Кыргыз гезиттери

КИТЕПКАНА



п»ї

Л€У…Р’Жђ

  Тил сынагында эмне кеп?

Камчыбек Ташиев, Жогорку Кеңештин депутаты:

Президенттик жарыштын алкагында талапкерлер мамлекеттик тил сынагын бере башташты. Алардын арасында үч барак кагазды оңдуу жаза албай, даяр текстти да кыйратып окуп бере албагандардын бар экенине бүт эл күбө болуп жаткан учур. Ошондон улам да, тил сынагынын өтө керек экендигине ынанасың. "Эне тилин билбеген, элин сүйүп жарытпайт",- дегендей, эл башчысы болуп келген адам эки сөздү байланыштыра албай турса, шорубуз даана куруп, эне тилдин башына оор күндөр түшөрүн айтпасак деле сезип тургандырсыз. Тил сынагы андан тышкары талапкерлердин келечек ойлорун билүүгө да шарт түзөт экен. Депутат Камчыбек Ташиевдин бул өңүттө кандай ойлорду айтканына назарыңыздарды бурабыз:

"Каршылаштарым тарабынан куюлган жугунду экендиги дайын болуп турбайбы"
К.Ташиевдин айтымында, президенттик шайлоонун өтүшүнөн Кыргызстандын келечек тагдыры түздөн-түз көз каранды. "Эң негизги маселе - биз шайлоону таза, калыс, адилет өткөзүү менен, өзүбүзгө татыктуу мамлекет башчысын тандай алабызбы? "Жети өлчөп, бир кескен" ата-бабалардан бери келе жаткан ой-тутумду колдонууга эркибиз жетеби? Же адатка айлангандай, "мурдун балта кеспеген" жетекчиге туш болуп, Кыргызстандын биротоло таланып, талкаланып жок болушуна шарт түзүп беребизби? Айтор, учурда кыргыз элин ойго салган жагдайлар көп. Ушул шайлоону байлыктын, бийликтин күчү менен жеңип алгысы келгендердин аракетин бүт эл көрүп турат.Биз буга жол бербешибиз керек. Анткени, кандай мамлекет жетекчисин шайлайбыз, ошондон тагдырыбыз көз каранды. Тартиптин, туруктуулуктун, мыйзамдуулуктун, социалдык тең укуктуулуктун орношун көксөп, күтүп жатканы да бекеринен эмес",- деди ал.
"Коомчулукту кыжаалатка салган бул маселелер түрмөгү 20 жылдан берки эгемен турмушубуздун жыйынтыгында пайда болгондугун белгилеп кетүүбүз керек. Жашырбай аныгын айтчу болсок, эгемендик колго тийгенден бери элди ойлоп, "жеңилин жерден, оорун ордунан" алган татыктуу жетекчиге туш келбептирбиз. Булардын бирден-бир максаты эмнеде болгондугун арадан жылдар өтүп гана билип олтурбайбызбы. Айтор, "жаман иттин аты Бөрүбасар" дегендей, ишенген кожолорубуз гүлдөгөн Кыргызстандын ордуна күлү көккө сапырылган, согуш болуп өткөн талааны элестеткен жарды бир мамлекетке айлантып, жылуу жакты көздөй кете беришти. Мен алардын тагдырына суктанбайм. Бул адамдардын жазасын Жаратканыбыз өзү берди. Себеп дегенде, "өз агасын агалай албаган киши өзгө агасын сагалайт" деп кыргыз элинде таамай айтылгандай, туулган жеринин топурагын искеп олтуруу бактысынан ажыраткандан күчтүү жаза табиятта жок",- деп сөзүн улады депутат.
"Биринчи кезекте мыйзам үстөмдүгүн орнотуу зарыл. Коомчулугубузда кыжыр кайнаткан нааразычылыктын баары дал ушул мыйзамдардын иштебей, аткарылбай жаткандыгынан улам болууда. Бизде "оозу кыйшык болсо да байдын баласы" сүйлөгөн заман. Мыйзамдын сакталбагандыгынан улам кыргыз жергесинде не бир ааламат күндөрдү былтыр башыбыздан кечирдик. Ошондуктан, чек араны бекемдөө, кылмыштуулукту чектөө, бузуку күчтөргө татыктуу жооп берүү багытында чечкиндүү иш-аракеттер керек болуп турат. Ички мамлекеттик саясат мыйзамдуулукту сактоого, мамлекеттин бүтүндүгүн, адам эркиндигин, укугун бекемдөөгө жана социалдык коргоо кепилдигин күчөтүүгө багытталуусу зарыл. Ар бир адам өзүнүн укуктары жана эркиндиги менен катар мыйзам алдында жоопкерчилигин сезүүгө тийиш. Өзүңүздөр билесиздер, "мыйзамды буйланган төөдөй" эсептегендигибизден, азыркыга чейин олку-солкулук токтобой, анын жыйынтыгында экономикабыз улам баткакка батууда. Бардыгыбыз мыйзамды урматтап, жалпы тартипти сактай билсек, а бийлик адам укуктарынын сакталышына кам көрө турган болсо, натыйжалуу жылыштарды күтсөк болот",- деген ойду билдирди К.Ташиев.

