кыргыз тилиндеги гезит "Майдан.kg"

п»ї


"Кызымды майып кылган адам жоопко тартылабы?"
Редакциябызга Сокулук районунун Манас айылынын жашоочусу Сүйүмбеков Кадырмамат Машабаевич кат менен кайрылды. Анткени 2010-жылдын 30-октябрында кечки саат тогуз чамасында анын 16 жаштагы кызы Нарсинамды Бишкек-Аэропорт жолунда катуу ылдамдыкта бараткан "Хонда-Одиссей" маркасындагы автомашина сүзүп кеткен. Бирок эмнегедир бул окуяга ошол жерден анча алыс эмес аралыкта турган МАИ инспектору күбө болуп, машина ээсин токтоткон менен ага карата иш козголгон эмес же эч кандай каттоого алынбай, кутулуп кеткен. Айрым маалыматтар боюнча жол эрежесин бузган Алмаз Медеров деген жигит Улуттук коопсуздук кызматында иштейт экен. Жабырлануучу кыздын атасы айыпталуучуну жоопко тартуу боюнча КР президенти Р.Отунбаевага, ЖК депутаты А.Жээнбековго да кайрылган. Бирок карапайым адамдын үнү мамлекет башчыларыбызга жетпей жаткандыктан, ал ММК аркылуу кайрылууда. Эмесе, К.Суюмбековдун мамлекет башчыбыз менен эл өкүлүнө жазган катынын мазмунуна көңүл буралы.


"Урматтуу, КР президенти Роза Исаковна Отунбаева
Менин Сизге кайрылуумдун себеби төмөндөгүчө: 2010-жылдын 30-октябрь күнү Аэропорт-Бишкек жолунда өтө жогорку ылдамдык менен өз машинасын айдап баратып КР Улуттук коопсуздук кызматынын кызматкери Медеров Алмаз аттуу жигит менин 16 жашар кызым Нарсинамды уруп кеткен. Алган жаракаттын негизинде кызым Бишкектеги №4 оорукананын реанимация бөлүмүндө өзүнө келбей бир ай жатты. Андан соң көзүн ачкандан кийин да ошол эле оорукананын нейротравма бөлүмүндө дагы бир ай дарыланды. Ошол кезде А.Медеров жубайым Чынарды алдап, коркутуп "Биз СНБда иштейбиз, кызыңарды карабай койобуз" деп тосмо арыз жаздырып алыптыр. Аялым менден коркуп тосмо арыз жазганын 4 айдан кийин айтты. Андан соң аялым телефон аркылуу Алмаз менен байланышып, "Кызымды жакшы кылып берем дебедиңер беле" десе ал "Дагы бир жолу ушинтип сурасаңар мен силердин өзүңөрдү сотко берем керек болсо, өзүңөргө да көрсөтүп койом керек болсо" дептир.

(Уландысы 3-бетте)










??.??