Кыргыз гезиттери

КИТЕПКАНА



п»ї

Л€У…Р’Жђ

  Сая-сат

ЖАЛАЛ-АБАД ОБЛАСТТЫК БИЙЛИГИНЕН "ЧЫККЫНЧЫ" ТАБЫЛДЫ
же бийликте тургандар өз адамдарын кантип "таштап" кетет?

Жанында дайыма "бомбасы" менен жүргөн, аны жардырып ием деп ар кимди коркуткан, бир жолу парламентте ошентип коркутам деп элге күлкү болгон, айтылуу Кадыржан Батыровдун жакын пикирлеши, Жалал-Абад областынын мурдагы губернатору Бектур Асанов кызматтан кетээрде өзүнүн ушул кезге чейин ээлеп турган кызматы үчүн апрель, май айындагы капсалаң окуяларда ден-соолугун, а балким өмүрүн тобокелге салып безилдеп чуркаган бир кишини жазалап калганга үлгүрдү. Деген менен, кызматта турган киши ара-чолодо ким-бирөөнү жазалайт дечи. Бирок, бул сапар анын аракети адеп-ахлакка жана башка критерийлерге канчалык дал келери күмөн бойдон калды.

Кеп мындай. Жалал-Абаддагы "Апрель элим Кыргызстан" коомдук бирикмесинин Жалал-Абаддагы төрагасы, эски бийликтин энесин көргөзө четке сүрүп таштап, жаңы аткаминерлердин кызматтык орундарды ээлөөсү үчүн жаналекет түшүп чуркаган Нурбай Орозов май айынын этегинде кыргыз өкмөтүнүн башчысы Алмазбек Атамбаевге кат жолдогон. Бул коомдук бирикмени өткөн жылдын апрель айында жаракат алган жарандар уюштурган, катталган жери Бишкек.
Катта Н. Орозов өткөн жылдын 14-майында областтык бийлик имаратынын жанында болгон кагылышууда 67 киши жаракат алганын, анын ичинен 35и ок атуучу куралдан жаракат алышканын, алардын ичинен бирөөсү беш айдан кийин каза болгонун жазат. (Айта кетели, бул күнү жаңы бийликти колдоочулар областтык бийликтин имаратын эски бийликтин тарапкерлеринен бошотушкан. Ошол күнү Кадыржан Батыров, анын башка партиядагы өнөктөрү Теит айылына барып, кыргыздын боз үйүн жана Кыргызстандын мамлекеттик желегин өрттөшкөн).
Кат жолдоо менен бул жаракат алгандар, жабыр тарткандар: областтагы өздөрүнө окшогондор менен иш алып баруу максатында областтык бийликтин имаратынан иш кабинетин, Жалал-Абаддагы июнь окуяларынан жабыр тарткандар үчүн курулуп жаткан көп кабаттуу үйлөрдү мэрия бөлүштүрүп жатканын, аны бөлүштүрүүчү комиссияга аталган коомдук бирикменин да кишилерин киргизүүнү, 14-май окуясынан жабыр тарткандардын да үй маселесин караштыруусун өкмөттөн суранышкан. Дагы да майда-чүйдө өтунүчтөр көп болгон. Катта обладминистрациянын бөлүм башчысы А.Сансызбаеваны да шыбап өтүшкөн.
Анан кат өкмөткө жетет, ал жактан келип текшеришет, натыйжада баарын жакшы, ляппай деп кетишет. Кыскасы, "жашасын областтык администрация" болот. Бира-ак, андан соң бөлүм башчы Асел Сансызбаева губернатордун куттуу наамына кызматтык кат жазып, өзүнүн орун басары Абдылда Камбаровду каралайт. Анын жазганына ишенсек, Н.Орозовдун катындагы А.Сансызбаевага тиешелүү жери турушу менен калп экен. Текшерүү да муну далилдеген эмес, бүттү. Чамасы, бийлик жабыр тарткандар менен дембе-дем жолугуп, аларга камкордук көрүп атып, аларды чарчатышкан го.
