Кыргыз гезиттери


п»ї
  Митингдердин мекени болдук го...

Айдоочулар да нааразы

Өткөн жылдан бери Ош аркылуу Кытайга чыгып кеткен Эркештам өткөрүү жайында айдоочулук менен жан багышкан жарандар нааразычылыкка чыгышып, кытайлык оор жүктүү унааларды Кыргызстандын аймагына киргизбөө, алар алып келген жүктү жергиликтүү айдоочуларын ташып кетүүсүн талап кылышкан.

Чатак чыкканда бийлик маселени чечимиш болгону менен, дагы деле оштук айдоочулардын нааразычылыктары күчөп турат. Ушул күндөрү Торугарттан жүк ташыгандар митингдерди уюштурушуп, кытайлык машинелерди өлкөнүн аймагына киргизбөө талабын коюп жатышат. Чындыгында кытайлыктарга чек коюлбаса, жолго асфальт төшөп не кереги бар. Жүк ташуучулар ассоциациясынын төрагасы Темирбек Шабданалиевдин берген маалыматында транспорт министри, жана башкалар менен сүйлөшүүлөр болду, бирок жолугушуулар натыйжасыз аяктады. Шопурлар бул маселе боюнча өкмөт башчынын өзү менен сүйлөшүүнү талап кылышууда. Бийликтен жооп болбосо, айдоочулардын митингдери уланат деп уктук. Буларга Ош жана Жалал-Абаддын айдоочулары тилектештик билдиришип, өздөрүнүн кошулушаарын эскертишүүдө.




  Териңди сыйрыган кымбатчылык

Шайлоого жакын баалар асмандайт

Акыркы бир апта ичинде Кыргызстанда сүт, эт, күйүүчү май жана көмүрдүн баалары жогорулады. Монополияга каршы жөнгө салуу жыйынтыктарына ылайык, 10-августка салыштырмалуу алганда өлкөдө таза сүт, айран, кой жана уй эти, АИ-80 үлгүсүндөгү күйүүчү май, көмүр баасы көтөрүлдү.

Учурда бир тонна көмүрдүн баасы 3304,7 сом туруп, 10-августтагы баа менен 3,9 пайыздык айырманы түздү. Бир сомго чейинки чекте баасы жогорулагандарга: таза сүт (0,20 сомго), кой эти (1 сомго), АИ-80 бензини (0,10 сомго) кирди. Ал эми саясый серепчилердин болжоолорунда, президенттик шайлоонун үгүт айында зарыл болгон азык-түлүктөр, ошондой эле күйүүчү майлардын кескин кымбаттап кетиши ыктымал. Бул негизинен тыш мамлекеттерден алынып келинген импорттук товарларга байланыштуу болот. Андай товарларга болгон баанын секириги биздин өлкөдө өндүрүлгөн товарплардын да кымбатташына алып келет. Мындай саясаттын артында президенттик шайлоого таасир этүү максаты менен ошол эле Россия менен Казакстандын турушу ыктымал.




  Укпадым дебе...

Орозо айт күнү
29-августта аныкталат

Мусулмандардын Орозо айт майрамын биздин өлкөдө кайсы күнү белгилөөгө мүмкүн экендигин 29-августта аныкташат.

Муфтий Чубак ажынын айтымында, исламга ылайык ай календары боюнча дал ушул күнү жаңы ай туулат. Ошого карап Рамазан айынын аякташын жана айт майрамын өткөрүү күнүн так айтууга болот. Божомолго караганда бул жылдагы Орозо айы 29 же 30 күн болушу ыктымал. Алдын ала маалымдалгандай, Орозо айт майрамы быйыл 31-августка туш келип, кыргызстандыктарга кош майрам келгени турат. Бирок жаңы айдын туулушуна байланыштуу Орозо айт майрамы 30-августка туш келип калышы да күтүлөт.




  Жабык бойдон калды

"Кристаллды" кароодон соттор да баш тартты

Бир жарым жылдан бери чуурулуп, аягын таппай келаткан "Кристалл" заводунун маселесин кароодон Жогорку соттун судьяларынын баш тарткандарына таң калып, капырай дедик.

