Кыргыз гезиттери


п»ї
СМС-пикир

Жан дүйнөңүздү козгогон, бушайманга салган ой-пикириңиз же кимдир бирөөгө багышталган каалоо-тилегиңиз, айталбай жүргөн сырыңыз жана бөлүшө турган анекдотуңуз бар болсо, "Mайдан-kg" гезитинин "СМС-пикир" рубрикасына 1032 кыска номерине М тамгасынан соң боштук калтырып, СМС жөнөтүңүз. Ар бир айдын соңунда эң мыкты текстке жана эң активдүү смсчиге мыкты байге ыйгарылат. Эмесе, чамдаңыздар!

С-283. Менин кичинекей бөбөктөрүм Калкаман,Турсун,Дастан,Ширин,Сымбат,Камбар Мамытбектерге чоң салам! Менин кичинекей периштелерим оюңарда эч нерсе жок бей капар ойноп жүрөсүңөрбү?Силерди аябай сагындым
Кыялыңар менен ааламды жойлоп,жаш жеткинчектерден болгула, менда силердей болуп кичинекей бала ке зиме кайра кетким келип жатат.Силер мени кошосуңарбы араңарга...? Эжеңер Нати.

С-284. Дос балам Нурландын аман-эсен Якутядан келип алсын дээр элем.Ал жума күнү сапарга чыкмак.Жолуң шыдыр жолдшуң кыдыр болсун!Биз сени аябай сагындык.Эртерээк келип бизди кубандыр.Биз сенин келишиңди чыдамсыздык менен күтөбүз. Дос балдарың Руслан,Баха ж.б

С-285. Инилерим Турар, Жоомарт, Азамат, Нурсу, Батыш ден-соолукта болгула.Ошондой эле сүйүктүү байкем Аман, жеңем Асылкүлгө сагынычтуу салам.Конушуңар жайлуу болсун! Силерди сагынган эрке кыз Назгүл.

С-286. Менин жакын досум Шаймерденге салам жолдойм. Үй-бүлөңө бакыт тынчтык орносун. Эч качан үйүңөрдөгү шам чырак өчпөй турсун, жана дагы бизге окшогон кыялкеч достору көп болсун. Алган жарың менен тең арып, тең кары. Кармашкан колуңар эч качан үзүлбөсүн! Артыңарды мал, алдыңарды бала бассын. Эртерээк наристе жытын жыттагыла.
Дос деп айтат бирин бири кыйбаса,
Дос деп айтат бирин бири сыйласа.
Экөөбүздүн ортобузда ушул мамиле
Эч убакта ийилбесе сынбаса.

С-287. Түлеев кыргыз тилинен семиз "2" алат. Кыргыз тили толук кандуу сакталып жана колдонулуп келе жаткан Нарын жергесинен болсо дагы Чкалов орус мектепте окуган. Көрөбүз го эми кимиси эне тилибизди мыкты деңгээлде билерин. Нариманга окшогон мырзаларыбыз четтен чыкса керек.

С-288. Ушу депутаттар оздорун жаны торолгон баладай таза сезишеби тан каласын! Алардын 99% элдин эсебинен байып жепутат болгондорун бат эле унутуп калышабы! Акаев менен Бакиевдин заманында кайсы сот ак жана так иштеди эле. Эгер андай бир эки адам болгондо эле Кыргызстан бул абалга жетмек эмес! Озунун кишилери отпой калса эле башкаларды жамандап жоготуш керекпи? Ушу чырдын баарын баштаган жепутаттарды жоготмоюн Кыргызстан онолбойт! Жоголсун чагымчыл жепутаттар менен УО мучолору! Кыргыз эли ойгонолу, татыктуу бийлике аралашпаган президентибизди шайлап алалы! Булар жатып алышып кызмат берип койсо макташып, кызмат жетпей калса жамандап суу куйгандан башка эчнерсени оздоштуро алышкан эмес! Жоголсун жепутаттар!!! Вerdi

С-289. Ал эми Ошто СДПК, Ар-Намыс акча таркатып жатышат. Не кылат билбейм, 20 адамдын паспортунун копиясын чогултуп келсен акча берет экен. Ahiles

