Кыргыз гезиттери


п»ї
Бийликте
ыйман кризиси...

Азыркы күндө Кыргызстанды ыймансыз жана уятсыз бийлик башкарып жатат. Бир жарым жыл аралыгында эл башкарып жаткандардын жүзү, жан-дүйнөсү, ниети, койчу, болгон дарамети толугу менен көрүндү. Эми жалпы жумурай журт аларга кантип ишенет да, эртеңки күнүн кантип түзүп алат, кеп ушунда.

Мына, 2010-жылы 7-апрелде мурда борттун сыртында калгандар, өз пейилинен, тилинен тапкандар кандуу төңкөрүш жасап, бийликти колго алышты. Кайран жаштарыбыз ошондо кимдер, кимдердин бийлиги үчүн аянтка келгенин билбей калышкан экен. Эми алардын кандай жол менен аянтка келгенин, мурдатан кимдер кантип уюштурганын, аларга эмнелерди берип аянтка айдап чыгышканын билгендер эртеси эле дуулдап айтып чыгышкан. Ал жагы белгилүү.
Бирок, чыркырап чыга турган чындык али алдыда. Канткен менен, ким бирөөлөрдүн чырактай балдары окко учту, ким бирөөлөр зарлап жетим калышты. Анан анын баарын К. Бакиевдин мойнуна жазып, мурда өлгөн койду эсептен чыгаргандай өздөрүнүн мерт кеткен жаштар алдындагы күнөөсүн эсептен чыгарып салышты. Айтса-айтпаса, өлгөн балдардын көбүнө ок артынан тийгендигин, дагы 10-15и башка жактан алынып келип, аянтка ташталгандыгы тууралуу да эл ичиндеги кеп катуу жүрүп келет. Бул барып турган улуу кыянатчылык, күнөөкөрлөр жазасын алыш керек.
Болуптур, бийлик алмашты дейли, анан эмне болду? Колдорунда бир барак кагазы жок, эч кандай план же программасы жок, ардактуу аксакалыбыз Дастан Сарыгулов айткандай, бригадирликке жарабаган, бийлик жана байлык десе башкасы менен иши жок Мекенди, улутту жана башка ыйыктыктарды сатып жиберүүгө даяр үйүрлүү бөрү сыяктуу 14 азамат өкмөт түзө койду. В.И.Ленинден калган "Декрет" деген балекет менен акылы жетип-жетпей өлкөнүн тагдырын чече башташты. Булар а дегенде мамлекетти башкарууну эшек араба айдагандай оңой ойлогон сыяктуу. Акылы, турмуштук тажрыйбасы ченелүү немелер, тез эле алапайын таппай калышты.
"Өткөн бийликти канчалык шыбасак, эл ошончолук биздин туунун алдында чогулат" деп ойлошуп, чү дегенде К. Бакиевди каралап, КТРден 24 саат бою шакылдап, элге жаман көрсөтүүгө аракет кылып жатышты. Элге булар байыркы гректин жомогундагы Прометейи, же Максим Горькийдин Данкосу болуп көрүнгүлөрү келишти. Бирок, андан элге пайда болдубу?
Жагдай булар ойлогондой боло бербеди, эл алардын артынан ээрчибей койду. Себеби, булар Кудайдын кыргызга берген акыркы тартуусу сыяктанып асмандан түшүп калышкан жок. Булардын ким экенин мурдатан эле эл жакшы билчү. Ар бийликтин тушунда борттун сырт жагында калып, ыймансыз, калп, анткор аракеттер менен алек болгонго маш кишилер арасында көп болду. Парламенттик мамлекет түзөм деп, өзүнүн айылына жакшылык кыла албаган, парламентаризмди порноментализмге айландырган Өмүрбек Текебаев үңкүйүп олтуруп жазган жаңы Конституциясын да көрдүк. Анын мазмуну менен берки 13 табакташынын иши деле болгон жок.
"Утурумдук өкмөттү тааныбайбыз, К. Бакиевди жана анын бийлигин коргоп калабыз",- деп, түштүк түп көтөрүлө берерде алардын шаштылары кетти. Алыскы жана жакынкы кошуна өлкөлөр булардын бийлигин таанымак тургай кайра жийиркенип, жүз үйрүп турушту. Буларда легитимдүүлүктүн аты эмес, жыты да жок болчу. Анан аргасы кеткенде сепаратист жана бузуку Кадыржан Батыров буларга периштедей көрүнүп, анын бутуна жыгылышты. Кыргыз-өзбек трагедиясы кантип башталганын түштүктүн тестиер эселектери да азыр жакшы билишет. Эзелтен келаткан максатын ишке ашыруунун аргасын таппай келаткан, "муну биз жыйырма жыл бою күткөнбүз" - деп, кубангандан 8-апрель күнү эле көп сандаган автоматчиктери менен көчөгө кыргыз баласын, мамлекетин тааныбай чыга калган Кадыржан Батыров Убактылуу өкмөттүн ишенген кол баласы экенин бүгүн баары билет.
