Мурзапар Үсөн
(роман)
БӨРҮЛӨР
Жантөрө Кангелдиевич "Болшевик" колхозуна оплномочун болуп дайындалгандан бери да Турдали райистин өйдө-ылдыйын көз астына ала ушунусунан пайдаланам деген үмүттө жүргөнүн Ташкулунун кызын жашыруун алмакка ортого салды эле, кара басып тилеги таш каап ошонун аламин кантип чыгарыштын айласын таппай "колхозду жеп түгөтүптүр" деген шылтоо менен ревизор жөнөтүлүп текшерүүчүлөр ополномочундун ымдаты менен кылдан кыйкым издеп жүрүшүп акыры райисти тузака чалынтышты. Эртеси эле райондон кызыл шапке милисалар келишип кенсени, кампа, складды кулпу-калит кылганда, дароо эле бир байкуш кейпин кийе калган Турдалы райис шашканынан гыйч өтүгүн чала кийгенби чулгоосу чыгып артында салбырап, чердейген курсагы да тартылып алдыларына түшө, "кана көрсөт ошонуңду" дегендерине баштап жүрдү. Жантөрө Кангелдиевич артынан эрчий таба кыла "мени маскара кылдыңбы, ушуну көрмөксүн" дегендей кычуусу кана мыйыгынан жылмая бакжайган көз табактай бетке жарашпай "мени эмне, билбейт дейсинби" дегендей гезгире бактысы чак. Жанагы Арзыканды ала качкан жылкычы жигитти да растратырга жыкмака ревизорго дайындалды эле "эки айгырды бөрү жегендиги аныкталып, актысына дейре көрсөттү" десе, көзү чаканагынан чыга жаздаган ополномочун "жылкыны анча-мынча бөрү алалбайт. Аны мына ушу райисиң өзү жеген!" деп, тактыкты көрсөткөн текшерүүчүнү да кагып салды. "Жок, бул жалган документ, кайрадан текшерилсин. Жылкычынын өзү болсун. Ал кыз ала качып үңкүрдө жашайт имиш го. Бөрүлөрдүн тилин билет, өзүнө үйрөтүп алган дешет. Эгер ошо чын болсо бөрүлөрдү коргогондугу үчүн эл душманы. Колхоз малына зыян келтирчү жырткычты сактап жатпайбы. Ушул чынбы, райис?" деп, кекете-мокото бүжүрөгөн Турдалыны дагы каарды.
"Чын, үңкүрдө жашаганы да чын. Ташкулунун кызын ала качпадыбы, кысталак, салтта жок ишке барып" деп, "күнөөмдүн башы ушу, ушунун айынан…" дегендей кыла Жантөрө Кангелдиевичти жарып карай албай күңк этти, мурдагы өкүм үнү өчкөндөй салбырап.
"Ошо бөрү асыраганы чын болсо неге күнөөгө тартпайсыңар?" деп дагы опурулду, "бут тоскон ушуну мурдараак айтпайсынбы" дегендей кыла.
"Булардын тобун "бөрүлөр" дешет. Илгери бабаларынын бирин бөрү эмизген экен".
"Мына, адамдын бөрүлөрүн өзүн колтугуңа тартып жүрөт турбайсынбы. Демек, жанагы эки айгырды ушу өздөрү жеп алып сени сызга отургузушкан турбайбы. Колхоздун жылкыларын бөрүлөргө кайтартып, муну көр ой! Тапкан экенсин, адам куруп калгансып… Бизди бөрү эмизген деп жырткычтарга кол көтөрбөсөлөр, ушу да кепи. Душман арабызда жашап, жегенин жеп, койгонун койсо, ой тооб-боо! Бу сен жинди боло, акылыңдан адашкан жоксунбу?" деп, жаш балача башын сала жер караган райисти үстөкө-босток кептеп дагы кирди.
"Давай, таптыр ошо бөрү эмизген балаңды. Бөрүнүн тилин билеби, жокпу көрөбүз. Эгер чын эле бөрүлөргө жан тартчу болсо анын эсеби табылат. Анан алдына салып берген жылкыларыңды тактап түгөлдөп, менин алдымдан бирден өткөрө турган болгун. Көзүн жазгырам деп ойлобогун. Мен деген далай жазгырмалардын шыйрагын чагып түрмөгө отургузгам. Уктуңбу?! Райкомдун бюросуна даярдана бер. Ал жерден туру эле камакка кетер бекенсин" - деп, сөзүнүн аягына дейре титиреңдеп өзүн басалбады ополномочун, райистин жүрөгүнүн сары суусун алып.
