Талап

Чаткалда чатак

Аталган райондун аймагындагы алтын казып жаткан кытайлык "Фулл голд майнинг" компаниясынын жетекчилиги кызматкерлеринин дээрлик көпчүлүгүн өздөрүнөн алып келип толтурушкан. Жергиликтүү жашоочуларды иш билбегенге чыгарып, жумушка тартууга кызыккан эмес.

Чаткалдыктар алтын казуучу заводдон жумуш орундарын бөлүп берүү талаптарын буга чейин деле аким менен губернаторго коюп келишкен. Бийлигиңден майнап чыкпагандыктан, чаткалдыктар эми минтип Ала-Бука районуна кетүүчү Чаткалдын негизги жолун тосууга аттанышты. Завод жетекчилиги тарабынан тоготпогондук мамиледен улам жол тосуудан мурда Терек-Сай айылынын тургундары менен алтын казуучу ишкананын кытайлык кызматкерлеринин ортосунда мушташ болгон. Көйгөйдү облустун жаңы губернатору менен эки аким угуп кетишти. Бир жума ичинде оң чечим чыкпаса чаткалдыктар чоң чатак чыгарууга чама келе тургандыгын эскертишти. Жергиликтүү жашоочуларды кооптонткон дагы бир көйгөй, заводдон чыккан зыян суу түз агып эле Терек дарыясына куюп жаткандыгы. Дарыядан суу ичкен мал-мүлккө тийгизген терс таасири азырынча байкалбаганы менен, келечекте боорго тепкени турат. Мындан сырткары кытайлыктар оор жүк ташуучу техникалар менен Чаткал району аркылуу өткөн жолдун бат бузулушун шарттаган. Коюлуп жаткан талаптар негизинен ушулар эле.




  Укпасаң ушу...

Министр Беков акылдуу болуп кеткенби?

Айыл чарба министри Төрөгул мырза биздин өлкөдө кооперативдерди өнүктүрүү үчүн чет өлкөлүк донорлорго кайрылып, кредиттер менен гранттарды алып келиш керек деген маанайда "шефине" акыл узатты.

Жол көрсөтүп атып, кооперативдерди өнүктүрүү боюнча бизге маалыматтык-маркетинг программасынын зарыл болуп жаткандыгын кошумчалаган. Ошондой эле фермерлер менен дыйкандар үчүн атайын сайт ачуу керек деди. Ал сайт аркылуу өндүрүлгөн товарларды сатышат экен. Керек деп келип, айыл чарба өндүрүүчүлөрү үчүн ар кандай жарманкелерди уюштуруу менен, тажрыйба алмаштыруу максатында фермерлерди чет өлкөлөргө жиберүү керектигин үйрөттү.




  Демилге...

Мугалим мөмөлүү дарак

Ноокат райондук мамлекеттик администрациясы быйылкы жылы мурда-кийин иштеп кеткен атка минерлердин түшүнө да кирбеген иш-чараларды жасоого өттү. Маселен быйылкы мугалимдерди колдоо жылынын негизинде жергиликтүү бийлик 21 мугалимге жер участокторун бөлүп берди.

Ошондой эле бир мугалимге үй салып берүү демилгесин көтөрүштү. Мындан тышкары жетишсиз жашаган мугалимдерге социалдык жардам көрсөтүп, чыгармачыл мугалимдерге 2 миң сомдун тегерегинде стипендия төлөп берип турмак болушту. Жаш кадрларды даярдоо максатында Ноокат районунан педогогикалык багытта жогорку билим алып жатышкан 6 студенттин контрактка төлөнчү акчасын төлөп берүү милдетин моюнга алышкан. Эмне деген чоң демилге?! Башталган мындай демилге 2-3 айга созулуп, кайра ташталып калбай, республикабыздын булуң-бурчуна чейин тарап кентсе кана? Анда эле педогогикалык билими бар, бирок турмуштун айынан соода-сатык менен жүргөн жаш кадрлар айыл мектептеринин каалгасын кагып калышат беле?..




  Бейбаштык

Мектептерде кыздардын кылмыштары күчөдү
Таластын мектептеринде кылмыштуулук көбөйүп, бүгүнкү күндө ар кандай тартип бузгандыгы үчүн 18 окуучу каттоодо турушат. Айрыкча окуучу кыздар арасында кылмышттуулукка барган учурлар кездешип жатат. Жергиликтүү бийлик бул маселе боюнча ата-энелерге жардамга кайрылууга аргасыз экендигин билдирип, окутуучулардын кеңешмелерине айыл округунун депутаттарын кошо катыштыруудан майнап чыгараар бекен деген үмүттө турат.





 "Саясий өлүк" дечү беле?

