Кыргыз гезиттери


п»ї
  Ооз көптүрмө

Отунбаева үчүн үмүттүн шооласы
Кудай өлкөбүзгө тынчтык берип, президенттикке талапкерлерге ынсап ыйгарса, жаңы мамлекет башчыга ээ болобуз. Мындай тилекти ар бир жаран айтып жатат. Алардын арасында Роза эжекебиз да бар, бирок анын үзүлбөгөн үмүтү эле, шайлоодо иниси Алмаз мырзанын утуп чыгышы болуп турат.

Себеп дегенде, Отунбаева ордун бошоткондон кийин өлкөнү башкаруу саясатына иниси гана аркылуу катыша алат. Башка чоң кызматтарга отуруу үчүн да Атамбаев керек. Ошон үчүн бу талапкердин утуп чыгышына Отунбаева айымдын болгон күчүн жумшаары турган иш. А тиги, жогорку мамлекеттик кызматка талапкер катары чыккандарга административдик ресурстарды колдондурбайм деп, эжекебиз жөн эле сүйлөп жатат. Мындай келжирек кепкерди мурдагылардан да укканбыз. Пайдаланбайбыз дегендер кайра тескерисинен жасашкан. Бийлигин каршылаштары алып кетип жатса, Роза айым менен Алмазбек мырза кантип эле сабырдуу болуп, отуруп калышсын, жанталашышат, көрөсүңөр го.
Экинчиден, Атамбаев башбакандык кызматын бир айга тапшырганы менен, үгүт учурунда ал кайсы айылга барбасын, баары бир анын талапкерлигинен да Өкмөт башчылыгына сыйынышып, жергиликтүү чоңдор тизе бүгүп келишет. Ушунун өзү эле, Атамбаев үчүн иштегендик болот. Анан дагы Атамбаевдин ордун убактылууча баса турган адам, "шефиникин" жалабаганда, кимдикин жалайт дейсиңер. "Так что", "админресурс" туурасында булардын былжырагандарына ишенбей эле койгула.





  Тил дүйнө

Бут тосуучулук зарылдыкка айланды
Кыргыз тилин саясый куралга айланткан Акаев болду. 2000-жылы президенттик шайлоодо Аскар мырза негизги атаандашы болгон орус тилдүү Куловду жарыштан чаап түшүрүү максатында талапкерлердин мамлекеттик тилди билүүсү керек деген мыйзам кабыл алып, тилегине жеткен.

2005-жылы да Бакиев менен Кулов президенттик кызматка атаандаш болушуп, бир чети тандем түзүлө калган, экинчиден Кулов баары бир мамлекеттик тил боюнча экзаменден өтө алмак эмес. Феликс мырзанын тил билбеген кемчилдигин Бакиев да пайдаланып, талапкерлердин кыргыз тили боюнча билимин текшерген экзамен туурасындагы мыйзамды сактоого аракеттенген. Ошентип, Акаев менен Бакиев мамлекеттик тилди атаандаштарды жыга чабуучу курал катары пайдаланышты. А бирок, ошондогу бут тосуучулук азыр кадимки зарылдыкка айланып калгандай туюлуп калды.
Зарылдык дегенибиздин себеби, өзүңөр деле билип жүрөсүңөр, жогорку окуу жай мындай турсун, орто мектепти толук аяктабай туруп депутат болуп калгандар парламентте отурушат. Мектеп деңгээли менен облус башкарган аткаминерлерди билебиз. Азыр президенттик кызматка татыктуумун деп жарышка түшкөндөрдүн арасында балким, акча менен багын ачкандар баратат. Ошондуктан, саясатчыга айланган сабатсыздарды кулатуу экзаменин зарылдык катары түшүнүүгө болот. Керек болсо, Жогорку Кеңештин депутаттарынан тарта жогорку окуу жайларына келген абитуриенттерге чейин кыргыз тили боюнча милдеттүү экзаменден өткөрүүнү коркпой эле мыйзамдаштырууга муктаж болуп калдык. Ошондо, ата-мекенибизде туруп эне тилибизди өнүктүрүү керек деген уят сөздөрдү айтпай калат элек, ээ туугандар.





  Таңгөрү!