Айрыкча, аталган завод менен үй-бүлөлүк турмушу байланышкан митингчилердин айласы кетти. Заводго кимдин ээлик кылаары аларды кызыктырбайт. Тилегендери эле, бир жарым жыл ичинде жумушсуз калтырышкандыгы үчүн акча төлөп, бала-чаканын көчөдө калбашын шартташса. Заводдун карызы 12 млн. сомго жетти. Митингчилер да маселени мыйзам чегинде карап, чечим чыгарууну күтүп турушат. А мыйзамдын талабы боюнча, заводдун банкрот деп табылышын таануу зарыл. Карыздары да аз эмес. Соттук териштирүүлөрдүн узакка созулуп жатышына байланыштуу мамлекеттик мүлк министрлигинин банкроттук иштер боюнча департаментинин башчысы өзүнүн шеги бар экендигин каңкуулады. Анын билгени барбы, айтор азыр ачып салбайын, соттордун баары сатылат. Бул маселеде көп акча, чоң кызыкчылыктар бар деп гана тим болду.
Эске сала кетсек, "Кристалл" өткөн жылы сотто банкрот деп табылып, кайра түзүүлөрдүн негизинде анын ордуна "Таш-Көмүр Солар" деп аталган жоопкерчилиги чектелген уюм түзүлгөн. А соттордун көзүн кызартканы, Ester Holdings Corp компаниясына кожоюндук кылгандардын бири, Максимдин желдети болгон Алексей Елисеевдин акчасы. Елисеев да апрель окуяларында бакиевчилердин катарында качып жок болгон. Жогорку сотко доо арызды дал ушул компания берип жатат. Чындыгында завод апрель окуясынан бери өкмөт менен Ester Holdings Corp офшордук компаниянын ортосунда талашка түшүүдө. Же соттор элдин талабын талашып, маселени чечип бербеди. Ошентип, "Кристалл" заводу боюнча соттук отурум эми 26 августта өтмөй болду.




  Абайла, чагым жыттанат!

Мите курттар

Батыштан келген демократия түшүнүгү, аталышы эле башка тилде болбосо, мааниси бир. "Баш кесмек бар, тил кесмек жок".- деген лакаптын атам замандан бери келатышы, мунун далили эмей эмне. Акыйкат үчүн ачык айтып чыккандыгы үчүн, илгерки алардын тилин кесишкен эмес эл башкарган байлар менен бийлер. Ал замандарда президенти да, өкмөтү да, соту да, прокурору да өзү болгондуктан, каяша айткандарга өз каалаганындай жаза берген, өлтүрсө өлтүргөндүр, бирок тилин кескен эмес. Караңгы дүйнөдө адамдарда ошондой теңсиздиктер болгон.