Эң башкысы ал эмес экен. Башкысы - ошол А.Камбаровдун кызматтык компьютеринен Н.Орозовдун катынын электрондук версиясынын чыгып калышында. Чынында эле каттын электрондук версиясы А.Камбаровдун компьютеринде болгон, аны А.Камбаров да мойнуна алат. Ошентип, кызматтык катта мамлекеттик кызматчынын этикасын бузду, областтык мамлекеттик бийлик башчысына жана өзү иштеген бөлүмүнө куру доомат арткан катты жогорку органдарга кетирүүгө жол берген, буга тез арада чара көрүңүз дейт. Суранганбы же көрсөтмө бергенби (азыркылар беймарал көрсөтмө бере алышат), айтор ошенткен.
Демейде элдин өтүнүчтөрү, бачым аракетти талап кылган кайрылуулары айлап жата берген бийлик органдарынын биринде кызматтык каттан кийин областтын губернатору карап отурабы, катуу сөгүш жарыялайт (согуш жарыялабаганы жакшы болуптур). А буга катуу сөгүлгөн А.Камбаров нааразы. Ал мындай жазаны адилетсиз, куру доомат менен жасалды деп эсептейт. Бирок, анын аргументтери, юристтерчесинен айтканда, доводдору шоона эшпейт, себеби ал "крайний".
А.Камбаров Н.Орозов келгенин, кат жазып жогору жактарга кайрылуу ниети барлыгын, компьютерге флешкасын салып, катты компьютерден окутканын, анан кеткендигин айтат. Ал эми компьютерде каттын электрондук версиясынын көчүрмөсү калып калган. Болгону ошол.
А.Камбаров коомдук бирикменин иш-аракеттери үчүн мен жооптуу эмесмин, алар үчүн мен жооп бере албаймын дегени бир чети туура. Маселен, менин компьютеримде кыргыздарды каралаган материалдар болушу мүмкүн. Бирок, ошону үчүн эле мени улуттун чыккынчысы деп жазага тарта коюу, бери болгондо көкмээлик эмеспи. Ал эми А. Камбаровду жазалашты, себеби ал каттын текстин өз убагында өчүрүп таштаган эмес, балакет басып аны аңдыгандар таап алышты, демек ал "чыккынчы".
А.Сансызбаеванын кызматтык катынан чиновниктердин чыныгы маңызы көрүнүп турат. Демек, чогуу иштегендердин үстүнөн материалдарды эч жакка жибертпеш керек, башкалар эмне болсо да жамааттык абийирди коргоп турушубуз керек. А эгерде областтык бийликтен арзырлык жооп болбосо, анда башкалар эмне кылышы керек? А.Сансызбаевадан уруксат сурап туруп, анан аракет жасашы керекпи? Эл эмне болсо болсун, биз тынч бололу деген чиновниктик психология.
Областтык мамлекеттик администрацияда чындап жазага татый турган, чындап мыйзамдын лупасынан карап, жыйынтык чыгара турган иштер жок эмес. Ошол эле экс-губернатор Б.Асанов өзү кызматынан көтөрүлүп кеткен жок, айдалды.
Ушундай мыйзам бузган, шаар элинин ырыскысын кыйган адам башка бирөөнүн жакшылап такталбаган аракети үчүн ага жаза берүүгө моралдык укугу барбы? Баса, биз моралды кимден сураган жатабыз? Экс-губернатордонбу? Тапкан экенбиз!
Деген менен, ар бир администрациянын аппаратында темирдей тартип, тыкан жана натыйжалуу иш, бекем ынтымак болушу керек. Бирок, аны үчүн аппарат башкаргандар ошого тете кишилер болгону дурус. Эгерде аппарат башына илгери Бекмамат Осмонов айткандай, жалаң гана кыз-келиндер менен кыткылыкташа кеңешип маселе чечкен кыстекелер, кадрлык интригаларды уюштургандар, маселе чече албай кечке эзиле бергендер, жетекчинин аласына чейин кирип, кошоматчылык менен жан баккандар келсе, анда жаматтын ынтымагы бузулат. Областтык администрациянын аппаратында да "кыстеке" барлыгын, анын бир кызыктай жоруктарын дамамат жомок кыла айтып жүрүшөт. Ал тууралуу, албетте, сөз кылабыз, себеби эл билип коё турган кызыктуу нерселер бар. Иликтөө иштери жүрүп жатат.