Атамбаев баткенчи болуп кеттиби?
Айылдарды аралап жүргөн жөө саясатты тыңшасак, азыркы башбакан "Алмазбек мырзанын теги-түбү баткендик экен" деген сөздү таратышыптыр. Бул кептин автору - Атамбаев өзү. Өткөн жылдагы парламенттик шайлоодо Алмазбек мырза Баткен облусунун аймагынан чыккыча, так айтканда Лейлектен тарта Кызыл-Кыя шаарына чейин өзүнүн ата-бабаларынын баткендик экендигин айтып, шайлоочуларга жагынган жайы бар.

Элдин добушун алып калуу үчүн чүйлүгүн танып, баткендикке айланган Атамбаев өз жардамчысынын да баткендик экендигин айтып жүрдү. Аны уккан баткендиктер шатыра-шатман кол чаап узатышкан. Анда бир болсо, азыр "Атамбаев баткендик" деген сөздөрдүн экинчи толкуну жүрүп жатат. Оштун бир эле айылынын жашоочулары жердигине тартып "Биз Ташиевди колдойбуз" дешсе, дагы бир тобу "Атамбаев деле, түбү баткендик экен, биз ошону колдойбуз" деп бөлүнүп алышыптыр. Президент талашып, эки кошуна урушкан учурлар болуп жатыптыр. Кудай сактасын, араздашпагыла, бөлүнбөгүлө, бөлүнгөндү бөрү жейт дейт элек. Ошондой бөлүнүүлөрдү саясатчылар өздөрү козутуп жүрүшөт да. А Алмазбек мырза Чүйгө келип, же Нарынга барып "баткендикмин" деп айта алабы? Жок! Бет керек.




  Жаман сөз жан кейитет

Милиция жакшы сөзгө жарыбады
Өлкөнүн башчы айымы Ошко барып, ансыз да июнь окуяларынан кийин милициянын төмөндөгөн кадырын такыр түшүрүп кайтты. Абактардагы жана убактылуу кармоочу жайлардагы кыйноолор туурасында сөз кылып, "милициялар ушундай да" таризинде сын айтты.

Президенттин мындай сөзүн уккан адвокаттарга (адам өлтүрүү боюнча кармалган өзбектердин жактоочулары) кадимкидей жан кирип, жабырлануучуларды жамандап алышты. А милициянын башы шылкыйды. Эми, беш кол тең эмес. Кээде кыйноо фактылары болсо, болуп калгандыр. А бирок, милицияларыбыз деп, жалпы айтуунун кажети бар беле, башчы айым үчүн. Катуу мамиле кылынбаса, кылмышкерлер эч нерсе айтпайт. Билбесе, Дүйшөбаевден сурап албайбы.





  Бүтпөгөн талаш

"Мегаком" чуусу кайрадан башталды...

Экс ханзааданын тушунда (минтип айтпаганда, кантип айтабыз, атасынан баласы ашып түшүп атса) саналуу адамдардын гана чөнтөгүн кампайтып келген "Мегаком" компаниясы, апрель революциясынан бери талаш-тартыш, ызы-чуу менен жашап келет. Аталган компаниянын "акырынан" биргелешип "жем" жеп калгандар революция болгондун эртеси эле Бакиевдердин артынан кубалаша "куйрук түйүп" кетишкен.