Тил сынагы бүткөндөн кийин биз депутат Камчыбек Ташиевге бир катар суроолор менен кайрылдык:

- Камчыбек Кыдыршаевич, учурда коррупциянын болуп көрбөгөндөй, коркунучтуу чекке жеткенин тил сынагында сүйлөгөн сөзүңүздө белгилеп өттүңүз. Эмне үчүн коррупция тууралуу көп айтылып, бир да жылыш жок?
- Сиз айткан жагдайдан - бул багытта сөздүн көп, иштин аз болгондугунун бүгүн коррупцияга каршы күрөшкө эч ким ишенбей калды. Себеп дегенде, "балык башынан сасыйт" дегендей, бийлик башында олтургандардын сүйлөгөн сөзү менен жасаган иши эки башка болууда. Бул көрүнүш бүгүн да улантылууда. Башкасын айтпаганда деле, бир гана "Мегаком" уюлдук түйүнүнүн тегерегиндеги иш-аракеттердин өзүнөн эле канча адамдын сасык жыты мурдубузду бурдап, жийиркентип келүүдө. Менин пикиримче, коррупцияга каршы күрөш ачуу үчүн бир гана саясий эрк керек. Бир мисал - сиздер Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин майталкан, жеп-ичкичтердин уюгу саналып келгенин жакшы билсеңиздер керек. Мен барганга чейин ушундай пикир калыптанып, ал ачык айтылчу. Бул жакка ошондуктан мамлекет башчылары ишенимдүү адамдарын алып барып койгонго аракеттенишчү. Миллиондогон каражаттар бөлүнгөнү менен, алар өз максатына жумшалбай, "бармак басты, көз кысты" болуп, чоңдордун чөнтөгүнө кайрылып келип турган. Мен ушунун баарына бөгөт коё алдым. Мага оңой болгон жок. Албетте, мага кысым көрсөтүп, өз пайдасына кайсы бир маселелерди чечип берүүмдү талап кылышкан учурлар болгон. Бирок, мен болгон күчтү министрликтин жаман атын өчүрүүгө жумшадым. Кыска убакыт аралыгында биз министрликти чындап элге пайдасын тийгизген мекемеге айланттык. Кайсы жерде жер кырсыгы катталбасын, ыкчам жардам берүүгө жетише баштаганбыз. Муна жалпы кыргыз эли билгендиктен, азыркыга чейин ыраазычылыгын айткандар бар. Бул мисалды айткан себебим, коррупцияны тыюу үчүн ошого эрки жеткен жетекчи керек. Эрк болсо, анан тартипти күчөтсө, анын баарын жеңип, тамырын кыркып салсак болот.
Коррупцияга каршы күрөш багытында мен бир катар мыйзамдарды сунуштагам. Баарынан мурда, Жогорку Кеңешке сунушталган мамлекет жетекчилеринин үй-бүлө мүчөлөрүн, жакындарын, тууган-туушкандарын мамлекеттик кызматка жолотпоо багытындагы мыйзамга көңүлүңүздөрдү бурам. Тууган адамың канчалык иштерман болбосун, баары бир, мамлекеттик кызматта олтурчу болсо, өз залакасын тийгизет. А бул үй-бүлөлүк башкарууга алып барчу жол. Дал ошондуктан, бул мыйзам Кыргызстанга аба-суудай зарыл болуп турат. Андан тышкары, жеп-ичкичтердин жазасын катаалдаштыруу керек. Бизде тоок уурдаган адамдар түрмөгө камалып, миллиондогон каражаттарды сугунгандар чартаңбай тээп жүрүшөт. Ошондуктан, кыргызды куруткан бул жеп-ичкичтердин күнөөсү далилденсе, ээлеген орду, ким экендигине карабастан, жегенин кустуруп, орду каякта экендигин көрсөтүп койгонубуз дурус.

