесе кийинки келген башка премьер берет.


  Башталды...

Атамбаевге боло береби?
Премьерлик кызматынан пайдаланып Алмазбек мырза аймактарды түрө кыдырууда. Айылдарга анча-мынчада чыкпаган өкмөт башчынын шайлоо алдынан жанданып калганы ушунда деңиз, ишенич жаратуу үчүн жаңы конуштарга өзү барып, жолунан тарта свет, суу, мектеп, бакча, медпункт, деги болгон шартты түзүп берерин жакында эле "Дордой-2" конушунун жашоочулары менен болгон жолугушууда айтты. Башбакандын оозунан чыккан кооз сөздөргө жеңил адамдар дароо ишенип, жүрөктөрү жылый түшүшкөнү менен, буга чейинки шайлоолордо алданып мыш болгондор маселени кырынан коюшту. "Шартты түзүп берсеңер, анан шайлайбыз",- дегендер да чыкты. Айтор, кызматтык абалдын мүмкүнчүлүгү менен Атамбаев эл менен жолугуп, өкмөттүн атынан жакшы убадаларды берип жатат. Бул эми, түшүнбөгөн адамга ушундай кабыл алынат. А маселенин тереңинде кадимки эле үгүт жасалып жаткандай.


  Бали...

Депутат Жумабеков жакшы сөз айтты
"Ата-журтчу" депутат Дастан Жумабеков кесиптеши Тербишалиевге караганда кыйла салмактуу, элге жага турган маселени көтөрүп жатат. Эл өкүлү "Альфа Телекомду" толугу менен улутташтыруу зарылдыгын айтып жатат. Маалыматка караганда Мегакомдун байланыш кызматынан пайдаланган ар бир колдонуучудан бул мекемеге күнүнө 45 сомдой акча түшөт. Күнүнө орто эсеп менен 1.5 млн. доллар топтолот. А бир айда орто эсеп менен 25-30 млн. доллар келет. Көрсөткүч жылына 300 млн. долларды чапчыйт экен. Чоң акчаны тегеренткен ушундай мекеменин жарымына ээлик кылуу мүмкүнчүлүгүн мурдагы кожоюндарга Атамбаевдин эмне кызыкчылык менен калтырганы азыр белгисиз, бирок ачыкка чыгып калар деп күтөлү.

Бетти даярдаган
Намыс Баатыров





кыргыз тилиндеги гезит "Майдан.kg"









??.??