кыргыз тилиндеги гезит "Майдан.kg"

п»ї


Жогорку Кеңеш
карышкырга кой кайтартып...

Карапайым калк Кыргызстанды 7-апрель окуясынан бери иш жүзүндө ким башкарып жаткандыгын жакшы биле бербейт. Отунбаева, Атамбаев, Бабановдун карааны калдайып көрүнгөнү менен, Каптагаевдин таасири астында булардын биринин да бийлиги жок болуп чыгат. Кыргыз жергесинде кайсы чуулгандуу саясий окуя болбосун, Каптагаевдин кулагынын тикчийип чыга калгандыгы да бекеринен эмес.

Бир мисал: жазында убактылуу депутаттык комиссиянын корутундусуна ылайык, Жогорку Кеңеш президенттик аппарат жетекчиси Эмилбек Каптагаевди ажылык сапардын тыйын жасоого айлантып жибергендиги үчүн "моралдык, саясий, укуктук жоопкерчиликке тартуу" зарылдыгын так көрсөткөн токтом кабыл алган. Ага ылайык, Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитети менен Башкы прокуратура тез аранын ичинде Каптагаевге карата тергөө амалдарын жүргүзүшү керек болчу. Бирок, токтомдун кабыл алынганына жарым жыл болсо да, тергөөдөн дайын жок. Жада калса, аталган органдар калп болсо да тергемиш эткенден тартынышкан. Себеби эмнеде? Биринчиси, Мамлекеттик улуттук коопсуздук кызматын жетектеп турган Кеңешбек Дүйшөбаев азыркы саясий карьерасы үчүн Каптагаевга кылымдап кошомат кылса да жарашат. Отунбаева канча ирет Дүйшөбаевди кызматтан алгысы келген, бирок, буга Эмилбек Саламатович жол берген эмес. Бирдеңке десе эле, "эмне кылсаңыз өзүңүз билиңиз анда, кесепетинде өзүңүз жалгыз каласыз, ансыз да апрелдеш досторуңуздан бийликте эч ким калган жок",- деген тейде кысым көрсөтөт имиш. Экинчиси, Башкы прокуратура да Каптагаевдин колунда. Анткени, Аида Салянованын агасынын баласы Э.Каптагаевдин кызына үйлөнгөн. Мындан тышкары, Салянованын республика боюнча тергөө амалдарын көзөмөлгө алган биринчи орун басары Эшперов Эмилбек Саламатовичтин өкүл баласы болот. Кыргызда мындайды кан кудалар атайт. Мына ушул фактордон улам Бакиев тушунда Адилет министрлигинин статс-катчылыгына жаштарды кызматка тартуу шылтоосунун фонунда жеткен, а иш жүзүндө мындай кызматка тажрыйбасы такыр жетпеген Салянованын апрель төңкөрүшүнөн кийинки шумдуктуудай кызматтык өсүүсү түшүнүктүү болуп тургансыйт. Жогорудагы фактылардан даана көрүнгөндөй, бийлик бүгүн иш жүзүндө Каптагаевдин колунда.
Көлдүктөр былтыр ала жазда эле кыргыз элитасын Каптагаевден сак болууга чакырган. Бу кишинин интриганын атасын таанытарына бир мисал - кереметтүү Көл элин (өзү калк ичиндеги аңыздарга ишенсек, калмак болсо да) "саяктарга" жана "саяк эместерге" бөлгөн жоругу. Ысык-Көл облусунда губернатордун биринчи орун басары болуп турганда "көлдүк саяктарды" чогултуп, укмуштуудай план иштеп чыккан. Ага ылайык, бул уруунун тобөсү көрүнгөн азаматтарына кызмат бөлүштүрүп, Ысык-Көлдү бут ээлемекчи болгон. Дагы жакшы, Көлгө туз буйруп Токон Шайлиева губернатор болуп келип, "минтип элди бөлгөн жетекчилердин бизге кереги жок" таризинде бу "путчка" катышкандарды бүт отурган жеринен шыпырып түшкөн. Мына ушундай адам азыр Кыргызстанды калчап турат. Ансыз да эл эки ажырым болгонсуп турганда Каптагаевге окшогондордун бийликте турушу опурталуу экенин айтпасак деле түшүнгөн чыгаарсыз.
Каптагаевдин акыркы "трюктарынын" бири - сот реформасын муунтуу аракети. Президенттик аппарат жетекчисинин тукуруусу менен чыккан айдактама топ жаңы тузүлгөн Сотторду тандоо кеңешине бут тосуп, тизеден ылдый чабуунун камын көрүүдө. Буга чейин митингдерди уюштурду, Жогорку Кеңештин кезексиз сессиясын узгүлтүккө учуратты. 15-августта маалымат иретинде айта кетели - парламент Конституциялык палата менен Жогорку соттун мүчөлөрүн бекитмек. Алдын-ала талапкерлер да тандалган.Бирок, бул процесс Каптагаевге жаккан эмес. Себеби, Фемидага таза адамдар келип калса, Эмилбек Саламатовичтин бүт кылык-жоруктары калдайып чыкмак да, жыйынтыгында, темир торго түшмөк же Кыргызстандан качып кетмек.