Бүгүнкү күнгө чейин куйруктарын кармата элек. Ырас, Россиянын Москва шаарынан бир-экөөсү кармалгандай болгон. Алар али Кыргызстанга келе электе эле, өлкөбүздүн укук коргоо органдары төштөрүн кага "Кармалышты, эми алып келип "жайлайбыз"" таризинде мактанып алышты эле. Тилекке каршы, биздин укук коргоочулар алардын айыпталып жаткандыгын аныктаган алакандай кагазды Россияга жөнөтө алышпагандыктан, Россиянын укук коргоочулары тарабынан бошотулган. "Альфа Телеком" ЖАКсынын тегерегиндеги ызы-чуу аягына чыкканча бул "шоуга" дагы бир топ атка минерлер катышуучу болуп кала турган өңдөндү. "Чү" дегенде эле апрель революциясынын шарапаты менен Америкада жүргөн жеринен кайтып келген, "саясатты биротоло таштаган" Кубатбек Байболов аталган компанияны "алка жакадан" ала изилдеп чыгууга "билек" түрүндү эле. Бирок, кытыраган акчалардын оттуу деми Кубатбек мырзаны да өзүнө тартып кетти. Тактап айтканда, Кубатбек Калбековичтин жубайы Нуржамал Байболова өздөрүнө тиешелүү мүлктү "Мегаком" компаниясына кымбат баада пулдап алганга үлгүрдү. Ким билет, мындай аракет ачыкка чыгып, ашкере болбогондо, Кубатбек мырза дагы канча "пайызга" байып алат эле?.. Бактыга жараша, бул түгөйлөрдүн тымызын иштери коомчулукка шардана болуп, КР президенти Роза Отунбаеванын буйругу менен Кубатбек мырза Баш прокурорлуктан шыпырылып түштү. Ошентип, "Карышкырга кой кайтартып" алганыбызды кеч түшүнүп, аталган компаниянын былык иштерине "мурдун тыккан" апрель революциясынан кийинки алгачкы атка минер Кубатбек Байболов болуп калды. Эми болсо, кече жакында эле Раушан Рыкунова деген айым бул компаниянын "сормо сазына" бутун салууга үлгүргөн учурдагы дагы бир топ атка минерлердин атын атап чыкты. Эске сала кетсек Раушан айым "Альфа Телеком" ЖАКсынын мурдагы жетекчиси Андрей Силичке кенешчилик кызматты аркалап келген. Компания ичиндеги көз боемочулук, алдамчы ишкерчилик боюнча бир топ адамдардын сары изине чөп салына башталганда Андрей Силич "куйругун" үзө качып, дайынын таптырбай кеткен. Ал эми Раушан айым адегенде УКМКнын тергөө абагына камалып, андан соң үй камагына бошотулган болчу. Буга чейинки басып өткөн жолунда артынан бир топ чуулгандуу кеп ээрчиткен Раушан айымга УКМК "Альфа Телеком" компаниясындагы көз боемочулук иштерге тиешеси бар экендигин белгиледи. Акаев заманында Роза Качиева деген ат менен белгилүү болгон азыркы Раушан айым ошондо эле бир топ "афералык" иштерди жасай коюп, экс ханайым Майрам Акаеванын кыжырын катуу кайнатып, натыйжада Кыргызстандан түйүнчөгүн түйүп кетишине туура келген. Эгерде Раушан айымдын өмүр баянын толук изилдеп чыга турган болсок, азыркы атка минерлерге карата парламенттик комиссиянын отурумунда жарыя кылып чыккан фактыларынын үстүнөн парламенттик комиссия түзүү керек. Ошондой болуп калса кана эми. Экинчи жолку кандуу революция сабак болуп, биздин атка минерлер айран түспөлүндөй аппак болуп калган экен демекпиз. Бирок, тилекке каршы, айтылган дооматтардын айрымдары чын чыгып калчудай түрү бар. Мисалы, Раушан айымдын айтымында "Альфа Телеком" ЖАКсына байланыштуу ишти иликтөө маалында мамлекеттик жогорку кызматтагы бир нече адамдар, сот, прокуратура, УКМК кызматкерлери аталган компаниядан жалпылап алганда миллиондогон доллар менен пара алышкан. Ошолордун катарында УКМК тергөөчүсү жалпы эсеп менен 200 мин доллар пара алгандыгын жарыя кылган. Ишенип, ишенбей турсак, УКМК өзү бул фактынын чындыгы бар экендигин билдирди. Бирок, албетте пара катары эмес. "Альфа Телекомдун" мурдагы кызматкерлери жасап кеткен чоң көлөмдөгү материалдык чыгымды кайра кайтаруу максатында УКМКнын депозиттик эсебине ошол Раушан айым билдирген 200 миң доллардын тегерегиндеги акча каражаты которулган экен. Демек, бардыгы түшүнүктүү. Бирок, эч нерсе түшүнбөдүк десек да болот. Мурунку кызматкерлердин жасап кеткен кылыгы үчүн азыркы иштеп аткан компания неге 200 миң доллар бериши керек эле? Эмнеси болсо да, Раушан айымдын парламенттик комиссиянын отурумундагы айтып чыккан фактыларын Башкы прокуратура иликтөөгө ала турган болду. Эгерде айтылган дооматтардын илинчеги бар болсо, анда дагы бир топ атка минерлердин "башы" ыргыганы туру. Бирок, "Карга карганын көзүн чукубайт" болуп, Башкы прокуратура көрүнүп турган фактыларды да жокко чыгаргысы келип турса, анда К. Байболовдун Баш прокурорлуктан ыргыгандан кийин парламент трибунасында туруп, президентке чейин доомат айтып чыкканында атайын комиссия түзүлгөндөй Раушан айымдын оозунан чыккан фактыларга да атайын комиссия түзсөкпү?..

Д. Байаман







кыргыз тилиндеги гезит "Майдан.kg"









??.??