Өпкөсү койнуна батпаган, арамдан тапкан байлыгына чиренген, саясий жактан кара көөдөй сокур К. Батыров өз шарттарын коюп, анан Тейит айылындагы бакиевдердин үч үйүн короосу менен, кыргыздын ыйык боз үйүн, анын үстүндө желбиреп турган Кыргызстандын ыйык желегин 2010-жылдын 14-майында "Ата-мекен" партиясынын балдары менен кошо барып өрттөдү. Бул кыргыз-өзбек трагедиясынын анык башталышы эле.
Ошентип, эки элди кагыштырып, алаксытып туруп, эл кан жутуп, кайгыга батып турганда арыдан-бери референдумду кабыл алып, укуктук майданга кирип, өз бийликтерин бекемдеп алганга жулунушту. Убактылуу өкмөт үчүн өлүп кеткен жарандар, дайынсыз жок болуп кеткен атуулдар, денеси майдаланып кескиленген майда наристелер, кайгыдан көз жумган энелер, карыялардын көз жашы, жаш баладай ыйлаган муңу түккө турбады. Себеби, алардын ойлонууга убактысы жок эле, тезирээк бийликти бекемдеп, адалдап алуу зарыл эле. Ошону үчүн алар шашылышты.
Апрель күндөрү мурда алты аксылык жигиттин канына, жанына забын болгон "эл баатыры" Азимбек Бекназаров теледен чыгып алып, "кармадык, камадык, атабыз, асабыз", - деп, КТР жалаң кара кийген аялдын кошогун берип туруп алды. "Баатырларды" Ата-Бейитке бардык каада-салты, сый-урматы менен беришти, ага кине жок. Бирок, алардын арасында тирүү жүргөндөр чыгып калып жатпайбы? Анда алар кимди көмүшкөн? Спектаклди да жакшылап иреттеп алып, анан жасаш керек го!?
Июнда түштүктү өрт каптады, а Бишкекте папка талаш. Конституция шашылыш жазылып жатты. Кан күн санап, саат санап көбүрөөк төгүлө баштады. Убактылуу өкмөт момолой чычкан баштанып ары-бери чуркап, бурч издей калды. Каптаган селге төшүн тоскон эл өзү эле калды. Апаатты эл өзү токтотту. Убактылуу өкмөттүн төш каккан кыйын чыкмалары түштөн кийин баатыр болуп чыга келишүүдө. Ошол окуялардын баарын түштүк тургундары эң жакшы билишет, аларга комиссиянын да, эксперттин да кереги жок.
"Элдик бийлик коркунучта", - деп А. Бекназаров теледен элден жалбарып жардам сурап чыкты. Кайдагы элдик бийлик? Кайсы эл аны кай жерде кийизге ороп шайлаган? "Бөрүлөрдүн бийлиги" десе туура болчудай. Ал убакытта аталадан шакек тапкандай сүйүнүп, аларың банктагы ячейкага кол салышып, миллиондогон долларларды олжолоп кетишти. Анан анча-мынчаларына шыралга деп ыргытып да коюшту. Эч болбосо ячейка боюнча эл аралык норманы, тартипти билбегендигине таң каласың. Ячейкадагы акча жан алгычтыкы болсо да, ага эч кимдин тийгенге акысы жок экенин билишпейби? Анын кайтарымы болот. Ошого даяр бекен эми, кол салгандар! Азыр эми Алмазбек Атамбаевдин трайбалисттик чакырыгына жападан-жалгыз жооп берип, жанына барган Темир Сариев ушул күнгө чейин 4 кагазын авансттык отчет катары көрүнгөнгө көрсөтүп жүрөт. Министр болбосоң коё кал!