- Сиз жөлөкпулдарды төлөө системасынын адилетсиз экендигин билдирдиңиз. Ушуга кененирээк токтоло кетсеңиз?
- Мен айтпадымбы, "Сенин үйүңдө уюң бар, түстүү сыналгың турат, ошондуктан балдарыңа жөлөк пул берилбейт",- деген күлкү келерлик жобонун мыйзамга киргизилип, анын колдонулуп жатканына нааразы адамдар арбын. Балдарга келгенде мыйндай мамиленин колдонулушун мен эртеңки күнүбүзгө жасалган чыккынчылык катары эсептеймин. Биздин келечегибиз ушул балдар болуп жаткан соң, алардан эмнебизди аяйбыз. Мына ушундай олдоксон мыйзамды жүзөгө ашырган бийлик азыр каякта? Бактылуу балалыгы өткөн Ата-Журтуна келе албай жүрүшөт. Менин пикиримче, жөлөк пул бардык балдарга үй-бүлөсүнүн социалдык статусуна карабастан берилиши кажет. Болгондо да, бир көйнөк менен бир шымга жете тургандай көлөмдө эмес, татыктуу балалыгына жеткидей жөлөк пул төлөп берүүнү мамлекет колуна алышы керек.
Социалдык адилетсиздик жаңы төрөлгөн баланын сүйүнчүсүнө келгенде да кездешет. Баланын сүйүнчүсү 525 сом болгондуктан, аны эч ким албайт. Бул акча эмнеге жетет? Эмне үчун мамлекет обу жок чыгымдарга келгенде марттыгын көргөзөт да, улут генефондуна келгенде кайдыгер мамиле жасайт? Ошондуктан, сүйүнчү, жөлөк пулдарды төлөө системасы түп-тамырынан өзгөрүүгө дуушар болуусу керек. Бириккен улуттар уюму кыргызды жоголуп бараткан улуттардын тизмесине киргизгени качан. Ошонун өзү эле биздин намысыбызды ойготушу керек болчу. Бул жерде кеп сүйүнчү акча жөнүндө эмес, кыргыз улутунун келечек тагдыры жөнүндө болуп жатпайбы.

- Баш мыйзамды турган турпаты менен ыргытып, жаңысын кабыл алуу керектигин айрым саясатчылар ураан катары алып чыгышууда. Минтип, жыл сайын баш мыйзам алмаштыра берсек, Кыргызстан качан өнүгөт?
- Биз бүгүнкү кебетебизди ат тезегин алмаштыргандай эле баш мыйзамды жамаачылай бергендер улам кийдик. Ошентсе да, өзүбүзгө төп келе тургандай баш мыйзамга жете албай койдук. Азыркы иштеп жаткан баш мыйзам өтө опурталдуу жагдайда элге таңууланган. Анын кемчиликтери арбын. А бирок, бир системадан дароо баш тартып, экинчисине улактай болуп секирип өтө бергенибиз болбостугун түшүнгөндөй болдук окшойт. Ошондуктан, бардыгын таразага салып, акыл калчап, терең ойлонуштуруп, болгондо да, кыргызды чындап азыркы аңдан сууруп чыгып кете турган башкаруу бийлигин түзүүбүз эп. Биз акыры ушуга келип такалабыз. Азыркы башкаруу тартибинин да жакшы жактарын тапса болот. Бизде мындай биринчи жолу болуп жаткандан кийин, кемчиликтер сөзсүз кетет. Аны оңдоп, мыктылап кетүү өзүбүздөн.

- "Ата-Журт" фракция башчысы кызматын өткөзүп бердиңиз. Буга эмне себеп болду?
- Шайлоого бараткан соң, биз кандай кызматта болбойлу, аны тапшырып беришибиз керек. Себеп дегенде, бирибиз өйдө, бирибиз ылдыйда турганда, шайлоонун таза өтүшү мүмкүн эмес. Мен да мыйзам талап кылгандай, үгүт иши башталган убакытты күтүп олтурбастан, бул кызматты өткөрүп берүүнү чечтим. Талапкер катары катталган соң, убактылуу депутаттык ишмердүүлүгүмдү да токтотом. Буга мен башка да кызматта турган талапкерлерди чакырам. Бардык талапкерлердин укугу тең болуусу абзел. Ошонун жыйынтыгында, эл да эркин тандоо укугуна ээ болот.

- Азыртан сизге байланыштуу терс маалыматтар жайнап кетти. А сиз унчуккан жоксуз. Себеби эмнеде?
- Жооп бергенде эмне? Ансыз деле мунун баары каршылаштарым тарабынан куюлган жугунду экендиги дайын болуп турбайбы. Мен алардын деңгээлине түшпөйм. Башынан эле мен каршылаштарыма каршы кара пиарды колдонбой тургандыгымды билдиргем. Ушуга үндөп да келе жатам. Ошого карабастан, өтө пас иштерге барып жатышса, мен аларды Кудайга койдум.

- Демек, сизден жооп болбойбу?
- Мени билген адамдар бул сөздөрдүн бир тамгасына да ишенбейт. Кандай дебесин, эл баарына өзү тараза. Алакандай мамлекетпиз, кимдин-ким экенин кыргыз эли абдан жакшы билет. Ошондуктан, жалган ушактарга жооп берип, убакыт короткум келбейт.

Нурдин Сейитов





кыргыз тилиндеги гезит "Майдан.kg"




а ­е¦Є.НҐй«