Кыргыз гезиттери


п»ї
  Адам өзүн-өзү билиш үчүн жаралат…

Муз кемисе, толоор, туз кемисе, толоор...
Эл кемисечи, жер кемисечи?..
- Бөтөнзордук деген эмне? -
ушул суроого кыргыз эл акыны, Байдылда Сарногоев атындагы эл аралык адабий сыйлыктын лауреаты Шайлообек Дүйшеев эки жыл мурун дал ушул аптаптуу август айында ушундай деп жооп берген экен:

- Кыргыз ансыз да жер үстүндө армансыз жоголууга учураган эл. Кээде: "жетишет, эми бизде, Кудай, сенин да акың жок!" деп айтып ийе жаздап барып, тобо кылып токтойсуң.
Каалагандай доор келди дегенден бери эле канчасы жоголду кыргыздын? Чачылып кеткени аз келгенсип, сатылып кетип жок болууда, атылып кетип жок болууда.
Илгери ити жоголгон айыл ээнсирей түшөр эле. Эми карабашыл адам жоголуп атса да, "ии" дебей калдык.
***
Ыйман кетти дейбиз. Ыйманды ким кетирди? Балдарына батинке алалбай аткан Энеби? Же жерин айдаганга акча табалбай аткан Атабы?
Балким ыйманга чакырып жүргөндөрдүн өздөрү кетирип жүрбөсүн? Шайлоого барарда шайтанга айланып, узун элди таяк, кыска элди жарак кылып, шайланганга чейин жаныңды, шайлангандан кийин каныңды соргондор кетирип жүрбөсүн?..
Мен өлсөм эч нерсе болбос. Менден Эл да, Жер да коробос.
Эл өлсө эмне болот? Элиң өлсө топурак салар элиң барбы? Дунган кошунаңын Кытайына, Корей кошунаңын Корейине, орус кошунаңын Орусуна окшогон? Кыргыз өлсө казак топурак салат дейсиңби? Өзбек топурак салат дейсиңби? Саларына ишенесиңби?
Бөлөк-бөтөндү кой, бүгүн Кыргыз өлсө кыргыз топурак салбай турган заманга жеттик.
Муз кемисе толоор… Туз кемисе толоор… Аш кемисе толоор… Баш кемисе, ким толтурат? Калк кемисе, ким толтурат? Аз кемисе, ким толтурат? Эл кемисе, ким толтурат? Жер кемисе, ким толтурат?
Өсчү калк күндө өзүм дейт,
Өгөөлөп, бутап бир-бирин,
Өччү калк күндө өзүн жейт,- деп жаздым эле жаным ооруганда.


- Бул жашоого келгенде ар бир кишинин өзүнүн миссиясы бар дешет. Бул жакка өзүн өзү тааныш үчүн эле келеби, же ошол чындыкты үйрөтүүгө салымын кошуш керекпи?

Ээндиктен издеп чындыкты, жалгыздык менен ымала түзүп, жашоонун маңызына, маанисине, мазмунуна сүңгүп издөө үчүн жол кезген жазуучу Кубатбек Жусубалиев:

- Адам ошон үчүн жаралат, өзүн өзү билиш үчүн келет. Болбосо, башка максат жок ал адамда, түбүндө. Ушуну унутканы үчүн адамзаты ушул акыбалга келип калды. Бул эшек менен төөнүн акыбалына келип калды. Бул суроону чечиш ар бир кишинин жеке, ыйык милдети.


Мен да ушул жолду издеп жаттым эле...

- Өткөндөрдү унутуунун эң жеңил жолу барбы? Жан дүйнөгө "пластикалык хирургия" жасоо мүмкүнбү?

Акын Жыпар Исабаева:
- Эгерде бул суроо жеке адамдын жан дүйнөсүнө, жашоосуна тиешелүү болсо, анда... жооп издегенге чогуу аракеттенип көрбөйлүбү?
Өткөндүн эң жакшы, керемет учурлары менен эң жаман учурлары гана жүрөккө бекем сүртүлүп, таптакыр өчпөчүдөй сезим калтырат. Чыны менен эле анын азабын тарта баштаган маалда адам - бир өнөкөт оорудан арыла албай жаткандай жан дүйнөсү жабыркап, кыйналууга учурайт. Көкүрөгүн өйүп, жанын кыйнап турган ошол жакшы же жаман нерсени алып ыргытып салууга, башкача айтканда, аны унутууга далбас ура баштайт. Буга ар ким ар кандай аракет кылат, мисалы, бири - ичимдик менен алаксыгысы, бири анын ордун башка бир нерсе менен жаап салгысы (маселен, жоготкон сезимин башкадан тапкысы ж.б) келет. Бири ырдайт, бири ыйлайт, бири бийлейт, бири дин аркылуу да кыйынчылыктан чыгып кеткиси келет. Анткени, өткөн жагымсыз нерсени же эч качан эстен кетпей, бирок, кайра келбей жоголгон сезимдин жарасын айыктырууга - сабырдуулуук, чыдамкайлык керек экенин адам ошол учурда оңойлук менен түшүнө албайт. Ал эми сабырдуулук кылуу - эртең мунун баары өтүп кетет, өткөндөн калган жараны - мезгил айыктырат деген гана түшүнүк. Чыны менен эле өткөндү унутуунун дабасы - сабырдуулук жана убакыт окшойт... Мен да ушул жолду издеп жаттым эле, азыр таап алдым окшойм. Рахмат.





Алла Таалага суроо бергим келсе...

