Кыңыр иш уланууда...

Контрабанда баарыбызды курутат го

Баткенде Тажикстанга түз жол тарткан күйүүчү май машинелеринин 16сы дагы кармалды.
Чындыгында ар тараптуу көзөмөл күчөтүлгөндөн бери өлкөдөн күйүүчү майды мыйзамсыз чыгаруу иштери азайды. Бирок, аны ташыгандар, ташыгандардын үсүтүндө туруп, маселелерди чечип турушкандардын аракеттери токтободу. Бул ишке катыштыгы бар ошол эле өкмөттө иштегендер менен депутаттар же уялышпады. Ала жаздан бери өзүбүзгө күйүүчү май жетпей жатса, аны коңшулаш тажиктерге ташып жатышарын жергиликтүү эл кыйкырып, жол тосууга чейин барышкан. Элдин көйгөйүнө көңүл бурумуш болуп Өкмөт деген неме күйүүчү май ташыгандарды токтотобуз дешкен. Көрүнүп тургандай, тешик али жамала элек.




  Ич ара

Муфтиятты кара булут каптады

Аракеттеги муфтийибиз, аны сөз кылып атканыбыз үчүн кудай өзү кечирсин, бирок артынан кууган сөздөр бу кишини ээлеген кызматынан алып түшөт же дагы маңдайына жазылганын көрөт да.

Эсиңерде болсо, апрель окуясынан кийин мурдагы муфтий ыраматылык Мураталы ажы Жуманды уурдап кетишип, катуу коркутушкан эле. Өлө турган түрү жок ажы жаш боюнча жарыктык менен коштошуп кете берди. Анын ордуна Абдышүкүр Нарматовду шайлаттырбай коюшту. А негедир, азыркы муфтий Чубак ажыга ошондо каршылык кылган күчтөр да байкалбады, каршылаштар да чыкпады. Айтор, артында бир күч турат деген ойго келесин. Ошол ой менен жүрдүк эле, Орозо айт майрамын 30-августка жылдырып, орозону бир күнгө кыскарта койду. Муфтийдин бул иши кудайга канчалык жагат ким билсин, айтор, отузунчу күнү оозун жапкан мусулмандарга ошол күнү кыйын болду. Канчалагандар айт намазына бара алышпай калышты. 31-августта эгемен майрамынын белгиленишине байланыштуу, айт намазын бир күн эрте өткөрүү боюнча өкмөттөн да коопсуздук үчүн тапшырма болгондур. Ошон үчүн Чубак ажы орозо айт күнүн так айта албай, эки күндүн бири деп келген. Анысы эми өттү. Балээси эми башталганы турат. Алдыдагы ажылык сапарды уюштуруу иштерине байланыштуу муфтийдин дарегине олуттуу сын пикирлер багытталып жатат. Муфтиятта иштегендердин бир бөлүгү Чубак ажыны айыптап чыгышса, нааразы болгондор эски коррупциялык системаны сактап калууну каалап жаткандар дешет муфтий тараптагылар. Кыскасы, сасык саясат мусулмандардын дин башкармалыгына кирип, жыл өткөн сайын тамырлап баратат. Момун мусулмандардын башындагылар ушинтишсе, алар карап турушкандар кантишет эми.

Намыс Баатыров




  Коррупциянын атасын тааныткандар...

"Учкунга" көз арткандар көп...

Баш калаадагы "Учкун" полиграфиялык-редакциялык басма комплекси республикадагы ири ишканалардын бири. Ошондой эле ал өлкөдөгү президенттик шайлоонун өтүүсүнө өтө чоң салымын кошуучу фигуранттардын катарында. Анткени, бул жерде БШКнын буйрутмасы менен шайлоого тийешелүү бюллетендер, бланкалар ж.б. маалымат басылмалары басылып чыгарылат. Өткөн аптанын башында "Учкун" ААКнын кызматкерлери ишкананын жетекчилигине нааразылыктарын билдирүү үчүн жыйналышты.