Ошол убакта эле К.Батыровду жана анын жан-жөкөрлөрүн кармоону жалалабаддыктар талап кылып жатышты. Ошол эле күндөрү жашы сексенден ашып калган Үсөн Сыдыковду Ош-Бишкек жолунан кармашып, абака отургузушту. Өлүм менен өмүрдүн ортосунда турган Муса Конгантиевди Москвада "Домодедова" аэропортунан атайын кызматтын кишилери кармап келип камашты. Ал эми Кадыржан Батыров жан-жөкөрлөрү менен Кыргызстандан дал ошол Убактылуу өкмөттүн бир жетекчисинин, шериктешинин жардамы менен чек арадан опоңой өтүп, жылас болду. Баса, ага чейин К. Батыровго атайын паспорт да жасатып беришкен. Ошол эле күндөрү оозунан эне сүтү кете элек Санжар Бакиевди кармашты. Аны тээ тоодогу чатырынан ок-дарысы менен кармадык деп, кайдагы бир Афганистандагы чатырды көрсөтүп турушту. Убактылуу өкмөт үчүн фамилиясы Бакиев болсо эле болду, кармашты жана камашты. Бирок, К. Батыровду негедир кармай да, камай алышпады. Эмнеге?
Анан элди алдамай улам күчтөнө улантылды. Бүтө элек Камбар-Ата-2 ГЭСине кнопка басылды. Булар элди бир короо кой деп ойлошту. Мына ушул күндө Камбар-Ата-2 ГЭСи коркунучта турат. Курулуш ошондо эле токтогон. Бөлүнгөн акча жок болгон. Азыр ошондогу Убактылуу өкмөт мүчөлөрү биринин оозун бири аңдып калышты. Себеби, коркушат. Жабылуу казан жабылуу бойдон калсын дешет. Бирок, бир күнү ал казан да жарылат.
Экономика жаатында жаңы бийлик эч иш аткарган жок, аткара да албайт. К.Бакиевден калган программалар ишке ашып жатат, алар ошону бетке кармап, иштеген киши болуп көрүнүшүүдө. Болгону мугалим, дарыгерлердин айлык маянасын жогорулаткан болушту, бирок базарга барсаң мурдагы жерде жүргөн баалар асманда учуп жүрөт. Мугалим менен медик баягы эле таз кейпинде калууда. Анан калса, мындай популисттик жүзү жоктукту бюджет көтөрө алабы? Бюджеттин таңкыстыгы улам барган сайын өр тартып барат, мындай шойком тарыхта болгон эмес, мындан кала берсе чет өлкөлүктөр да корко башташты. Эгер ушинтип кете берсек өлкө кеп жок банкрот болот. Бул үчүн Отунбаева менен Атамбаевге, Текебаевге ырахмат айтабызбы? Эми өкмөт башчы айлыктар дагы да жогорулайт деп жатат. Акча чыгарган станогубуз болбосо, муну кантип ишке ашырмак элек? Ал кыргыз журтун Чымкоргондогу пациенттер деп ойлоп жаткан сыяктуу. Акылы бар киши да ушинтип сүйлөйбү?
Мындан ары эмне кылыш керек? Бийликтин башы маң, ойлогону бийликти дагы да бекемдөө, президенттик шайлоону өз пайдасына ыйгаруу. Президент Роза Отунбаева болсо акыркы күндөрү бала бакчадагы балдарга, карылар үйүнө, студенттерге гана жолугуп, арманын айтып калды. Анан "Парламентти жоюп салам" - деп чамынды эле, көрсө, жаңы Конституция боюнча ыйгарым укугунда аны жоюп салууга укугу жок экен. Улуу урматтуу Роза Отунбаева Конституциядан өзүнүн ыйгарым укуктарын окуп-билип алганга жарабаптыр, катыгүн. Эмне десе болот?
"Кан коё бербейт, кан кечирбейт!" - деген улуу сөз бекер жеринен чыкпаса керек. Кылыч менен келген бийлик, кылыч аркылуу кетип жүргөн тарыхта. "Бакиев кандай келсе, ошондой кетти" - деп айтып жүргөндөр, эми өздөрү кантип кетерин ойлосо, элди дагы бир трагедияга кептебей, саясий амбицияларын элдик кызыкчылыктан, мамлекеттен өйдө койбой, бир аз ылдый түшүп, сабыр кылышса деген эле кеп.
Биз Бакиевди колдоп, азыркыларды жамандоону ниет кылган жокпуз. Айтаарыбыз эле: кек менен саясат жүргүзүүгө болбойт. Адилетсиздик менен бийлик жүргүзүүгө андан бетер болбойт. Ал эми, адилетсиздик жасоого дегеле мүмкүн эмес. Бирок, ушулардын баарын азыркы бийликтер көрүнөө жасап жатышканы, элден, эл аралык коомчулуктан жазганбай жатышканы, каратып туруп калп айтып турушканы булардын дегеле адамдык касиеттен кыйла алыстап калганынан кабар берет. Буларга ишенген элдин акыбалы эмне болот?