- Эгерде Алла Таала менен жолугушуу мүмкүнчүлүгү түзүлүп, андан бир суроого жооп алууга мүмкүн болсо, кандай суроо берээр элеңиз?

Акын Акылбек Мамадалиев:
- "Эмне үчүн адамдардын баарын телегейи тегиз кылып жаратпадыңыз?" деген соболду узатмакмын. Анткени, ааламда канчалаган адамдар бактысыздыктын сазына батып, сыздап жүрүшөт. Канчалаган адамдар сүйүүдөн, таалайлуу тагдырдан жолу болбой шору катууда. Ушулардын баарын көрүп туруп, жүрөгүм ачыша берет. Балким, бардык адамдар телегейи тегиз жаралып калганда мынчалык көңүл өйүгөн көрүнүштөр өкүм сүрмөк эмес.





Жашоо - бул театр, а биз сахнадагы актёрлорбуз

- Шекспирдин "Жашоо - театр. А биз андагы актёрлорбуз" деп айтканына кошуласызбы?

Акын Зайырбек Ажыматов:
- Туура, мен бул сөзгө кошулам. Бирок, актёрлор да талантына, ал ролго ылайык же ылайык эместиги боюнча бааланат эмеспи. Сахнада кээ бир актёр баскан-турганы, кебете-кешпири менен так ошол роль үчүн жаралгандай ал образды ийне-жибине чейин ачып берет. Албетте, буга актёрлорду тандаган режиссёрдун чон салымы бар. Тилекке каршы, жашоо театрында андай эмес. Сюжеттер дайым эле бактылуулук менен бүтө бербейт. Анан калса көбүнчө өзүбүзгө өзүбүз режиссёр болгонго аракеттенебиз. Андыктан, баарыбыздын эле жараткан образыбыз жакшы чыга бербейт.

Айкен Байсары




 1-сентябрга аз калды

Биринчи класстарга китептер бекер берилет

Алдыдагы жаңы окуу жылына карата даярдыктар кызуу жүрүүдө. Мектеп окуучуларынын билим алуусунун эң башкысы зарыл каражаты - китеп. Ал эми республикадагы орто мектептерди китеп менен камсыз кылууда 6 миллион окуу китеби жетишсиз. Орто мектептер үчүн окуу китептери тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин башкы адиси Кенжекан Усупова төмөндөгүлөргө токтолду.

- Жаңы окуу жылына карата республикада окуу китептери боюнча абал кандай?
- Окуу китептерин чыгаруу, жаздыруу, басып чыгаруу жана мектептерге жеткирүү билим берүү министрлигинин негизги максаттарынын бири. Акыркы алты жылдын ичинде 185 наамдагы окуу китептерин, 9 наамдагы окуу-методикалык колдонмолорду чыгарып, мектептерге жеткиргенбиз. Бүгүнкү күнгө карата 6 млн 71 миң 382 нускадагы окуу китеби жетишсиз. Жалпы республика боюнча 12,5 миллион окуу китеби, башкача айтканда, 52% керектелет. Буга чейинки окуу китептерин эске алганда, бүгүнкү күндө 62 пайыз китеп менен камсыз болуп турат.

- Мектеп босогосун жаңыдан аттаган 1-класстары үчүн окуу китептери жетиштүүбү?
- Быйылкы жылы 1-класстын окуу китептерин усулдук колдонмо менен чыгарууну Азиялык өнүктүрүү банкы каржылады. Андыктан, өткөн жылдардан өзгөчөлөнүп, 1-класстар үчүн окуу китептери, усулдук колдонмо, окуучулар үчүн дептери, сүрөт тарта турган альбомдоруна чейин бекер берилет. 22-августка карата бардык мектептерге жеткирип беребиз. Эгерде Ош областында он беш миң окуучу боло турган болсо, ар бир баланын башына эсептелип, таратылат. Негизинен бардык окуу китептерине сынак бир жарым жыл мурда жарыяланган. Сынактарга көп басылмалар катышкан. Окуу китептерин жазуу үчүн басма мекемелеринин ортосунда таймаш өттү. Басылмалар менен автор бирге иштеп, тендерге катышты.

- Кыргызстандын тарыхы боюнча окуу китептерин ким карап, талдап чыгат?
- Кыргызстандын тарыхы китеби акыркы он жылдын ичинде жазылып келет. Бирок, окуу китептеринин мүчүлүштүктөрү бар. Бүгүнкү күндө Кыргыз Билим берүү Академиясы, ошондой эле министрликтер менен биргеликте чоң жумушчу топ түзүп, Кыргызстандын тарыхын жана дүйнөлүк тарыхтардын баарысын кайра карап чыгуунун үстүндө иш алып баруудабыз.

- Окуу китептерине байланыштуу эң кейиштүү маселе кайсы?
- Эң чоң маселе - деги эле окуу китептерин бекер таратып берүү десек болот. "Бекердин тузу татыбайт" деп кыргызда тегин айтпайт. Биз мектептерге окуу китептерин канчалык бекер таратып берген сайын, анын колдонулушу абдан начар болуп жатат. Ата-энелер балдары китепти кантип сактап аткандыгына көзөмөл кылбайт, а окуучуларда "кийинки окуй турган балдарга сактап калуу керек" деген түшүнүк жок, бат эле тытып коюп атабыз. Ошондуктан, окуу китептерге ата-энелер көмөкчү фонд аркылуу акча бергенге макул болуп жатышат. Ушул акчага китеп чыгарып берсек, "акча төлөдүм эле" деп, маани берип калабы деген кеп.

Маектешкен
Г.Турдалиева







кыргыз тилиндеги гезит "Майдан.kg"









??.??