Кайдасың менин берекем!...
Бактылуу үй-бүлөдө чоңойдум. Мен үйдүн эң улуусумун. Менден кийин эки иним бар. Үйдүн улуусу болгондуктанбы айтор, кичинемден эле түйшүкчүл, тырышчаак кыз болчумун. Мектепти аябай жакшы аяктадым дегенден алысмын эл катары орто баа менен эле бүттүм. Жогорку окуу жайлардын бирине да тилекке каршы окуй албай калдым. Өзүм деле окуганга көп деле көңүлүм жок болчу. Азыр баары эле окуу жайды бүтүп алып эле дипломдору чаң басып, кайсы жумуштун айлык акысы жакшы төлөнсө, ошол жактан иштеп жатпайбы. Мектепти аяктаган соң шаарга байкелеримдин бириникине келдим. Келгенден кийин эки, үч ай үйдө бош жаттым. Андан кийин тигүү цехинде иштеп калдым.
Албетте, айылдан жаңы келгенден кийин шаарга көнүш, жумуш таап, иштеп кетиш мен үчүн абдан эле оор болду. Далай жолу айылга кетем деп ыйладым. Менин жүрөгүмдү өйүп өкүндүргөнү апамдын жүрөк оорусу болчу. Иштеп акча таап апамды ооруканага көрсөтөм деп, тытынып иштей баштадым.