Нуру тегин Ажы,
Бишкек шаары





  Кулак кагыш

"Ачык саясатчыларга" кеңеш

Элди түндүк-түштүккө бөлбөө туурасында аркы - берки кишилердин оюн сурамыш болгон "Ачык саясат" гезитинин журналисти "былыкты" өзү байкабастан басып алыптыр. Түндүк-түштүккө бөлүнүү ишине саясатчылар эле эмес, калыс, так кесип ээси журналист боло туруп өзү дагы салым кошуп жатканын көрсөтүп алды.

Гезиттин 2011-жылдын 19-августунда чыккан санында "Күтөйлү эмес күтөлү, берейли эмес берели..." деген тема менен кичинекей макала жарыяланып, анда мындай деп жазылыптыр:
"Парламентте депутаттар сотторду тандоо кеңешинин маселесин карап жатып ар бири бирден сөз алды. Акылбек Жапаров чыгып сүйлөп тилине тибиртке чыккансып кыргыз тилин так сүйлөбөй бурмалап жатып алса болобу. Улам эле күтөйлү, берейли деп кыжырды кайнатты. Түштүк тараптын кулуну болсо да мейли дейт элек. Алар өзбек аралашып калышкандыктан түшүнүүгө болот. Нарындын накта кулуну кыргызча жөндөп сүйлөй албагандан кийин спикер Акматтын алайлы-берейлисине сын тагуунун кереги жок болуп калды".
Акылбек Жапаровду туура эмес сүйлөдүгө такап сындаган кесиптешибиздин кемчилдиктерин көрүп, биз да унчукпай коё албады. "Чү" дегенде эле кесиптештин үтүр белгисин уруп ойнобогондугу байкалды. Анан дагы, "кыргыз тилин так сүйлөйт" деп айтылбайт, туурасы "кыргыз тилинде так сүйлөбөйт" деп жазылат. А негизгиси, саясатчылар, депутаттар жана аткаминерлер түштүк же түндүк диалектиде сүйлөшөбү, же болбосо, түрмөнүн "жаргондорун" пайдаланышабы, мындай учурларда аларды кыргыз тилинде туура сүйлөөгө чакырып сын айтуу албетте, туура. Бирок, журналисттин: "Түштүк тараптын кулуну болсо да мейли дейт элек" дегени өтө эле одоно пикир. Тил үчүн күйгөн журналист катары туура эмес сүйлөгөндөрдү оңдогусу келсе "таза кыргыз Жапаров, өзбек аралаш Келдибеков" деп бөлбөй, эне тилинде ката сүйлөгөн чиновниктердин баарын бирдей сынга алуусу азбел эле.
Мындан сырткары, "Алар өзбек аралашып калышкандыктан" деген сүйлөм макалада орун алган. Бул жерде журналисттин "түштүктүн кыргыздары өзбектер менен аралашып жашашат" деген ойду айткысы келгендиги түшүнүктүү, бирок, "өзбек аралашкандыктан" деген сөздүн түпкүрүндө, "кыргыз менен өзбектин каны аралашкан" дегендей ойдун кетип жатканын аңдаган эмес. "Сынчынын сыңар өтүгү майрык" деген ушул да. "Биз чындык үчүн" делген ураанга убал эле деген ой аргасыз келип кетет экен.

Эр Таабалды






кыргыз тилиндеги гезит "Майдан.kg"









??.??