Кыргыз гезиттери


п»ї
БӨРҮЛӨР
(роман)

"Менин бөрүлөрүм" десе, мында кандай бөрүлөр деп жүрүпмүн. Кечөө тиги беттен күндүздүн күнү эле жалгыз бөрүнүн улуганынан ордунан атып тура ой, айга карабай кетип, кийин келгенде "бөрү капканга түшүптүр ошону чыгарып келдим" десе ансайын таң калып, "кантип эле, жалганыңды кой десем", "ишенбейсинби, шашпай тур кечке жуук бөрүлөрүмдү көзүңө көрсөтөм, ошондо тан бересин" деп калды. Айтканындай өзү болжогон маалда, "жүр, артымдан калбай ээрчи" деп үңкүрдөн жогору арчаларды аралай кеттик. "Эми сен бул арчанын түбүндө отур, бирок коркпогун, мен сенин жаныңда эмесминби" деп, өзү арчанын башына чыга кудум эле бөрүлөрдүн өзү болуп "а-а-ауу" лап улуп-уңшуп кирди. Кыйла убакта кайдан жайдан желип-жортуп, туш тарабыбызды чочоё отура калышып үн кошкон бөрүлөр төгөрөктөй биринин артынан бири келип жатышты. Алгач көзүм чалганда эле ыйманым чочоө өңгөчүмдү тарта жүрөгүм оозума кептеле түшүп, Мустакулдун артынан арчага жабышып чыга жаздап өзүмдү араң басып, көзүмдү далдалай бүк түшүп отуруп калдым. Коркконумду билип калдыбы, "көрдүңбү, коркпо, бул менин досторум болот. Тийишпейт. Сени көрүп алсын, бөрүлөр менен таанышсын дебедимби" деди күлүп. "Көрдүңбү, тиги таш башында отурган Октос дегени. Анын жанындагы бөлтүрүктөрү менен турган менин сүйүктүү, Жапалагым" деп дагы бир тобунун атын атаса үнүн эшиткен алары да "биз мында" дегендей баш көтөрө чүрөйө туруп ары-бери көрүнө басып жатты. Коркконго кош көрүнөт болуп бүткөн боюм калтырап, тигинтип чакырып жатса анан азга ишенгендей өзүмдү басып, ошондо да колдорумдун салаасынан тиктеп жаттым.
Мустакулдун жоосунсуз жоруктай туюлган чындыгына таң калып мына ошондо ынандым. Дагы бир жолу "а-а-ауу" лап улуду эле төгөрөктөгөн бөрүлөр келген жактарына кайтып кетиштиби, заматта көздөн кайым болду. "Тообо, ушундай да болот экен" деп, эсим оогончо кудум эле түштө көргөндөй акыл ишенбейт. Мурда Мустакул кадыресе жигиттей көрүнсө, ушу азырда кучагында жаткан аялы болсом да, кол жеткис эр көкүрөк азаматтын жары болгонума ишенип ишеналбай суз тарткан сезимим кайрадан жанып, "ишендиңби эми, көрдүңбү менин бөрүлөрүмдү?" деп арчадан түшө келгенде кандай кучагына өзүмдү таштап, "ишендим, асылым, жигиттин гүлү турбайсынбы. Мурда неге айтпадың? Адам баласы ушундай жырткычтарды өзүнө багындырып дос болот дегенге акыл ишенеби?" деп кубанганыман бирге жатканыбызда өпкүлөсө кыйналчу жаным ошо күнү өзүмдү ушунчалык жогото жаздап өпкүлөп, "алтыным, жигиттин мырзасы!" деп арзуум канбай өпкүлөтүп жатым.
Кийин ата-бабаларынан бери келаткан бөрүлөр сырын айтып, жакында эле Октос менен Жапалактын бөлтүрүктөрүн короосундагы мака-жүгөрүнүн ичинде асырап келишкенин айтып, алар менен тил табышкан достук сезимин жашыра албай "аларды жырткыч деп коркпо, керек болсо жаныңа чакырып берем" деп менин минтип ачыла берген маанайыма жетинбей кайра-кайра өпкүлөп "алтыным, бөрүлөргө жамандык кылбасаң тийбейт. Алардын да тили бар. Бабаларым бөрүлөр менен сүйлөшүп келишкен" деп, жалжылдайт дагы да көңүлүмдү алгысы келип жетинбей. Мурда элес албаган жигит кудуретин ошондо көрүп, кынына батпаган жаштык жигерине ошондо табындым. Жолдон катынпоз мергендер жарадар кылбаганда күнөөкөр адамдай жалтанбай мындан да ширин сүйүүгө кабылар белек. Бир кем дүйнөнүн арманы ушу тура. Мустакулдан мынчалык өткүрлүктү күтпөдүм эле. Жибектей созулган сулуулугуна, жагымдуу сүйлөгөн сөзүнө, жанып турган көзүнө арзыбадым беле. А мындай эр жүрөк табияты бардыгын кайдан билдим. Аяр болгону менен чулудай уюган тулкусуна имере кучактаганда карылуу колунан чыгып болупсун, дагы-дагы кыса түшсө деп магдырап өзүңдү жогото жаздайсын. Мустакулум жолукпаганда, издеп таппаганда бул жарыктыкка аманатка келип кеткен болуп, мындай жаштык кумарын татмак кайдан. Ата-энем мени "салтта жок ишке барып бизди жеркөзү кылды" деп балалыктан кечип отурушкандыр. Кабыл, Шамыр акелерден сурасам көздөрүн ала кача "жакшы отурушат, ылкак болбо" деп коюшат. Кандай болушса да менин абийримдин төгүлгөнүн билишпей "качып кетти, бизде