"Кайда барсаң Мамайдын көрү" дегендей, 300гө чукул жумушчулардан турган жамааттын нааразылыгы барып-келип эле айлык маянанын өлчөмүнүн аздыгына, убадалардын аткарылбагандыгына, ишкананын каржылоосу жетиштүү экендигине карабастан, жумушчуларга камкордук дээрлик көрүлбөгөндүгүнө такалат. Алардын айтымдарында, администрация, атап айтканда, директору Кубат Болотканов, ишкананын биринчи вице-премьери Александр Мельничук, башкы бухгалтер Айнагүл Кожокулова, Каныбек Адамалиевтер баш болуп өздөрүнө жумушчулардыкынан үч-төрт эсе, миң доллардын тегерегинде айлык маяна өлчөп алышкан. Бул тууралуу сурашканында баш бухгалтер: "Иштеген - биз. Биз иштеген үчүн силер маяна алып атасыңар" деп, жетекчилер гана эмгектенип, калган жумушчулар бекерчиликтен текей терип жүргөнсүп түшүндүргөн имиш. Март айында жумушчулардын маянасы 100 пайыз көтөрүлүп, бирок, кайра кийинки айлардан тарта дал ошол А.Кожокулованын сунушу менен кайрадан баштагы калыбына түшкөн. "Айлыкты аз болсо да, убагында берсе жакшы болмок. Отпуска үчүн төлөнүүчү маянаны өз убагында алган күн боло элек,"- дешет нааразыланган жумушчулар. Алардын айтымында, соцфондго төлөмдөр маянанын эсебинен өз учурунда кармалгандыгына карабастан, соцфондго кечиктирилип төгүлөт имиш.