"Эми текшерүүчүсү келип кетти, райистин көңүлү кичине тынсын, анан Мустакулуну келинчеги менен алдырып, "кел эми Ташкулу, бирин-бири жактырышат деген ушу турбайбы, бир ачууңду бер, жаштык-мастык дегендей балдардын артынан куда анда бололу, жакшылыктарын бирге көрөлү" деймин да" деп болоор ишке алдында ала даярданып жүрдү эле андай болбоду. Чаң тополоң түшкөн колхоздун басылаар түрү жок, кечөө мелисалар келип баары жокту калиттеп салышты дегенден жүрөгү опкоолжуй түшкөн Эшназар, "ушу бир ургаачынын айынан жер астын-үстүн болсо кандай болсун?" деп, Мустакулдун тигинтип качып жүргөнүнө дагы кейип кетти. "Ушу Ташкулунун кызынан башка куруп калыптырбы? Канча адамдарды ташпишке салып Турдалынын көргөн күнү ит болуп жатат. Бу кызыл шапкелер аралашып калыптыр, жакшылык эле болсун. Ташкулунун кызын качырып жибердиң деп ушу бокту деп жатат да жанагы ополномочун. Көңүлүмдөн өтүп калды, бул жакшылыктын жышааны эмес" деп, опулдап үйгө кирип-чыгып кантерин билбей турганда, "сизди райис чакырып жатат" деп кампа кароолу келе калды. "Мына, айттым го эмики кезек Мустакулга келген окшойт" деп дапдырап мүдүрө-чокура кенсеге жетти.
Элеп-желеп боло шайтан азгырыктан кулагы чып бүтө "эми кантем, не деп жооп берем? Балаңды таап кел дейби? Же, жанагы бөрү жеди деген эки айгырдын бети ачылып калдыбы? Ошону сураса кызарбай-бозорбой жеди деймин да. А Мустакулду тап десе анда аны камашат. Кыз ала качуу деген закондо жок, анын үстүнө жашы жетелек кызды зордоп деселер эле бүттү" - деп, заманасы куурула муундары шыркырап, "Эшназар аке, келдиңизби, жүрүң?" деп, бирөө колтугунан сөйөп калбаганда жыгылып кетет беле, додолоп турган айылдагыларды аралатып алып кирди конторго.
Көзү тунарып, салам айтканга да оозу күрмөөсүнө келбей бейтааныш шапке-шүпкө кийген адамдар көп экен. Төрдө жанагы ополномочун жигит, а Турдалы кайда десе күрпүйө үңкүйүп этек жакта отуруптур.
"А, сизби, качып жүргөн баланын атасы?" деп калды мен көрүп жүргөн жанагы. Оозумдан сөз чыкпашын билгендей жанымда турган бугалтыр "ушу киши, Эшназар аке ушу болот" деп калды.
"А ха, балаңызды бөрү эмизип баканы чынбы?" деп жанагы дагы кадала карады. Мындайды күтпөгөн кары не деп айтышын билбей "ушуларга дейре жеткириптир да. Бөрү эмизгендин кандай тийиштиги бар бул жерде?" деп, тар бөлмөдө аба жетишпегендей деми кыстыгып кетти. "Ха, жок… жок, биздин бабабызды баккан экен" деп, айтаар сөзүн жоромолдоп ооз учунан араң имерди.
"Бары бир. Демек силерде бөрүлөрдүн каны бар турбайбы. Ошон үчүн балаң тоого качып жатпайбы бирөөнүн кызын жонуна өңөргөнчө" Мунусунда ополномочун сенсирешке өттү, башындагы сылыктыгынан жанып. Эшназар-карынын айтаар сөзү дээринде жанып турса да, кокус берилген мындай басмырттаган кордоого жаны кашайып тишин басканча унчукпады.
"Ала качканы чынбы?" деп, ныгыра ныктап дагы кайталады. "Жаштык кылып…" дегенде эле ополномочун ордунан тура калып, "аның жаш эмес. Жаш неме ала качканды билбейт. Аны менен жумушу да болбойт. Бул деген бөрүлөрдүн көнгөн адаты. Көрүнө калса эле жонуна өңөрдү, кетти да үңкүрүнө" деп, Эшназар-карыны сүйлөтө койбоду. "Бул жерде акмак адамдар жок. Кана, айтчы, балаңдын жылкысындагы эки айгырды чын эле бөрү жедиби, же мобу райис жалмадыбы? Же, өзүңөр тынчыттыңарбы?"
"Ырас, бөрү жеген, райис жеген жок. Аттардын башын да көрсөттүк" деп сөзүн таппай дапдырап калды, Эшназар-кары. Эми биротоло көзү ымыр-чымыр боло боз туман каптагандай сүйлөгөн адамдын үнүнөн таанып, суроосуна булдурап, үзүк-үзүк жооп берген болот.