андай кызыбыз жок" дешип жатат да. Айла канча, амалымдын жогунан Мустакулум абийримдин төгүлгөнүн жаап-жашырмака минтип үйүбүз үңкүр болуп жашап жатпайбызбы. Ошентип Мустакулдун эрмек кыла бөрүлөр жөнүндө айткандары жомоктой туюлуп, жашоого болгон кумарлануум артып барат. Түн киргендеги коркунуч менде эми жок. Үңкүр оозуна алоолонто жакан от боюндагы аңгемени самачу болдум. Кечке жыйнаган арча отундарын түн бою бачырата жагып эрмек кылабыз. Мен дагы бөрүлөргө үйүр алып, баштагыдай коркпой кайра көргүм келип калды. "Октос, Жапалак, Тарамыш, Көрүнбөс, Көк чолок, Жезтумшук" десе, "ой, буларга сен кайдан жүрүп ат коюп алгансын?" десем, ар кимисинин жоруктарын айтып, дагы таң калтыра кызыгуумду арттырат. "А неге адамдар "бөрү баласы ит болбойт", жакшылыгы жок дешет" десем мени бир карап күлүп алып кайра ойлоно калды.
- Сен үйүңдү сагындыңбы?
- Абдан.
- Ата-энеңдичи?
- Андан бетер.
- Сен ушу үңкүрдө жашайсын десе кантет элең?
- Мындай жашоо жапайычылык да. Куса болуп, адамдарды көргөнгө зар болуп жүрүп өлмөксүн.
- Көрдүңбү, бөрү да ошондой. Тили болбогону менен сага окшош жүрөгү бар. Тоодогу эркиндикти самайт. Жыты сиңген жерлерди көргүсү келип куса болот. Каны-тени тартып турган туугандарын, жакындарын жалап-жуктап сүйгүсү келет. Бул деле адамдай. Итке окшоп байлоодо жатып буулгандан, ыза болгондон, ушу адам мени түшүнсө коё берсе деп жалдырап жалынгандан пайда чыкпаса, анан ошо "антип салыптыр, козумдун куйругун үзүп алыптыр" деп уруп соксо ким жакшы көрсүн. Анын табияты байлоого көнгөн эмес. Мен деле Жапалактын бөлтүрүгүн багып алсам болмок, бирок ал эртедир-кечтир эңсеген тоосуна, жыты сиңген үйүрүнө кетет. "Бөрү баласы ит болбойттун" мааниси ошо. Маматали чоң атам айткан экен, "бөрү айбандардын эстүүсү. Ал сенин кандай ойдо турганыңа дейре билип турат. Эгер чын дилиңден достук мамилеңди көрсөтсөң анын жамандыгы болбойт. "Бөрү жырткыч, аны атыш керек" деген кара ниеттигин алыстан эле билип турат, ошон үчүн өчөгүш алып калган. Бөрүнүн кошунасына жамандыгы жок деп бекеринен айтылган эмес да. Катылсаң гана катыгыңды колуңа берет".
Кечте мен сага Кушбек бабамды бакан Чамгарак бөрүнүн окуясын айтып берем. Ал болгон чындык, бирок уккан адамга кантип эле деп жомоктой туюлушу мүмкүн.
- Азыр айтчы? - деп көшөрүп, "кечте жомогум калбай сен зеригесин да" дегенине да көнбөй, "айтчы эми ушунчалык кызык окшойт" деп туруп алдым ой боюна койбой эркелеп. Чокмордун Чамгарак бөрү асырап баккан баласы Кушбек эр жетип кол арага жарап калганда айылдын түмөн жылкылуу байы Сатымбек "ушу баланы жылкычы кылып алсамбы?" деп табити тартканбы, "бөрүнү эмип чоңойгон болсо бул баладан чыгат, көрүнүшү, туруш турпаты чын эле бөрүгө окшош экен" деп, бай да баланы атасы Чокмор экөөсүн өргөсүнө чакыртып кеп ура чай ичишип отуруп жылкычылыкка макулдатат.
Күнүгө тоого кетип калып Чокмор карыны кыжалатка салчу экен, кантсе да мойнуна моюнтурук илинди, жылкынын артынан жүрүп уялашкан бөрүлөрүнө барганы да тыйылар десе кайдан, биротоло тоодон түшпөй коюп кайра кантерин билбей дарты ичинде. Бөрүнүн тиктегени тоо дегендей, Кушбектин караганы да тоо болуп, эми биротоло Чамгаракка үйүр алып туугандаша жалашып-жукташып жүрүп байдын жылкысы кандай болоор экен дегенде уйкусу кача турган болду. Далай жылкычылардын шорун кургата жок жерден айыпка жыкчу адаты бар эле, балалык кылып ууруларга алдырып эне сүтүмдү оозума таткызбаса эле болду. Бөрүлөргө го ылкак жок, алар кимдин кандайлыгын билип турат. Энеси Чамгаракка көрсөтүп койгон болсо ал өзү эле кайтарат" деп, уулунун тигинтип келбей жүргөнүнө санаркай ушуларды эстеп өзүн жоонткоргон болот. Атанын жүрөгү сезгендей Кушбектин эңсегени ушу болчу. Чамгарактын бала менен кошо чоңойгон эки бөлтүрүгү да бой сала дөбөт болуп жолугушканда кайра эле баягы жаштык адаттары кармап алыша ойноп, алардын эрки менен өзүнү сулк таштай туш-тушунан тарткылатып көзүн жумганча моокуму кана коюн-колтук алыша көпкө ары-бери тыйраңдап кача калып, кубалай коюп ойношот.








кыргыз тилиндеги гезит "Майдан.kg"









??.??