Таанышуу.
Кычыраган кыш да келди. Бир күнү адаттагыдай эле жумуштан чыгып аялдамада маршрутка күтүп туруп калдым. Кыштын суугун айтпай эле кой, бутум тызылдап үшүп чыктым. Мени менен кошо эки аял, бир жаш жигит турган эле.
Демейде убактысында келген маршруткам дагы эмнегедир ошол күнү кечигип жатты. Тиги жанымдагы эки аял кетишти. Алар кеткенден кийин да көпкө турдум. Тиги жанымдагы жигит улам эле мени карап атканы байкалды. Ал менин жаныма келип, бир нерсе айталбай нары баскандай болду. Мен ичимен "балким, бирөөлөргө окшоштуруп жатса керек" деп ойлодум. Көп убакыт өтпөй эле ал жигит жаныма басып келип;
- Чоң кыз сиз кайсы маршрутту күтүп жатасыз?-деп сурап калды.
- 137чи маршурутту, эмнегедир кечигип жатат го,-дедим.
- Кечиресиз! Ал маршрут сиздин алдыңызда гана өтүп кетти.
- Сиз эмне көптөн бери турасызбы?-дедим.
- Ооба таң аткандан бери турам. Кеч кирип кетти кааласаңыз үйүңүзгө жеткирип коеюн - Ал мага тамашалай сүйлөдү.
Кеч кирип калган, анын үстүндө көпкө туруп үшүп да калгандыктан, дароо эле анын сунушуна макул болдум. Ал такси кармап экөөбүз жолдо карай жакындан тааныштык. Жолдо менин телефон номеримди алганга да жетишти.
Алгачкы сүйүү.
Биз жолдон таанышкан жигиттин аты Бакыт экен. Күн сайын тынымсыз телефон чалып баштады. Байкалбаган менен мен да ага көнө баштаптырмын. Ошентип тез-тез жолугушуп жүрдүк. "Кыз кулагы менен сүйөт " дегендей мен анын айткандарына ишенип бат эле жакшы көрүп калдым. Арадан билинбей күндөр өтө берди. Бакыт экөөбүздүн бири- бирибизге болгон сүйүүбүз сайын күч алгандан күч ала баштады. Ал мага кымбат сөздөрүн арнагандан тажачу эмес. Көрсө анын ою башкада экенин кийин билдим. Бакыт экөөбүз шаар айланып, не бир сонун күндөрдү өткөрбөдүк. Мына ошондой күндөрдүн биринде эле Бакыттын досунун туулган күнү болуп, туулган күнгө барып калдык. Ал жактан кыздар-балдар менен шаңдуу олтурдук. Жаштар шарактап кызыктуу оюн ойнолуп, ичимдиктер аябай ичилип жатты. Өмүрүмдө биринчи жолу ошол жерден ичимдик даамын таттым. Биринчи жолу ичкендиктенби айтор, өзүмдү бат эле жогото баштадым. Эсиме келгенде карасам саат түнкү эки болуп калыптыр. Андан кийинкисин өзүм да билбейм эртең менен туруп, "кыздык" абийиримден айрылганымды билдим. Бакыт ушул жолго барат деп таптакыр ойлобоптурмун. Көрсө, балдар алсыз айымдарды жалган сөздөрү менен өздөрүнө багындырып алган соң, кылар иши ушул тура. Ошол ишке бараарда өзүлөрүнүн карындашын, же эжесин ойлобос бекен. Бирөөнүн тагдырына балта чапкан соң, алардын кийинки тагдырын ойлобостон жер үстүндө кантип басып жүргөнүнө таң каласың.
Арадан үч ай өттү.
Ошентип арадан үч ай өттү.Бир күнү өзүмдү жаман сезип, ооруканалардын бирине бардым. Ошол жерден кош бойлуу экенимди билдим. Уккан кулагыма ишенбей, өзүмдү-өзүм бул дүйнөдө жок кылгым келди. Бирок оорукчан апамдын абалын ойлогондо өлүмгө бара албадым. Ошентип, билинбеген менен убакыт учкан зымырык куш дегендей, убакыттар өтө берди. Ичим болсо кичинеден билине баштады. Бир күнү апам телефон чалып, кызым айылга келбейсиңби деди. А мен болсо кайсы бетим менен бармак элем, жүрөгүм тилинип турса дагы кур шылтоону айтып, жумуштан жибербей жатат деп калп айттым. Өзүмдү өзүм жемелеп жек көрүп ыйлап жаттым. Бакыт болсо кийинки күндөрү ар кайсы шылтоону айтып менден алыстай баштады. Тирүү адамдын күнү өтө берет турбайбы. Мен болсо айла жок тагдырдын салганына моюн сунуп, күн кечирип калдым. Менин кош бойлуу экенимди жеңем менен Бакыттан башка жан адам билчү эмес. Бир күнү Бакыт ачуулуу келип "ичиңдегини алдыр" деди. Бала алты айлык болуп калгандыктан алдырганга кеч эле. Мен алдырбайм деп Бакыт экөөбүз урушуп-талашып, ал кетип калды. Ошол күндөн тартып, Бакыт мага көңүл бурбай, экөөбүздүн пикирибиз келишпей, ал менден кутулуштун амалын кылып жатты. Мына ошентип, ай күнүмө жетип, төрөгөнгө да жакындап калды. Бакыттан болсо дайын жок, кабарсыз кетти. Ошентип жеңемдин жардамы төрөт үйүнүн биринде аман-эсен уул төрөдүм. Мени менен кошо жаткан аялдын баласы чарчап калган эле. Ал менин тагдырымды жеңемден укан экен, "сен жашсын, баланы мага бер, ал кор болбойт, өз баламдай багам" деп жалынып суранды. Мен ары ойлонуп бери ойлонуп, аргасыздан макул болдум. Ошентип, канымдан чыккан балама үч күн гана эне сүтүн бере алдым. Мен каны-жанымдан жаралаган баламды саттым
Капыстан болчу кереметти күтүп жүрөм!
Баланы берээрин берип алып ичимди курттай жеген күйүттөн түгөнүп бараттым. Ошондой оор, куса жүктөнгөн күндөрдө апам ооруп айылдан оор абалда келди. Дароо эле кардиология бөлүмүнө алып бардык. Ал жерден операция жасашты. Операция оор болгондуктан, реанимацияга которушту. Үч күн, үч түн, саат санап чыдамсыздык менен апамдын эсине келишин күтүп олтурдум. Тагдыр мени дагы бир жолу катуу жазалады, апаман айрылдым. Баламды мен дарегин билбеген жат адамдар алып кеткени аз келгенсип, жанымдан артык апакемди дагы таш боор ажал мага ыраа көрбөдү. Мен үчүн бул жашоо кызыксыз. Канча жолу өз жанымды кыяйын деп, кайра, "балким, тагдыр бир белегин даярдап турган чыгаар, бир керемет болуп уулумду таап алаармын" деген үмүттү ойлор менен балам үчүн жашап жүрөм.
Арадан үч жыл өттү. Азыр уулумду көргүм келет, жытын жыттаганга зармын. Билем, баламдын алдында күнөөлүмүн. Энелик мээримимди бере албаганым үчүн али көзүн көрө элек наристемден кечирим сурайм. Качан күлүп, биринчи жолу кантип кадам шилтеп, алгач качан "апа" деп айттың экен?! "Апа" дегениңди таптакыр жат адам укту да ээ каралдым. Кайдасың менин берекем!...

Жазгүл Өмүрова

Жазып алгандар:
Насыйкат Бекмуратова, Гулира Токтосунова