(Уландысы 2-бетте)
Билгендер Каптагаев улутташтырылган мүлктөрдү бүт калчап жатканын айтышат. Кайсы мүлктү кайра эле Бакиевдерге, кайсынысын кимге бериш керектигин өзү чечип, сотторго кысым көрсөтүү менен маселени бүтүрүп жатканын узун сабак аңызга айлантып жиберишти. Ушунча адам бул тууралуу сүйлөп жаткандан кийин, кантип калп чыксын. Мурда Айдар, Максим тууралуу жомоктор айтылып, мунун баары акыр-аягында чын чыкпады беле. Демек, Каптагаев тууралуу айтылып жаткан сөздөр да бара-бара чындыгын табаарына ишене бериңиз.
Каптагаев үчүн азыркы сот реформасынын дал өзү каалагандай өтүшү - принципиалдуу маселе. Ошон үчүн буга укугу жок болсо да Отунбаеванын катышуусунда судьялыкка талапкерлерден сынак экзаменин уюштуруп, шоу жасады. Талапкерлер негизги, биздин сот системасына, мыйзамдарга байланыштуу суроолорго так жооп беришкен. Бирок, башка мамлекеттерге тийешелүу мыйзамдарды билбеген чурлар болгон. Аларды билүүгө чынында биздин судьялар милдеткер деле эмес. Анткен менен, булар публикага дал ушулардын тегерегиндеги суроо-жоопторду алып чыгып, шылдың кылып жатышпайбы. Эмилбек Саламатовичтин эмнеге жанталашканы азыр гана так билине баштады. Бу киши көрсө, Жогорку Сот менен Конституциялык палатага өз адамдарын өткөзүүнү пландаптыр. Антпесе, буга чейинки укмуштуудай "ишмердүүлүгү" жакшылык менен аяктачудай эмес. Каптагаевдин бу аракетин колдогон адамдар көзүн ачса жакшы болот эле. Себеп дегенде, чөнтөк соттор турганда Кыргызстандын мүлкүнүн тагдырына коркунуч келет. Каптагаевге эмне, мурда бу мүлктөрдү кандай калчаса, мындан кийин да чөнтөк соттор аркылуу каалагандай калчай берет.
Мына ушундай адамдын бийликте турганы кыргызга керекпи? Муну өзүнүз ойлонуп көрүңүз. Баса, Жогорку Кеңеш өз токтомдорун эмнеге көзөмөлгө албайт? Же анын жетекчилиги да Каптагаевдин таасиринен коркобу?

Жанузак Тынымсейитов,
"Sayasat.kg" сайтынан алынды










??.??