С-290. Ташиевди эл патриоттугу, айкөлдүгү жана кыргыз элине күйгөн инсан катары шайлайт, бул сапатын ал Ош окуясында далилдей алды.Ташиевге ийгиликтер! Zhoma

С-291. Президеникке талапкерлер -товарга окшоп калышты,жакшы реклама жасап өткөрүш керек болуп жатат, эч качан жакшы товарды жарыя салбайт эл өзү эле тандап сатып алат. Asdek

С-292. Отунбаева эмнеле кайра-кайра регионду барып атат. Очень подозрительно. Менимче СДПКга иштеп атат, себеби бир тууган иниси Болот Отунбаев СДПКнын штаб начальниги. Административный ресурс колдонбогула, эл баары бир ишенбейт. Аида

С-293. Тандем-сандем жок эле, элди регионго, урууга болмой, договорняк жасабай тынч откоргуло шайлоону. Элдин психологиясын бузбай, кыйнабай аман откоргуло. Чондор кыйналбайт, карапайым эл кыйналат. Бардак кереги эмес бизге,итак бардак болгондо Дордойдо клиент жок 1 жылдай кыйналдык.Бизге жумуш орундарын мамлекет жасап берсин.Иштейбиз. Жони

С-294. Кыргыз эли Ташиевди кыргыздын мыкты чыгаан мырзасы катары жакшы билишет. Анын айкөлдүгү, адилеттүүлүгү, намыскөйлүгүн айткым келет. Мен аны президент болсо кыргыз элин көтөрүп кете алат деген ишеничим чоң. Андыктан карапайым калың журт Ташиевдей болгон патриот мырзаларыбызды колдоп коштоп алалы демекчимин. Патриот.

С-295. Шайлоо жакындаган сайын элет тургундарынын үмүтү ойгоно баштагандыр. Анткени шайлоонун шарапаты менен гана эски көпүрөлөр оңолуп, жолдору тегизделип, заңкайган мечиттер курулуп, кыскасы жашоосу өйдөлөй түшкөнсүп кубанып калчу. Үйрөнгөн ыкма болчу беле? Талапкер болчулар эмитен эле убада дептерин барактай баштагандыр. Эмнеси болсо да күтө туралы. Кыргыздар сабырдуу калкпыз го. Аскат

С-296. Урматтуу кыргыз элим өзүңөр билгендей эле алдыдагы президенттик шайлоого талапкерлардин саны 83-кө жеткендиги болду. Эми булардын канчасы тил коммиссиясынан өтүп канчасы калат болду экен. Албетте алардын арасында татыктуусу деле, татыксызы деле бар. Эми ушул патриот мырзаларыбыздын арасынан татыктуунун татыктуусун тандап алалы эми үчүнчү револиюция болушун эч ким каалабайт. Улан.

С-297. Кечээ жакында эле прездентикке каттоо токтотулбадыбы. Алардын арасынан Борончу менен Жамбылдын коюп жатканын көрүп аябай күлкүм келди. Эми булардан кандай саясатчы чыгат болду экен. Өзгөчө Жамбылдын башка президенттер менен жолугушууга барып жатканын элестетип күлкүм келип жатат. А балким кимдир бирөөлөр тарабынан эмнеси болсо да кыргыз эли үчүн кызмат кылган президент келсе эле болгону. Эку.
С-298. Адамдагы эң жогорку сапат бул сабырдуулук жана жөнөкөйлүк. Кандай гана кыйынчылык болбосун аны сабырдуулук менен жеңсе болот. Баары бир чечилбеген маселе жок эмеспи, андыктан сабырдын түбү сары алтын дегендей баарыңарды сабырдуулукка чакырмакчымын. Дастан.

С-299.
Сүйүү деген ыйык нерсе турбайбы,
Сүйүү келсе убагында кармайлы
Сүйүү келсе убагында баалабай,
Бармак тиштеп өкүнүчтө калбайлы.

Айткылачы сүйүү деген бул эмне? Ал ар бир адамга келеби, чыныгы сүйүү деген кандай болот? Чопа.








кыргыз тилиндеги гезит "Майдан.kg"









??.??