Бирок, жоокерчилик замандарга туруштук берип, аз да болсо улутун сактап, мамлекет, эл катары жашоосун улантып келе жаткан кыргыздарды каалагандай мазактап, сөз менен кордогон, улуттун наамысына тийип, жапайыга теңеген "Белый парус" сыяктуу интернет сайт, анан Авдеева биз сүрөттөгөн замандарда болгон эмес эле. Буларды, эми азыркы замандын мителери, макоо оорусу деп койсок болот. Демократия болбосо, тил кесмек бар болсо, Авдеева эчак эле тилинен айрылып, чочкочосунан чаңырык салмак.
"Белый парустун" баракчасында жарыяланган макалаларды байкасаңар, дээрлик 90 пайызы кыргызды мазактаган, кордогон, кемсинткен маанайда жазылган. Мамлекет менен улутка шек келтирип жаткан жөөттөрдүн жазмакейлерине улуттун апасы катары президент Роза Отунбаева, же анын прокуратурасы чара көрбөдү. Отунбаева аймактарды кыдыргандан көрө, "Белый парустун" ар бир макаласын пайлап, чыгаары менен башка чаап турса, пайдалуу болот эле. А прокуратура, президенттин намысына тийип сүйлөп койгондорду дароо кубалайт, а бир адам эмес жалпы улуттун наамысына тийген жөөттөргө унчукпай, мындайда тилин жутуп алышат. Көз көрсө, карабайсыңарбы. Эмне деген макалалар чыгып, окурмандарды, келечек муунду уулап жатышат, булар. Улуттун намысын коргогон мыйзам, беренелер болсо Авдееванын илинчээги жайнап чыгат. Бийликтегилер, ошол эле мамбашчы, өкмөт башчы, депутаттар ич ара тартышпай, маал маалы менен зарыл болгондо ушундай бузукулардын оозун талкалап турушса болмок.
"Кыргыздарды биз орустар адам кылганбыз, жер иштеткенди, жазганды, окуганды, сүйлөгөндү, ал тургай тамактанууну да биз үйрөттүк",- деген кептерин көп кайталайт. Туура, Октябрь революциясынын шарапаты менен кыргыздар жазууну, окуганды, билим алууну үйрөндү. Анысын моюндайбыз. Бирок, "кыргыздар жапайы болгон",- деп, айкырык сала бергени негизсиз. Ооба, жарык дүйнө менен таанышканга чейин кыргыздар сабатсыз болгону менен, маданият менен моралды жакшы билишкен. Кыз берүүдө, келин алууда канга өзгөчө маани берилген. А ошол эле Авдеева айтып аткан орустарда өз карындашына көз артып, өз кызын аялдыкка алгандарды укканбыз. Бул жагынан кудайга шүгүр, мал болуп калбаганыбызга. Ошол Авдеева эми келип кыргызга кеңеш берип, акыл айтат имиш. Орус эли бизди үйрөтсө, орустарды деле маданиятты, сабаттуулукту мурда тааныган башка элдер качандыр бир кездерде үйрөткөн чыгаар. Болбосо орустар деле чочкосун кууп, анын сасыткысы менен жашап жүрө беришмек. Мына ошондой, Авдеева.
Көлдө өлтүрүлгөн эки оруска жан тартып, бир кулач макала жазыптыр. Кыргыздар ушундай, кыргыз үчүн адам өлтүрүү оңой эле дегенге келтириптир. Албетте, алардын өлүмүнө эмне себеп болгон, анан иликтенээр.
Жараткан Алла оруска сазды берсе, казакка чөлдү берип, кыргызга өзүнүн эс алган дачасын ыйгарган экен. Ушундай абасы таза, суусу тунук Ала-Тообузда жашап жаткандарына Авдеевадан башка орустар, дегеле бардык улуттар нааразы эмес, каниет кылып жашашат. Жалгыз ушул жазмакер суубузду булгап жатат. Президент Роза айымдын деле интернеттке байма-бай баш багып каларын билебиз. Мамбашчы деле журттуун апасы катары ушундайларды мыйзам жоопкерчилигине тартып, мыйзам жок болсо иштеп чыгып, Авдеева сыяктуулардын макалаларынан жаны кейиген кыргыздарды коргоп койсо болот эле. Кыргыздарды кемсинткен маанайдагы бир эле макаланы отуз миңдей адам окуп жатыптыр. Демек, бул элдин пикирин түзүүгө, бурмалоого терс таасирин сөзсүз тийгизет. Ооба, кыргызда "ит үрө берет, кербен жүрө берет" деген кеп бар. Бул сөзгө тыянып, анан жөөттөр алып келген демократиянын нугу менен Авдееваны үргөн ит катары көрүп коё берели. Бирок, ошол ит артыңдан калбай ээрчип, ажылдаганын токтотпосо, курсактан ары тээп салабыз го. Авдеевага да ошондой эле мамиле керек. Антпесек, ичтен ириткен бул душмандын куралы күчтүү. Алдыда келечек муун турат!!!

Намыс Баатыров




кыргыз тилиндеги гезит "Майдан.kg"









??.??