Ал эми, А.Камбаров ким? Ал 16 жыл бою мамлекеттик кызматтарда жаза же башка терс баа албай иштеп келаткан чиновниктерден. Башкаларчылап өз алдынча жетекчи ишке чегерилип, ал жакта иштей албай кайра аппаратка кайтып келгендерден эмес. Өзүнө балчайта катуу сөгүш бергенден кийин ал губернаторго кайрылуу жасап, өзүнүн актыгын, тактыгын, эч кандан мыйзам бузбаганын, он алты жылдык иш жолунда мындай нерсеге жол койбогонун, областтык бийликке келип иштегение он ай болгон бөлүм башчынын бир кызматтык каты менен эле 16 жыл ак кызмат кылган адамга мындай жаза берүү туура эместигин жазган. Анан да мындай нерсени комиссия түзүү менен аныктап-тактап алуу керектигин, далилсиз эле жаза берилип кеткенин эскертет. Көрсө, экс-губернатордун акылы ага жетпеген экен.
Дал ошол А. Камбаров 14-май окуяларында айласы алты кетип калган экс-губернатордун кызматы, мансабы, аброю үчүн өзүн аябай көчөгө чыккан. Ок атуулар менен катуу кагылыш болду, кишилер набыт кетти, жаракат алгандар мол болду. Алардын арасында ал да жүрдү. Баса, апрель окуяларына да активдүү катышкан. Ошону үчүн ал "Апрель элдик революциясынын баатыры" төш белгисин алган. Көптөгөн Ардак Грамоталар, башка да сыйлыктарга ээ болгон.
"Кардыма эмес, кадырыма ыйлаймын" деген кеп бар. Камбаровдор жаңы бийликтерге жанын аябай кызмат кылып беришти, бийлик алып беришти, бийликтер болсо, аларды "Кайдан көрдүм кара эшек, жолдон көрдүм жору эшек" деп тааныбай калышты. Тескерисинче, апрелде, майда, июнда кайда жүргөнү белгисиз, бирок кайсы бир жагынан тааныш, тууган же пайдалуу байланышы барлар төргө чыгышты. Бийликке арыкчырай келишкен болсо, этине батпай семиришти, көздөрүн май басты, башкаларды, башка чындыктарды көрбөй калышты. Эми алардын көзүн ачыш керек.
Мына ушул жерден камбаровдордун жана асановдордун жүзү, маңызы, ниети жана элден жашырынып турган ичи көрүнүп турат. Мына ушул жерден Камбаров чыккынчыбы же Асанов чыккынчыбы, даана байкалып турат. Ошону үчүн да Убактылуу өкмөткө келгендер, анын жер-жерлердеги куйруктары элдин кадырын, жердин кадырын биле тургандар эмес экен. Алар муңдуунун көз жашын сүртө алышпайт экен. Алар жеке кызыкчылыктан өйдө көтөрүлө албаган бир байкуштар турбайбы.
Өткөн жылдын апрель күндөрү областтык мамлекеттик администрацияда триумфатор катары Кадыржан Батыров жүрүп калган. Анын айткан кишилерин Асанов жана башкалар кыңк этпей аткарышкан. Кадр маселесин Батыров чечип калган. Муну жалалабадыктар жакшы билишет жана унутушпайт. Бийлик, мансап үчүн сепаратистке, бузукуга баш ийип, анын бутуна жыгылгандарга ишенген, күнү түшкөн элдин да шору бар экен.
Эми жаңы бийликтер бири-бирин жеп, Асанов кызматтан кетти. Анын артынан чылапчын, горшок кармап жүргөн "кыстекелер" калды. Эгер алар кызматтан кетпесе, жаңы губернатордун да кадамы куттуу болбойт. Мунун канчалык чындык экенин аз эле убакыт далилдеп коёт.
Ал эми Камбаров жана ага окшогондор өлүп калбайт, жазаны алып, бирок ишин уланта беришет. Эртең башкача чындык келет, аны ыза кылгандардын өздөрү ыза болушат. Турмуш мыйзамы ушундай, бүгүн - сен, эртең - мен дейт. Анда күтө туралы.

Жалил САПАРОВ,
Жалал-Абад шаары.








кыргыз тилиндеги гезит "Майдан.kg"




а ­е¦Є.НҐй«