"Балык башынан сасыйт..."
"Учкун" концернин 1999-жылдан 2005-жылга чейин Каныбек Иманалиев жетектеген. Анын ишкананын жетекчилигине келишин Майрам Акаева менен байланыштырышат. Акаеванын күйөө баласы болуп чыга келген Иманалиевдин ишкананын эсебинен жеп-ичкендиги жөнүндө айыңдар ар убакта айтылып келген. Мисалы, республикалык жалпыга маалымдоо каражаттарындагы маалыматтарда Акаев бийлиги убагында Айдар Акаевге кошулуп, аз жерден "Учкун" жеке менчикке өтпөй калгандыгы байма-бай жарыяланган. Өңгөсүн айтпаганда да, Ысык-Көлдөгү "Учкун" концернине тиешелүү пансионаттын сатылып кеткендигине ичи ачышкан жамаат каршылык кыла албай кала берген.
Бул пансионатта жыл сайын ишкананын жумушчулары эс алышчу. Ал эми эс алуучуларды "Учкундун" автобазасынан автобустар алып кетчү. Бул автобаза да Иманалиевдин кызматка келиши менен жоюлуп кеткен.
Ал эми, МСН гезитине таянсак, Иманалиев "Учкундун" айланасындагы жерлерди соткасына 300 доллардан саткан. Ошентип, ал "Учкунга" тиешелүү май талкан жерлердин баарын сатууга үлгүргөн имиш. "Жамааттан жашырып өз убагында Корумду айылындагы "Учкун" пансионатынын ордуна "Ачык ай" ЖЧКсын ачып, ал Иманалиевдин аялы Иманалиева Шатгүл Кулматовнага катталган. "Нептун" пансионатындагы жердин 3,9 гектары да көрсө, дал ушул Шатгүл айымга таандык имиш. Каныбек мырза "устукандарды" өзү эле жебестен, башкалар менен да бөлүшкөндүгүн" МСН жазып чыккан. "Мисалы, Осмоновага 0,1 гектар, А.Садыркуловага - 0,4 гектар, З.Зилзалиевага - 0,03 гектар үлүш берген. Баарынан кызыгы буга чейин эки-үч жыл мурун дал ушул фирма Ысык-Көлдө өткөн туристтик ярмаркада Казакстан тараптын атынан чыккан. 2005-жылы Иманалиев парламенттин депутаттыгына шайланып, анын мурдагы төрагалык ордун кесиби гинеколог Алмазбек Абыкеев ээлеген. Айтмакчы, Алмазбек Абыкеевди Каныбек Иманалиевдин таекеси дешет учкундуктар.
Ал кездеги басмакана башчысынын "Эркин-Тоо" типографиясына байланышкан чуусу али күнчө эч кимдин жадысынан чыга элек. "Уккан кулакта жазык жок, атургай жан сакчылары менен бирге "Эркин-Тоо" типографиясынын жетекчисин ур-токмокко ала жаздаган, - деп жазат "Жаңы-Ордо" гезити №39-санында.
Айтмакчы, ал Майрам Акаеванын "Үмүттүн шооласы өчпөйт" деген китебин жазган имиш. Ал эми он миңдеген нуска менен басылган китеп ошол эле типография аркылуу жараксыз кагаздарга кошулуп, макулатурага өткөрүлгөн. Эми ушунча болду айтпай кетпесек болбос, 2007-жылдагы парламенттик шайлоодо ал "Туран" партиясынан саясий майданга аттанган. Ошол учурда ал тууралуу "парламентке баруу үчүн ыраматылык Медет Садыркуловго акча бергендиги тууралуу Жогорку Кеңешке өтпөй калганда, чуу чыгаргандыгын" айтып чыгышкан.
Жетекчилердин ишмердүүлүгүн көргөн башка кызматкерлер жөн калабы, калгандары да ар кими алы жетишинче өз билгендерин кылгандыгын айтышат. Айталы, Суусар Шамбетова деген айым башта "Полиграф" комбинатында иштеп келип, Иманалиевдин учурунда май көл, сүт көл "Учкундун" өндүрүш бөлүмүнө баш багат. Ал бөлүмдүн башчылык кызматын дээрлик 11 жыл ээлеп турганында өзүнүн бүтүндөй жек-жааттарын "Учкунга" орноштуруп гана тим болбостон, ишкананын эсебинен дачалуу, машиналуу болгондугун тар чөйрөдө айтып жүрүшөт.
"Бакиев бийлигинде "Учкундун" жетекчиси болуп А.Абыкеев 2005-2011-жылдары иштеп, Иманалиевден да ашып түшүп, ишкананы банкроттукка чейин жеткирген" дешет. "Чубактан Манас кем бекен" дегендей, "жээнден таекеси кем бекен" дегенби, айтор, Каныбектен калганын Алмазбек түбүнө жеткирген имиш. Ал гана эмес салыктарды жашырып, төкпөй койгонго чейин барган. Далил катары www.tazar.kg сайтына 2008-жылдын 25-январында жарыяланган маалыматты келтирели: "По факту сокрытия налогов в особо крупном размере возбуждено уголовное дело в отношении должностных лиц ОАО "Учкун". По данным дела, работники данного ОАО скрыли от государства 856,8 тыс.сомов." Кыскасы, "Учкун" ААК коррупциянын уюгуна айлангандыгы ошентип эбактан эле маалым. Ишкананы коррупция сазына батырган аткаминерлерге арийне, биз сот эмеспиз.
Жумушчулары жарыбаган маянасын айдан айга жеткире албай, алды үч-төрт иште эмгектенип, арты өп-чап турмуш кечирип келатса, алардын тагдыры менен иши жок ишкананын директору Кубат Болотканов апта соңунда 26 миң долларга жаңы сатып алган машинасын туулган жери Таластын Арал айылына айдап барып, жоро-жолдошторуна майлап берип, майрамдоонун үстүндө. Айтмакчы, анын бул кызматка келгенине 7 айдын жүзү болду...
Ишкананын быйыл 85 жылдыгы. Бүгүнкү күндө ишкананын жумушчулары кызуу иш үстүндө. Билим берүү министрлиги тараптан окуу китептерин чыгаруу буйрутмасы иш жүзүнө ашырылып, миңдеген окуу китептери мектеп окуучуларынын колуна тийүү алдында. Бул үчүн аталган министрлик 30 миллион сом каражат бөлүп бермекчи. Мунун он пайызы ишкананын бюджетине эбак келип түшкөн. Ал эми, күздө өтүүчү шайлоого даярдык көрүп жаткан Борбордук шайлоо комиссиясы аркылуу 15 миллион сом каражат жакынкы күндөрү которулуп берилди, мунун негизинде шайлоо боюнча басылмалар даярдала баштады. Өз кезегинде 100дөгөн жумушчулардын колу коюлган кайрылуу каты ишкананын директорунун наамына жолдонду. Мындан кандай жыйынтык чыгаары али белгисиз. Кандай болбосун, маараке алдында кызматкерлердин маанайы чөкпөшүнө тилектешпиз.

Г.ТУРДАЛИЕВА