Түлеевдин шымы шыпырылганы калды

"Бакиевдин бакма баласы" аталган Нариман Түлеевди президенттик жогорку кызматка талапкер катары нарындыктар эмес, Марат Султанов эмес, "7-апрель жаштар кыймылынын" дал өзүнүн көрсөткөнүн билебиз. Жаштар кыймылынын мындай чечимин укканыбызда төбө чач тик туруп, көзүбүз алайган эле.
Бу жаштардын партиясынын аталышынан эле көрүнүп тургандай, аталган саясий уюм 7-апрелде жанын берип кете берген мекендештердин урматына түзүлгөн. Экинчиден, өз элине ок ата турган адамдардын бийликке келишине мындан ары жол бербөөнү, таза адамдардын мамлекетти башкарышын каалашкан. Эми келип, ошол азаптын ордуна түзүлгөн партия президенттик шайлоого өз мекендештеринин өлүмүнө жооптуу болгон бакиевдик бийликтин таасирдүү адамдарынын бири Нариман мырзаны колдоп, талапкерликке көтөрдү. Жаштардын мындай чечимге баргандарын акыл калчагандар түз эле акча менен байланыштырышты. Акчага кул болуу деген, эми бул, кимиси болбосун өмүр бою акчалуунун көзүн карап, кулдукка сапар тартуунун башталышы да.
Буларга удаа эле апрель төңкөрүшүнөн кийин түзүлгөн "Мекен шейиттери" жана "Айкөл Ала-Тоо" кыймылдарынын лидерлери буга чейин Түлеевди президенттикке талапкер катары колдоо боюнча өз багыттарын расмий түрдө ачыктабай келишти эле. Анан коомчулукта, "7-апрель" Нариманды колдосо, беркилери деле ошо менен кетишет экен деген пикир жаралып калган. Кудай жалгап, кечээ алар жарылып алышты. "7-апрель жаштар кыймылы" партиясынан айырмаланып, булар Нариман балага так кесе каршы экендиктерин жар салышты.
"Мекен шейиттери" жана "Айкөл Ала-Тоо" коомдук бирикмелери мындай чечимге караманча каршы экендигин бирикменин төрагасы Осунбек Жамансариев билдирди. Анын айтымында, апрель окуясында жабыркагандар бирикмеге чалышып, өздөрүн "7-апрель" деп атап алышкан партиянын чечимдерине нааразы болуп жатышканын билдиришүүдө. Демек, Нариман бала апрель окуясында түзүлгөн үч бирикменин бирөөсүнүн гана колдоосун алса алат, албаса жок. Айтор, экөө баланы банкрот кылышты. А Нарын тарапта Наримандын өзүнүн аймагында анын атын уккусу келбегендердин көп экендигин укканбыз.
Ал эми "7-апрель Жаштар кыймылынын" лидерлеринин билдирүүлөрүнө караганда, мындай кескин чечимге барууга Убактылуу Өкмөттүн ишеничти актабагандыгы себеп болгон имиш. Ишенээрге адам таппай, тапкандары Түлеев болуптур да. Булардын тандоосуна, албетте сын айтууга болбойт, келечекке ким менен кетээрин өздөрү тандашты. Бирок, бакиевдик былыктарды тепсеп, бутун булгаган Нариман бала менен кай жерге чейин бара тургандыктарын калчап алышса болмок экен. Эгер убактылуу деген ойдо болушса, анда Түлеевдин темир жолдон берип топтогон байлыгын пайдаланышып, "бала" шымынын тезирээк шыпырылышына көмөкчү гана болушпаса, абийир табышпайт го.




  Мараторий

Чет элдиктердин аңчылык кылуусуна тыюу салынат
Ысык-Көл областынын аймагындагы чет элдик аңчылык департаментинин иши жөнгө салынат. Бул тууралуу дубан башчысы билдирди. Айтымында, чет элдик аңчылык менен алектенген фирмалардын жерлерин кайтарып алып, областтын аймагында бир нече жылга чейин аңчылык кылууга мараторий жарыялоо зарыл болду. Облустук аңчылык департаменти берген маалыматка ишенсек, аймакта 28 чет элдик мергенчилик фирмалары иштеп, аларга 1 миллион 422 миң гектер жайыт жерлери бөлүнүп берилген. Бирок, аталган департамент облус капчыгына бир тыйындык дагы киреше алып келбейт. Алар салык төлөмдөрүн республикалык мамкаттоонун мурунку жетекчисинин алакандай тил катынын негизинде төлөбөй келишет. Ал эми аркар-кулжалар, жапайы айбанаттар атылганы атылган. Алардын айрым бирлеринин "Кызыл китепке" түшүп калуу мезгили дагы келип жетти. Анын үстүнө үстүбүздөгү август айынын 15инен тартып мергенчилер сезону башталды.